Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ, 2016

 ӨМҮР БАЯН

Башкалардын мыкты үлгүсүн күзгүдөй чагылдырууга умтулуп келем

Башкалардын мыкты үлгүсүн күзгүдөй чагылдырууга умтулуп келем

Колорадо штатында жүргөнүмдө, Патерсондон (Нью-Йорк) Исак Марей чалып калды. Сүйлөшүп жатып: «Канчада экенимди билесиңби?» — деп сурадым. Ал: «Эң сонун билем»,— деди. Анда эмесе, бул маектин таржымалын баяндап берейин.

МЕН 1936-жылы 10-декабрда АКШнын Канзас штатындагы Уичито шаарында төрөлгөм. Төрт баланын улуусумун. Ата-энем Уильям менен Жейн Жахабанын берилген кызматчылары болушкан. Атам шериктик кызматчысы болчу. Ал убакта аксакалдар кеңешинин координатору ошентип аталчу. Апама Ыйык Китептеги чындыкты өзүнүн апасы Эмма Вагнер окутуп-үйрөткөн экен. Таенем апамдан башка көптөрдү, анын ичинде Пуэрто-Рикодо бир канча жыл миссионер болуп кызмат кылган Гертруд Стил деген эжени да окутуптур *. Андыктан мага мыкты үлгү көрсөткөндөр көп болгон.

БАШКАЛАРДЫН МЫКТЫ ҮЛГҮСҮН ЭЧ УНУТПАЙМ

Атам көчөнүн бурчунда ары-бери өткөндөргө журнал сунуштап жатат

5 жашымда бир жолу ишембиде кечке маал атам экөөбүз «Күзөт мунарасы» жана «Сооротуу» (азыркы «Ойгонгула!») журналдарын көчөдөн ары-бери өткөндөргө сунуштап жатканбыз. Ал кезде Экинчи дүйнөлүк согуш биздин өлкөнү да кучагына алган эле. Ичип алган бир доктур өтүп баратып атамды согушка катышпай, бейтараптуулук сактаганы үчүн сөгүп, аскерден качып жүргөн коркок деп кемсинте баштады. Анан атама тике карап: «Эмнеге мени сокпойсуң, коркок?!» — деди. Мен аябай коркуп кеттим. Бирок атама ушунчалык суктандым. Ал эч камырабай, чогулган элге журналдарды сунуштай берди. Тиги доктур өтүп бараткан бир жоокерге: «Бул коркокту бир нерсе кылбайсыңбы!» — деп кыйкырды. Жоокер анын мас экенин көрүп: «Бар, үйүңө барып, соолук!» — деди. Анан экөө тең кетип калышты. Артка кылчая карап, ошондо Жахабанын атама кайрат бергенине абдан ыраазы болом. Атамдын Уичитодо эки чачтарачы бар эле. Баягы доктур анын кардарларынын бири болчу.

Ата-энем менен Уичитого жыйынга баратканда, 1940-жылдар

8 жашымда ата-энем үйүбүздү, чачтарачтарыбызды сатып, дөңгөлөктүү чакан үй жасап, жарчыларга муктаждык чоң жерде кызмат кылуу үчүн Колорадо штатына көчүп кеттик. Ал жактан Гранд-Жанкшен шаарынын жанына отурукташтык. Ата-энем мал багып, жер иштеткен фермада жарым күн иштеп, ошол эле учурда пионердик кызматты  аркалап жатышты. Алардын ынталуу кызматына Жахаба батасын бергендиктен, жыйналыш уюшулду. 1948-жылы 20-июнда атам мени жана Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алган бир нече кишини тоодон аккан сууга чөмүлттү. Алардын арасында кийинчерээк кыдыруучулук ишти аткарган Билли Николс менен анын жубайы бар болчу. Алардын уулу менен келини да ошол кызматты аркалашкан.

Биз Падышалыктын ишине жан-дилден катышкан көп бир туугандар менен, өзгөчө, Стилдердин үй-бүлөсү: Дон жана Эрлин, Дейв жана Жулия, Си жана Марта деген жубайлар менен ынак болуп калдык. Алар менен рухий темада пикирлешип, бири-бирибизди бекемдечүбүз. Ал бир туугандар мага күчтүү таасир этип, Падышалыкты биринчи орунга коюунун аркасында жашообуз чындап маңыздуу, кубанычтуу болорун түшүнүүгө жардам беришти.

