Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ФЕВРАЛЬ, 2017

Жахабанын ой-ниети сөзсүз ишке ашат!

Жахабанын ой-ниети сөзсүз ишке ашат!

«Айтканымды аткарам, ойлогон оюмду орундатам» (ЫШ. 46:11).

ЫРЛАР: 147, 149

1, 2. а) Жахаба бизге эмнени ачып берген? б) Ышая 46:10, 11деги жана 55:11деги сөздөр бизди эмнеге ынандырат?

ЫЙЫК КИТЕПТИН эң алгачкы аятында: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деген жөнөкөй, ошол эле учурда абдан маанилүү сөздөр жазылган (Башт. 1:1). Албетте, биз Кудай жараткан сан жеткис нерселер, мисалы, космос мейкиндиги, жарык, тартылуу күчү жөнүндө азыноолак эле билебиз, ошондой эле ааламдын кымындай эле бөлүгүн көрө алабыз (Нас. 3:11). Анткен менен Жахаба бизге өзүнүн жерге жана адам баласына байланыштуу ой-ниетин ачып берген. Анын ой-ниетине ылайык, Жер планетасы ага окшоштурулуп жаратылган адамдардын кооз үйү болмок (Башт. 1:26). Алар Жахабанын балдары, Жахаба болсо алардын Атасы болмок.

2 Тилекке каршы, Башталыш китебинин 3-бөлүмүндө түшүндүрүлгөндөй, Жахабанын ой-ниетине каршы иш кылынган (Башт. 3:1—7). Бирок бул анын аткарылышына бөгөт коё алмак эмес. Чынында, эч ким Жахабага тоскоол боло албайт (Ыш. 46:10, 11; 55:11). Ошондуктан анын ой-ниетинин өз убагында аткарыларынан эч шектенбесек болот!

3. а) Ыйык Китептеги кабарды түшүнүүгө кайсы негизги чындыктар жардам берет? б) Эмне үчүн азыр ал чындыктарга кайра токтолгонубуз орундуу? в) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Ыйык Китепти изилдегендиктен биз Кудайдын жерге жана адамзатка карата болгон ой-ниетин, ошондой эле анын  ишке ашышында Иса Машаяк негизги ролду ойной турганын түшүнөбүз. Бул негизги жана маанилүү чындыктарды, балким, Кудайдын Сөзүн изилдей баштаганда эле билгендирбиз. Биз аларды жүрөгү таза адамдардын да билишин каалайбыз. Ошол себептен бул макала жыйналыштарда изилденип жаткан азыркы маалда баарыбыз Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине мүмкүн болушунча көбүрөөк кишини чакырууга күч жумшап жатабыз (Лк. 22:19, 20). Кечеге келгендер Кудайдын ой-ниети жөнүндө көп нерселерди билери күмөнсүз. Андыктан Эскерүү кечесине аз калган ушул убакта Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын жана жүрөгү таза башка адамдардын кызыгуусун ойготууга жардам бере турган суроолор жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз абдан маанилүү. Анда эмесе, үч суроону карап чыгалы: Кудайдын жерге жана адам баласына байланыштуу баштапкы ой-ниети кандай эле? Көйгөй эмнеден башталган? Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына жол ачкан деп эмне үчүн айта алабыз?

ЖАРАТКАНДЫН ОЙ-НИЕТИ КАНДАЙ БОЛГОН?

4. Кандайча жаратылыш Жахабанын даңкын жар салып турат?

4 Жаратканыбыз Жахаба — кастарлоо сезимин туудурган Кудай. Ал жараткан нерселердин баары эң жогорку талаптарга жооп берет (Башт. 1:31; Жер. 10:12). Жаратылыштагы сулуулук менен тартип эмнени далилдеп турат? Табиятка байкоо салганыбызда Жахабанын колунан бүткөн бардык нерсе, кичинесинен чоңуна чейин биздин пайдабыз үчүн жаратылганын көрүп, таасирленбей койбойбуз. Адамдын клеткасынын татаалдыгына, жаңы көз жарган ымыркайдын сүйкүмдүүлүгүнө, уясына батып бараткан күндүн ажайып кооздугуна суктанбаган жан барбы? Ооба, бул нерселер ар бирибизди таңыркатат, себеби Жаратканыбыз бизди кооздуктан ырахат алгыдай кылып жараткан. (Оку: Забур 19:1; 104:24.)

5. Жаратууларынын баары бири-бири менен шайкештикте аракеттениши үчүн, Жахаба эмне кылган?

