Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ФЕВРАЛЬ, 2017

 ӨМҮР БАЯН

Кудай бизге ырайымын ар кандай жолдор менен көрсөттү

Кудай бизге ырайымын ар кандай жолдор менен көрсөттү

АТАМ Артур Кудайдан корккон киши болчу. Ал жаш кезинде методисттердин чиркөөсүнүн кызматчысы болгусу келчү экен. Бирок Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн адабияттарын окуп, алар менен байланыша баштагандан тартып максаты өзгөрүптүр. Ал эми 1914-жылы 17 жашында чөмүлүптүр. Биринчи дүйнөлүк согуш катуу жүрүп жаткан ошол кезде атам аскер кызматына чакырылган экен. Бирок колуна курал алуудан баш тарткандыктан, аны Канаданын Онтарио провинциясындагы Кингстон түзөтүү абагына 10 айга кесишиптир. Камактан бошотулгандан кийин атам адабият таратуучу (пионер) болуп, толук убакыт кызмат кыла баштаптыр.

1926-жылы атам апама, Хейзл Уилкинсонго, үйлөнүптүр. Таенем чындыкты 1908-жылы тааныган экен. Мен 1931-жылы 24-апрелде төрөлгөм. Төрт баланын экинчисимин. Биздин үй-бүлөдө Жахабага сыйынуу биринчи орунда турчу. Атамдын Ыйык Китепти абдан баалаганы бизге да аны өмүр бою жогору баалаганга түрткү берди. Үй-бүлөбүз менен чогуу үймө-үй кабар айтууга дайыма катышчубуз (Элч. 20:20).

АТАМДАН ҮЛГҮ АЛЫП, БЕЙТАРАПТУУЛУК САКТАДЫМ ЖАНА ПИОНЕР БОЛДУМ

1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш тутанып, кийинки эле жылы Канададагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынды. Мектептерде желекке таазим кылуу, улуттук гимнди ырдоо сыяктуу патриоттук сезимди ойготкон иш-чаралар уюштурула баштады. Андай учурларда Дороти эжем экөөбүзгө класстан чыгып турууга уруксат беришчү. Бирок бир күнү күтүлбөгөн жерден мугалимим мени балдардын көзүнчө коркок деп айтып, уяткарды. Сабактан кийин бир нече классташым мени ур-токмокко алып, катуу түртүп жибергенде, жерге кулап калдым. Анткен менен ошол жагдай «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийүүгө» болгон чечкиндүүлүгүмдү ого бетер чыңдады (Элч. 5:29).

 1942-жылы июль айында 11 жашымда фермадагы суу сакталчу бочкада чөмүлдүм. Жыл сайын каникул учурунда өргүү пионери (азыр көмөкчү пионер деп аталат) болуп кызмат кылганды аябай жакшы көрчүмүн. Бир жылы үч бир тууган менен Онтарионун түндүгүндөгү дайындалбаган аймакка барып, ал жактагы бак кыйган кишилерге кабар айткам.

1949-жылы 1-майда үзгүлтүксүз пионер болдум. Ал кезде Канададагы филиалда куруу иши жүрүп жаткандыктан, курулушка катышууга чакырылдым. Ал эми ошол жылдын 1-декабрында Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү болдум. Басмаканада иштөөгө дайындалып, басма машинени иштетүүнү үйрөндүм. Бир нече жума бою түнкү сменде иштеп, Канададагы Жахабанын Күбөлөрү дуушар болуп жаткан куугунтук туурасындагы баракчаны басып чыгарууга жардам бердим.

Кийин кызмат бөлүмүндө иштеп жүргөнүмдө ошол учурда куугунтуктун очогу болгон Квебекке кызмат кылганы баратып филиалга кире кетүүнү чечкен пионерлер менен маек курууга мүмкүнчүлүгүм болду. Алардын арасында Альберта провинциясындагы Эдмонтон шаарынан болгон Мэри Зазула деген бир тууган да бар эле. Байкеси Жо экөө Ыйык Китепти изилдөөнү токтотуудан баш тарткандыктан, православие динин бек туткан ата-энеси аларды үйүнөн кууп жибериптир. Экөө тең 1951-жылы июнда чөмүлүп, 6 айдан кийин пионердик кызматты башташыптыр. Маектешип жатып Мэринин рухийликти баалаарын көрүп аябай таасирлендим. Анан ичимен: «Бул мен каалагандай кыз экен, так ушундай кызга үйлөнгүм келет»,— дедим. Экөөбүз 9 айдан кийин, 1954-жылы 30-январда, баш коштук. Бир жумадан кийин кыдыруучулук кызматты аткаруу үчүн билим алууга чакырылып, кийинки эки жыл бою Онтарионун түндүгүндө ошол кызматты аркаладык.