КАЙРАДАН КӨЧҮШҮМ

19га толгонумда, үй-бүлөбүздүн досу Бад Хасти мени Кошмо Штаттардын түштүгүндө аны менен чогуу пионер болуп кызмат кылууга чакырды. Райондук көзөмөлчү бизден Луизиана штатындагы Растон шаарына көчүп барууну суранды. Ал жактагы бир нече жарчы жигердүү эмес болуп калган экен. Райондук көзөмөлчү бизге, жыйналышка канча киши келбесин, жума сайын бардык жолугушууларды өткөрүшүбүз керектигин айтты. Биз жыйналыш өткөргөнгө жер таап, аны өзүбүзгө ылайыкташтырып алдык. Анан бардык жолугушууларды өткөрө баштадык. Бирок бир нече убакыт бою жыйналышка экөөбүз эле келип жаттык. Жолугушуунун бөлүктөрүн кезектешип өткөрчүбүз: бирибиз алып барсак, бирибиз бардык суроолорго жооп берчүбүз. Эгер демонстрация көрсөтүш керек болсо, экөөбүз тең секичеге чыгып, залда эч ким калчу эмес. Акыры, бир улгайган эже келе баштады. Бара-бара Ыйык Китепти изилдегендердин жана жигердүү эмес жарчылардын айрымдары да келип, көп өтпөй жыйналышыбыз өсө баштады.

Күндөрдүн биринде Бад экөөбүз Машаяктын чиркөөсүндө кызмат кылган бир кишиге жолугуп калдык. Ал мен билбеген аяттар жөнүндө кеп кылды. Ошондо бир аз тынчсызданып, ишенген нерселерим тууралуу тереңирээк ой жүгүртүүгө түрткү алдым. Бир жума бою түн ичинде чыракты күйгүзүп алып, ал берген суроолорду изилдедим. Бул чындык жолунда жүргөнүмө ого бетер ынанууга жардам берди. Анын аркасында дагы ошондой кызматчыга жолуккум келе баштады.

Көп узабай райондук көзөмөлчү менден Арканзас штатындагы Эльдорадо шаарына көчүп барып, ошол жактагы жыйналышка жардам беришимди өтүндү. Ал шаарда жүргөндө аскерге чакыруу комиссиясынын буйругу боюнча Колорадо штатына бат-баттан каттап турдум. Ошол сапарлардын биринде бир нече пионер менен чогуу жол жүрүп баратып Техас штатында кырсыкка учурап, машинем  жарабай калды. Биз бир ишенимдешибизди чакырттык. Ал бизди адегенде үйүнө, анан жыйналышка алып барды. Жыйналыштан биздин жол кырсыгына учураганыбыз кулактандырылып, бир туугандар акча жагынан жардам кылышты. Ошондой эле ал ишенимдешибиз машинемди 25 долларга сатып берди.

Ошентип, Уичито шаарына жеттик. Ал жакта үй-бүлөбүздүн досу Док Маккартни пионер болуп кызмат кылчу. Анын Фрэнк жана Фрэнцис деген эгиз уулдары менен азыркыга чейин ынак достордонбуз. Алар эски машинесин мага жарабай калган машинемди саткан баага, 25 долларга, сатышты. Ошондо Падышалыктын ишин башкы орунга койгонум үчүн Жахаба зарыл нерселер менен камсыз кыларына биринчи жолу өз тажрыйбаман ынандым. Ошол сапарымда Маккартнилердин үй-бүлөсү мени Бетел Крэйн деген татынакай, боорукер, рухий кыз менен тааныштырды. Анын апасы Рут Канзас штатындагы Уэллингтондогу ынталуу Күбөлөрдүн бири болчу. Ал 90 жаштарында да пионердик кызматын токтоткон жок. Бетел экөөбүз бир жылга жетпей, 1958-жылы, баш коштук. Ал Эльдорадо шаарында мени менен чогуу пионер болуп кызмат кыла баштады.