5 Жаратылыштан айкын болуп тургандай, Жахаба сүйүүсүнөн улам белгилүү бир чектерди койгон. Бардыгы бири-бири менен шайкештикте болушу үчүн, ал жаратылыш мыйзамдарын жана адеп-ахлак нормаларын бекиткен (Заб. 19:7—9). Ошондуктан ааламдагы нерселердин ар биринин Кудайдын ниети боюнча өз орду, аткарган кызматы бар. Жахаба жаратууларынын өз ара аракеттениши үчүн зарыл болгон мыйзамдарды түзгөн. Маселен, тартылуу мыйзамы атмосфераны жерге жакын кармап турат, суунун киришин жана тартылышын, океандарды жөнгө салат, ошондой эле жер бетиндеги тиричилик үчүн маанилүү болгон тартиптин болушун шарттайт. Жаратуулардын баары, анын ичинде адамдар да ошол мыйзамдардын чегинде иш-аракет кылат. Ырас, ааламдагы тартип Кудайдын жерге жана адам баласына байланыштуу ой-ниети бар экенин далилдеп турат. Кызматта жүргөндө адамдардын көңүлүн ушундай таңдандырган тартипти бекиткен Жаратканга бурасыңарбы? (Аян 4:11).

6, 7. Жахаба Адам ата менен Обо энеге кандай белектерди берген?

6 Жахаба адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүн ниет кылган (Башт. 1:28; Заб. 37:29). Ал Адам ата менен Обо энеге жашоодон ырахат алууга зарыл болгон баа жеткис белектерди тартуулаган. (Оку: Жакып 1:17.) Алсак, аларды өз алдынча чечим чыгарууга, ой жүгүртүүгө, башкаларды сүйүүгө жана достук мамилелерди өрчүтүүгө жөндөмдүү кылып жараткан. Ал Адам ата менен сүйлөшүп, ага баш иерин кантип көрсөтө аларын түшүндүргөн. Андан тышкары, өзүнө, жан-жаныбарларга, Жер планетасына кантип кам көрө аларын айткан (Башт. 2:15—17, 19, 20). Жахаба Адам ата  менен Обо энени даам татуу, сезүү, көрүү, угуу жана жыт билүү сезими менен да жараткан. Ошондуктан алар Бейиштеги көз талдырган кооздуктан, ар түрдүүлүктөн толук ырахат ала алышмак. Түпкү ата-энебизде жумуштан канааттануу алууга, көп нерсени ишке ашырууга жана жаңы нерселерди билүүгө чексиз мүмкүнчүлүктөр бар болчу.

7 Кудайдын ой-ниетине дагы эмне кирген? Жахаба Адам ата менен Обо энени жеткилең балдарды жарык дүйнөгө алып келүүгө жөндөмдүү кылып жараткан. Ал алардын укумдап-тукумдап көбөйүп, жер бетин толтурушун ниет кылган. Ошондой эле жеткилең балдары болгон Адам ата менен Обо энени өзү кандай сүйсө, ал экөөнүн да, алардан кийинки ата-энелердин да өз балдарын ошондой сүйүшүн каалаган. Жашоо үчүн керектүү нерсенин баары менен камсыз кылынган Жер планетасы алардын түбөлүктүү үйү болмок (Заб. 115:16).

КӨЙГӨЙ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?

8. Башталыш 2:16, 17деги мыйзам эмнени айгинелемек?

8 Өкүнүчтүүсү, баары дароо эле Кудай ниет кылгандай болуп калган эмес. Мунун себебин карап көрөлү. Жахаба Адам ата менен Обо энеге өздөрүнүн эркиндиги чектелүү экенин эске алар-албасын айгинелей турган жөнөкөй мыйзам берген. Ал: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген (Башт. 2:16, 17). Бул мыйзамды түшүнүү да, ага баш ийүү да алар үчүн кыйынга турмак эмес. Анткени азык-түлүк алар жей алгандан да мол болчу.

9, 10. а) Шайтан Жахабага эмне деп жалаа жапкан? б) Адам ата менен Обо эне эмнени тандашкан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

9 Шайтан Ибилис жыланды колдонуп, Обо энени Атасы Жахабага тил албоого азгырган. (Оку: Башталыш 3:1—5; Аян 12:9.) Ал Кудайдын: «Бактагы дарактардын баарынан эле жей бербегиле»,— деген буйругунун тууралыгын талашка салган. Шайтан Обо энеге, мындайча айтканда: «Эмне, силерге каалаганыңарды кылганга болбойбу?» — дегендей эле болгон. Анан: «Жок, өлбөйсүңөр»,— деп карандай калпты айткан. Ал эле эмес, Обо энеге: «Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын... билет» — деп, аны укпай деле койсо болоруна ишендирген. Ошондой эле ал Кудай алардын жемиштен жесе баарын билип каларын билгендиктен тыюу салып койгон деп айткысы келген (Башт. 3:1—5; Аян 12:9). Андан тышкары, Шайтан аны: «Жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каласыңар»,— деп алдаган.

