Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ, 2016

Үмүттөнгөн нерселериңе болгон ишенимиңди бекемде

Үмүттөнгөн нерселериңе болгон ишенимиңди бекемде

«Ишеним — бул үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү» (ЕВР. 11:1).

ЫРЛАР: 81, 134

1, 2. а) Кудайдын кызматчыларынын үмүтү менен Шайтандын дүйнөсүндө жашап жаткандардын үмүтү эмнеси менен айырмаланат? б) Кандай маанилүү суроолорго жооп алабыз?

КУДАЙДЫН кызматчылары кандай сонун үмүткө ээ! Майлангандарга киребизби же «башка койлоргобу», баарыбыз Кудайдын баштапкы ой-ниетинин аткарылышын жана анын ысмынын ыйыктылашын көрүүгө үмүттөнүп келебиз (Жкн. 10:16; Мт. 6:9, 10). Бул үмүткө адамзат үмүттөнгөн нерселердин бири да тең келбейт. Ошондой эле биз асманда же жерде түбөлүк өмүр сүрө турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (2 Пет. 3:13). Ал эми азыркы учурда рухий бейиште жашап, анын мындан ары да гүлдөп-өсө берерине үмүттөнөбүз.

2 Шайтандын дүйнөсүндө жашап жаткандар деле бир нерседен үмүттөнүшөт, бирок алар үмүтү орундаларына шектениши мүмкүн. Мисалы, лотерея ойнотуп жүргөндөр утам деп үмүттөнөт, анткен менен сөзсүз утуп аларына толук ишене бербейт. Ал эми чыныгы ишеним «үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүүнү» билдирет (Евр. 11:1). Балким, сен: «Үмүттөнгөн нерселеримдин ишке ашарына болгон ишенимимди канткенде дагы бекемдей алам? Андай кылганымдын кандай пайдасы бар?» — деп ойлонушуң мүмкүн. Анда ушул маанилүү суроолорго жооп алалы.

3. Жахабанын убадалары аткарыларына эмне үчүн ишенебиз?

 3 Ишеним адам менен кошо төрөлө турган сапат эмес. Ал өзүнөн өзү да өрчүбөйт. Чыныгы ишеним — Кудайдын ыйык рухунун жетекчилигине даярдуулук менен баш ийүүнүн аркасында өрчүй турган сапат (Гал. 5:22). Ыйык Китепте Жахабанын ишеними бар экени же ишеним өрчүтүшү керектиги айтылбайт. Ал кудурети күчтүү, чексиз акылман Кудай болгондуктан ага өзүнүн ой-ниетин аткарууга эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Асмандагы Атабыз убадаларынын сөзсүз аткарыларын билгендиктен аларга аткарылгандай эле карайт. Ошондуктан ал: «Бул сөздөр аткарылды!» — деп айткан. (Оку: Аян 21:3—6.) Биз Жахабанын бардык убадаларын аткарган «ишенимдүү Кудай» экенин билгендиктен анын ар бир сөзүнө ишенебиз (Мыйз. 7:9).

ИШЕНИМИ КҮЧТҮҮ АДАМДАРДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

4. Байыркы убакта жашаган ишенимдүү эркек-аялдар эмнеге үмүттөнүшкөн?

4 Еврейлер китебинин 11-бөлүмүндө аты аталган 16 ишенимдүү эркек-аял жөнүндө айтылат. Ал бөлүмдө алардын жана башка кишилердин «ишенимдин аркасында... жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болушканы» баса белгиленет (Евр. 11:39). Алардын баары Кудайдын убада кылынган «тукум» аркылуу Шайтанды жана анын тарабын жактагандарды жок кылып, өзүнүн баштапкы ой-ниетин орундатарына «негиз бар болгондуктан» бекем ишенишкен (Башт. 3:15). Ал ишенимдүү кызматчылар «тукум» — Иса Машаяк — асмандагы жашоого жол ачканга чейин эле көз жумушкан (Гал. 3:16). Ошентсе да Жахаба убадасын аткарган Кудай болгондуктан аларды жер бетиндеги бейишке тирилтет жана жеткилеңдикке жеткирип, түбөлүк өмүргө ээ кылат (Заб. 37:11; Ыш. 26:19; Ош. 13:14).

