Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ, 2017

Жан аябас кызматчылар

Жан аябас кызматчылар

ЖАРЧЫЛАРГА муктаждык чоң жерлерде кызмат кылган ынталуу Күбөлөрдүн арасында бойдок эже-карындаштарыбыз арбын. Алардын айрымдары чет өлкөдө ондогон жылдардан бери кызмат кылып келишет. Аларга башка өлкөгө көчүп барууга эмне жардам берген? Ал жакта кызмат кылуунун аркасында эмнелерге үйрөнүшкөн? Жашоосу кандайча өзгөргөн? Биз ошондой эже-карындаштардын бир нечеси менен маек курдук. Эгер сен канааттануу тартуулаган кызматка жан-дилден катышкысы келген бойдок эже-карындаштардан болсоң, алардын айтып бергендери сен үчүн пайдалуу болору күмөнсүз. Чынында, алардан баарыбыз үлгү ала алабыз.

ШЕК САНООНУ ЖЕҢҮҮ

Анита

«Чет өлкөдө пионер катары ийгиликтүү кызмат кыла аламбы?» — деп шектенген учуруң болду беле? 75 жашка таяп калган Анита бир тууган учурунда чет өлкөдө кызмат кылууга өзүн жөндөмсүз сезген. Ал Англияда чоңоюп-өсүп, пионердик кызматын 18 жашында баштаган. «Мага башкаларды Жахаба жөнүндөгү чындыкка окуткан аябай жакчу,— дейт ал,— бирок мен башка өлкөдө кызмат кыла алам деп эч качан ойлогон эмесмин. Чет тилин да үйрөнүп көргөн эмес болчумун, үйрөнө аларыма да көзүм жетчү эмес. Ошондуктан Гилат мектебине чакырылганда нес болуп калдым. Мендей жөндөмсүз кишинин ошол мектепке чакырылганына аябай таң калдым. Бирок: „Жахаба кыла аласың деп жатса, анда аракет кылайын“,— дедим. Андан бери 50 жылдын жүзү болду. Ошондон тартып Жапонияда миссионер болуп кызмат кылып келем». Анита бир тууган мындай деп кошумчалайт: «Кээде жашыраак сиңдилериме күйүп-жана: „Түйүнчөгүңдү ал да, мага кошулуп, эң кызыктуу окуялар менен коштолгон сапарга аттан“,— деп чакырам. Кубанычтуусу, көптөр ошентип жатышат».

БЕЛДИ БЕКЕМ БУУ

Чет өлкөдө кызмат кылып жаткан көптөгөн эже-карындаштар башында башка жакка көчүп баруудан чочулашкан. Аларга белди бекем бууганга эмне жардам берген?

Моурин

«Чоңоюп келатканда башкаларга жардам берүүгө шарт түзгөн маңыздуу жашоону эңсей баштадым»,— дейт 64 жаштагы Моурин. Ал 20га чыкканда Канаданын Квебек провинциясына көчүп барган. Ошол кезде ал жерде пионерлерге болгон муктаждык чоң болчу. Моурин мындай дейт: «Кийинчерээк Гилат мектебине чакырылдым. Бирок бөтөн жерге досторумсуз баргандан корктум. Оорукчан атамды карап жаткан апамды ойлоп да сарсанаа болдум. Түнү бою көз жаш төгүп, Жахабадан ушулар жөнүндө тиленген учурларым көп болду. Жүрөгүмдү өйүгөн нерселеримди ата-энеме айтсам, мектепке бара берүүгө  үндөштү. Жыйналышымдагы бир туугандардын ата-энеме мээримдүүлүк менен кам көрүп жатканын да көрдүм. Ушундайча Жахабанын камкордугун сезгеним анын мага да кам көрөрүнө ишенүүгө жардам берди. Ошентип, жолго чыгууга даяр болуп калдым!» Моурин Батыш Африкада 1979-жылдан тартып 30 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган. Учурда ал Канадада апасын карап, ошол эле учурда атайын пионер болуп кызмат кылып жатат. Чет өлкөдө кызмат кылган жылдарын эскерип, ал: «Жахаба дайыма мага керектүү нерсени керек учурда берип турду»,— дейт.

Уенди

65ке келип калган Уенди пионердик кызматын Австралияда өспүрүм курагында баштаган. Ал мындай деп эскерет: «Мен аябай тартынчаак кыз болгондуктан чоочун кишилер менен сүйлөшө алчу эмесмин. Бирок пионердик кызматтын аркасында ар кандай адамдар менен сүйлөшкөндү үйрөнүп, өзүмдү ишенимдүү сезе баштадым. Кийин такыр эле коркпой кабар айтып калдым. Пионердик кызмат мени Жахабага таянууга үйрөткөндүктөн, деңиздин ары жагындагы өлкөлөргө барып кызмат кылуудан көп чочулабай калдым. Ошондой эле Жапонияда 30 жылдан ашуун убакыт миссионер болуп кызмат кылган бир бойдок эже мени ошол жакта үч ай кызмат кылып кетүүгө чакырды. Аны менен кызматташуунун аркасында ого бетер чет өлкөдө кызмат кылгым келип калды». Ошентип, Уенди 1980-жылдардын ортосунда Австралиядан 1770 километрдей алыстыкта жайгашкан Вануату аралына көчүп кеткен.

