Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Күзөт мунарасынын» изилдөөгө арналган чыгарылышы  |  Март, 2017

 ӨМҮР БАЯН

Акылдуулар менен жүрүп, көп нерсеге үйрөндүм

Акылдуулар менен жүрүп, көп нерсеге үйрөндүм

БРУКИНГС шаарында (Түштүк Дакота, АКШ) ошол күнү эртең менен дене-бойду чымыраткан салкын жел согуп турду. Ошондон улам суук болорун сездим. Так ошол күнү бир нече киши болуп суук сарайда муздак суу толтурулган аштоонун жанында калтырап-титиреп турдук. Ал жерде эмне үчүн турганыбызды жакшыраак түшүнүшүңөр үчүн, өзүмдүн тарых-таржымалымды бир аз айтып берейин.

ҮЙ-БҮЛӨБҮЗ

Атам агасы Алфред менен

Мен 1936-жылы 7-мартта жарык дүйнөгө келгем. Төрт баланын кичүүсүмүн. Биз Түштүк Дакотанын чыгышындагы чакан фермада жашачубуз. Чарбачылык үй-бүлөлүк жашообуздун маанилүү бөлүгү болчу, бирок эң негизги бөлүгү эмес эле. Ата-энем 1934-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болушкан. Экөө тең өздөрүн асмандагы Атабыз Жахабага арнагандыктан, анын эркин аткаруу алар үчүн баарынан маанилүү болчу. Атам Кларенс жана кийинчерээк анын агасы Алфред Түштүк Дакотанын Конд шаарындагы чакан жыйналышыбызда шериктик кызматчысы (азыр «аксакалдар кеңешинин координатору» деп аталат) болуп кызмат кылган.

Жыйналыш жолугушууларына баруу, үймө-үй кыдырып Ыйык Китептеги кереметтүү келечекке болгон үмүт жөнүндө башкаларга айтуу үй-бүлөлүк жашообуздун ажырагыс бөлүгү болчу. Ата-энебиздин үлгүсү, берген тарбиясы бизге аябай жакшы таасир этти. Дороти эжем да, мен да 6 жашыбызда Падышалыктын жарчысы болдук. Ал эми 1943-жылы жолугушууларыбыздын программасына жаңы эле кошулган Теократиялык кызмат мектебине жазылдым.

Пионердик кызматта, 1952-жыл

Жыйындарга калтырбай барчубуз. 1949-жылы Түштүк Дакотадагы Су-Фолс шаарында өткөн жыйында Грант Сьютер бир тууган чакырылган баяндамачы болгон. Анын «Силер ойлогондон да аз калды!» деген баяндамасы күнү бүгүнкүгө чейин эсимде. Ал өзүн Кудайга арнагандардын баары анын асманда орногон Падышалыгы  жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого бүт өмүрүн арнашы керектигин баса белгилеген. Бул мага Жахабага арналууга түрткү берген. Брукингсте өткөн кийинки райондук жыйында сөзүмдүн башында айткан баягы муздак сарайга барып, чөмүлөр кезегимди күтүп турдум. Ошентип, 1949-жылы 12-ноябрда төртөөбүз сарайдагы «көлмөдө», цинк капталган болот аштоодо, чөмүлдүк.

Анан пионер болууну максат кылып, 1952-жылы 1-январда 15 жашымда ал кызматка кириштим. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп айтылат эмеспи. Биздин үй-бүлөдө пионер болушумду колдогон акылдуу кишилер көп эле (Накыл 13:20). Атамдын Жулиус деген 60 жаштагы агасы пионердик кызматтагы шеригим болду. Жаш курагыбыз жагынан айырмабыз чоң болгонуна карабай, чогуу кызмат кылып, сонун күндөрдү өткөрдүк. Анын турмуштук тажрыйбасынан көп нерсеге үйрөндүм. Көп өтпөй Дороти эжем да пионердик кызматты баштады.

РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮЛӨРДҮН ЖАРДАМЫ

Кичинекей кезимде ата-энем райондук көзөмөлчүлөрдү жана алардын жубайларын биздикине түнөп кетүүгө көп чакырчу. Мага Жесси менен Линн Кантуэлл деген жубайлар чоң жардам көрсөтүшкөн. Чынында, пионер болууну чечүүгө мага ошолор түрткү берди. Алардын чын дилден көңүл бурганынын аркасында теократиялык максаттарды коюуга болгон каалоом өрчүгөн. Жакын жердеги жыйналыштарды кыдырганда алар кээде мени да кызматка чакыра турган. Алар менен кызматташуу ушунчалык жагымдуу, дем-шык берерлик болчу!

Алардан кийин биз жакта Бад Миллер менен жубайы Жоан райондук ишти аткарышты. Ал убакта мен 18 жашта болгондуктан аскердик кызматка байланыштуу маселе менен алышып жүргөм. Жергиликтүү аскердик комиссия алгач мени кызматтын бир түрүнө дайындаган. Бирок ал мага Исанын саясий иштерде бейтараптуу болууга байланыштуу берген буйругуна каршы келчүдөй сезилди. Анын үстүнө, мен Падышалык жөнүндө жакшы кабар айткым келчү (Жкн. 15:19). Ошондуктан аскердик комиссияга арыз жазып, мени аскерден бошотула турган кызматчылардын катарына кошушун сурандым.