5, 6. Ыбрайым менен анын үй-бүлөсү эмнеге үмүттөнүшкөн жана аларга ишенимин бекем сактоого эмне жардам берген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Еврейлер 11:13тө байыркы учурда жашаган ишенимдүү адамдар тууралуу: «Булардын баары ишенимин сактап өлүшкөн. Убадалардын аткарылышын көрүшпөсө да, алар убадаланган нерселерди алыстан гана көрүп кубанышкан»,— делет. Алардын бири Ыбрайым пайгамбар болгон. Ал Кудай убада кылган «тукумдун» бийлиги алдында боло турган заманды көңүлүндө бек сактаганбы? Иса пайгамбар бир жолу каршылаштарына сүйлөп жатып бул суроого так-айкын жооп берген. Ал: «Атаңар Ыбрайым менин күнүмдү көрүүгө үмүттөнүп, абдан кубанган. Ал аны көрдү да, кубанды»,— деген (Жкн. 8:56). Саара, Ыскак, Жакып сыяктуу кишилер тууралуу да ушуну айтууга болот. Алар да «куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон» Падышалыкка үмүттөнүшкөн (Евр. 11:8—11).

6 Ыбрайым пайгамбар менен анын үй-бүлөсү ишенимин кантип бекем сактай алышкан? Алар Кудай жөнүндө ага ишенимдүү кызмат кылган кишилерден, аяндардан жана байыркы учурдагы ишеничтүү документтерден билишкен көрүнөт. Баарынан маанилүүсү, билгендерин эч качан эсинен чыгарбай, Кудайдын убадаларын, мыйзам-осуяттарын баалашкан жана алар тууралуу ой жүгүртүшкөн. Үмүтүнүн орундалары күмөнсүз болгондуктан, алар Кудайга берилгендик сакташ үчүн, кандай сыноо болбосун, чыдоого даяр болушкан.

7. Жахаба ишенимибизди бекем сактоого кантип жардам берип келет жана биз эмне кылышыбыз керек?

7 Ишенимибизди бекем сактоого жардам бериш үчүн Жахаба бизге толук Ыйык Китепти берген. Андыктан «бактылуу» болуп, «ийгиликке жетиш» үчүн биз аны, мүмкүн болсо, күн сайын окушубуз керек (Заб. 1:1—3; оку: Элчилер 17:11). Ошондой эле, байыркы убактагы Жахабанын кызматчыларындай болуп, анын убадалары жөнүндө ой жүгүртүшүбүз, талаптарын аткарышыбыз зарыл. Жахаба «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу рухий тамакты да мол берип турат (Мт. 24:45). Эгер рухий тамактан толук  пайда алсак, Кудайдын Падышалыгын «негиз бар болгондуктан күткөн» байыркы убактагы ишеними күчтүү кызматчылардай болобуз.

8. Тиленүү ишенимибизди бекемдөөгө кандайча жардам берет?

8 Байыркы учурдагы кызматчыларга ишенимин бекем сактоого тиленүү да жардам берген. Алар тиленүүсүнө жооп алган сайын, ишеними бекемделчү (Нек. 1:4, 11; Заб. 34:4, 15, 17; Дан. 9:19—21). Биз да Жахабанын үнүбүздү угуп, кыйынчылыктарды кубаныч менен көтөрүүгө жардам береринен эч шектенбей, жүрөгүбүздөгүнүн баарын ага төксөк болот. Тилегибизге жооп алганда, биздин да ишенимибиз бекемделери күмөнсүз. (Оку: 1 Жакан 5:14, 15.) Ишеним ыйык рухтун жемишине кирген сапат болгондуктан, Иса пайгамбар үндөгөндөй, аны сураганыбызды токтотпогонубуз абзел (Лк. 11:9, 13).

9. Өзүбүз үчүн тиленгенден тышкары, кимдер үчүн да тиленишибиз керек?

9 Бирок Кудайдан тиленгенде жардам сурап эле тим болбошубуз керек. Анын кереметтүү иштери эсеп жеткис болгондуктан, тиленгенде ага ыраазычылык билдирип, аны даңктаганыбыз да маанилүү (Заб. 40:5). Андан тышкары, түрмөгө камалгандарды, өзүбүз да «алар менен түрмөдө отургандай», эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз үчүн, өзгөчө, арабызда «жетекчиликти колго алгандар» үчүн да тиленишибиз кажет. Жахабанын баарыбыздын тиленүүбүзгө кантип жооп берип жатканын көргөндө, жүрөгүбүз козголбой койбойт (Евр. 13:3, 7).

АЛАР ИШЕНИМИНЕН БАШ ТАРТЫШКАН ЭМЕС

10. Кынтыксыздыгын сактаган кайсы кызматчылардан үлгү алсак болот жана аларга кынтыксыз бойдон калууга эмне жардам берген?

