Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАРТ, 2017

Жазылгандарды жүрөгүңө түйүп ал!

Жазылгандарды жүрөгүңө түйүп ал!

«Алардын башынан өткөндүн баары... дүйнө түзүлүштөрүнүн аягы келген убакта жашап жаткан бизге эскертүү иретинде жазылган» (1 КОР. 10:11).

ЫРЛАР: 49, 127

1, 2. Жүйүт элинин төрт падышасынын башынан өткөндөрдү карап чыкканыбыз эмне үчүн пайдалуу?

КИМДИР БИРӨӨНҮН тайгаланып жыгылып кеткенин көрсөң, ал жерден өтүп баратканда этияттамак болушуң керек. Анын сыңарындай, башкалардын катасы жөнүндө ой жүгүртүү алардын туура эмес ишин кайталабаганга жардам берет. Рухий жактан да ушинтип айтса болот. Башкалардын, анын ичинде Ыйык Китептеги инсандардын ката-кемчиликтери жөнүндө билүүнүн аркасында маанилүү нерселерге үйрөнө алабыз.

2 Мурунку макалада сөз кылынган жүйүт элинин төрт падышасы Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылышкан. Анткен менен алар да олуттуу каталарды кетиришкен. Алардын башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот жана алардын жаман жолуна түшүп калуудан канткенде кача алабыз? Ал падышалар жөнүндөгү билдирүүлөр бизге насаат катары алдын ала жазылгандыктан, алар тууралуу ой жүгүртүү баарыбызга пайдалуу болору шексиз. (Оку: Римдиктер 15:4.)

АДАМДЫН АКЫЛЫНА ТАЯНУУ КАРГАШАЛУУ

3—5. а) Аса бүт жүрөгү менен Жахабага берилсе да, кандай ката кетирген? б) Бааша падыша Жүйүт жерине кол салганы келгенде, Асанын адамга таянышына эмне себеп болушу мүмкүн эле?

3 Адегенде Аса падышанын окуясына токтололу жана Кудайдын Сөзү жашообузга кандай таасир этерин карап көрөлү.  Эфиопиялыктардын бир миллион аскери Жүйүт жерине кол салмакчы болгондо, Аса Жахабага таянган. Бирок Ысрайыл падышасы Бааша анын жеринин чек арасында жайгашкан Рама шаарын чыңдай баштаганда, Аса Кудайга таянган эмес (2 Жылн. 16:1—3). Анын ордуна, өз акылына таянган жана Баашага сокку урушу үчүн, Сирия падышасы Бенадатка пара берген. Анын ою оңунан чыкканбы? Ыйык Китепте: «Бул тууралуу укканда Бааша Рамадагы куруу иштерин токтотту»,— деп айтылат (2 Жылн. 16:5). Бир караганда, Аса максатына жеткендей көрүнгөн.

4 Бирок Жахаба буга кандай караган? Ал өзүнүн өкүлү Хананини жиберип, Асаны ага таянбаганы үчүн ашкерелеген. (Оку: 2 Жылнаама 16:7—9.) Ханани ага: «Мындан ары жериңде дайыма согуш болот»,— деген. Чынында эле, Бааша падыша артка чегингени менен, Асанын башкаруусунун аягына чейин анын жеринен согуш оту өчкөн эмес.

5 Ошентсе да, өткөн макаладан билгенибиздей, Кудай Асанын жүрөгүн текшерип, аны ага толугу менен берилген деп тапкан (1 Пад. 15:14). Жахабанын көз карашы боюнча, Аса негизинен ага берилгендик көрсөткөн, анын талаптарына жооп берген киши болгон. Ошондой болсо да ал туура эмес ишинин кесепетин тарткан. Баашага каршы турууда ал эмне себептен Жахабага эмес, адам баласына, тактап айтканда, Бенадатка жана өзүнө таянган? Ал Кудайдан жардам сураганга караганда падыша менен келишим түзүү же аскердик айла-амалды колдонуу алда канча натыйжалуу болот деп ойлогонбу? Же бирөө туура эмес кеңеш бергендиктен ошондой кылганбы?

6. Асанын катасынан кандай сабак алсак болот? Мисал келтир.

