Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ОКТЯБРЬ, 2016

«Акылмандыкты... сактап» жатасыңбы?

«Акылмандыкты... сактап» жатасыңбы?

БИР уламышта айтылгандай, алыскы айылда бир кичинекей кедей бала жашаган. Шаардыктар аны кем акыл деп ойлоп, шылдыңдай беришчү. Башка жактан бирөөлөр келгенде, айылдыктардын айрымдары алардын көзүнчө тиги баланы тамашага чала турган. Алар ага бир чоң күмүш тыйынды жана наркы андан эки эсе кымбат кичинекей алтын тыйынды көрсөтүп: «Экөөнүн кайсынысын аласың? Танда»,— дешчү. Бала күмүш тыйынды алып, чуркап кетчү.

Бир жолу айылга келген бир киши баладан: «Алтын тыйын күмүшкө караганда эки эсе кымбат экенин билбейсиңби?» — деп сураган. Ал жылмайып: «Билем»,— деген. Тиги киши: «Анда эмнеге күмүш тыйынды аласың? Алтынды алсаң, акчаң эки эсе көп болмок»,— деген. Ошондо бала: «Эгер алтын тыйынды алсам, алар мени менен экинчи ойнобой коюшат да. Канча күмүш тыйын чогултканымды билесизби?» — деп айткан. Ооба, бул бала чоңдорго керек болгон сапатка — акылмандыкка — ээ болчу.

Ыйык Китепте: «Акылмандыкты, ой жүгүртүү жөндөмүн сакта... Ошондо жолуңда коопсуз басасың, бутуң эч нерсеге чалынбайт»,— делет (Накыл 3:21, 23). «Акылмандык» деген эмне экенин жана канткенде акылмандык менен иш кыла аларыбызды түшүнгөнүбүз коопсуз болушубузга шарт түзөт. Ал бизге туура кадам таштап, рухий жактан мүдүрүлбөгөнгө жардам берет.

АКЫЛМАНДЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Акылмандык билим менен түшүнүктөн айырмаланат. Билими бар киши маалыматтарды, далилдерди чогултат. Түшүнүгү бар киши болсо бир маалыматтын экинчиси менен кандай байланышы бар экенин көрө билет. Ал эми акылмандыкка ээ болгон киши билим менен түшүнүктү шайкештикте бириктирип, экөөнү тең иш жүзүндө колдонот.

Мисалы, кимдир бирөө «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин башкаларга салыштырмалуу бат эле окуп, түшүнүп коюшу мүмкүн. Изилдөө учурунда суроолорго туура жооп бериши, жолугушууларга катышып, атүгүл жакшы жоопторду бериши ыктымал. Мунун баары анын рухий жактан ийгилик кылып жатканынан кабар бериши мүмкүн. Бирок бул анын акылмандыкка ээ болгонун билдиреби? Сөзсүз деле эмес. Балким, ал тек гана бир нерсени бат илип алган кишидир. Билимин, түшүнүгүн туура колдонуп, чындыкка ылайык иш кылганда гана ал акылман болот. Эгер чыгарган чечимдери жакшы натыйжа берсе, анын бардык нерсени кылдат ойлонуштурганы, акылмандык менен иш кылганы айкын болот.

Матай 7:24—27-аяттарда Иса пайгамбардын үй курган эки киши жөнүндөгү мисалы жазылган. Алардын бири «акылдуу» деп сыпатталат. Ал киши алдыда эмне болушу мүмкүн экени тууралуу терең ойлонуп, үйүн аска таштын үстүнө курган. Ал алды-артын ойлоп иш кылган кыраакы киши болгондуктан: «Үйүмдү кумдун үстүнө курсам, арзаныраак, батыраак болот»,— деп ойлогон эмес. Анын ордуна, кылган ишинин натыйжасы кийин кандай болору жөнүндө ой жүгүрткөн. Ошондуктан шамал согуп, жамгыр төккөндө, үйү ордунан былк эткен эмес. Анда канткенде биз бул баа жеткис сапатка — акылмандыкка — ээ болуп, аны сактай алабыз?