10 Еврейлер 11-бөлүмдө элчи Пабыл Кудайдын аты аталбаган көптөгөн кызматчыларынын кандай сыноолорго туруштук бергенин айткан. Мисалы, ал уулдарынан айрылып, аларды кайра «тирилүү аркылуу алган» аялдар жөнүндө сөз кылган. Ошондой эле «жакшыраак тирилүүгө жетиш үчүн, ишениминен баш тартып боштондукка чыгууну каалабаган» башка кызматчылар жөнүндө айткан (Евр. 11:35). Так айта албасак да, Пабыл Кудайга баш ийип, анын эркин аткарганы үчүн таш бараңга алынган Набот, Закарыя сыяктуу адамдар жөнүндө айткан деп божомолдой алабыз (1 Пад. 21:3, 15; 2 Жылн. 24:20, 21). Даниел менен анын достору да ишениминен баш тартып, «боштондукка чыга» алышмак. Бирок алар Кудайдын күч берерине бекем ишенгендиктен, мындайча айтканда, «арстандардын оозун жабышкан», «оттун күчүн басышкан» (Евр. 11:33, 34; Дан. 3:16—18, 20, 28; 6:13, 16, 21—23).

11. Ишениминин аркасында айрым пайгамбарлар кандай сыноолорду көтөрүп кетишкен?

11 Микая, Жеремия сыяктуу пайгамбарлар Кудайга ишенимдүү кызмат кылганы үчүн «шылдыңдалып,.. сыналышкан,.. түрмөгө камалышкан». Башкалары, мисалы, Илияс пайгамбар «чөлдөрдө, тоолордо тентип, үңкүрлөр менен чуңкурларда жашынып жүргөн». Ооба, алардын баары «үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүшкөн». Ошонун аркасында сыноолорду көтөрүп кетишкен (Евр. 11:1, 36—38; 1 Пад. 18:13; 22:24—27; Жер. 20:1, 2; 28:10, 11; 32:2).

12. Сыноого туруштук берүү жагынан ким эң мыкты үлгү калтырган жана ага эмне жардам берген?

12 Ишеними күчтүү адамдар жөнүндө кеп кылгандан кийин элчи Пабыл эң мыкты үлгү көрсөткөн Мырзабыз Иса Машаяк жөнүндө айткан. Еврейлер 12:2де: «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурган»,— деп айтылат. Ырас, абдан оор сыноолорго кабылганыбызда ишенимин бек сактаган Мырзабыздын үлгүсү «жөнүндө терең ойлонушубуз» керек.  (Оку: Еврейлер 12:3.) Исанын 1-кылымдагы Антипа сыяктуу азап чегип өлгөн жолдоочулары да кынтыксыздыгын сакташкан (Аян 2:13). Ошонун аркасында алар зор сыйлыкка ээ болууга, башкача айтканда, асманда жашоого тирилүүгө үмүттөнүшкөн. Ал тирилүү байыркы учурдагы ишенимдүү кызматчылар күтүп келген «жакшыраак тирилүүдөн» алда канча жогору турат (Евр. 11:35). 1914-жылы Падышалык асманда орногондон кийин, өлүм уйкусунда жаткан Антипа сыяктуу ишенимдүү майлангандар Иса Машаяк менен бирге адамзаттын үстүнөн бийлик кылыш үчүн асманга рухий жаратуу катары тирилишкен (Аян 20:4).

БИЗДИН КҮНДӨРДӨГҮ ИШЕНИМИ КҮЧТҮҮ АДАМДАР

13, 14. Рудольф Грайхен кандай сыноолорго кабылган жана туруштук берүүгө ага эмне жардам берген?

13 Биздин күндөрдө да Иса Машаяктан үлгү алып, үмүтүн тирүү сактап келаткан жана сыноолордо ишениминен жазбаган миллиондогон ишенимдештерибиз бар. 1925-жылы Германияда төрөлгөн Рудольф Грайхен бир тууганды мисалга алалы. Ал үйүндө илинип турган жана ыйык китептик окуялар тартылган сүрөттөрдү эстеп, мындай деп жазган: «Алардын биринде карышкыр менен козунун, кабылан менен улактын, музоо менен арстандын чогуу  жүргөнү, аларды кичинекей бала ээрчитип алганы тартылган болчу... Ал сүрөттөр азыркыга чейин эсимде» (Ыш. 11:6—9). Рудольф бир топ жыл бою адегенде Германиядагы нацисттердин гестапосу, андан соң чыгыш Германиядагы коммунисттердин «Штази» деген жашыруун полициясы тарабынан катуу куугунтукталган. Ошого карабай ал жер бетиндеги бейиште жашоого болгон ишенимин бек сактай алган.

