Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ФЕВРАЛЬ, 2017

Кудайдын элин ким жетектеп жатат?

Кудайдын элин ким жетектеп жатат?

«Араңарда жетекчиликти колго алгандарды... унутпагыла» (ЕВР. 13:7).

ЫРЛАР: 123, 126

1, 2. Иса Машаяк асманга кеткенден кийин, элчилер эмне деп ойлонушса керек?

ИСА МАШАЯКТЫН элчилери Зайтун тоосунда асманды карап турушат. Жаңы эле алардын досу жана мырзасы Иса жогору көтөрүлүп, аны булут каптап, көрүнбөй калды (Элч. 1:9, 10). Иса Машаяк аларды эки жылдай убакыттан бери окутуп-үйрөтүп, бекемдеп, жетектеп келген. Азыр болсо асманга кетти. Эми элчилер эмне кылышат?

2 Иса шакирттерине: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп тапшырма берген (Элч. 1:8). Алар ал ишти кантип аткарышмак? Мырзасы аларга көп өтпөй ыйык рух алышарын убада кылган болчу (Элч. 1:5). Анткен менен кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча жүргүзүү үчүн жетекчилик жана уюшкандык талап кылынмак. Байыркы убакта өзүнүн элин уюштуруп, жетектеш үчүн Жахаба кайсы бир кишилерди өкүлү катары колдонгон. Ошондуктан элчилер: «Жахаба эми жаңы жол башчы дайындайт болду бекен?» — деп ойлонушса керек.

3. а) Иса асманга кеткенден кийин, ишенимдүү элчилер кандай маанилүү чечим чыгарышкан? б) Бул макалада эмнелерди карайбыз?

 3 Ошондон эки жумадай өткөн соң, шакирттер Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, Кудайдан жетекчилик сурап тиленишкенден кийин Жүйүт Искариоттун ордуна он экинчи элчи кылып Матийди тандашкан (Элч. 1:15—26). Бул алар үчүн да, Жахаба үчүн да маанилүү болгон. Эмне себептен? Матийдин он экинчи элчи болуп тандалышы уюштуруу иши үчүн абдан зарыл болгон *. Иса пайгамбар элчилерин тек гана өзүн кызматта коштоп жүрүшү үчүн эмес, Кудайдын элинин арасында маанилүү ишти аткарышы үчүн тандаган. Ал эмне болгон иш эле? Элчилер аны аткара алышы үчүн, Жахаба аларга Иса аркылуу кантип жардам берген? Бүгүнкү күндө Кудайдын элинин арасында «жетекчиликти колго алгандар» жөнүндө эмне айтууга болот? Аларды, өзгөчө, «ишенимдүү жана акылдуу кулду» унутпаганыбызды кантип көрсөтөбүз? (Евр. 13:7; Мт. 24:45).

ИСА МАШАЯКТЫН КӨЗӨМӨЛҮ АЛДЫНДАГЫ ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШ

4. 1-кылымда Иерусалимдеги элчилер менен башка аксакалдар кандай иштерди аткарышкан?

4 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып элчилер Машаяктын жолдоочуларынан турган жыйналышты жетектей башташкан. Ошол күнү «Петир он бир элчи менен ордунан туруп», жүйүттөргө жана алардын динин кабыл алган көптөгөн адамдарга өмүргө алып баруучу чындык сөздөрүн айткан (Элч. 2:14, 15). Аны уккандардын көбү ишенип, шакирттердин катарына кошулган. Алар «элчилердин насааттарын түшүнүүгө... ынтызар» болушкан (Элч. 2:42). Элчилер жыйналыштын акча каражатын туура бөлүштүрүүнү көзөмөлдөшкөн (Элч. 4:34, 35). Ошондой эле: «Биз... мындан ары да тиленип, Кудайдын сөзүн үйрөтүп, кызмат кыла берели»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын элинин рухий муктаждыгына кам көрүшкөн (Элч. 6:4). Жакшы кабар жаңы аймактарда да жарыяланышы үчүн, тажрыйбалуу бир туугандарды ал жактарга дайындашкан (Элч. 8:14, 15). Кийинчерээк жыйналыштардагы иштерди жетектөөдө элчилерге башка майланган аксакалдар да кошулган. Алар чогуу жетектөөчү кеңеш катары кызмат кылып, бүт жыйналыштарга көрсөтмөлөрдү беришкен (Элч. 15:2).

5, 6. а) Ыйык рух жетектөөчү кеңешке кандайча таасир эткен? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Периштелер жетектөөчү кеңешке кантип жардам беришкен? в) Жетектөөчү кеңеш кандайча Кудайдын Сөзүнө жетектелген?