Кабар айтуу иши кеңири кулач жайган сайын, миссионерлерге болгон муктаждык да өсө берди. Ошондо биз Канаданын кычыраган кышына, жайкысын жанды койбогон чиркейлерине чыдап жатсак, демек, кандай кызматка дайындалбайлы, катаал шарттарга чыдай алабыз деп ой жүгүрттүк. Ошентип, 1956-жылы июлда Гилат мектебинин 27-классын бүтүрүп, ноябрда Бразилияда кызмат кыла баштадык.

БРАЗИЛИЯДАГЫ МИССИОНЕРДИК КЫЗМАТЫБЫЗ

Бразилиядагы филиалга барганда португал тилин үйрөнүүгө кириштик. Учурашканды жана кыскача журнал сунуштаганды үйрөнүп алгандан кийин кабар айтуу ишине катыша баштаганга чакырылдык. Үй ээси кызыкса, Кудайдын Падышалыгы башкарганда жашоо кандай болору сүрөттөлгөн аяттарды окуп берүү кеңеш кылынчу. Биринчи жолу кызматка чыккан күнү бир келинге кабар айтканымда, ал аябай кунт коюп укту. Ошондуктан ага Аян 21:3, 4тү окуп бердим. Анан эле эс-учумду жоготуп коюптурмун. Анткени ысык, нымдуу аба ырайына көнө элек болчумун. Ысыкка көнө албай, көпкө чейин кыйналып жүрдүм.

 Биз алгач Кампус шаарына дайындалдык. Учурда ал жерде 15 жыйналыш бар. Жаңы барганыбызда, ал шаарда бир эле обочо топ жана бир миссионер үйү бар болчу. Ал үйдө Эстер Трейси, Рамона Бауэр, Луиза Шварц жана Лорейн Брукс (азыр Уоллен) деген төрт эже менен чогуу жашадык. Менин милдетим кир жууганга жардам берүү жана тамак жасаганга отун алып келүү болчу. Бир жолу дүйшөмбү күнү кечинде «Күзөт мунарасын» изилдөөдөн кийин үйүбүзгө чакырылбаган «конок» келиптир. Биз күнүмдүк иштер жөнүндө сүйлөшүп жатканбыз. Жубайым диванда жаткан эле. Бир убакта ал ордунан турайын деп башын көтөргөндө, жаздыгынын алдынан жылан соймоңдоп чыга келсе болобу. Аны өлтүргүчө бир топ ызы-чуу түштүк.

Португал тилин бир жыл үйрөнгөндөн кийин райондук көзөмөлчү болуп дайындалдым. Айыл жеринде жашообуз жөнөкөй эле: электр жарыгы жок болчу, жерде уктачубуз, эки жакка ат же ат араба менен барчубуз. Бир жолу дайындалбаган аймакта кабар айтуу боюнча өнөктүк өткөрүлүп, тоодо жайгашкан шаарчага поезд менен бардык да, түнөгөнгө бир бөлмөнү ижарага алдык. Кызматта колдонушубуз үчүн филиал бизге 800 журнал жөнөтүп жиберди. Ал журналдарды токтогон жерибизге алып келиш үчүн почтого көп жолу каттаганыбыз эсимде.