Уенди азыр деле Вануату аралында. Ал алыскы котормо кеңсесинде кызмат кылат. «Алыскы аймактарда топтордун же жыйналыштардын уюшулуп жатканын көргөндө аябай кубанам,— дейт ал.— Жахабанын ишинин ушул аралдарда алга илгерилешине аз да болсо салым кошуу мен үчүн сөз менен айтып жеткире алгыс сыймык».

Кумико (ортодо)

Азыр 65 жаштагы Кумико Жапонияда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылып жатканда, пионердик кызматтагы шериги Непалга көчүп барууну сунуш кылган. Ал мындай дейт: «Шеригим кайра-кайра үндөй берди, бирок такыр макул болбой жүрдүм. Мен чет тилин үйрөнүп кете аламбы, жаңы элге, жаңы жерге ылайыкташа аламбы деп тынчсызданчумун. Башка өлкөгө көчүп барууга акча табыш да кыйын болчу. Ошондой ойлор менен күрөшүп жүргөн кезде мотоцикл менен жол кырсыгына кабылып, ооруканага жатып калдым. Ал жакта жатканда: „Ким билет, дагы эмнеге кабылам. Катуу ооруга чалдыгып, чет өлкөгө бара албай калышым мүмкүн да. Ал жакта, жок дегенде, бир жыл кызмат кыла албаймбы?“ — деп ойлондум. Анан Жахабадан иш-аракет кылганга жардам беришин сурап жалындуу тилендим». Ооруканадан чыккандан кийин Кумико Непалга барып келген, кийин болсо шериги экөө ал жакка көчүп кетишкен.

 Кумиконун Непалда кызмат кылып жатканына 10 жылдай болуп калды. Ал өткөндү эстеп, мындай дейт: «Жүрөгүмдү түпөйүл кылган кыйынчылыктар менин алдымда Кызыл деңиздей эле бөлүнүп калды. Муктаждык көп жерде кызмат кылууну чечкениме аябай сүйүнөм. Бул жакта Ыйык Китептеги кабарды бир үй-бүлөгө айтсаң, көбүнчө беш же алты кошунасы да келип, угушат. Атүгүл кичинекей балдар да Ыйык Китеп жөнүндө баракча беришимди сылыктык менен сурашат. Адамдар кабарды жакшы уккан ушундай аймакта кызмат кылуу мага зор кубаныч тартуулайт».

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР МЕНЕН КҮРӨШҮҮ

Албетте, бул макалада айтылган кайраттуу бойдок эже-карындаштарыбыз кыйынчылыктарга кабылбай койгон эмес. Алар кыйынчылыктар менен кантип күрөшүшкөн?

Дайан

«Үй-бүлөмөн алыс болуу башында аябай кыйын болду»,— дейт канадалык Дайан. Азыр ал 60тын кырын ашты. Анын Пил Сөөктүү Жээкте (азыр Кот-д’Ивуар) миссионер болуп кызмат кылып жатканына 20 жыл болду. Ал мындай деп кошумчалайт: «Мен Жахабадан өзүм дайындалган жердеги адамдарды сүйгөнгө жардам берчи деп тиленчүмүн. Гилат мектебинин нускоочуларынын бири Жек Редфорд бир тууган дайындалган жерибиздеги начар шарттарды, өзгөчө, катуу жакырчылыкты көргөндө деңдароо болушубуз, ал тургай, үрөйүбүз учушу мүмкүн экенин айткан эле. Бирок ал: „Жакырчылыкка көңүл топтобогула. Адамдардын өзүнө, жүзүнө, көздөрүнө көңүл бургула. Ыйык Китептеги чындыкты укканда алардын кандай сезимде болуп жатканын байкагыла“,— деген. Мен так ошондой кылгам. Бул мен үчүн чоң бата болду! Падышалык жөнүндөгү жубатарлык кабарды айтканымда адамдардын көзүнөн нур жана түшкөнүн байкачумун». Дайан бир тууганга чет өлкөдөгү кызматына көнүүгө дагы эмне жардам берген? «Мен Ыйык Китепти изилдеп жаткандар менен ынак мамиледе болчумун. Алардын Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынан болушканын көргөндө зор кубанычка бөлөнчүмүн. Дайындалган жерим өз үйүмдөй эле болуп калды. Мен, Иса убада кылгандай, рухий ата-энелерге, ага-инилерге, эже-сиңдилерге ээ болдум»,— дейт ал (Мр. 10:29, 30).