5 1-кылымдагы шакирттер жетектөөчү кеңешти Жахаба Кудай алардын Башчысы Иса аркылуу жетектеп жатканын жакшы түшүнүшкөн. Алар эмне үчүн буга толук ишенишкен? Биринчиден, жетектөөчү кеңешке ыйык рух таасир эткен (Жкн. 16:13). Албетте, ыйык рух майлангандардын баарына берилген. Бирок элчилер менен Иерусалимдеги башка аксакалдарга өзгөчө таасир этип, аларды көзөмөлчүлүк милдетин жакшы аткарууга жөндөмдүү кылган. Алсак, б.з. 49-жылы ыйык рух жетектөөчү кеңешке сүннөткө отургузулууга байланыштуу маанилүү чечим чыгарууга жардам берген. Жыйналыштагылар алардын чечимине ылайык иш кылгандын аркасында «ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өсө» берген (Элч. 16:4, 5). Ошондой эле ал чечим жазылган каттан жетектөөчү кеңеш ыйык рухтун жемишине кирген сүйүү, ишеним сыяктуу сапаттарга ээ экени көрүнүп турган (Элч. 15:11, 25—29; Гал. 5:22, 23).

6 Экинчиден, жетектөөчү кеңешке периштелер жардам берген. Мисалга башка элден болгон жана сүннөткө отургузулбагандардын арасынан биринчи  болуп чөмүлгөн Корнелийди алалы. Чөмүлгөнгө чейин ага периште көрүнүп, элчи Петирди үйүнө чакыртышы керектигин айткан. Петир ага жана анын туугандарына кабар айткандан кийин, аларга, сүннөткө отургузулбаган болсо да, ыйык рух түшкөн. Бул окуя элчилер менен башка бир туугандарга Кудайдын эркине баш ийип, сүннөткө отургузулбаган башка улуттагыларды да жыйналышка кабыл алууга түрткү берген (Элч. 11:13—18). Андан тышкары, периштелер жетектөөчү кеңештин көзөмөлү алдында жүргүзүлгөн кабар айтуу ишинин кеңири кулач жайышына чоң салым кошушкан (Элч. 5:19, 20). Үчүнчүдөн, жетектөөчү кеңешти Кудайдын Сөзү жетектеген. Ыйык рух менен майланган ал аксакалдар окууларга байланыштуу маселелерди чечкенде да, уюштуруу ишине байланыштуу көрсөтмөлөрдү бергенде да Кудайдын Сөзүнө жетектелишкен (Элч. 1:20—22; 15:15—20).

7. Алгачкы шакирттерди Иса Машаяк жетектеген деп эмне үчүн айта алабыз?

7 Жетектөөчү кеңеш жыйналышта бийликке ээ болсо да, өзүнүн Жол башчысы Иса Машаяк экенин эсинен чыгарган эмес. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ал [Машаяк] бирөөлөрдү элчи... катары берди»,— деп жазган. Анан: «Сүйүү менен өсүп, башчыбыз Машаяк менен шайкештикте бардык жагынан жетилели»,— деп кошумчалаган (Эф. 4:11, 15). Шакирттер өздөрүн кайсы бир көрүнүктүү элчинин аты менен атабастан, «Кудайдын жетекчилиги менен... Машаяктын жолдоочулары деп аталышкан» (Элч. 11:26). Албетте, Пабыл жетекчиликти колго алган элчилер же башка бир туугандар берген «көрсөтмөлөргө бек кармануунун» маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Ошентсе да: «Ар бир эркектин [анын ичинде жетектөөчү кеңештин ар бир мүчөсүнүн] башчысы Машаяк,.. Машаяктын башчысы Кудай экенин билишиңерди каалайм»,— деп жазган (1 Кор. 11:2, 3). Ооба, жыйналышты жетектөөгө Жахаба Кудай өзүнүн Уулун, Иса Машаякты, дайындаган.

«БУЛ АДАМДЫН ИШИ ЭМЕС»

8, 9. 19-кылымдын аяк жагынан тартып Расселл бир тууган кандай маанилүү ишти аткарган?

