Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ, 2017

Кимдер урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу?

Кимдер урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу?

“«Тактыда отурган Кудай менен Козуга алкыш, урмат, даңк, кудурет түбөлүктөн түбөлүккө таандык» (АЯН 5:13).

ЫРЛАР: 9, 108

1. Айрымдар эмне үчүн урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу жана азыр кайсы суроону талкуулайбыз?

КИМДИР БИРӨӨНҮ урматтоо деген ага өзгөчө көңүл бурууну, аны сыйлоону билдирет. Адатта, биз кандайдыр бир маанилүү иш кылган же өзгөчө абалды ээлеген бирөөнү урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу деп эсептейбиз. Андыктан: «Кимди урматташыбыз керек жана эмне үчүн?» — деген суроо туулушу мүмкүн.

2, 3. а) Эмне үчүн урмат көрсөтүшүбүзгө өзгөчө Жахаба татыктуу? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Аян 5:13төгү Козу кимди билдирет жана эмне үчүн ал урматташыбызга татыктуу?

2 Аян 5:13төн көрүнүп тургандай, «Тактыда отурган Кудай менен Козу» урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу. Ошол эле китептин 4-бөлүмүндө Жахабанын эмне үчүн урматташыбызга татыктуу экенинин бир себеби жазылган. Ал бөлүмдө асман чөйрөсүндөгү жогорку абалды ээлеген жаратуулардын үнүн бийик чыгара Жахабаны, «түбөлүктөн түбөлүккө жашаганды», даңктап жатканы сүрөттөлгөн. Алар: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп  турат»,— деп жар салышкан (Аян 4:9—11).

3 Аян китебинде айтылган Козу Иса Машаякты — «дүйнөнү күнөөдөн арылта» турган «Кудайдын Козусун» — билдирет (Жкн. 1:29). Ыйык Китепте ага бир да падыша тең келбей турганы айтылат. Анда: «Ал — падышалык кылгандардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы. Жалгыз ал өлбөстүккө ээ жана адам жете алгыс жарыкта жашайт. Аны бир да киши көргөн эмес, көрө да албайт»,— делет (1 Тим. 6:14—16). Андан башка кайсы падыша даярдуулук менен биздин күнөөлөрүбүз үчүн өмүрүн курмандыкка чалды эле? Бул силерге түмөндөгөн периштелерге кошулуп: «Союлган Козу кудуретке, байлыкка, акылмандыкка, күчкө, урматка, даңкка, алкышка ээ болууга татыктуу»,— деп аны даңазалоого түрткү бербейби? (Аян 5:12).

4. Эмне үчүн Жахаба менен Иса Машаякты урматтоого милдеттүүбүз?

4 Биз Жахаба менен Иса Машаякты урматтоого милдеттүүбүз. Мындан түбөлүк өмүр сүрөр-сүрбөсүбүз көз каранды. Бул Исанын Жакан 5:22, 23төгү сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. Ал аяттарда мындай делет: «Атасы эч кимди соттобойт. Ал сот жүргүзүүгө бийликтин баарын Уулуна тапшырган. Муну ал, бардыгы Өзүн урматтагандай эле, Уулун да урматташы үчүн кылган. Уулун урматтабаган киши аны жиберген Атасын да урматтабайт». (Оку: Забур 2:11, 12.)

5. Эмне үчүн бардык адамдарга кандайдыр бир деңгээлде урмат-сый көрсөтүшүбүз керек?

5 Кудай адамдарды «өзүнө окшош кылып жараткан» (Башт. 1:27). Ошондуктан алардын көбү кайсы бир деңгээлде анын сапаттарын чагылдырышат. Алсак, алар бири-бирин сүйүүгө, аёого, боорукердик көрсөтүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле Кудай адам баласына абийир берген. Ал тубаса ички туюм кээде туура эмес багыт берсе да, анын жардамы менен адамдар эмне туура, эмне туура эмес экенин, эмне чынчылдыкка жатар-жатпасын, эмне орундуу, эмне орунсуз экенин ажырата алышат (Рим. 2:14, 15). Андан тышкары, адамдардын көпчүлүгү таза, кооз нерсеге тартылып турат. Башкалар менен тынчтыкта болгусу келет. Өздөрү билсе да, билбесе да, алар кандайдыр бир деңгээлде Жахабанын даңкын чагылдырышат, ошондуктан урматтап-сыйлашыбызга татыктуу (Заб. 8:5).