46 жаштагы Энн учурда Азиядагы ишибизге тыюу салынган өлкөдө кызмат кылат. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Көптөгөн жылдардан бери ар кайсы өлкөлөрдө болдум. Тек-жайы, мүнөзү меникинен кыйла айырмаланган эже-сиңдилерим менен жашадым. Кээде ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетчү, бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп алган учурлар да болду. Андайда ал бир туугандарга ынак болгонго, алардын маданиятын түшүнгөнгө аракеттенчүмүн. Ошондой эле боорукер болууга, алардан көптү күтүп албаганга да аракет кылчумун. Ошенткенимдин акыбети кайтып, ынак, туруктуу досторго ээ  болдум. Бул мага дайындалган жеримде туруктуулук менен кызмат кылууга жардам берип келет».

Юте

Азыр 53кө келип калган германиялык Юте 1993-жылы Мадагаскарга миссионер болуп дайындалган. Ал мындай дейт: «Башында жергиликтүү тилди үйрөнө албай, ысык климатка көнө албай кыйналдым, безгектен, амёбалардан, мите курттардан жапа чектим. Бирок бир туугандар мага бир топ колдоо көрсөтүштү. Жергиликтүү эже-сиңдилерим, алардын балдары жана мени менен Ыйык Китепти изилдегендер мага тил үйрөнүүгө сабырдуулук менен жардам беришти. Ооруп калганымда миссионердик кызматтагы шеригим мээримдүүлүк менен кам көрдү. Баарынан да Жахабанын жардамын сездим. Андан күн сайын тиленип, жүрөгүмдү өйүгөн нерселеримди айтчумун. Анан тиленүүмө жоопту бир нече күн, кээде бир нече ай чыдамдуулук менен күтчүмүн. Жахаба менин ар бир көйгөйүмдү чечип берчү». Ютенин Мадагаскарда кызмат кылып жатканына 23 жыл болду.

БАТАГА БАЙЫТКАН ЖАШОО

Муктаждык көп жерде кызмат кылып жаткан башка бир туугандардай эле, дил маек берген бойдок эже-карындаштар чет өлкөдө кызмат кылуу батага байытарын айтышат. Ал баталардын айрымдары кайсылар?

Хейди

73 жаштагы германиялык Хейди 1968-жылдан бери Пил Сөөктүү Жээкте (азыр Кот-д’Ивуар) миссионер болуп кызмат кылып келет. Ал мындай дейт: «Мен үчүн „балдарымдын чындык жолунда жүргөнүн“ көргөндөн өткөн кубаныч жок. Мени менен Ыйык Китепти изилдегендердин айрымдары учурда пионер, аксакал болуп кызмат кылууда. Алардын көбү мени апа же чоң апа дешет. Ошол аксакалдардын бири, анын балдары менен жубайы мени өз апасындай көрүшөт. Ошентип, Жахаба мага уул, келин, үч небере берди» (3 Жкн. 4).

Карэн (ортодо)

Канададан болгон Карэн Батыш Африкада 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган. Азыр ал 73кө келип калды. Карэн бир тууган мындай деп эскерет: «Миссионердик жашоо мени жан аябас, мээримдүү, чыдамдуу болууга үйрөттү. Ошондой эле ар кайсы улуттагы бир туугандар менен кызматташканымдын аркасында көз карашым кеңейди. Мен кайсы бир нерсени кылуунун ар кандай жолдору бар экенин түшүндүм. Дүйнө жүзү боюнча ынак досторум бар экени мен үчүн чоң бата! Жашообуз, дайындообуз өзгөрсө да, достугубуз өзгөргөн жок».

Азыр 80ге таяп калган англиялык Маргарет деген бир тууганыбыз Лаосто миссионер болуп кызмат кылган. Ал: «Чет өлкөдө кызмат кылуунун аркасында Жахабанын ар кандай расадагы, тек-жайы ар башка адамдарды өзүнүн уюмуна алып келип жатканын өз көзүм менен көрдүм. Бул менин ишенимимди аябай бекемдеди. Ошондой эле Жахабанын өз уюмун жетектеп жатканына жана ой-ниетин сөзсүз аткарарына толук ишенүүгө жардам берди»,— дейт.

Ооба, башка өлкөдө кызмат кылып жаткан эже-карындаштар кызматка зор салым кошууда. Алар чындап эле мактоого татыктуу (Бий. 11:40). Андай эже-карындаштардын санынын барган сайын өсүп жатканы кубандырбай койбойт (Заб. 68:11). Жагдай-шартыңды өзгөртүп, бул макалада айтылып өткөн ынталуу эже-карындаштардан үлгү ала аласыңбы? Ошентсең: «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанасың (Заб. 34:8).