8 19-кылымдын аяк жагында Чарлз Тейз Расселл менен анын шериктери чыныгы сыйынууну калыбына келтирүү үчүн бүт күчүн жумшашкан. Ыйык Китепте камтылган чындыкты ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдарга жеткирүү үчүн 1884-жылы Сион күзөт мунарасы жана баракчалар коому мыйзамдуу түрдө катталып, Расселл бир тууган анын президенти болуп дайындалган *. Ал Ыйык Китепти казып изилдеп, Үчилтик, жандын өлбөстүгү сыяктуу окуулардын жалган экенин тайманбастык менен жарыялаган. Ошондой эле Машаяктын көзгө көрүнбөгөн түрдө кайтып келерин жана «башка элдерге белгиленген убакыт» 1914-жылы аяктаарын түшүнгөн (Лк. 21:24). Ушул чындыктарды башкаларга жеткирүү үчүн ал бүт убактысын, күчүн, акча каражатын жумшаган. Ырас, Жахаба менен жыйналыштын башчысы Исанын ошол маанилүү убакта Расселлди колдонуп жатканы айдан ачык болгон.

9 Расселл бир тууган атак-даңкка умтулган эмес. 1896-жылы ал: «Башкалардын бизди же жазгандарыбызды кастарлап-аздектешин, бизди Ыйык ата же Рабби деп аташын каалабайбыз. Эч кимдин биздин атыбыз менен аталышын да самабайбыз»,— деп жазган. Ал эми кийинчерээк: «Бул адамдын иши эмес»,— деп айткан.

10. а) Иса пайгамбар «ишенимдүү жана акылдуу кулду» качан дайындаган? б) Жетектөөчү Кеңеш Күзөт мунарасы коомунан айырмаланары кандайча айкын болгон?

10 Расселл бир тууган көз жумгандан 3 жыл өткөндөн кийин, 1919-жылы, Иса Машаяк «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган. Кандай максат менен? Анын үйүндөгүлөрүнө «өз убагында тамак берип турушу үчүн» дайындаган (Мт. 24:45). Ошол убактарда эле Бруклиндеги  (Нью-Йорк) башкы башкармалыкта кызмат кылган майлангандардын чакан тобу Исанын жолдоочуларына рухий тамакты даярдап берип турган. «Жетектөөчү Кеңеш» деген сөз айкашы биздин адабияттарда 1940-жылдардан тартып колдонула баштаган. Ал ошол кезде негизинен Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун деректирлерине карата колдонулчу. Бирок 1971-жылы Жетектөөчү Кеңештин юридикалык маселелерге гана жооптуу болгон Күзөт мунарасы коому менен анын деректирлеринен айырмаланары айкын көрсөтүлгөн. Ошондон тартып Жетектөөчү Кеңешке Күзөт мунарасы коомунун деректирлеринен болбогон майланган бир туугандар мүчө боло башташкан. Акыркы жылдары Кудайдын эли колдонгон Күзөт мунарасы коомунун жана башка корпорациялардын деректирлери катары «башка койлорго» кирген жооптуу бир туугандар кызмат кылууда. Мунун аркасында Жетектөөчү Кеңеш бүт көңүлүн Кудайдын элине жетекчилик берип, рухий жактан кам көрүүгө топтоп жатат (Жкн. 10:16; Элч. 6:4). 2013-жылы 15-июлда чыккан «Күзөт мунарасында» «ишенимдүү жана акылдуу кул» Жетектөөчү Кеңешти түзгөн майлангандардын чакан тобун билдирери түшүндүрүлгөн.

1950-жылдардагы Жетектөөчү Кеңеш

11. Жетектөөчү Кеңеш кантип иш жүргүзөт?

11 Жетектөөчү Кеңеш маанилүү чечимдерди чогуу чыгарат. Кантип? Анын мүчөлөрү жума сайын кеңешме өткөрүп турат. Бул бири-бири менен тыгыз кызматташууга жана биримдикте болууга өбөлгө түзөт (Накыл 20:18). Алардын бири да өзүн башкалардан жогору көрбөгөндүктөн, кеңешме өткөрүүдө жыл сайын кезектешип төрагалык кылышат (1 Пет. 5:1). Алар Жетектөөчү Кеңештин 6 комитетинин жолугушууларында да ошондой жол менен кезектешип төрагалык кылышат. Жетектөөчү Кеңештин бир да мүчөсү өзүн ишенимдештеринин башчысы катары көрбөйт. Тескерисинче, ишенимдүү кулга баш ийген жана ал берген рухий тамак менен азыктанган «үйүндөгүлөрдүн» бири катары көрөт.

1919-жылы дайындалгандан бери ишенимдүү кул Кудайдын элине рухий тамак берип келет (10, 11-абзацтарды кара)

«ИШЕНИМДҮҮ ЖАНА АКЫЛДУУ КУЛ КИМ?»

12. Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Кудайдан аян алышпагандыктан жана жеткилең эмес болгондуктан, кандай суроолор туулат?