УРМАТ КӨРСӨТҮҮДӨ ТЕҢ САЛМАКТУУ БОЛУУ

6, 7. Адамдарга урмат көрсөтүүдө Жахабанын Күбөлөрү көптөрдөн кандайча айырмаланат?

6 Адамдарга кантип жана канчалык деңгээлде урмат көрсөтүү керектигин аныктоодо тең салмактуу болушубуз керек. Жеткилеңсиз адамдардын көбүнө Шайтандын дүйнөсүнүн руху күчтүү таасир этет. Ошондуктан алар кайсы бир адамга орундуу түрдө урмат көрсөткөндүн ордуна, аны кудай тутуп алууга жакын келишет. Маселен, диний жана саясий жетекчилерди, спорт чеберлерин, кино же сахна жылдыздарын жана башка таанымал кишилерди ашкере даңктап-даңазалап, ыйык тутушат. Ошондон улам жаштар да, улуулар да андай адамдарды үлгү көрүп, баскан-турганын, кылык-жоругун, кийингенин туураганга умтулушат.

7 Жахабанын кызматчылары болсо адамдарга антип урмат көрсөтүү туура эмес экенин жакшы билишет. Анткени адамзат тарыхында Иса Машаяк гана бизге жеткилең үлгү калтырган (1 Пет. 2:21). Кайсы бир адамга урмат көрсөтүүдө аша чаап кете турган болсок, Кудайды капалантмакпыз. Ыйык Китептеги: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калышкан»,— деген маанилүү чындыкты эсибизден чыгарбашыбыз керек (Рим. 3:23). Чынында эле, бир да пенде аны кудайдай көрүшүбүзгө татыктуу эмес.

8, 9. а) Жахабанын Күбөлөрү мамлекеттик бийликтерге кандай карашат? б) Бийликтегилерге канчалык деңгээлде колдоо көрсөткөнүбүз туура?

 8 Бул дүйнөдө айрымдар ээлеген абалынан улам урмат көрсөтүшүбүзгө татыктуу. Айталы, мамлекеттик бийликтегилер мыйзамдардын, тартиптин сакталышына, жарандардын муктаждыктарынын канааттандырылышына кам көрүшөт. Бул болсо баарына пайда алып келет. Ошондуктан элчи Пабыл ишенимдештерин мамлекеттик бийликтерди «жогорку бийликтер» катары көрүп, аларга баш ийүүгө чакырган. Ал: «Баарына тиешелүүсүн бергиле: салык талап кылганга салык... төлөгүлө;.. кимге урмат көрсөтүш керек болсо, урмат көрсөткүлө»,— деп жазган (Рим. 13:1, 7).

9 Ошол себептен биз коомдук кызматкерлерге жергиликтүү маданиятка, салтка жараша чын дилден урмат көрсөтөбүз. Өз милдеттерин аткарып жатышканда, алар менен кызматташабыз. Албетте, аларды урматтоодо жана колдоодо акыл-эстүү болуп, Ыйык Жазмадагы чектен чыкпайбыз. Тактап айтканда, Кудайдын мыйзам-принциптерине каршы иш кылбайбыз, бейтараптуулугубузду бузбайбыз. (Оку: 1 Петир 2:13—17.)

10. Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары өкмөттөргө, бийликтегилерге туура мамиле кылуу жагынан кандайча жакшы үлгү көрсөтүшкөн?

10 Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары өкмөттөргө, бийликтегилерге туура мамиле кылуу жагынан жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Алсак, Рим империясы элге каттоодон өтүүгө буйрук бергенде, Жусуп менен Мариям ага баш ийген. Мариям ай-күнүнө жетип, биринчи баласы көз жарайын деп турса да, алар Бетлехемге сапар тартышкан (Лк. 2:1—5). Кийинчерээк Пабыл кылмыш кылды деп айыпталгандыктан Ирод Агриппа падышанын жана Рим империясындагы Жүйүт провинциясынын башкаруучусу Фесттин алдында өзүн коргоп сүйлөгөндө аларга урмат-сый менен кайрылган (Элч. 25:1—12; 26:1—3).

11, 12. а) Эмне үчүн биз диний жетекчилерге мамлекеттик кызматкерлерге көрсөткөндөй урмат көрсөтпөйбүз? б) Австриялык бир туугандын саясатчыга урмат-сый менен мамиле кылганы кандай натыйжа берген?

