Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Март, 2017

Ишеним көрсөтүп, акылдуулук менен чечим чыгар!

Ишеним көрсөтүп, акылдуулук менен чечим чыгар!

«Эч шектенбей, ишенип сура» (ЖКП. 1:6).

ЫРЛАР: 118, 35

1. Кабылдын туура эмес чечим чыгарышына эмне таасир эткен жана анын кесепети кандай болгон?

КАБЫЛГА абдан маанилүү чечим чыгарууга туура келген. Ал ачуусун ооздуктайбы же тескерисинче, ачууга алдырып иш кылабы, чечиши керек болчу. Кайсынысын тандабасын, анын натыйжасы бүт жашоосуна таасир этмек. Кабылдын кандай чечим чыгарганы көбүбүзгө эле маалым. Анын чыгарган чечиминин кесепетинде ишенимдүү иниси Абыл өмүрүнөн айрылган, өзү болсо Жараткан менен болгон мамилесинен кол жууп калган (Башт. 4:3—16).

2. Акылдуулук менен чечим чыгарганыбыз эмне үчүн маанилүү?

2 Бизге да чечим чыгарууга туура келет. Албетте, алардын ар бири эле өмүр менен өлүм маселесине байланыштуу боло бербейт. Анткен менен чечимдерибиздин көбү өзүбүзгө күчтүү таасир этет. Эгер туура чечим чыгарсак, жашообуз бир калыпта, тынч, бейпил өтөт. Ал эми туура эмес чечим чыгарсак, жашообузда баш аламандык, чыр-чатак, көңүл кайттык көп болот (Накыл 14:8).

3. а) Акылдуулук менен чечим чыгаруу үчүн эмнеге бекем ишенишибиз керек? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Акылдуулук менен чечим чыгарууга эмне жардам берет? Ан үчүн Жахабага бекем ишенип, анын бизге акылдуу болууга жардам бергиси келеринен жана ага  кудурети жетеринен шектенбешибиз керек. Андан тышкары, Кудайдын Сөзүнө таянып, андагы ыйык рухтун жетеги менен жазылган кеңештердин тууралыгына ишенишибиз зарыл. (Оку: Жакып 1:5—8.) Кудайга жакындап, анын Сөзүнө болгон сүйүүбүз арткан сайын, анын бизге жакшылык гана каалаарына болгон ишенимибиз өсө берет. Ошонун аркасында чечим чыгарарда дайыма Кудайдын Сөзүнө кайрылууну адат кылып алабыз. Эмесе: «Чечим чыгаруу жагынан канткенде жакшыра алабыз? Чечим чыгаргандан кийин аны такыр өзгөртпөшүбүз керекпи?» — деген суроолорду карап чыгалы.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ — ЖАШООБУЗДУН АЖЫРАГЫС БӨЛҮГҮ

4. Адам ата эмнени чечиши керек болчу жана анын кесепети кандай болгон?

4 Адам баласы жаралгандан тартып эле маанилүү чечимдерди чыгарып келет. Алсак, Адам ата Жаратканды угабы же Обо энениби, чечиши керек болгон. Өкүнүчтүүсү, ал Шайтанга алданган аялынын таасирине алдырып, туура эмес чечим чыгарган. Ошонун кесепетинде Бейиштеги жашоосунан айрылып, акыр-аягы өлүмгө дуушар болгон. Ал эле эмес, анын айынан баарыбыз азыркыга чейин азап тартып келебиз.

5. Чечим чыгаруу жоопкерчилигине кандай карашыбыз керек?

5 Айрымдар чечим чыгарбасак, жашоо оңоюраак болмок дешет. Сен да ошондой ойдосуңбу? Биз Жахабанын адамдарды ой жүгүрткөндү, чечим чыгарганды билбеген роботтордой кылып жаратпаганын эстен чыгарбашыбыз керек. Ал Ыйык Китеп аркылуу бизди акылдуулук менен чечим чыгарууга үйрөтөт. Жахаба биздин чечим чыгарышыбызды каалайт жана бул чоң жоопкерчилик болуп эсептелет. Эмесе, буга байланыштуу айрым далилдерди карап көрөлү.

