Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Февраль, 2017

Кун — Атабыз тартуулаган «жеткилең белек»

Кун — Атабыз тартуулаган «жеткилең белек»

«Жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан [Атабыздан] келет» (ЖКП. 1:17).

ЫРЛАР: 148, 109

1. Кундун аркасында эмнелерге жол ачылган?

ИСА МАШАЯК төлөгөн кундун аркасында көптөгөн баталарды алышыбызга жол ачылган. Кундун төлөнүшү менен Адам атанын адилдикти сүйгөн урпактарынын баарынын акыр-аягы Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушуна жана түбөлүккө бактылуу өмүр сүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок ал Кудайга баш ийгендердин жаркын келечекке үмүттөнүшүнө эле эмес, дагы көп нерсенин ишке ашышына шарт түзөт. Иса Машаяктын Жахабанын башкарууга укуктуу экенин жактап, өз өмүрүн даярдуулук менен бергени бүткүл ааламга тиешелүү маанилүү маселенин чечилишине катыштыгы бар (Евр. 1:8, 9).

2. а) Иса Машаяк үлгү иретиндеги тиленүүсүндө бүткүл ааламга тиешеси бар кайсы нерселер жөнүндө айткан? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

2 Өмүрүн куткаруу курмандыгы катары берерден эки жылдай мурун Иса шакирттерине: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү  үйрөткөн (Мт. 6:9, 10). Кунга болгон ыраазычылыгыбызды арттыруу үчүн, келгиле, анын Кудайдын ысмынын ыйыкталышына, Падышалыгынын башкарышына жана эркинин аткарылышына кандай тиешеси бар экенин карап көрөлү.

«ЫСМЫҢ ЫЙЫКТАЛСЫН»

3. Жахабанын ысмы эмнени чагылдырып турат жана Шайтан анын ыйык ысмын кантип каралаган?

3 Иса пайгамбар шакирттерине үйрөткөн тиленүүсүндө эң биринчи Кудайдын ысмынын ыйыкталышы жөнүндө айткан. Жахабанын ысмы анын улуулугун, кудуреттүүлүгүн, ыйыктыгын толугу менен чагылдырып турат. Дагы бир тиленүүсүндө Иса Жахабага «Ыйык Ата» деп кайрылган (Жкн. 17:11). Жахаба ыйык болгондуктан, анын принциптери менен мыйзамдарынын баары ыйык. Ошого карабай Шайтан Эйден багында анын адам баласы үчүн нормаларды бекитүүгө укуктуу экенине амалкөйлүк менен шек туудурган. Ал Жахаба жөнүндө жалган айтып, анын ыйык ысмын каралаган (Башт. 3:1—5).

4. Иса Машаяк Кудайдын ысмынын ыйыкталышына кантип салым кошкон?

4 Шайтандан айырмаланып, Иса Жахабанын ысмын абдан жакшы көргөн (Жкн. 17:25, 26). Ал анын ысмынын ыйыкталышына чоң салым кошкон. (Оку: Забур 40:8—10.) Жерде жүргөндө Иса окуулары, кылган иштери менен Жахабанын өзүнүн аң-сезимдүү жаратуулары үчүн мыйзам-принциптерди бергени туура экенин жана адилеттүүлүккө жатарын ырастаган. Атүгүл Шайтан Исаны азаптуу өлүмгө дуушар кылганда да, ал асмандагы Атасына толук берилгендик сактаган. Муну менен ал жеткилең адамдын Кудайдын адил нормаларына жеткилең түрдө баш ие аларын далилдеген.

5. Кудайдын ысмынын ыйыкталышына биз кантип салым кошо алабыз?

5 Жахабанын ысмын жакшы көрөрүбүздү биз кантип көрсөтө алабыз? Жүрүм-турумубуз менен. Жахаба бизден ыйык болушубузду талап кылат. (Оку: 1 Петир 1:15, 16.) Бул Жахабага гана сыйынып, ага бүт жүрөгүбүз менен баш ийишибиз керектигин билдирет. Куугунтукталганда да анын адил мыйзам-принциптерине ылайык иш кылуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Жакшы иштерди кылганыбызда, жарыгыбыз жаркырап, Жахабанын ысмы даңкталат (Мт. 5:14—16). Ыйык эл катары биз өткөргөн жашообуз менен Жахабанын мыйзамдары туура экенин, ал эми Шайтандын айыптоолору жалган экенин айгинелейбиз. Жаңылып-жазганыбызда болсо чын жүрөктөн өкүнүп, Жахабага сөз тийгизген иштерибизди таштайбыз (Заб. 79:9).