12 Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Кудайдан аян алышпайт, ошондой эле алар жеткилең эмес. Ошондуктан Ыйык Китепти түшүндүрүүдө же уюштуруу ишине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берүүдө кээде жаңылып калышы мүмкүн. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы» деген китептин «Окууларыбыздын тереңирээк түшүндүрүлүшү» деген бөлүмчөсүндө Ыйык Китептеги кайсы билдирүүлөргө байланыштуу түшүнүгүбүз өзгөргөнүн көрсөткөн тизме берилген. Албетте, Иса Машаяк өзү дайындаган ишенимдүү кулдун рухий тамакты жеткилең кылып даярдаарын айткан эмес. Анда анын: «Ишенимдүү жана акылдуу кул ким?» — деген суроосуна эмне деп жооп берсек болот? (Мт. 24:45). Ошол кул Жетектөөчү Кеңеш экенине кандай далилдер бар? Анда эмесе, 1-кылымдагы жетектөөчү кеңешке жардам берген үч нерсе аларга да кандайча жардам берип жатканын карап көрөлү.

13. Ыйык рух Жетектөөчү Кеңешке кандайча жардам берип келет?

13 Ыйык рухтун таасир этиши. Ыйык рух Жетектөөчү Кеңешке Ыйык Китептеги мурун айкын болбогон чындыктарды түшүнүүгө жардам берип келет. Мисалы, мурунку абзацта айтылган тизмедеги окуулар жөнүндө ой жүгүртүп көр. «Кудайдын терең сырларынын» ачылып берилгени жана түшүндүрүлгөнү үчүн бир да киши даңкты өзүнө ыйгара албайт. (Оку: 1 Корунттуктар 2:10.) Жетектөөчү Кеңеш элчи Пабылдын: «Биз алар жөнүндө адамдардын акылмандыгы эмес, рух үйрөткөн сөздөр менен айтабыз»,— деген сөздөрүнө толук кошулат (1 Кор. 2:13). Ооба, Кудайдын ыйык руху  болбосо, кылымдарга созулган чындыктан четтөөчүлүктөн жана рухий караңгылыктан кийин 1919-жылдан бери ачылып берилип жаткан чындыктарды ким ачып бере алат эле?

14. Аян 14:6, 7ге ылайык, периштелер Кудайдын элине кантип жардам берүүдө?

14 Периштелердин жардам бериши. Жетектөөчү Кеңеш дүйнө жүзү боюнча 8 миллиондон ашуун жарчы катышып жаткан кабар айтуу ишин көзөмөлдөйт. Андай чоң иш эмненин аркасында ийгиликтүү жүрүп жатат? Мунун бир себеби ага периштелер да катышууда. (Оку: Аян 14:6, 7.) Жарчылар жаңы эле Кудайдан жардам сурап тиленген кишилерге жолуккан учурлар абдан көп болот *. Ошондой эле айрым өлкөлөрдө катуу каршылык көрсөтүлгөнүнө карабай, кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши алга илгерилеп жатат. Бул да периштелердин жардам берип жатканын ырастап турат.

15. Жетектөөчү Кеңеш менен христиан дүйнөсүнүн жетекчилеринин ортосунда кандай айырма бар? Мисал келтир.

15 Кудайдын Сөзүнүн жетектеши. (Оку: Жакан 17:17.) 1973-жылы эмне болгонуна токтололу. Ошол жылы 1-июнда чыккан «Күзөт мунарасында»: «Тамеки чеккенин токтотпогондор чөмүлө алабы?» — деген суроо берилген. Анан: «Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, андай адамдар чөмүлө албайт»,— деген жооп жазылган. «Күзөт мунарасында» ал маселеге тиешеси бар бир нече аят келтирилгенден кийин тамеки чегип жүргөнүнө өкүнбөгөндөр эмне үчүн жыйналыштан  чыгарылышы керектиги түшүндүрүлгөн (1 Кор. 5:7; 2 Кор. 7:1). Ал журналда мындай чаранын көрүлүшү ырайымсыздыкка, катаалдыкка жатпай турганы айтылып, андай катуу тартип «өзүн Сөзү аркылуу ачып берген Кудайдан» экени баса белгиленген. Чыгарган чечими айрым мүчөлөрүнө жакпаса да, дайыма Кудайдын Сөзүнө толук таянган башка диний уюм барбы? Кошмо Штаттарда жакында эле жарык көргөн жана дин жөнүндө жазылган бир китепте: «Христиан дүйнөсүнүн жетекчилери окууларын өздөрүнүн мүчөлөрү жана чоң жамааттар карманган диний ишенимдерге, көз караштарга ылайык келтирүү үчүн дайыма өзгөртүп турушат»,— деп жазылган. Жетектөөчү Кеңеш болсо чечим чыгарууда көпчүлүктүн оюна эмес, Кудайдын Сөзүнө жетектелет. Демек, бүгүнкү күндө Кудайдын элин ким жетектеп жатат?