ЖҮРӨК ТОЛКУТКАН ДАЙЫНДООЛОР

Кичинекейибизден бери бизге мыкты үлгү көрсөтүп келаткандар жөнүндө ой жүгүрткөндөн кийин, Жахабанын уюму каякка дайындаса, ошол жакта кызмат кылууну чечтик. Биз Арканзастагы Уолнат Ридж шаарына атайын пионер болуп дайындалдык. Ал эми 1962-жылы Гилат мектебинин 37-классына чакырылып, төбөбүз көккө жете сүйүндүк. Дон Стилдин биз менен окуй турганын билгенде да аябай кубандык. Мектепти бүткөндө Бетел экөөбүз Найробиге (Кения) дайындалдык. Нью-Йорктон кетип баратканда жүрөгүбүз мыкчылып, жаман болдук. Бирок Найробидеги аэропорттон бир туугандар тосуп алганда, кайгыбыз кубанычка айланды!

Найробиде Крис жана Мэри Каная менен кызматта жүргөндө

Кенияны жана ал жактагы кызматыбызды бат эле жакшы көрүп калдык. Биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин ичинен биринчилерден болуп Крис менен Мэри Каная ийгилик жасашты. Алар азыр да Кенияда толук убакыт кызмат кылып жатышат. Бир жылдан кийин Уганда өлкөсүндөгү Кампалага эң алгачкы миссионерлер болуп дайындалдык. Ал жакта эстен кеткис күндөрдү өткөрдүк, себеби ушунчалык көп киши Ыйык Китепти кызыгып изилдеп, кийин бир туугандарыбыз болду. Африкада үч жарым жыл кызмат кылгандан кийин, балалуу болорубузга байланыштуу ал жактан кетүүгө туура келди. Ошентип, Кошмо Штаттарга кайтып бардык. Африкадан кетип жатканыбызда Нью-Йорктон кетип жаткандагыдан да жаман болдук. Себеби ал жактын элин аябай жакшы көрүп калган элек. Бирок бир күнү кайтып келербиз деген үмүтүбүздү үзгөн жокпуз.

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

Биз Колорадонун батыш тарабына көчүп бардык. Ал жакта ата-энем жашачу. Көп өтпөй улуу кызыбыз Кимберли, 17 айдан кийин Стефани төрөлдү. Жубайым экөөбүз ата-эне катары алган жаңы дайындообузга олуттуу карап, татынакай кыздарыбыздын дилине чындыкты сиңирүүгө аракет кыла баштадык. Биз өзүбүз алган мыкты үлгүнү күзгүдөй чагылдырууну каалачубуз. Бирок башкалардын жакшы үлгүсү балдардын калыптанышына күчтүү таасир этсе да, алардын Жахабага кызмат кылууну тандай турганына кепилдик бербей турганын билчүбүз. Өкүнүчтүүсү, иним менен карындашым чындыкты таштап кетишкен. Алардын кайрадан башкалардын мыкты үлгүсүнө ылайык иш кыларына үмүттөнөм.

Бизге кыздарыбызды тарбиялап-өстүргөн аябай жакчу. Дайыма үй-бүлөбүз менен чогуу бир нерселерди кылганга аракет кылчубуз. Колорадонун  лыжа базасы менен белгилүү болгон Аспен шаарына жакын жашагандыктан кээде чогуу лыжа тебүү үчүн баарыбыз лыжа тепкенди үйрөндүк. Мунун аркасында өйдө чыгып баратканда кыздарыбыз менен пикирлешкенге мүмкүнчүлүгүбүз болчу. Алар менен жаратылышка чыгып, оттун тегерегинде пикир алышканды да жакшы көрөр элек. Андайда чоңойгондо эмне кылары, кандай жигитке турмушка чыккысы келери жөнүндө сүйлөшчүбүз. Алардын акылы менен жүрөгүнө Жахабанын нормаларын сиңирүүгө көп күч жумшадык. Андан сырткары, толук убакыт кызмат кылууну максат кылууга түрткү берип, ошондой максатты көздөгөн жигитке турмушка чыгуу акылмандыкка жатарын түшүндүрчүбүз. Ошондой эле өтө жаш кезде турмуш курбоо туура болорун түшүнүүгө жардам бердик. Биздин: «Жок дегенде, 23кө толмоюнча турмуш курба»,— деген урааныбыз бар эле.