11 Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү диний жетекчилерди, алар күтүшсө да, өзгөчө урматтоого татыктуу кишилер катары көрүшпөйт. Жалган дин Кудай жөнүндө туура эмес нерсеге окутуп, анын Сөзүндөгү окууларды бурмалайт. Ошондуктан биз диний жетекчилерди башка адамдарды урматтагандай эле урматтайбыз, бирок аларга өзгөчө урмат-сый көрсөтпөйбүз. Иса пайгамбардын өзүнүн күндөрүндөгү диний жетекчилерди эки жүздүүлөр, сокур жол көрсөтүүчүлөр деп ашкерелегенин билебиз (Мт. 23:23, 24). Ал эми мамлекеттик бийликтегилерге тийиштүү түрдө урмат көрсөткөнүбүз орундуу. Бул кээде биз күтпөгөндөй жакшы натыйжа берет.

12 Мисалы, Леопольд Энглайтнер деген австриялык ишенимдешибизди нацисттер камакка алып, поезд менен Бухенвальддагы концлагерге жөнөтүшкөн. Ошол поездде Генрих Глайсснер деген киши да бараткан. Ал кылган иши нацисттерге жакпагандыктан кесилип кеткен австриялык саясатчы болчу. Жолдо баратканда Леопольд бир тууган ага ишенген нерселери жөнүндө урмат-сый менен түшүндүрүп берген. Ал болсо кунт коюп уккан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Генрих Глайсснер өзүнүн бийлигин колдонуп, Австриядагы Жахабанын Күбөлөрүнө көп жолу жардам берген. Балким, силер ишенимдештерибиздин Ыйык Китептеги кеңешке ылайык иш кылып, мамлекеттик кызматкерлерге урмат көрсөткөнү жакшы натыйжа бергенине байланыштуу дагы башка окуяларды билеттирсиңер.

 УРМАТ-СЫЙГА ДАГЫ КИМДЕР ТАТЫКТУУ?

13. Өзгөчө кимдер урматтап-сыйлашыбызга татыктуу жана эмне үчүн?

13 Кудай кошкон рухий бир туугандарыбыз да урмат-сыйга татыктуу. Айрыкча, жетекчиликти колго алган ага-инилер жөнүндө ушинтип айтсак жарашат. (Оку: 1 Тиметей 5:17.) Биз аларды улутуна, билим деңгээлине, коомдо ээлеген абалына, колунда бар-жогуна карабай кадырлап-сыйлайбыз. Ыйык Китепте андай бир туугандардын «адам түрүндөгү белектер» экени айтылат жана Кудай өз элине кам көрүүдө көбүнчө аларды колдонот (Эф. 4:8). Жыйналыштын аксакалдары, райондук көзөмөлчүлөр, филиалдын комитетинин мүчөлөрү жана Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларына окшоп, биз да жетекчиликти колго алууга дайындалган андай ишенимдештерибизди терең урматтайбыз. Бирок көпчүлүккө таанымал андай бир туугандар арабызда жүргөндө аларды өтө эле аздектеп, жаныбызда периште тургандай сезбейбиз. Ошентсе да аларды оор эмгеги жана момундугу үчүн сыйлайбыз. (Оку: 2 Корунттуктар 1:24; Аян 19:10.)

14, 15. Машаяктын жолун жолдогон койчулар башка диний жетекчилерден эмнеси менен айырмаланышат?

14 Кудайдын элинин арасындагы аксакалдар момун койчулар катары белгилүү. Момун болгондуктан алар өздөрүнө атак-даңктуу кишилердей мамиле кылынышын каалашпайт. Ошонусу менен азыркы учурдагы жана 1-кылымдагы көптөгөн диний жетекчилерден айырмаланат. Иса Машаяк өзүнүн күндөрүндөгү диний жетекчилер жөнүндө: «Тойлордо төрдөн орун алууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын... жакшы көрүшөт»,— деген (Мт. 23:6, 7).

15 Машаяктын жолун жолдогон койчулар момундук менен анын төмөнкү сөздөрүнө ылайык иш кылышат: «Силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар. Силер болсо бир туугансыңар. Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. „Жол башчы“ деп да аталбагыла, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун. Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт» (Мт. 23:8—12). Мына ошондуктан дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардагы аксакалдар ишенимдештеринин сүйүүсүнө, урмат-сыйына ээ.

Момундук менен кызмат кылган аксакалдарды ишенимдештери жакшы көрүп, урматтап-сыйлайт (13—15-абзацтарды карагыла)

16. Эмне үчүн башкаларды урматтоого байланыштуу Ыйык Китепте айтылгандарды түшүнүүгө жана иш жүзүндө колдонууга аракет кыла беришибиз керек?