14 Бирок Рудольфтун сыноолору ошону менен эле бүтүп калган эмес. Ал мээримдүү апасынан айрылган. Апасы Равенсбрюктагы концлагерде темгилдүү келте менен ооруп, ошондон каза тапкан. Ал эми атасынын ишеними алсырап, Жахабанын Күбөсү болуудан баш тартарын билдирген документке кол койгон. Рудольф түрмөдөн чыккандан кийин райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган, анан Гилат мектебинде окуган. Мектептен кийин ал Чилиге миссионер болуп дайындалган. Ал жактан да райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган. Бирок Рудольф дагы сыноолорго кабылган. Миссионер болуп кызмат кылган Патси менен баш кошкондон бир жыл өткөндөн кийин, жаңы төрөлгөн кызы чарчап калган. Кийинчерээк жубайы 43 эле жашында каза болуп калган. Рудольф ушул сыноолордун баарына туруштук берген. Анын өмүр баяны 1997-жылдын 1-августундагы «Күзөт мунарасы» журналынын 20—25-беттеринде (ор.) жазылган. Ошол учурда ал карылыкка, ооруга карабай үзгүлтүксүз пионер жана аксакал болуп кызмат кылып жаткан. [1]

15. Куугунтуктарга кубаныч менен чыдап келаткан кайсы ишенимдештерибизди билесиң?

15 Жахабанын Күбөлөрү катуу, узакка созулган куугунтуктарга карабай үмүтүн бекем сактап, кубаныч менен кызмат кылып келатышат. Алсак, Эритреядагы, Сингапурдагы, Түштүк Кореядагы көптөгөн бир туугандарыбыз Иса Машаяктын кылыч көтөрбөөгө байланыштуу буйругуна баш ийгендиктен түрмөгө камалышкан (Мт. 26:52). Камакка алынган жүздөгөн ишенимдештерибиздин арасында 20 жылдан ашык убакыт бою түрмөдө отурган Исаак, Негеде, Паулос бир туугандарыбыз бар. Аябай жаман мамилеге туш болгонуна карабай алар берилгендигинен жазбай келишет. Алардын кары ата-энесине кам көрүүгө да, үйлөнүүгө да мүмкүнчүлүгү жок. Бирок jw.org сайтынан үчөөнүн жылмайып турган сүрөтүнөн ишенимин бекем сактап келатканын көрүүгө болот. Аларды атүгүл түрмө сакчылары урматтап-сыйлашат экен.

Бүгүнкү күндө жашаган ишеними күчтүү бир туугандардан үлгү алып жатасыңбы? (15, 16-абзацтарды кара)

16. Күчтүү ишеним сени кандайча коргойт?

16 Жахабанын кызматчыларынын көбү катуу куугунтукка туш болбосо да, сыноолордун башка түрлөрүнө кабылууда. Көптөр жакырчылыктын азабын тартышса, башкалары жарандык согуштан, табигый кырсыктан жапа чегишет. Дагы бирөөлөр, Муса жана башка уруу башчыларындай болуп, майкөл-сүткөл жашоодон, атак-даңктан кечишет. Алар өз жыргалчылыгын көздөбөй, кенен-кесир жашоого болгон каалоосун басыш үчүн көп күч-аракет жумшашат. Андай бир туугандарга кубаныч менен кызмат кылууга эмне жардам берүүдө? Жахабага болгон сүйүүсү жана анын убадаларына болгон ишеними. Алар анын ишенимдүү кызматчыларына адилетсиздик толугу менен жоюла турган жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр береринен эч күмөн санашпайт. (Оку: Забур 37:5, 7, 9, 29.)

17. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмки макаладан эмнени билебиз?

17 Бул макалада карап чыкканыбыздай, Кудайдын убадалары жөнүндө ой жүгүртүү жана дайыма тиленип туруу ишенимибизди бек сактоого жардам берет. Ал эми күчтүү ишеним үмүтүбүздүн орундаларын «негиз бар болгондуктан күтүү» менен бирге сыноолорго багынбоого күч берет. Бирок Ыйык Китепте айтылган ишеним андан да көптү камтыйт. Бул туурасында эмки макаладан билебиз.

^ [1] (14-абзац) 2002-жылдагы «Ойгонгула!» журналынын 22-апрелиндеги санына (ор.) чыккан словакиялык Андрей Ханактын «Сыноолор үмүтүмдү өчүрө алган жок» деп аталган өмүр баянын да кара.