6, 7. Байыркы ысрайылдыктар эмнени тандашы керек болгон жана эмне үчүн аларга акылдуулук менен чечим чыгаруу кыйынга турган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Убадаланган жерге отурукташкандан кийин байыркы ысрайылдыктар абдан маанилүү чечим чыгарышы керек болгон. Алар Жахабага сыйынабы же башка кудайгабы (же кудайларгабы), тандашы зарыл эле. (Оку: Жашыя 24:15.) Бул жөнөкөй эле чечимдей көрүнүшү мүмкүн. Бирок алардын чечиминен өмүрү көз каранды болгон. Тилекке каршы, бийлер башкарып турган учурда ысрайыл эли кайра-кайра туура эмес чечим чыгарган. Алар Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйынып кетишкен (Бий. 2:3, 11—23). Кудайдын элинин кийинчерээк кандай чечим чыгарганы жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Илияс пайгамбардын күндөрүндө алар же Жахабага, же Баал деген жалган кудайга сыйынууну тандашы керек болгон (1 Пад. 18:21). Илияс пайгамбар аларды чечкинсиздиги үчүн айыптаган. Балким, сен: «Бул оңой эле чечим болчу да. Анткени Жахабага кызмат кылуу акылдуулукка жатат, өзүбүзгө эле пайда алып келет»,— дейттирсиң. Чынында эле, акыл-эстүү киши Баалга сыйынуудан жаа бою качмак. Бирок ошол учурдагы ысрайылдыктар «эки анжы ойдо болуп, аксап жүрө беришкен». Ошол себептен Илияс пайгамбар аларды сыйынуунун эң жогорку түрүн, Жахабага сыйынууну, тандоого үндөгөн.

7 Ысрайылдыктарга акылдуулук менен чечим чыгаруу эмне үчүн кыйынга турган? Биринчиден, алар Жахабага дээрлик ишенбей калышкан жана ага кулак кагуудан баш тартышкан. Ошондой эле Жахабаны, анын акылмандыгын таанып-билүүгө умтулушкан эмес, ага таянышкан эмес. Эгер так билим алып, ошого ылайык иш кылышса, акылдуулук менен чечим чыгара алышмак (Заб. 25:12). Экинчиден, алар башкалардын таасирине алдырышкан, атүгүл өздөрүнүн ордуна чечим чыгарышына жол берип коюшкан.  Жахабага сыйынбагандар алардын ой жүгүртүүсүнө таасир этип, өздөрүнүн жолу менен жүрүүгө түртүшкөн. Ушундай болорун Жахаба элине мурун эле эскерткен болчу (Чыг. 23:2).

БИЗ ҮЧҮН БАШКАЛАРДЫН ЧЕЧИМ ЧЫГАРГАНЫ ТУУРАБЫ?

8. Ысрайыл элинин тарыхынан чечим чыгарууга байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

8 Жогорудагы окуялардан маанилүү бир нерсеге үйрөнсөк болот. Чечим чыгарууга ар бирибиз өзүбүз жооптуубуз жана Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга ылайык келгенде гана чечимдерибиз туура болот. Галатиялыктар 6:5те: «Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт»,— деп айтылат. Андыктан чечим чыгарышыбыз керек болгондо жоопкерчиликти башка бирөөгө артып койбошубуз кажет. Анын ордуна, Кудайга эмне жагарын өз алдыбызча изилдеп көрүп, ошого ылайык иш кылышыбыз зарыл.

9. Башкалардын биздин ордубузга чечим чыгарышына жол бергенибиз эмне үчүн кооптуу?

9 Кандайча башкалардын биздин ордубузга чечим чыгарышына жол берип коюшубуз мүмкүн? Мисалы, кимдир бирөөлөрдүн кысымынан улам туура эмес чечим чыгарышыбыз ыктымал (Накыл 1:10, 15). Бирок алар канчалык кысым көрсөтпөсүн, Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирибизге жараша чечим чыгарууга ар бирибиз өзүбүз жооптуубуз. Эгер башкалардын биздин ордубузга чечим чыгарышына жол бере турган болсок, «алар менен бир жолдо жүрүүнү» тандаган болуп калмакпыз. Бул деле чечим болуп саналганы менен, арты кесепеттүү болушу мүмкүн.

10. Элчи Пабыл Галатиядагы ишенимдештерине эмнени эскерткен?

10 Элчи Пабыл Галатиядагы ишенимдештерине алардын ордуна башкалардын чечим чыгарышына жол бергени коркунучтуу экенин эскерткен. (Оку: Галатиялыктар 4:17.) Жыйналыштагы айрым кишилер башкалардын ордуна чечим чыгарып, аларды элчилерден алыстаткысы келген. Эмне максат менен? Керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон ал кишилер көрүнүктүү абалга жетүүнү көксөшкөн. Алар чектен чыгып, ишенимдештеринин өз алдынча чечим чыгаруу укугун сыйлашкан эмес.

11. Башкаларга өз алдынча чечим чыгарууга кантип жардам берсек болот?