Ата-энебизден үлгү алып, кыздарыбыз менен жыйналышка, кызматка дайыма катышуу үчүн талбай аракет кылдык. Ошондой эле толук убакыт кызмат кылган бир туугандарды конокко көп чакырар элек. Миссионердик кызматыбыз жөнүндө да жылуу сезимдер менен айтып берчүбүз. Бир күнү Африкага баарыбыз барып келсек деп кыялданчубуз. Кыздарыбыз ал жакка аябай баргысы келчү.

Үй-бүлөлүк изилдөөбүздү үзгүлтүккө учуратпай өткөрүп, мектепте болушу мүмкүн болгон жагдайларды сахналаштырар элек. Мисалы, биз ар кандай суроолорду берип, кыздарыбыз жооп беришчү. Аларга ушундайча окуп-үйрөнгөн абдан жага турган жана ушунун аркасында өздөрүн ишенимдүү сезишчү. Бирок чоңойгон сайын алардын үй-бүлөлүк изилдөөгө катышкысы келбей, наалыган учурлары болгон. Бир жолу айлам кетип: «Анда баргыла бөлмөңөргө, изилдөөбүз болбойт»,— дедим. Алар эмне дээрин билбей туруп калышты. Анан ыйлап, изилдегиси келерин айтышты. Ошондон улам алардын жаш жүрөгүндө рухий нерселерге болгон ыраазычылык сезимин өрчүтө алганыбызды түшүндүк. Кыздарыбыз изилдегенди чындап эле жакшы көрүп калышкан экен. Биз аларды оюн эркин айтканга үндөчүбүз. Кээде алар Ыйык Китептеги кайсы бир окууларга кошулбай турганын айтышчу. Албетте, андайда жаман болчубуз, бирок бул алардын жүрөгүндө эмне бар экенин билүүгө көмөк кыла турган. Анан ошол темада талкуулашкандан кийин, кыздарыбыз Жахабанын ой жүгүртүүсүнүн тууралыгына макул болушчу.

ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КӨНҮҮ

Кыздарыбызды өстүрүп-чоңойтуу долбоору биз ойлогондон да тез аяктады. Уюмдун жардамы жана жетекчилиги менен аларды Жахабаны сүйгөн адамдардан кылып чоңойто алдык. Экөөнүн тең мектепти бүткөндөн кийин пионердик кызматты баштап, өздөрүн багууга керектүү жөндөмдүүлүктөрдү өрчүткөнүнө абдан кубандык. Кийинчерээк алар эки ишенимдеш кыз менен чогуу муктаждык бар жерде кызмат кылыш үчүн Теннеси штатындагы Кливлендге көчүп кетишти. Аларды сагынып куса болсок да, өмүрүн Кудайга толук убакыт кызмат кылууга арнап жатканына сүйүнчүбүз. Бетел экөөбүз кайрадан пионер болдук. Ал кызмат дагы башка сыймыктуу жоопкерчиликтерге жол ачты. Алсак, райондук көзөмөлчүнүн орун басары катары кызмат кылып, жыйындарды уюштурууга катыштык.

Теннесиге көчүп барардын алдында кыздарыбыз Лондондогу (Англия) филиалды көрүп келгени барышты. Ал жактан Стефани Пол Нортон деген жаш бейтелдик бир тууган менен таанышыптыр. Анда Стефани 19 жашта эле. Кийинчерээк Лондонго дагы барышканда, Кимберли Пол менен чогуу кызмат кылган Браян Левеллин деген жигит менен таанышыптыр. Стефани 23кө чыккандан кийин Пол менен баш кошту. Ал эми Браян менен Кимберли бир жылдан кийин, Кимберли 25ке чыкканда, үйлөнүштү. Ошентип, алар 23кө чыккыча турмуш курушкан жок. Биз кыздарыбыздын жакшы жигиттерди тандаганын көрүп, чын жүрөктөн колдодук.