16 Албетте, кимдерге жана кантип урмат  көрсөтүүгө карата тең салмактуу көз караш өрчүтүш үчүн убакыт талап кылынат. Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочуларына да убакыт керек болгон (Элч. 10:22—26; 3 Жкн. 9, 10). Бирок башкаларга урмат көрсөтүүдө Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык иш кылууга күч-аракет жумшоонун акыбети сөзсүз кайтат. Ооба, бул жагынан тең салмактуу көз караш өрчүтүүнүн пайдасы зор.

ТИЙИШТҮҮ УРМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

17. Бийлиги бар адамдарга урмат-сый менен мамиле кылуу кандай пайда алып келет?

17 Бийлиги бар адамдарга урмат-сый менен мамиле кылсак, алар жакшы кабар таратуу укугубузду коргоого жардам бериши мүмкүн. Андай мамилебиз көбүнчө алардын кабар айтуу ишибизге карата оң көз карашта болушуна шарт түзөт. Мындан бир канча жыл мурун Германияда пионер болуп кызмат кылган Биргит деген ишенимдешибиз кызынын мектепти бүтүрүү аземине барган. Мугалимдер ага бир нече жыл бою класста Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарынын да окуганы аябай жагымдуу болгонун айтышкан. Алар мектебинде бир да Жахабанын Күбөсү болбосо, уят эле болмоктугун айтышкан. Биргит аларга: «Биз балдарыбызды Кудайдын жүрүм-турумга байланыштуу бекиткен нормаларына ылайык иш кылууга үйрөтөбүз. Бул өз ичине мугалимдерди урматтап-сыйлоону да камтыйт»,— деп түшүндүргөн. Мугалимдердин бири: «Эгер балдардын баары силердикиндей болсо, аларды окутуу бейиштегидей эле болмок»,— деген. Бир нече жумадан кийин бир мугалим Лейпцигде өткөн жыйынга катышкан.

18, 19. Эмне үчүн аксакалдарга орду менен урмат көрсөткөнүбүз маанилүү?

18 Кудайдын Сөзүндөгү жеткилең жана даанышман принциптер жыйналыштагы аксакалдарга тийиштүү түрдө урмат көрсөтүүгө жардам берет. (Оку: Еврейлер 13:7, 17.) Биз аларды оор эмгеги үчүн макташыбыз жана берген көрсөтмөлөрүнө баш ийип, кызматташышыбыз керек. Бул аларга мындан ары да милдеттерин кубаныч менен аткара берүүгө көмөк кылат. Бирок «көрүнүктүү» аксакалдын кийинип-жасанганын, баяндама айткандагы кыймыл-аракетин же сүйлөгөнүн туураганга аракет кылуу туура эмес болуп калмак. Анын да жеткилең эмес пенде экенин унутпашыбыз зарыл. Биз Иса Машаяктан үлгү алып, анын жолун жолдошубуз талап.

19 Аксакалдарга атак-даңктуу кишилердей мамиле кылбай, орду менен урмат көрсөткөнүбүздө аларга жардам берген болобуз. Башкача айтканда, текеберденип кетпегенге, өзүн башкалардан жогору көрбөгөнгө же адилсинбегенге көмөк кылабыз.

20. Башкаларды урматтап-сыйлоо өзүбүзгө кандайча жардам берет?

20 Башкаларды урматтап-сыйласак, өзүмчүлдүктүн тузагына түшпөйбүз жана бизге урмат көрсөтүлгөндө, өзүбүз жөнүндө жогору ойдо болбойбуз. Ошондой эле бул бизди ишенимдештерибизге жана башкаларга туура жол менен урмат көрсөтүүгө үйрөтүп жаткан Жахабанын уюму менен дайыма биримдикте болушубузга өбөлгө түзөт. Андан сырткары, биз урматтап жүргөн адам көңүлүбүздү калтырганда мүдүрүлүп калбаганга жардам берет.

21. Башкаларга орду менен урмат көрсөтүүнүн эң чоң пайдасы кайсы?

21 Баарынан да маанилүүсү, башкаларга орду менен урмат көрсөткөнүбүз Кудайга жагат. Анткени ошентүү менен ал каалагандай иш кылып, анын алдында кынтыксыздыгыбызды сактаган болобуз. Бул болсо Кудайдын аны жаманатты кылганга жооп беришине шарт түзөт (Накыл 27:11). Азыркы дүйнө урмат көрсөтүүгө карата көз карашы бурмаланган адамдарга толгон. Андыктан башкаларды Жахабага жаккандай жол менен урматтоону билгенибиз үчүн абдан ыраазыбыз!