10 Адам ата менен Обо эне, Жахабанын тилин алабы же жыландынбы, чечиши керек болчу. Кейиштүүсү, алар Кудайга баш ийбей, Шайтандын козголоңуна кошулуп кетишкен. Ошентип, экөө Атасы Жахабаны четке кагып, анын бийлигинин алдында коопсуз жашоодон баш тартышкан (Башт. 3:6—13).

11. Эмне үчүн Жахаба жамандыкты карап тура албайт?

11 Жахабага каршы чыккандан кийин Адам ата менен Обо эне жеткилеңдиктен айрылган. Ошондой эле Жахаба алар менен болгон мамилесин үзүп койгон, себеби анын көздөрү «таптаза» болгондуктан, «жамандыкты... карап тура албайт» (Хаб. 1:13). Эгер Жахаба жамандыкка көз жумуп койсо, анын асмандагы жана жердеги бардык жаратууларынын жыргалчылыгына коркунуч туулмак. Андан тышкары, ал күнөө кетирген Адам ата менен Обо энеге каршы эч кандай чара көрбөсө, анын ишеничтүү экенине шек туулмак. Бирок Жахаба өзүнүн нормаларын эч качан бузбайт, аларга бекем карманат (Заб. 119:142). Андыктан түпкү ата-энебиздин чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгону Кудайдын мыйзамын бузууга укук берген эмес. Жахабага каршы чыкканынын кесепетинде  алар өлүмгө дуушар болуп, өздөрү жаратылган топуракка кайтышкан (Башт. 3:19).

12. Адам атанын балдары эмнеге кабылган?

12 Адам ата менен Обо эне тыюу салынган жемиштен жегенден кийин Кудайдын бүт ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөсү болбой калышкан. Кудай аларды Эйденден кууп чыгып, ал жакка кайра киришине жол берген эмес (Башт. 3:23, 24). Ошентип, Жахаба адилеттүүлүгүнөн улам ал экөөнө чыгарган чечиминин кесепетин тарттырган. (Оку: Мыйзам 32:4, 5.) Жеткилеңсиз болуп калгандыктан адамдар Кудайдын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыра албай калышкан. Адам ата кереметтүү келечектен өзү кол жуугандан тышкары, тукумдарына жеткилеңсиздикти, күнөөнү жана өлүмдү өткөрүп берген (Рим. 5:12). Ал урпактарын түбөлүк өмүрдөн ажыраткан. Ошондой эле Адам ата менен Обо эненин балдары да, балдарынын балдары да жеткилеңсиз болуп төрөлгөн. Түпкү ата-энебиз Кудайдын жолунан чыккан күндөн тартып ушул убакка чейин Шайтан бүт адамзатты азгырып келет (Жкн. 8:44).

КУН ЭЛДЕШҮҮГӨ ЖОЛ АЧКАН

13. Жахаба адамдардын эмне кылышын каалайт?

13 Бактыга жараша, Эйдендеги окуядан кийин Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсү өчүп калган эмес. Адам ата менен Обо эне баш тартып кетсе да, Жахаба биздин аны менен ынак мамиледе болушубузду каалайт. Ал эч кимдин өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9). Ошол себептен Адам ата менен Обо эне каршы чыккандан кийин эле, Кудай адамдардын аны менен болгон мамилесин калыбына келтире алышына чара көргөн. Ал муну өзүнүн адил принциптерин бузбай ишке ашырган. Кандайча?

14. а) Жакан 3:16га ылайык, Кудай адамзатты өлүм менен күнөөдөн куткарыш үчүн эмне кылган? б) Кызыккандар менен кайсы суроону талкууласак болот?

14 Оку: Жакан 3:16. Адамдарды Эскерүү кечесине чакырганда бул аятты көп колдонобуз. Бирок айрымдарда: «Кандайча Иса Машаяктын курмандыгы түбөлүк өмүргө жол ачат?» — деген суроо туулат. Эскерүү кечесине байланыштуу өткөрүлчү өнөктүк учурунда, Эскерүү кечесинде жана кечеге келгендерге кайра барганыбызда чындыкты издеген жүрөгү таза адамдарга ушул маанилүү суроого жооп алууга жардам бере алабыз. Андай адамдар кун төлөнгөнүнүн аркасында Жахабанын сүйүүсү жана акылмандыгы кандайча айкын көрүнгөнүн тереңирээк түшүнгөндө аябай таасирлениши мүмкүн. Алар менен маектешкенде кунга байланыштуу кайсы ойлорду баса белгилешибиз керек?