6 Аса падыша жөнүндөгү билдирүү иш-аракетибизди текшерип көрүүгө түрткү бериши керек. Опол тоодой көрүнгөн кыйынчылыктарга кабылганда Жахабага таянуу зарыл экенин дароо эле түшүнөбүз. Бирок күнүмдүк турмуштагы анча чоң эмес маселелерди чечүүгө келгенде эмне кылабыз? Аларды өзүбүз туура көргөндөй чечүүгө аракет кылып, өз акылыбызга таянабызбы? Же Ыйык Китептеги принциптер жөнүндө ой жүгүртүп, аларды иш жүзүндө колдонуу менен Жахабага таянарыбызды көрсөтөбүзбү? Мисалы, үйүңдөгүлөр жыйналышка же жыйынга барышыңа каршы болушу мүмкүн. Андайда Жахабадан жагдайды чечүүнүн туура жолун көрсөтүшүн сурап тиленесиңби? Же жумушуңан айрылып, башкасын табуу кыйын болуп жатат дейли. Акыры бир жумуш чыгып, жумуш берүүчү менен сүйлөшүп жатканда жума сайын жыйналышка барып турарыңды айтасыңбы? Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, забурчунун: «Жолуңду Жахабага тапшыр, ага таян, ошондо ал өзү иш-аракет кылат»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылганыбыз жакшы (Заб. 37:5).

ЖАМАН ЧӨЙРӨ САГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

7, 8. Жошапат кандай каталарды кетирген жана арты эмне менен бүткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

7 Асанын уулу Жошапат падыша жөнүндө эмне айтууга болот? Анын көп жакшы сапаттары болгон. Ал Кудайга таянып, көптөгөн жакшы иштерди кылган. Анткен менен ал да туура эмес чечимдерди чыгарган. Алсак, Ысрайыл түндүк падышалыгынын ыймансыз падышасы Ахап менен куда-сөөк болгон. Кийинчерээк Микая пайгамбардын эскерткенине карабай, Ахап менен чогуу сириялыктарга каршы согушканы барган. Ал жактан араң аман калып, Иерусалимге кайтып келген (2 Жылн. 18:1—32). Ошондо Жеху пайгамбар ага: «Ыймансызга жардам берип, Жахабаны жек көргөндү жакшы көргөнүң туурабы?» — деген. (Оку: 2 Жылнаама 19:1—3.)

8 Жошапат ошол окуядан бир нерсеге  үйрөнгөнбү? Ал Кудайга жагууга бүт ынтасы менен аракет кыла берсе да, кыязы, Ахап менен чогуу жүргөндө болгон окуядан жана Жехунун эскертүүсүнөн эчтекеге үйрөнбөгөн көрүнөт. Анткени кийинчерээк дагы туура эмес келишим түзгөн. Тагыраак айтканда, Кудайдын душманы жана Ахаптын уулу болгон ыймансыз падыша Ахазия менен чогуу иш кылууга макулдашкан. Экөө биргелешип кеме куруп, бирок кемелери талкаланып калгандыктан, максатына жетпей калышкан (2 Жылн. 20:35—37).

9. Жаман чөйрө бүт жашообузга кандай таасир этет?

9 Жошапат жөнүндөгү билдирүү бизге өзүбүздү текшерип көргөнгө түрткү бериши кажет. Кандайча? Жошапат негизинен жакшы падыша болгон. Ал туура иштерди кылып, «Жахабаны бүт жүрөгү менен издеген» (2 Жылн. 22:9). Ошентсе да башкалардын жаман таасирине алдырып койгон. Ыйык Китептеги: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деген насаатты эстесең (Накыл 13:20). Биз жакшы кабарга кызыккандарга чындык жолуна түшүүгө жардам берүүгө аракет кылабыз. Бирок Жошапат Ахап менен мамиле түзгөнүнүн кесепетинде өмүрүнөн айрылып кала жаздагандай эле, Жахабага кызмат кылбагандар менен өтө тыгыз мамиледе болгонубуз абдан кооптуу.

10. а) Үй-бүлө курууга байланыштуу Жошапаттын окуясынан эмнеге үйрөнсөк болот? б) Эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

10 Жошапат падышанын катасынан кандай сабак алсак болот? Кудайдын кызматчысы ишенимдештердин арасынан ылайыктуу жар таба албайм деп ойлоп, Жахабаны сүйбөгөн бирөөгө карата махабат сезимин өрчүтө башташы мүмкүн. Же кайсы бир ишенимдешибизге туугандары кысым көрсөтүп, «өтө кеч болуп кала электе» турмуш курууга үндөшү ыктымал. Анын үстүнө, бир ишенимдешибиз айткандай, «баарыбыз эле табиятыбыздан сүйүүгө, башкалар менен мамилелешүүгө муктажбыз». Эгер көңүлүңдөгүдөй жар таба албай жатсаң, эмне кылышың керек? Жошапат жөнүндө ой жүгүртүү сага жардам берет. Ал, адатта, Кудайдан жетекчилик сурачу (2 Жылн. 18:4—6). Бирок анын Жахабаны жакшы көрбөгөн Ахап менен карым-катнашта болгону эмнеге алып барды эле? Жошапат Жахабанын ага бүт жүрөгү менен  берилген адамдарды карап турарын эсинен чыгарбашы керек болчу. Бүгүнкү күндө да Жахаба «бүт жер жүзүн карап турат» жана күчүн биздин жыргалчылыгыбыз үчүн колдонууга даяр (2 Жылн. 16:9). Ал жагдайыбызды толугу менен билгенден сырткары, бизди аябай жакшы көрөт. Сен Кудайдын сүйүүгө жана мамилелешүүгө болгон муктаждыгыңды эң сонун жол менен канааттандыра аларына ишенесиңби? Анын өз убагында ошентерине эч шектенбе!