КАНТКЕНДЕ АКЫЛМАНДЫККА ЭЭ БОЛОБУЗ?

Биринчиден, Микей 6:9дагы: «Даанышман адам сенин ысмыңдан коркот»,— деген сөздөргө көңүл бурсаң. Жахабанын ысмынан коркуу деген анын өзүн урматтап-сыйлоону билдирет.  Бул анын ысмы менен байланышкан нерсенин баарын, анын ичинде нормаларын терең кастарлоону туюнтат. Кимдир бирөөнү урматтап-сыйлаш үчүн анын кандай ой жүгүртөрүн жакшы билишиң керек. Ошондо ага таяна аласың, андан үйрөнөсүң жана ага окшоп, акылмандык менен иш кылып, ийгиликке жете аласың. Иштерибиздин натыйжасы кийин Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этери жөнүндө ой жүгүртүп, анын нормаларынын негизинде чечим чыгарып жатсак, анда акылмандыкка ээ болуп жатканыбыз шексиз.

Экинчиден, Накыл сөздөр 18:1де: «Башкалардан бөлүнгөн өзүмчүл каалоолоруна жетеленет, акылмандыктын баарына каршы чыгат»,— деп айтылат. Эгер сак болбосок, Жахаба менен анын элинен обочолонуп калышыбыз мүмкүн. Мындан качыш үчүн Кудайдын ысмынан корккон жана анын нормаларын сыйлаган адамдар менен чогуу болушубуз керек. Мүмкүн болушунча Падышалык залына дайыма барып, ишенимдештерибиз менен пикирлешип турушубуз зарыл. Ал эми жолугушуу учурунда айтылган ойлор терең таасир этиши үчүн, акылыбыз менен жүрөгүбүздү ачышыбыз керек.

Мындан тышкары, тиленип, жүрөгүбүздөгүнү Жахабага төгүп турсак, аны менен мурдагыдан да ынак болобуз (Накыл 3:5, 6). Ыйык Китепти жана Жахабанын уюму чыгарган адабияттарды окуп жатканда жүрөгүбүздү ачып, терең ой жүгүртүү иштерибиздин натыйжасы кандай болорун көрө билүүгө жана ошого жараша иш кылууга жардам берет. Жетилген бир туугандардын кеп-кеңештерин бүт жүрөгүбүз менен кабыл алганыбыз да  маанилүү (Накыл 19:20). Ошондо «акылмандыктын баарына каршы чыкпастан», ал баалуу сапатты ого бетер арттырабыз.

АКЫЛМАНДЫК ҮЙ-БҮЛӨБҮЗГӨ КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Акылмандык үй-бүлөнү коргойт. Алсак, Ыйык Китепте зайыптар күйөөсүн «терең урматтоого» чакырылат (Эф. 5:33). Күйөөсү канткенде урмат-сыйга татыктуу боло алат? Эгер ал аялынан урматташын талап кылып, күчкө салса, балким, убактылуу кандайдыр бир натыйжа болоттур. Уруш чыкпашы үчүн, аялы анын көзүнчө урматтамыш болуп коюшу мүмкүн. Бирок көзү жокто урматтайбы? Күмөн. Ошондуктан күйөө, аялы аны дайыма урматташы үчүн, эмне кылганы туура болору жөнүндө кылдат ойлонушу керек. Эгер ал рухтун жемишине кирген сапаттарды чагылдырып, мээримдүү, боорукер болсо, аялынын терең урмат-сыйына татыктуу боло алат. Айта кетчү нерсе, чындык жолундагы зайып, күйөөсү татыктуу болобу, жокпу, аны урматташы керек (Гал. 5:22, 23).