6. Жеткилеңсиз болсок да, Жахаба бизди эмне үчүн адил деп эсептейт?

6 Машаяктын курмандыгынын негизинде Жахаба ага ишенгендердин күнөөлөрүн кечирет. Ошондой эле өзүн ага арнагандарды кызматчылары катары кабыл алат. Ал майлангандарды уулдары, ал эми «башка койлорду» достору катары адил деп жарыялайт (Жкн. 10:16; Рим. 5:1, 2; Жкп. 2:21—25). Демек, кундун аркасында биз азыртадан эле асмандагы Атабыздын көз алдында адил болуп, анын ысмын ыйыктоого катыша алабыз.

«ПАДЫШАЛЫГЫҢ КЕЛСИН»

7. Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта кундун аркасында кандай баталарды алабыз?

7 Иса пайгамбар шакирттерине үйрөткөн тиленүүсүндө Кудайдан: «Падышалыгың келсин»,— деп да өтүнүшүбүз керектигин айткан. Кундун Кудайдын Падышалыгына кандай байланышы бар? Анын аркасында Машаяк менен бирге асманда падыша жана дин  кызматчы болуп кызмат кыла турган 144 000дин чогултулушуна жол ачылган (Аян 5:9, 10; 14:1). Иса жана аны менен чогуу башкара тургандар Кудайдын Падышалыгын түзүп, тил алчаак адамдарга миң жылдын ичинде кундан пайда алууга жардам беришет. Жер бети бейишке айланат жана ишенимдүү адамдар жеткилеңдикке жетип, Кудайдын үй-бүлөсүнүн асмандагы бөлүгү менен жердеги бөлүгү биригет (Аян 5:13; 20:6). Иса жыландын — Шайтандын — башын жанчып, анын айынан пайда болгон жамандыктын баарын жок кылат (Башт. 3:15).

8. а) Иса шакирттерине Падышалыктын адамзат үчүн зор мааниге ээ экенин түшүнүүгө кантип жардам берген? б) Падышалыкты колдой турганыбызды кантип көрсөтөбүз?

8 Жерде жүргөндө Иса шакирттерине Кудайдын Падышалыгы адамзат үчүн зор мааниге ээ экенин түшүнүүгө жардам берген. Алсак, ал чөмүлөрү менен «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» бардык жакта тарата баштаган (Лк. 4:43). Ал эми асманга кетердин алдында жолдоочуларына «жердин учу-кыйырына чейин» анын күбөлөрү болушарын айткан (Элч. 1:6—8). Жакшы кабардын жарыяланышы аркылуу жердин булуң-бурчундагы адамдарга кун жөнүндө билим алууга, Кудайдын Падышалыгынын эли болууга мүмкүнчүлүк берилмек. Бүгүнкү күндө биз Машаяктын жердеги бир туугандарына жакшы кабарды дүйнө жүзүнө таратууга жардам берүү менен Падышалыкты колдой турганыбызды көрсөтөбүз (Мт. 24:14; 25:40).

«СЕНИН ЭРКИҢ АТКАРЫЛСЫН»

9. Жахабанын адамзатка байланышкан ой-ниети аткарыларына эмне үчүн ишенсек болот?

9 Иса үлгү иретиндеги тиленүүсүндө: «Сенин эркиң аткарылсын»,— деген сөздөрдү да айткан. Бул эмнени билдирет? Жахаба — баарын жараткан Кудай. Ал бир нерсе айтса, сөзсүз аткарылат (Ыш. 55:11). Шайтан анын адамзатка байланыштуу ой-ниетинин аткарылышына бөгөт коё албайт. Жахаба башынан эле жер бети Адам ата менен Обо эненин жеткилең балдарына толушун ниет кылган (Башт. 1:28). Эгер түпкү ата-энебиз балалуу боло электе өлүп калса, Кудайдын ал ниети ишке ашпай калмак. Ошондуктан Адам ата менен Обо эне күнөө кылгандан кийин, Кудай алардын балалуу болушуна жол берген. Кундун төлөнүшү аркылуу Жахаба ага ишенгендердин баарына жеткилеңдикке жетип, түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ал адамзатты жакшы көрөт жана ага баш ийгендердин өзү ниет кылгандагыдай бактылуу жашашын каалайт.