1962-жылы Бразилиянын ар кайсы жеринде ага-инилер менен миссионер эже-карындаштар үчүн Падышалык кызмат мектеби өткөрүлдү. Мен ал мектепти өткөрүүгө дайындалып, 6 ай бою улам бир жерге барып жүрдүм. Ал учурда Мэри башка жакта болду. Мен Манаус, Белен, Форталеза, Ресифи, Салвадор шаарларында өткөрүлгөн мектептерде сабак бердим. Манаус шаарындагы белгилүү опера театрында облустук жыйынды да уюштурдум. Ошондо жаан нөшөрлөп төккөндүктөн, иче турган суу булганып, тамактана турган жай жараксыз болуп калды (ал кезде жыйындарда тамак берилчү). Аскер бөлүгү менен байланышып, жардам сураганымда, адамгерчиликтүү бир офицер бизди суу менен камсыз кылды. Ошондой эле ашкана жана тамак иче турган жай катары колдоно алышыбыз үчүн, жоокерлерин жиберип, эки чоң чатыр тиктирип берди.

Мен жокто Мэри Бразилиянын португалиялыктар соода-сатык жүргүзгөн районунда кабар айтып жүрдү. Ал жердегилердин оюнун баары эле акча болчу. Мэри бир да киши менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшө албагандыктан айрым бейтелдиктерге: «Башкасы болсо да, ушу Португалияда такыр жашамак эмесмин»,— деп айтыптыр. Анан ошондон көп өтпөй эле Португалияда кызмат кылууга чакырылып калсак болобу! Ал кезде Португалияда кабар айтуу ишине тыюу салынган болчу. Мэри башында аябай чочуласа да, дайындоону кабыл алдык.

ПОРТУГАЛИЯДАГЫ КЫЗМАТЫБЫЗ

Португалиянын борбору Лисабонго 1964-жылдын август айында бардык. Бир туугандар Португалиянын жашыруун полициясы тарабынан катуу  куугунтукталып жатыптыр. Муну билгендиктен эч кимге билинбей барууну жана жергиликтүү бир туугандар менен байланышпай турууну туура көрдүк. Жашап туруу укугун алганга чейин бир бөлмөнү ижарага алып, ошол жерде убактылуу жашадык. Анан виза алгандан кийин бир батирди ижарага алдык. Акыры, 1965-жылы январда филиал менен байланыштык. Ошентип, беш айдан кийин биринчи жолу жыйналышка барып, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүндүк!

Биз полициянын бир туугандардын үйлөрүн күн сайын текшерип жатканын билдик. Падышалык залдары жабылып калгандыктан, жыйналыш жолугушуулары үйлөрдө өткөрүлүп жаткан. Жүздөгөн бир туугандарды полиция участогуна алып барып, суракка алып, жыйналыш өткөргөн бир туугандардын аты-жөнүн айтпаганы үчүн, жаман мамиле кылышыптыр. Ошондуктан бир туугандар бири-бирине фамилиясынан эмес, атынан кайрылууну сүйлөшүп алышыптыр. Биз да ошенте баштадык.

Биз биринчи кезекте бир туугандарды рухий тамак менен камсыз кылууга аракет кылчубуз. Мэринин милдети «Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган макалаларын жана башка адабияттарды трафаретке терип, мимеограф менен көбөйтүү болчу.

ЖАКШЫ КАБАРДЫ СОТ АЛДЫНДА КОРГОО

1966-жылы июнда Лисабондо аябай маанилүү сот иши болду. Фейжо жыйналышындагы 49 кишинин баары мыйзамсыз түрдө үйдө өткөрүлгөн жолугушууга барды деген айып менен соттолушкан. Сот болгонго чейин, мен айыптоочунун ролун аткарып, бир туугандарга каршы-терши суроолорду берип, аларды даярдадым. Биз соттон жеңилерибизди, бирок соттун аркасында зор күбөлөндүрүү берилерин билгенбиз. Жактоочубуз бизди коргоп акыркы сөзүн айтып жатканда 1-кылымдагы Гамалеилдин сөздөрүнөн цитата кылды (Элч. 5:33—39). Атүгүл ошол сот иши жөнүндө гезиттерге чейин жарыяланды. Соттун жыйынтыгында 49 бир тууган 45 күндөн 5 жарым айга чейин ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилди. Бирок, кубанычтуусу, жактоочубуз Ыйык Китепти изилдөөгө макул болуп, көзү өткөнгө чейин жыйналышка барып жүрдү.