11 Башкалардын өз алдынча чечим чыгаруу укугун сыйлоо жагынан элчи Пабыл мыкты үлгү калтырган.  (Оку: 2 Корунттуктар 1:24.) Бүгүнкү күндө аксакалдар ар ким өзү чече турган маселелерге байланыштуу кеңеш бергенде андан үлгү алышы керек. Алар отордогулар менен Ыйык Китепке негизделген маалыматтарды кубаныч менен бөлүшүшөт. Бирок алардын ордуна чечим чыгаруудан сак болушат. Аксакалдардын ошенткени туура, себеби чыгарган чечиминин натыйжасына ар бир адам өзү жооптуу. Мындан маанилүү бир нерсеге үйрөнө алабыз: биз башкаларга чын дилден кам көрүп, алардын көңүлүн Ыйык Китептеги принциптерге, кеңештерге бурсак болот. Анткен менен ар бир адамдын өз алдынча чечим чыгарууга укуктуу жана жооптуу экенин унутпайбыз. Алар өз алдынча акылдуулук менен чечим чыгарса, анын пайдасын көрүшөт. Ырас, өзүбүздү кайсы бир ишенимдешибиз үчүн чечим чыгарууга укуктуу деп эсептегенден алыс болушубуз керек.

Мээримдүү аксакалдар башкаларга өз алдынча чечим чыгарууга жардам беришет (11-абзацты кара)

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУДА СЕЗИМГЕ ЖЕТЕЛЕНБЕ

12, 13. Ачууланып же көңүлүбүз чөгүп турганда, жүрөгүбүздү гана укканыбыз эмне үчүн кооптуу?

12 Чечим чыгарыш керек болгондо көптөр: «Жүрөгүңдү ук»,— дешет. Бирок бул кооптуу болушу мүмкүн. Анын үстүнө, андай кылуу Ыйык Китепте жазылгандарга туура келбейт. Ыйык Китеп бизге чечим чыгарууда жүрөгүбүздү угуудан же сезимдерге жетеленүүдөн сак болушубуз керектигин эскертет (Накыл 28:26). Ошондой эле андагы билдирүүлөрдөн жүрөктү угуп иш кылуу залакалуу болорун биле алабыз. Көйгөйдүн негизги себеби жеткилеңсиз жүрөгүбүздүн «эң эле митаам, өтө бузулган» болгонунда (Жер. 3:17; 13:10; 17:9; 1 Пад. 11:9). Эгер жүрөгүбүздү гана уга турган болсок, эмне болушу мүмкүн?

13 Албетте, Кудайга кызмат кылууда жүрөктүн катыштыгы абдан маанилүү. Биз Жахабаны бүт жүрөгүбүз менен сүйүүгө жана жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүүгө чакырылабыз (Мт. 22:37—39). Бирок жогорудагы абзацта келтирилген аяттардан көрүнүп тургандай, терс сезимдерибиздин ой жүгүртүүбүзгө, иш-аракетибизге таасир эткени өтө опурталдуу. Маселен, ачууланып турганда чечим чыгарсак, кесепети кандай болушу мүмкүн? Мурда ачууга алдырып чечим чыгарган болсок, бул суроонун жообу айкын (Накыл 14:17; 29:22). Же болбосо ындыныбыз өчүп, көңүлүбүз чөгүп турганда туура чечим чыгара алабызбы? (Сан. 32:6—12; Накыл 24:10). Ыйык Китепте «Кудайдын мыйзамына... кул» болгонубуз акылдуулукка жатары айтылганын эсиңден чыгарба (Рим. 7:25). Ооба, маанилүү чечим чыгарарда сезимдерибиздин үстөмдүк кылышына жол берсек, алданып, туура эмес чечим чыгарып коюшубуз ыктымал.

ЧЕЧИМИБИЗДИ ӨЗГӨРТҮШ КЕРЕК БОЛГОНДО

14. Кээде чечимибизди өзгөрткөнүбүз орундуу экенин каяктан билебиз?

14 Биз чечимди акылдуулук менен чыгарышыбыз керек. Бирок бул аны такыр өзгөртпөшүбүз керектигин билдирбейт. Кээде мурун чыгарган чечимибизди кайра карап көрүп, зарыл болсо, өзгөрткөнүбүз эстүүлүккө жатат. Жунус пайгамбардын күндөрүндө Жахабанын нинебиликтерге байланыштуу кандай иш-аракет кылганына токтололу. Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудай алардын иштерин, жаман жолдон кайра тартканын көрдү. Чыныгы Кудай аларга алаамат жиберем деген оюнан кайтып, алаамат жиберген жок»,— делет (Жун. 3:10). Нинебиликтердин өкүнүп, көз карашын өзгөрткөнүн көргөндө Жахаба аларга байланыштуу чыгарган чечимин өзгөрткөн. Ошентүү менен ийилчээктигин, момундугун, боорукердигин көрсөткөн. Андан сырткары, Жахаба, кайнап чыккан каарына алдырган көптөгөн адамдардан айырмаланып, эч качан ачууга алдырып иш кылбайт.

15. Эмнеден улам чечимибизди өзгөртүшүбүз керек болушу мүмкүн?