Ыйык Китепте күйөөсү аялын сүйүшү керектиги да айтылат (Эф. 5:28, 33). Бир жагдайды алалы. Аялы күйөөсүнө жакпай калбайын деп, ал билүүгө укуктуу болгон жагымсыз нерселерди жашырып коюшу мүмкүн. Бул акылмандыкка жатабы? Күйөөсү кийин билип калса, эмне болот? Аялын ошонусу үчүн көбүрөөк жакшы көрүп калабы? Тескерисинче, мунун натыйжасы жаман болушу мүмкүн. Анын ордуна, аялы ылайыктуу учурду тандап, жагдайды акырын түшүндүрүп берсе, күйөөсү аны чынчылдыгы үчүн көбүрөөк баалап калышы ыктымал. Ошондо ага болгон сүйүүсү артат.

Балаңарга бүгүн берген тарбияңар кийин кандай пикирлешериңерге таасир этет

Балдар ата-энелерине баш ийиши, ал эми ата-энелер балдарын Жахабанын жолунда тарбиялашы керек (Эф. 6:1, 4). Бул ата-энелер эрежелердин тизмесин ойлоп табышы керек дегенди билдиреби? Балдарга алардан эмне талап кылынарын жана ал талаптарды бузушса, кандай жаза аларын айтып коюу жетишсиз. Акылман ата-энелер балдарына эмне үчүн аларга баш ийиши керектигин түшүндүрүп беришет.

Маселен, бала атасына же энесине ороңдоду дейли. Андайда ата-эне ачууга алдырып, урушуп салса же жазаласа, бала коркуп, унчукпай калышы мүмкүн. Бирок жүрөгүндө таарынып, ата-энесинен алыстай башташы ыктымал.

Акылмандыкты өрчүтүп жаткан ата-эне балдарын кантип тарбияласа болору жана анын кийин балдарына кандай таасир этери жөнүндө ой жүгүртөт. Алар баласынын ороңдогонуна дароо ачууланып кирбей, эч ким жокто жылуу-жумшак сүйлөшүп, Жахабанын андан ата-энесине баш ийишин талап кыларын жана бул өзүнө эле пайда алып келерин түшүндүрүп бергени жакшы. Ошондо баласы ата-энесин урматтап-сыйлоо менен Жахабаны урматтап-сыйлап жатканын түшүнөт (Эф. 6:2, 3). Мындай тарбия баланын жүрөгүн козгошу мүмкүн. Ал ата-энесинин ага чындап кам көрөрүн түшүнүп, аларды көбүрөөк сыйлай баштайт. Ошентип, кийин маанилүү чечим чыгарыш керек болгондо, ал ата-энесине оңой кайрыла алат.

Айрым ата-энелер баласынын жүрөгүн оорутуп алгандан коркуп, аны тартипке салбай коюшу мүмкүн. Бирок бул анын эртеңки күнүнө кандай таасир этет? Ал чоңойгондо Жахабадан коркуп, анын нормаларына кармануу акылмандыкка жатарын түшүнөбү? Жахабанын таалим-тарбиясын акылы, жүрөгү менен кабыл алууга дилгир болобу же андан обочолонуп кетеби? (Накыл 13:1; 29:21).

Чебер скульптор эмне жасай турганын алдын ала ойлонуштурат. Ал арыдан-бери чеге коюп, сонун бир айкел чыгат деп күтпөйт. Анын сыңарындай, акылман ата-эне жетиштүү убакыт бөлүп, Жахабанын нормалары жөнүндө билүүгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга умтулат. Муну менен анын ысмынан коркорун көрсөтөт. Алар Жахаба менен анын уюмунан обочолонбой, акылмандыгын арттырып, үй-бүлөсүн бекемдөөгө аракет кылышат.

Күн сайын бизге бүт жашообузга таасир эте турган чечимдерди чыгарууга туура келет. Андайда сезимге алдырып, дароо чечим чыгарууга шашпастан, токтоп, ой калчаганыбыз маанилүү. Натыйжасы кандай болору тууралуу терең ой жүгүртүп, Жахабанын жетекчилигин издешибиз жана ал берген акылмандыкты колдонушубуз керек. Ошондо акылмандыкты сактаган болобуз. Ал болсо бизге өмүр берет (Накыл 3:21, 22).