1966-жылы декабрда филиалдын көзөмөлчүсү болуп дайындалып, убактымдын көбүн сот иштерине жумшадым. Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндиги мыйзамдуу түрдө бекитилиши үчүн, колубуздан келгендин баарын кылдык (Флп. 1:7). Акыры, 1974-жылы 18-декабрда мыйзамдуу уюм катары катталдык. Кубанычыбыз менен тең бөлүшүү үчүн башкы башкармалыктан Нейтан Норр менен Фредерик Френц бир туугандар келип, Опорто жана Лисабон шаарларында тарыхый жолугушуу өткөрүлдү. Ага жалпы жонунан 46870 киши катышты.

Жахаба португал тилинде сүйлөгөн адамдар жашаган аралдарга, анын ичинде Азор, Кабо-Верде, Мадейра, Сан-Томе жана Принсипи аралдарына эшикти кенен ачты. Ал жерлерде Жахабанын  Күбөлөрүнүн саны аябай өскөндүктөн, филиалды кеңейтүүгө муктаждык пайда болуп, ал 1988-жылы ишке ашты. Ошол жылдын 23-апрелинде жаңы имараттарды арноо аземи өткөрүлүп, Милтон Хеншель баяндама сүйлөдү. Ал жолугушууга 45 522 киши катышты. Арноо аземине мурда Португалияда миссионер катары кызмат кылган 20 бир тууган келгенде, жүрөгүбүз кубанычтан толкуду.

ИШЕНИМДҮҮ БИР ТУУГАНДАРДАН КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНДҮК

Көптөгөн жылдар бою ишенимдүү бир туугандар менен кызматташканыбыз бизди рухий жактан аябай байытты. Мен Теодор Ярач бир тууганга зоналык кызматта жардам берүүнүн аркасында көп нерсеге үйрөндүм. Аны коштоп бир филиалга барганыбызда ал жерде олуттуу көйгөй бар экенин байкадык. Филиалдын комитети аны чечиш үчүн колунан келгендин баарын кылыптыр. Ошондо Ярач бир туугандын аларды тынчтандырып: «Эми ыйык рухтун иш-аракет кылышына жол берүүгө убакыт келип жетти»,— деп айтканы эсимде. Ошондой эле жубайым экөөбүз бир нече жыл мурун Бруклинге барып, Френц жана башка бир нече бир тууган менен сүйлөшүп отурганда да маанилүү бир нерсеге үйрөнгөнбүз. Френц бир туугандан сөзүнүн акырында Жахабанын кызматына арнаган жылдары жөнүндө эмне айтарын сураганыбызда, ал: «Силерге айтарым бул: жайчылыкта да, кыйынчылыкта да Жахабанын көзгө көрүнгөн уюму менен бирге болгула. Иса Машаяк шакирттерине тапшырган ишти — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу ишин — бир эле ушул уюм аткарып жатат»,— деген.

Биз так Френц бир тууган айткандай иш кылуунун аркасында чыныгы кубанычты сезип келебиз. Филиалдарды кыдырган күндөрүбүздү аябай жогору баалайбыз. Филиалдарга барганыбыздын аркасында ишенимдүү кызмат кылган бир туугандардын баарына: жашына да, карысына да ыраазычылык билдирүүгө, ошондой эле аларды Жахабага кылган өзгөчө кызматын уланта берүүгө үндөөгө жакшы мүмкүнчүлүгүбүз болду.

Андан бери канча суулар акты. Азыр жубайым экөөбүздүн жашыбыз 80ден өтүп калды. Байбичем оорунун ар кыл түрү менен алпурушуп келатат (2 Кор. 12:9). Сыноолордун аркасында ишенимибиздин сапаты жакшырып, кынтыксыздыгыбыздан жазбоого ого бетер чечкиндүү болуп калдык. Өткөргөн жашообуз жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө Жахабанын бизге ар кандай жолдор менен ырайым көрсөткөнүн айкын түшүнөбүз *.

^ 29-абз. Дуглас Гест бир тууган бул макала басууга даярдалып жаткан учурда, 2015-жылдын 25-октябрында, көз жумду. Ал Жахабага өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү кызмат кылды.