Аскердик комиссия ишимди караарда, Бад бир тууган мени менен чогуу ал жакка барарын айтты. Ошондо абдан таасирлендим. Ал табиятынан ачык-айрым, тайманбас киши болчу, ошондой эле рухий жактан жетилген бир тууган эле. Жанымда ошондой кишинин болгону өзүмдү ишенимдүү  сезгенге жардам берди. Ошол жолугушууда чыгарылган чечимге ылайык, 1954-жылы жайдын аягында аскердик комиссия мени аскерден бошотула турган кызматчы деп тапты. Бул болсо дагы башка теократиялык максатыма жетүүгө жол ачты.

Бейтелге жаңы барганда, фермадагы машиненин жанында

Ошол убактарда Бейтелге чакырылып, Нью-Йорк штатындагы Стейтен-Айлендде жайгашкан Күзөт мунарасы коомунун фермасына (ал кезде ушинтип аталчу) дайындалдым. Ал жакта 3 жылдай кызмат кылдым жана көптөгөн акылдуу бир туугандар менен таанышып, кызматташуунун аркасында көп маанилүү нерселерге үйрөндүм.

БЕЙТЕЛДЕГИ КЫЗМАТЫМ

WBBR радиостанциясында Френц бир тууган менен

Стейтен-Айленддеги фермага WBBR радиостанциясы да карачу. Жахабанын Күбөлөрү аны 1924-жылдан 1957-жылга чейин колдонду. Фермада кызмат кылууга Бейтел үй-бүлөсүнөн 15-20дай эле киши дайындалган болчу. Көбүбүз жаш, тажрыйбасыз элек. Бирок арабызда бир топ жашка келип калган Элдон Вудвортс деген майланган бир тууган бар болчу. Ал, чындап эле, акылдуу киши эле. Анын атадай болуп кам көргөнү рухий жактан бекем болушубузга өбөлгө түздү. Жеткилеңсиздиктен улам бир туугандардын ортосунда келишпестик болгондо, ал: «Мырзабыздын кимдерди колдонуп кандай иштерди жасап жатканы өзүнчө эле керемет»,— деп айтып калчу.

Хэри Пэтэрсон кызматка ынталуу катышчу

Арабызда Фредерик Френц бир туугандын жүргөнү да биз үчүн чоң сыймык болчу. Анын акылмандыгы, Ыйык Жазманы ушунчалык мыкты билгени баарыбызга терең таасир эткен. Ал ар бирибизге жекече көңүл буруп турчу. Хэри Пэтэрсон деген байке болсо ашпозчубуз эле. Анын өз аты Папариоропулос болчу. Бирок аны айтыш кыйын болгондуктан, Хэри Пэтэрсон деп фамилиясынан айтчубуз. Ал да майланган болчу жана кызматка өзгөчө ынталуулук менен катышар эле. Пэтэрсон байке Бейтелдеги кызматын майын чыгара аткарчу, ошол эле учурда кабар айтуу ишине эч качан салкын мамиле кылчу эмес. Ал ай сайын жүздөгөн журнал таратчу. Ыйык Жазманы жакшы билгендиктен көп суроолорубузга жооп бере турган.

АКЫЛДУУ ЭЖЕ-КАРЫНДАШТАРДАН ҮЙРӨНҮШҮМ

Фермабызда өндүрүлгөн жашылчалар, жер жемиштер ошол жерде жайгашкан заводдо консерваланчу. Бүт Бейтел үй-бүлөсү үчүн жылына 42 600 литрдей жер жемиш менен жашылча жабылчу. Бул ишти аткарууда Этта Хут деген аябай акылдуу эже менен кызматташып калдым. Ал консервалоонун рецепттерине жооптуу болчу. Консервалоо мезгилинде жергиликтүү эже-карындаштар  жардам бергени келип турушчу. Этта эже алардын кимиси каякта иштээрин бөлүштүрүүгө да көмөк кылчу. Консервалоо ишинде негизги жоопкерчиликти аткарса да, ал ферманы көзөмөлдөгөн бир туугандарды урматтоодо мыкты үлгү көрсөтөр эле. Мен аны теократиялык тартипке баш ийүү жагынан үлгү катары эсептечүмүн.

Анжела экөөбүз Этта Хут менен

Консервалоого жардам бергени келгендердин арасында Анжела Романо деген жаш бир тууган бар эле. Ал чындык жолуна түшкөндө, Этта эже бир топ колдоо көрсөтүптүр. Ошентип, Бейтелде кызмат кылып жүрүп дагы бир акылдуу адам менен тааныштым. Аны менен бирге жүргөнүмө 58 жылдын жүзү болду. Анжи экөөбүз 1958-жылы апрелде баш кошуп, андан бери кызматтын көптөгөн түрлөрүнө катыштык. Анжинин Жахабага толук берилгендик сактаганы ушунча жылдар бою никебиздин бекем болушуна өбөлгө түзүп келатат. Кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, мен ага толугу менен таяна алам.