10. Өлгөн адамдар кундан кандай пайда алат?

10 Жахаба жөнүндө билбей, ага кызмат кылбай өтүп кеткен миллиарддаган адамдар жөнүндө эмне айтууга болот? Кун мүрзөдө жаткандардын тирилишине да жол ачкан. Асмандагы мээримдүү Атабыз аларды тирилтип, өзүнүн ой-ниети жөнүндө билүүгө жана түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк берет (Элч. 24:15). Жахаба адамдардын өлүшүн эмес, тирүү жүрүшүн каалайт. Өмүрдүн булагы болгондуктан ал тирилгендердин баарынын Атасы болот (Заб. 36:9). Андыктан Иса Машаяктын бизди: «Асмандагы Атабыз»,— деп тиленүүгө үйрөткөнү кандай гана жөндүү болгон (Мт. 6:9). Жахабанын эрки боюнча, өлгөндөрдү тирилтүүдө Иса маанилүү роль ойнойт (Жкн. 6:40, 44). Ал Бейиште: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылат (Жкн. 11:25).

11. Кудайдын «эбегейсиз көп адамдарга» карата кандай ой-ниети бар?

11 Жахаба батасын аз сандагы эле  адамдарга бербейт. Иса Машаяк: «Ким Кудайдын эркин аткарса, бир тууганым — ошол, энем — ошол»,— деген (Мр. 3:35). Ооба, Жахаба бардык элден, бардык уруудан чыккан, ар кандай тилде сүйлөгөн «эбегейсиз көп адамдардын» өзүнүн кызматчыларынын катарына кошулушун каалайт. Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенип, Кудайдын эркин аткаргандар: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз менен Козу куткарды»,— деп шаттана үн салгандардын арасында болот (Аян 7:9, 10).

12. Жахабанын адамзатка байланыштуу ой-ниети үлгү иретиндеги тиленүүдөн кандайча көрүнүп турат?

12 Исанын үлгү иретиндеги тиленүүсүнөн Жахабанын ага баш ийген адамдарга байланыштуу ой-ниети кандай экени айкын көрүнүп турат. Ал тиленүүдө айтылгандай, биз Жахабанын ысмын ыйыктоо, башкача айтканда, ыйык тутуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз (Ыш. 8:13). Исанын ысмы «Жахаба — куткаруу» деген маанини туюнтат. Андыктан кундун аркасында куткарылганыбыз Жахабанын ысмынын даңкталышына шарт түзөт. Кудай өзүнүн Падышалыгын колдонуп, тил алчаак адамдарга кундан пайда алууга жардам берет. Чынында эле, үлгү иретиндеги тиленүү бизди Кудайдын эркинин аткарылышына эч нерсе тоскоолдук кыла албасына ынандырат (Заб. 135:6; Ыш. 46:9, 10).

КУН ҮЧҮН ЫРААЗЫ ЭКЕНИБИЗДИ КӨРСӨТӨЛҮ

13. Чөмүлүү менен эмнени көрсөтөбүз?

13 Кун үчүн ыраазы экенибизди көрсөтүүнүн бир жолу — кунга болгон ишенимибиздин негизинде өзүбүздү Жахабага арнап, чөмүлүү. Чөмүлүү менен «Жахабага таандык» экенибизди далилдейбиз (Рим. 14:8). Чөмүлгөнүбүздө Кудайдан таза абийир сураган болобуз (1 Пет. 3:21). Жахаба ал өтүнүчүбүзгө  жооп кылып, бизди Уулунун төгүлгөн канынын негизинде күнөөдөн тазалайт. Биз анын бизге убада кылган нерселердин баарын берерине толук ишенебиз (Рим. 8:32).