Ишенимдеш эмес бирөөгө карата махабат сезимин өрчүтүү кооптуу (10-абзацты кара)

ЖҮРӨГҮҢ ТЕКЕБЕРДЕНИП КЕТПЕСИН

11, 12. а) Хискиянын жүрөгүндө эмне бар экени кантип билинген? б) Хиския Кудайдын каарынан эмне үчүн аман калган?

11 Хискиянын окуясынан жүрөгүбүздө эмне бар экенин аныктоого үйрөнө алабыз. Жүрөктү изилдеген Кудай бир жолу Хискиянын жүрөгүнүн абалын текшерген. (Оку: 2 Жылнаама 32:31.) Хиския ооруп калганда, Кудай ага оорусунан айыгарын көрсөткөн белги берген, тактап айтканда, көлөкөнү артка жылдырган. Сыягы, Бабылдын төрөлөрү өкүлдөрүн ошол белги жөнүндө билип келүүгө жиберген (2 Пад. 20:8—13; 2 Жылн. 32:24). Ошондо Кудай Хискиянын жүрөгүндөгүсүн билиш үчүн «аны таштап койгон», башкача айтканда, ага эмне кылышы керектигин айткан эмес. Хиския болсо бабылдыктарга «казыналарынын баарын» көрсөткөн. Бул акылсыз ишинен анын жүрөгүнүн абалы айкын болгон.

12 Ыйык Китепте Хискиянын жүрөгү эмне үчүн текеберденип кеткени айтылбайт. Буга анын ашурлуктарды жеңгени же Кудайдын аны кереметтүү түрдө айыктырганы себеп болгонбу? Же «абдан көп байлыкка, атак-даңкка ээ болгонубу»? Кандай болбосун, Хиския текеберденип кетип, Кудайдын «жакшылыгын баалаган» эмес. Кандай гана өкүнүчтүү болгон! Ал Кудайдан ага бүт жүрөгү менен кызмат кылганын эстешин суранса да, ошол учурда ага жакпаган иш кылган. Бирок кийинчерээк «Хиския... моюн сунгандыктан», өзү да, эли да Жахабанын каарына калган эмес (2 Жылн. 32:25—27; Заб. 138:6).

13, 14. а) Жахаба бизди сынаш үчүн кандай учурда «таштап коюшу» мүмкүн? б) Кылган иштерибиз үчүн башкалар мактаганда, эмне кылышыбыз керек?

13 Хиския жөнүндөгү билдирүүнү окуп, ой жүгүртүү эмнеси менен пайдалуу? Хискиянын текебердиги Жахаба ага Сенхейрипти жеңүүгө жардам бергенден жана аны айыккыс оорусунан сакайткандан көп өтпөй эле айкын болгонун эстесең. Көзгө көрүнөрлүк бир нерсе кылганыбыздан кийин, Жахаба бизди да сынап, жүрөгүбүздө эмне бар экенин айкын кылыш үчүн «таштап коюшу» мүмкүнбү? Маселен, бир ишенимдешибиз аябай жакшы даярданып, калың элдин алдында баяндама айтат дейли. Анан аны көптөр макташат. Ошондо ал эмне кылат?

14 Башкалардан мактоо укканда Иса Машаяктын: «Силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз. Аткарышыбыз керек болгон нерсени гана аткардык“,— деп айткыла»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылышыбыз керек (Лк. 17:10). Бул жагынан да Хискиядан сабак алсак болот. Жүрөгү текеберденип кеткенде, ал Кудайдын ага кылган жакшылыгын баалабай калган. Жахабанын бизге канчалык көп жакшылык кылып келатканы тууралуу ой жүгүртүү ага жакпаган маанайдан алыс болууга жардам берет. Биз ал жөнүндө дайыма ыраазычылык менен сүйлөшүбүз кажет. Ал өзүнүн элине колдоо көрсөтүш үчүн Ыйык Жазманы да, ыйык рухун да берген.

 ЧЕЧИМ ЧЫГАРАРДА ЭТИЯТ БОЛ

15, 16. Жошия эмне үчүн Кудайдын коргоосунан жана өмүрүнөн айрылган?