 15 Айрым учурларда, мисалы, жагдай-шартыбыз алмашканда, чечимибизди кайра карап чыкканыбыз туура болушу мүмкүн. Жахаба да жагдайга жараша кээде чечимдерин өзгөрткөн (1 Пад. 21:20, 21, 27—29; 2 Пад. 20:1—5). Же жаңы маалыматтан улам да чечимибизди өзгөртүшүбүз керектигин түшүнүшүбүз ыктымал. Алсак, Дөөтү падышага Шабулдун небереси Мепибешет жөнүндө туура эмес маалымат берилген. Бирок кийин Дөөтү ал тууралуу так маалымат алганда чечимин өзгөрткөн (2 Шем. 16:3, 4; 19:24—29). Айрым учурларда биздин да ушундай кылганыбыз акылдуулукка жатат.

16. а) Акылдуулук менен чечим чыгарыш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Мурда чыгарган чечимдерибизге байланыштуу эмне кылууга даяр болушубуз керек жана бул кайсы учурда зарыл болушу мүмкүн?

16 Кудайдын Сөзүндө маанилүү чечим чыгарарда шашпашыбыз керектиги кеңеш кылынат (Накыл 21:5). Андайда тиешеси бар нерселердин баарын кылдат таразалап чыгууга убакыт бөлсөк, ийгиликке жетерибиз күмөнсүз (1 Тес. 5:21). Үй-бүлө башчысы кандайдыр бир иш кыларда ага байланыштуу Ыйык Китепте жана адабияттарыбызда айтылгандарды изилдеп чыгышы жана үйүндөгүлөрүнүн оюн, көз карашын эске алышы керек. Кудайдын Ыбрайым пайгамбарга жубайы Саараны угушу керектигин айтканын эстесең (Башт. 21:9—12). Аксакалдар да изилдөө жүргүзүүгө убакыт бөлүшү кажет. Кээде алар мурда чыгарган чечимин өзгөртүшү зарыл экенин көрсөткөн жаңы маалымат окуп-билиши мүмкүн. Эгер алар ийилчээк, жөнөкөй болушса, андайда кадыр-баркыбызды түшүрүп алабыз деп коркпой, чечимин өзгөртүшөт. Аксакалдар зарыл учурларда оюн, чечимин өзгөртүүгө даяр болушу керек жана баарыбыз бул жагынан алардан үлгү алганыбыз абзел. Бул жыйналышта тынчтык жана тартип болушуна өбөлгө түзөт (Элч. 6:1—4).

ЧЕЧИМИҢЕ ЫЛАЙЫК ИШ КЫЛ

17. Чечим чыгарууда канткенде ийгиликке жете алабыз?

17 Айрым чечимдер башкасына салыштырмалуу олуттуу болот. Олуттуулары көбүрөөк убакыт бөлүп, терең ойлонууну, баарын тиленүү менен талдап чыгууну талап кылат. Алсак, кээ бир ишенимдештерибизге турмуш курууну же курбоону, ким менен баш кошууну чечиши керек болот. Дагы бир маанилүү чечим көптөгөн баталар менен коштолгон толук убакыттагы кызматты кантип жана качан баштоого байланыштуу. Мындай учурларда Жахабанын туура жетекчилик бере аларына жана берерине толук ишенишибиз кажет (Накыл 1:5). Биз Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди изилдеп, тиленүү аркылуу Жахабадан жол көрсөтүшүн суранышыбыз зарыл. Анын бизге өзүнүн эркине ылайык келген чечимдерди чыгарууга жардам бере турган сапаттарды өрчүтүүгө көмөк кыларын унутпа. Олуттуу чечим чыгарарда дайыма мындай деп ойлонуп көр: «Бул чечимим Жахабага болгон сүйүүмдү айгинелейби? Үй-бүлөмө кубаныч, тынчтык тартуулайбы? Чыдамдуу, боорукер экенимди көрсөтөбү?»

18. Эмне үчүн Жахаба өз алдыбызча чечим чыгарышыбызды каалайт?

18 Жахаба бизди аны сүйүүгө жана кызмат кылууга мажбурлабайт. Муну өзүбүз чечебиз. Ал бизге чечим чыгаруу эркиндигин бергендиктен ага кызмат кылууну же кылбоону тандоого болгон укугубузду жана жоопкерчилигибизди сыйлайт (Жаш. 24:15; Нас. 5:4). Ошол эле учурда анын жетекчилигине ылайык чыгарган чечимдерибизге жараша иш кылышыбызды күтөт. Жахабанын дайыма туура иш кыларына жана анын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн берген принциптеринин туура экенине ишенүү менен ага жаккандай чечим чыгарып, бардык жолдорубузда туруктуу экенибизди көрсөтө алабыз (Жкп. 1:5—8; 4:8).