Кун үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? (13, 14-абзацтарды карагыла)

14. Эмне үчүн жакыныбызды сүйүшүбүз керек?

14 Кун үчүн ыраазы экенибизди дагы кантип көрсөтө алабыз? Жахаба бардык нерсени сүйүүсү менен кылгандыктан кызматчыларынын баарынан ушул сапатты чагылдырышын күтөт (1 Жкн. 4:8—11). Жакындарыбызды сүйсөк, асмандагы Атабыздын уулдары болгубуз келерин айгинелейбиз (Мт. 5:43—48). Жакыныңды сүй деген осуят — Жахабаны сүйүүгө байланыштуу берилген осуяттан кийинки эле маанилүү осуят (Мт. 22:37—40). Жакыныбызды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн негизги жолдорунун бири — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу. Башкаларды сүйгөнүбүздө Кудайдын даңкын чагылдырган болобуз. Аларды, өзгөчө, ишенимдештерибизди сүйсөк, Кудайга болгон сүйүүбүз «арабызда жеткилеңдикке жетет» (1 Жкн. 4:12, 20).

КУНДУН АРКАСЫНДА «ЖАХАБАДАН ЖАНДАНДЫРА ТУРГАН УБАКТАР КЕЛЕТ»

15. а) Жахабадан азыр кандай бата алуудабыз? б) Келечекте кандай бата алабыз?

15 Эгер кунга ишенсек, күнөөлөрүбүз толугу менен кечирилет. Ыйык Китеп бизди күнөөлөрүбүздүн «өчүрүлөрүнө» ынандырат. (Оку: Элчилер 3:19—21, шилт.) Мурунураак талкуулаганыбыздай, Жахаба ыйык рух менен майланган кызматчыларын кундун негизинде уулдары катары асырап алат (Рим. 8:15—17). «Башка койлорго» болсо аларды да асырап аларын көрсөтүп, каймана мааниде алардын ысмы жазылган күбөлүк берет. Ал эми алар жеткилеңдикке жетип, акыркы сыноодон өткөндөн кийин, Жахаба ал күбөлүккө кол коюп, аларды жердеги сүйүктүү балдары катары асырап алат (Рим. 8:20, 21; Аян 20:7—9). Анын балдарына болгон сүйүүсү түбөлүктүү. Кундун пайдасы да түбөлүктүү болот (Евр. 9:12). Ал белек эч качан баасын жоготпойт. Аны бизден эч ким тартып ала албайт.

16. Кандайча кундун аркасында чындап эркиндикке чыкканбыз?

16 Шайтан күнөөсү үчүн чын жүрөктөн өкүнгөндөрдүн акыр-аягы Жахабанын үй-бүлөсүнө кошулушуна эч тоскоолдук кыла албайт. Иса Машаяк өмүрүн «бир эле жолу» курмандыкка чалып, кунду биротоло төлөгөн (Евр. 9:24—26). Кун Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнү толугу менен жоёт. Иса Машаяктын курмандыгынын аркасында биз Шайтандын бийлиги алдында жаткан азыркы дүйнөнүн кулчулугунан бошонгонбуз жана өлүмдөн коркпойбуз (Евр. 2:14, 15).

17. Жахабанын сүйүүсү силерге кандай таасир этет?

17 Кудайдын убадаларынын баары ишеничтүү. Ал бекиткен жаратылыш мыйзамдары өзгөрбөгөндөй эле, өзү да эч качан өзгөрбөйт. Ошондуктан ага үмүт арткандар көңүл кайттыкка учурабайт (Мал. 3:6). Жахаба бизге өмүр белегин бергенден тышкары, сүйүүсүнө да бөлөйт. Ыйык Китепте: «Биз Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн таанып-билип, ага ишендик. Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жкн. 4:16). Келечекте бүт жер жүзү ажайып кооз бейишке айланып, анда жашагандардын баары Кудайдын сүйүүсүн чагылдырат. Ошол убакта баарыбыз Кудайдын асмандагы ишенимдүү жаратууларына кошулуп: «Алкыш, даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык болсун. Оомийн» — деп, аны даңктайбыз (Аян 7:12).