15 Эми Жошия падышанын жеңилип, өмүрүнөн айрылышына эмне себеп болгонун жана андан кандай сабак алсак болорун карап чыгалы. (Оку: 2 Жылнаама 35:20—22.) Мисир падышасы Нехо ага каршы согуша турган ниети жок экенин айтса да, Жошия «аны менен беттешкени чыккан». Ыйык Китепте Кудайдын «Нехо аркылуу сүйлөгөнү» айтылат. Анда Жошия эмне үчүн аны менен согушканы чыккан? Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе жазылган эмес.

16 Жошия Нехонун сөздөрү Жахабадан болгонун кантип биле алмак? Ал ишенимдүү пайгамбарлардын бири Жеремиядан сураса болмок (2 Жылн. 35:23, 25). Бирок анын ошенткени жөнүндө эч жерде айтылбайт. Андан сырткары, Нехо Каркемишке бараткан болчу. Ал Иерусалим менен эмес, «башка эл менен согушмак». Анын үстүнө, Нехо Жахабага да, анын элине да тил тийгизген эмес. Ошондуктан Жошиянын ага каршы аттанганы туура эмес болгон. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Кайсы бир көйгөйгө кабылганда Жахабанын эрки эмнеде экенин аңдап-билгенибиз маанилүү.

17. Кыйынчылык пайда болгондо, бизге Жошиянын катасын кайталабаганга эмне жардам берет?

17 Кыйынчылык пайда болгондо, жагдайга тиешеси бар ыйык китептик принциптерди карап чыгып, аларды тең салмактуулук менен колдонушубуз керек. Айрым учурларда аксакалдар менен сүйлөшүүнү туура көрөттүрбүз. Балким, ага чейин жагдайыбызга байланышы бар мурун билген нерселерибиз жөнүндө ой жүгүртүп, атүгүл адабияттарыбызды колдонуп изилдөө жүргүзгөндүрбүз. Ал эми аксакалдар менен сүйлөшсөк, алар көңүлүбүздү Ыйык Китептеги дагы башка принциптерге бурушу мүмкүн. Мисалга жолдошу Жахабанын Күбөсү болбогон ишенимдешибиздин жагдайын алып көрөлү. Ал өзүнүн жакшы кабарды жарыялоого милдеттүү экенин билет (Элч. 4:20). Ал жуманын бир күнү кабарга чыгууну пландаштырып коёт. Бирок жолдошу акыркы кезде чогуу көп убакыт өткөрбөй калышканын жана аны менен чогуу бир нерсе кылгысы келерин айтып, ошол күнү үйдө болушун суранат. Андайда ишенимдешибиз Ыйык Китептеги буйруктар, алсак, Кудайга баш ийишибиз жана шакирт даярдоо ишине катышышыбыз керектиги жөнүндө ойлонушу мүмкүн (Мт. 28:19, 20; Элч. 5:29). Бирок ал күйөөсүнө баш ийгени, эстүү болгону маанилүү экенин да эске алышы керек (Эф. 5:22—24; Флп. 4:5). Жолдошу анын дегеле кабар айтуу ишине катышышына каршы болуп жатабы же ошол эле күнү үйдө калышын суранып жатабы? Ооба, Кудайдын эркин аткарууга жана абийирибизди таза сактоого аракет кылууда тең салмактуу болушубуз зарыл.

БҮТ ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛЫП, КУБАНЫЧ АЛА БЕР

18. Бул макалада талкууланган төрт падыша жөнүндөгү билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүүдөн кандай пайда аласың?

18 Жеткилеңсиз болгондуктан ар бирибиз эле кээде жогоруда талкууланган төрт падышаныкындай каталарды кетиришибиз мүмкүн. Биз 1) өзүбүз байкабай эле адамдын акылмандыгына таянышыбыз, 2) жаман чөйрөгө аралашып калышыбыз, 3) текеберденип кетишибиз же 4) Кудайдын эрки эмнеде экенин жакшылап изилдебей туруп чечим чыгарып коюшубуз ыктымал. Ошондой болсо да Жахаба төрт падышанын жакшы жактарын көрө билгендей эле, биздин да жакшы жактарыбызды көз жаздымында калтырбайт. Ал кандай гана боорукер Кудай! Ал биздин аны канчалык жакшы көрөрүбүздү, ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылууну канчалык каалаарыбызды эң сонун билет. Ошондуктан бизге олуттуу каталарды кетирбөөгө жардам берүү үчүн Ыйык Китепке эскертүү иретинде айрым инсандардын окуясын жаздырып койгон. Келгиле, ал билдирүүлөр жөнүндө ой жүгүртүп, Жахабага аларды биз үчүн жаздырып койгонуна ыраазычылык билдире берели!