«АРАҢАРДА ЖЕТЕКЧИЛИКТИ КОЛГО АЛГАНДАРДЫ... УНУТПАГЫЛА»

16. Жетектөөчү Кеңешти унутпоонун бир жолу кайсы?

16 Оку: Еврейлер 13:7. Бул аяттагы «унутпоо» деп берилген сөздү «айтып өтүү» деп да которсо болот. Андыктан «жетекчиликти колго алгандарды» унутпоонун бир жолу — тиленгенде Жетектөөчү Кеңеш жөнүндө да айтуу (Эф. 6:18). Анын рухий тамак менен камсыз кылуу, дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишин жетектөө жана тартуулардын туура жол менен колдонулушуна көз салуу сыяктуу жоопкерчиликтери жөнүндө ой жүгүртүп көрсөң. Чынында эле, ал бир туугандарыбыз алар үчүн дайыма тиленип турушубузга муктаж.

17, 18. а) Жетектөөчү Кеңеш менен кантип кызматташа алабыз? б) Кабар айтуу ишине катышуу менен кандайча ишенимдүү кулду жана Иса Машаякты колдогон болобуз?

17 Жетектөөчү Кеңешти унутпаганыбызды сөз жүзүндө эле эмес, анын жетекчилигине ылайык иш кылуу менен да көрсөтөбүз. Ал бизге адабияттар, жыйналыш жолугушуулары, жыйындар аркылуу көрсөтмөлөрдү берип турат. Ошондой эле райондук көзөмөлчүлөрдү дайындайт, алар болсо жыйналыштын аксакалдарын дайындашат. Райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар Жетектөөчү Кеңеш берген көрсөтмөлөргө бекем карманып, аны унутпаганын көрсөтүшөт. Андан сырткары, баарыбыз Жол башчыбыз Иса Машаяк бизди жетектөөдө колдонуп жаткан бир туугандарга баш ийип, тил алуу менен анын өзүн урматтап-сыйлаарыбызды айгинелейбиз (Евр. 13:17).

18 Кабар айтуу ишине жан-дилден катышуу менен да Жетектөөчү Кеңешти унутпаганыбызды ырастайбыз. Элчи Пабыл Кудайдын кызматчыларын жетекчиликти колго алгандардыкындай ишенимге ээ болууга үндөгөн. Ишенимдүү кул болсо Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого жигердүү катышып, ишеними күчтүү экенин көрсөтүп келет. Сен да майлангандарга ушул ишти аткарууга көмөк кылып жатасыңбы? Ошондой болсо, Жол башчыбыз Иса: «Буларды менин эң кичине бир туугандарымдын бирине кылганыңар — мага кылганыңар»,— деп айтканда, кандай гана кубанарыңды элестетсең (Мт. 25:34—40).

19. Эмне үчүн Жол башчыбыз Исанын артынан ээрчүүгө чечкиндүүсүң?

19 Иса Машаяк асманга кеткенден кийин жолдоочуларын таштап койгон эмес (Мт. 28:20). Ал өзү жерде жүргөндө жетекчиликти колго алууда ыйык рухтун, периштелердин, Кудайдын Сөзүнүн жардамы канчалык чоң экенин сезип көргөн. Андыктан ишенимдүү кулга да так ошондой жолдор менен жардам көрсөтүлүшүнө кам көрүп келет. Майлангандар катары ишенимдүү кулдун мүчөлөрү, «Козу кайда барбасын, анын артынан ээрчип жүрүшөт» (Аян 14:4). Ошондуктан алардын жетекчилигине баш ийсек, Жол башчыбыз Исанын артынан ээрчиген болобуз. Ал болсо жакында бизди түбөлүк өмүргө алып барат (Аян 7:14—17). Жердеги жол башчылардын бири да мындай кыла албайт!

^ 3-абз. Жахаба келечектеги Жаңы Иерусалимдин пайдубалындагы «он эки ташты» түзүү үчүн 12 элчинин болушун ниет кылган көрүнөт (Аян 21:14). Андыктан ишенимдүү элчилердин кайсы бири жердеги жашоосун аяктагандан кийин, анын ордуна башканы тандоонун зарылдыгы болгон эмес.

^ 8-абз. 1955-жылдан бери ал коом Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания) деп белгилүү.