Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасынын изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Ноябрь, 2016

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Падышалыктын Британиядагы жарчылары, ойгонгула!»

«Падышалыктын Британиядагы жарчылары, ойгонгула!»

«ПАДЫШАЛЫКТЫН Британиядагы жарчылары, ойгонгула!» Бул абдан олуттуу чакырык эле («Маалымдагыч» *, 1937-жыл, декабрь, Лондондогу басылышы). Ошол макаладагы бир бөлүмчө «Он жылдын ичинде чеке жылытарлык өсүш болгон жок» деп аталган. Чынында эле ошондой экенин «Маалымдагычтын» биринчи бетине чыккан, 1928-жылдан 1937-жылга чейинки убакытты камтыган он жылдык кызмат отчёту айкын көрсөтүп турган.

ПИОНЕРЛЕР ӨТӨ ЭЛЕ КӨП БЕЛЕ?

Британиядагы кабар айтуу ишинин басаңдап калышына эмне себеп болгон? Кыязы, жыйналыштардын кадамы жайлап калган. Алар көп жылдан бери ошол калыбында кызмат кылып келатышкан. Андан тышкары, жергиликтүү филиал жыйналыштардан өзүнчө алыскы аймактарда кызмат кылып жаткан 200дөй эле пионерди аймак менен камсыз кыла аларын билдирген. Ошол себептен пионер болгусу келгендерге Британияда пионерлерге муктаждык жок экенин айтып, аларды Европанын башка өлкөлөрүндө кызмат кылууга үндөгөн. Ошондо көп пионерлер чет тилин азыноолак билишсе да же такыр эле билишпесе да, Британиядан Франция сыяктуу өлкөлөргө агылып бара башташкан.

ИШ-АРАКЕТ КЫЛУУГА ЧАКЫРЫК

1937-жылдагы «Маалымдагычка» 1938-жылы чоң максатка жетүү — кызматка бир миллион саат жумшоо — жөнүндө макала чыккан. Макалада эгер жарчылар кабар айтуу ишине айына 15 саат, ал эми пионерлер 110 саат жумшай турган болсо, ал максатка оңой эле жете алышары айтылган. Ошондой эле белгилүү бир күндөрү беш сааттан кабар айта турган топторду уюштурууга, өзгөчө, жуманын ортосунда кечке маал кайра жолугууларга көңүл топтоого байланыштуу кеңештер камтылган.

Ынталуу пионерлер талаа кызматына көңүл топтошкон

Кызматка ушундайча басым жасалганы көптөрдү жандандырган. «Бул чакырык башкы башкармалыктын өзүнөн келген. Муну көптөрүбүз эңсеп келгенбиз. Мындай иш-чаралар көп өтпөй эле сонун жемиш бере баштаган»,— деп эскерген Хильда Паджетт *. Валлис бир тууган болсо мындай деген: «Бир күндө беш сааттан кабар айтууга байланыштуу сунуш эң сонун сунуш болду! Убактыңды бир күн кечке Кудайдын кызматына арнагандан өткөн кубаныч жок чыгар. Биз үйгө бутубузду тарта албай, бирок кубанычыбыз ашып-ташып кайтып келчүбүз». Жаш Стивен Миллер да иштин шашылыш экенин жакшы түшүнгөндүктөн чакырыкты дароо кабыл алган. Ал андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келген эмес. Стивен бир тууган кабар айтуу тобундагылардын велосипедчен бир күн кечке кабарда жүргөнүн, жайдын кечтеринде элге жаздырылган баяндамаларды угузушканын эскерген. Алар моюндарына плакаттарды илип алып, маалымат жүрүштөрүнө катышышчу, көчөдө журнал таратышчу.

«Маалымдагычка» «Бизге 1 000 пионер керек!» деген да макала чыккан. Эми пионерлер жыйналыштан өзүнчө эмес, жыйналыш менен чогуу кызмат кылып, ага колдоо көрсөтүшмөк жана бекемдешмек.  Жойс Эллис деген бир тууган: «Көптөр пионер болушу керектигин аңдашкан. Ошол учурда мен 13 эле жашта болчумун. Пионер болууну аябай самачумун»,— деп эскерген. Ал 1940-жылы 15 жашында ошол максатына жеткен. Ал эми кийин ага үйлөнгөн Питер «Ойгонгула!» деген чакырыкты укканда пионердик кызмат жөнүндө ойлоно баштаган. 1940-жылы ал 17 жашында велосипед менен 105 километр жерди басып өтүп, өзү дайындалган Скарбородогу жаңы аймагына барган.

Сирил менен Китти Жонсондор да жан аябас пионерлерден болушкан. Алар толук убакыт кызмат кылыш үчүн үйүн, дүнүйө-мүлкүн сатышкан. Сирил жумушунан чыккандыктан, бир айдын ичинде эле пионердик кызматты баштоого даяр болуп калышкан. Ал: «Туура кылып жатканыбызга кымындай да шектенген эмеспиз. Баарын даярдуулук жана кубаныч менен кылганбыз»,— деген.

ПИОНЕР ҮЙЛӨРҮНҮН АЧЫЛЫШЫ

Пионерлердин саны кыска убакыттын ичинде эле өсүп кеткендиктен, жооптуу бир туугандар аларга колдоо көрсөтүүнүн жолдорун издей башташкан. Жим Карр деген зоналык кызматчы (азыр райондук көзөмөлчү деп аталат) 1938-жылы, көрсөтмөгө ылайык, шаарларда пионер үйлөрүн ачууга киришкен. Чыгым аз болушу үчүн, пионерлерди чогуу жашап, чогуу кызмат кылууга үндөшкөн. Шеффилд деген жерден чоң үй ижарага алынып, көзөмөл кылууга бир бир тууган дайындалган. Жергиликтүү жыйналыш болсо акча-каражат жагынан жардам берип, эмерек менен камсыз кылган. Жим бир тууган: «Баары ийгиликтүү болушу үчүн, жапатырмак эмгектендик»,— деген. Ижарага алынган ал үйдө ынталуу 10 пионер жашап, рухий күн тартипке карманышкан. «Алар күн сайын эртең менен тамактанар алдында күндөлүк аятты талкуулашчу» жана «шаардын ар кайсы жерлериндеги аймактарына күндө барышчу».

Британияга жаңы пионерлер агылып келген

Жарчылар да, пионерлер да чакырыкты кабыл алгандыктан, 1938-жылга коюлган максат ишке ашкан, тагыраак айтканда, кызматка бир миллион саат жумшалган. Отчёттон кызматтын бардык жагынан жакшырганы байкалган. Беш жылдын ичинде Британиядагы жарчылардын саны үч эсе көбөйгөн. Кызматка жаңы күч менен киришкени Жахабанын элин алдыдагы согуш жылдарындагы кыйынчылыктарга даярдаган.

Бүгүнкү күндө да, Кудайдын улуу согушу Армагедон жакындап келаткан учурда, Британиядагы пионерлердин саны күн санап өсүүдө. Акыркы он жылдын ичинде ал жактагы пионерлердин саны дүркүрөп өсүп отуруп, 2015-жылдын октябрында жаңы жогорку саны 13 224кө жеткен. Алар толук убакыт кызмат кылуу жашоодогу эң мыкты жол экенин унутпай, сергек турууда.

^ 3-абз. Кийин «Падышалык кызматыбыз» деп аталып калган.

^ 8-абз. Паджетт бир туугандын өмүр баяны 1995-жылдагы «Күзөт мунарасынын» 1-октябрдагы санынын 19—24-беттеринде жазылган.