15. Иса Машаяк Адам атадан эмнеси менен айырмаланган?

15 Жахаба адамзатты кун төлөп куткара турган жеткилең адамдын болушуна кам көргөн. Ал жеткилең адам Жахабага болгон берилгендигин сактап, үмүтсүз абалда калган адамзат үчүн өмүрүн курмандыкка чалмак (Рим. 5:17—19). Ан үчүн Жахаба өзү жараткан эң биринчи жаратуунун, Исанын, жерде адам болуп төрөлүшүнө кам көргөн (Жкн. 1:14). Иса Машаяк Адам атадай жеткилең болгон. Бирок андан айырмаланып, дайыма Жахабанын жеткилең адамдан талап кылган нормаларына ылайык жашаган. Атүгүл оор сыноого кабылганда да Кудайга каршы күнөө кылган эмес, анын бир да мыйзамын бузган эмес.

16. Эмне үчүн кун баа жеткис белек?

16 Жеткилең болгондуктан Иса өз өмүрүн курмандыкка чалып, адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткара алган. Ал Адам атадан талап кылынган нерсенин баарына жооп берген, тактап айтканда, Кудайга толук берилгендик сактап, ага баш ийген жеткилең адам болгон (1 Тим. 2:6). Иса өмүрүн кун катары берип, көптөрдүн: эркектердин, аялдардын, балдардын чексиз өмүр  алышына жол ачкан (Мт. 20:28). Ооба, анын куткаруу курмандыгы Кудайдын ой-ниетинин ишке ашышында негизги роль ойнойт (2 Кор. 1:19, 20). Кун ишенимдүү адамдардын баарынын түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна шарт түзөт.

ЖАХАБА БИЗГЕ ЭШИК АЧКАН

17. Кундун аркасында эмнелер ишке ашат?

17 Жахаба өзүнө аябай кымбатка турса да, биз үчүн кун төлөгөн (1 Пет. 1:19). Ал адам баласын ушунчалык баалагандыктан өзүнүн жалгыз Уулун берген (1 Жкн. 4:9, 10). Ошентип, Иса кандайдыр бир мааниде түпкү атабыз Адам атанын ордун баскан (1 Кор. 15:45). Мунун аркасында ал түбөлүк өмүргө эле жол ачпастан, акыр-аягы Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушубузга да мүмкүнчүлүк түзгөн. Ооба, анын курмандыгынын негизинде Жахаба адил мыйзамдарын бузбай адамдарды өзүнүн үй-бүлөсүнө кабыл ала алат. Ишенимдүү адамдардын баары жеткилеңдикке жете турган убак жөнүндө ой жүгүрткөндө жүрөгүбүз толкубай койбойт. Ошол убакта Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү менен жердеги бөлүгү биригип, бир үй-бүлө болот. Баарыбыз тең Кудайдын балдары болобуз (Рим. 8:21).

18. Жахаба качан «баарынын башчысы болот»?

18 Шайтан түпкү ата-энебизди туура эмес жолго азгырып кетсе да, бул Жахабанын бизге сүйүү көрсөтүшүнө жана жеткилеңсиз адамдардын ага берилгендик сакташына тоскоолдук кыла алган эмес. Кундун аркасында Жахаба бардык балдарына толугу менен адил болууга жардам берет. Анын «Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болгондо» жашоо кандай болорун элестетип көрсөңөр (Жкн. 6:40). Жахаба Атабыз зор сүйүүсүнөн жана акылмандыгынан улам адамзат үй-бүлөсүн өзү башында ниет кылгандагыдай жеткилеңдикке жеткирет. Анан ал «баарынын башчысы болот» (1 Кор. 15:28).

19. а) Кунга болгон ыраазычылыгыбыз эмне кылууга түрткү бериши керек? (« Татыктууларды издей берели» деген кутучаны карагыла.) б) Эмки макалада кунга байланыштуу эмнени карайбыз?

19 Кунга болгон ыраазычылыгыбыз бизге башкаларга ошол баа жеткис белектен пайда ала аларын түшүнүүгө жардам бериш үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга түрткү берет. Алар кундун мээримдүү Жахабанын бүт адамзатка түбөлүк өмүр бериш үчүн көргөн чарасы экенин билиши керек. Кундун аркасында дагы башка көп нерсе ишке ашкан. Кийинки макалада Исанын курмандыгынын Эйден багында Шайтан көтөргөн талаш маселеге кандай байланышы бар экенин карайбыз.