Пол, Стефани, Браян жана Кимберли менен Малавидеги Бейтелде, 2002-жыл

Кыздарыбыз биздин, чоң ата-чоң апасынын, таенесинин үлгүсү акча жактан кыйналган учурларда да Иса пайгамбардын: «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»,— деген буйругуна баш ийүүгө жардам бергенин айтышкан (Мт. 6:33). 1998-жылы Пол менен Стефани Гилат мектебинин 105-классына чакырылып, аны бүткөндөн кийин Малавиге (Африка) дайындалышты. Так ошол убакта Браян менен Кимберли Лондондогу Бейтелде кызмат кылууга чакырылып, кийинчерээк Малавидеги Бейтелге дайындалышты. Жаштар үчүн мындан артык өмүр жолу жок болгондуктан, биз буга чексиз кубандык.

ЖҮРӨК ТОЛКУТКАН ДАГЫ БИР ДАЙЫНДОО

2001-жылы январда, сөзүмдүн башында айткандай, бирөө телефон чалып калды. Котормо топторун  тейлөө бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Исак Марей жооптуу бир туугандардын дүйнө жүзүндөгү котормочуларга англис тилин терең түшүнүү боюнча курс өткөрүүнү уюштурушканын жана 64 жашта болсом да, мени нускоочулардын бири катары үйрөтүүнү ойлонуп жатышканын айтты. Бетел экөөбүз бул тууралуу тиленип, апаларыбыз менен кеңештик. Биздин жардам бере албай каларыбызды билишсе да, алар бара беришибиз керектигин айтышты. Мен кайра чалып, ушундай сыймыктуу жоопкерчиликти аркалоого макул экенибизди билдирдим.

Ошол убакта апамдын рак экени билинди. Апама эч жакка кетпей эле, карындашым Линдага кошулуп аны карагым келерин айтсам, апам: «Жок, андай кылбайсың. Эгер барбасаң, мен жаман болом»,— деди. Линда да аны коштоп кетти. Алардын жан аябастыгына жана жергиликтүү досторубуздун жардамына миң мертебе ыраазы болдук. Өкүнүчтүүсү, Патерсондогу Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборуна жөнөп кеткендин эртеси Линда чалып, апамдын өтүп кеткенин айтты. Ал кайра-кайра үндөгөндөй эле, биз жаңы дайындообузга сүңгүп кирип кеттик.

Кубанычтуусу, адегенде кыздарыбыз менен күйөө балдарыбыз кызмат кылып жаткан Малавидеги Бейтелге дайындалдык. Кайрадан баарыбыз чогулуп калганыбызга кандай гана сүйүндүк! Андан кийин Зимбабведеги, анан Замбиядагы котормочуларды окуттук. Ал ишти үч жарым жыл аткаргандан кийин, бир туугандар бизден Малавиге кайтып барып, ал жактагы бейтараптуулук сактаганы үчүн куугунтукталган ишенимдештерибиздин окуяларын жазууну суранышты *.

Неберелерибиз менен кызматта жүрөбүз

2005-жылы Колорадодогу Басолт шаарына кайра кетерибизди билгенде дагы жаман болдук. Бетел экөөбүз азыр Басолтто пионер болуп кызмат кылуудабыз. Браян менен Кимберли 2006-жылы Маккензи жана Элизабет деген эки кызын чоңойтуш үчүн жаныбыздагы үйгө көчүп келишти. Пол менен Стефани дагы деле Малавидеги Бейтелде. Пол филиалдын комитетинин мүчөсү катары кызмат кылат. Азыр жашым 80ге таяп калды. Бир кездерде мени менен кызматташкан жаштардын өсүп, мен аркалаган жоопкерчиликтерди аркалап жатканын көрүп, ырахаттанам. Балдарыбыз менен неберелерибиздин жыргалчылыгы үчүн биз башкалардан алган мыкты үлгүнү күзгүдөй чагылдырууга аракет кылып келебиз. Бул бизге кубаныч тартуулайт.

^ 5-абз. Стил бир туугандын өзүнүн жана жакындарынын миссионердик кызматы жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» 1956-жылдын 1-майындагы санынын 269—272-беттерин жана 1971-жылдын 15-мартындагы санынын 186—190-беттерин кара.

^ 30-абз. Мисалы, 2015-жылдын 15-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» 14—18-беттерине чыккан Трофим Нсомба бир туугандын өмүр баянын окуп көр.