МИССИОНЕРДИК ЖАНА КЫДЫРУУЧУЛУК КЫЗМАТЫБЫЗ

1957-жылы Стейтен-Айленддеги WBBR радиостанциясы сатылгандан кийин, Бруклиндеги Бейтелде бир аз кызмат кылдым. Анжиге үйлөнгөндөн кийин Бейтелден кетип, экөөбүз Стейтен-Айлендде 3 жылдай пионер болуп кызмат кылдык. Бир канча убакыт биздин радиостанцияны сатып алгандар менен иштештим. Алар анын аталышын WPOW деп өзгөртүп коюшкан.

Анжи экөөбүз кайсы жерде болбосун кызмат кылууга даяр болуш үчүн жөнөкөй жашоону чечип алдык. Ошонун аркасында 1961-жылдын башында бир туугандар Небраска штатындагы Фолс Ситиде атайын пионер болуп кызмат кылууну сунуш кылганда, дароо макул болдук. Көп өтпөй эле Нью-Йорк штатындагы Саут-Лансинг шаарчасында өткөрүлө турган Падышалык кызмат мектебине чакырылдык. Ал мектеп ошол убакта 1 айга созулчу. Ал жактан билим алуу бизге аябай жакты. Небраскага кайтып барып, окуп-билгендерибизди колдонобуз деп жүрсөк эле, жаңы жерге — Камбожага — миссионер болуп дайындалып калдык. Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан ал ажайып кооз өлкөдөн өмүрү көрбөгөн кызыктуу нерселерди көрүп, эч качан укпаган үндөрдү угуп, искеп көрбөгөн жагымдуу жыттарды искеп, ырахат алдык. Биз ал жактагыларга жакшы кабарды жарыялоого дилгир элек.

Бирок өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөрүп кеткенине байланыштуу Түштүк Вьетнамга кетүүгө туура келди. Тилекке каршы, эки жылдын ичинде мен катуу ооруга чалдыгып, өлкөбүзгө кайтып бардык. Абалым жакшыргыча бир нече убакыт өттү. Анан кайра толук убакыттагы кызматыбызды уланттык.

Анжела экөөбүз телевизордон дил маек берерде, 1975-жыл

1965-жылы мартта кыдыруучулук ишке дайындалып, жыйналыштарды кыдыра баштадык. 33 жыл райондук жана облустук көзөмөлчү болуп кызмат кылып, жыйындарды уюштурууга катышып, Анжи экөөбүз көп кубаныч алдык. Ар бир жыйын мен үчүн өзгөчө болчу, ошондуктан аларды уюштурууга жардам берүү мага канааттануу тартуулачу. Биз Нью-Йоркто бир нече жыл кызмат кылып, «Янки» стадионунда өткөрүлгөн бир канча жыйынга катыштык.

БЕЙТЕЛДИК КЫЗМАТ ЖАНА ТЕОКРАТИЯЛЫК МЕКТЕПТЕР

Атайын толук убакыт кызмат кылган башка көптөгөн бир туугандардай эле, Анжи экөөбүз да кызматтын жүрөк толкуткан жана кыйынчылыктар менен коштолгон ар кандай түрүн аркаладык. Алсак, 1995-жылы Кызматка окутуу мектебинде сабак берүүгө дайындалдым. 3 жылдан  кийин Бейтелге чакырылдык. 40 жылдан ашуун убакыт мурун атайын толук убакыттагы кызматымды баштаган ошол жерге кайтып барганымда төбөм көккө жете сүйүндүм. Бир канча убакыт бою кызмат бөлүмүндө кызмат кылдым жана бир нече мектепте нускоочу болдум. Жетектөөчү Кеңештин 2007-жылы чыгарган чечимине ылайык, Бейтелде өткөрүлгөн мектептерди жаңы негизделген Теократиялык мектептер бөлүмү көзөмөлдөй баштады. Мага ошол бөлүмдүн көзөмөлчүсү болуу сыймыгы ыйгарылып, аны бир нече жыл аркаладым.

Акыркы жылдары теократиялык билим берүү тармагында болгон көптөгөн чоң өзгөрүүлөргө күбө болдук. Мисалы, 2008-жылы Жыйналыш аксакалдары үчүн мектеп ачылды. Ошондон кийинки 2 жылдын ичинде Патерсондо жана Бруклиндеги Бейтелде өткөрүлгөн ал мектептен 12 000ден ашуун аксакал билим алды. Учурда мектеп ар кайсы жерлерде өткөрүлүп, мыкты үйрөтүлгөн нускоочулар сабак берип жатышат. 2010-жылы болсо Кызматка окутуу мектеби Бойдок ага-инилер үчүн ыйык китептик мектеп деп өзгөртүлдү жана Жубайлар үчүн ыйык китептик мектеп ачылды.

2015-кызмат жылынан тартып ал эки мектеп бириктирилип, Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп деп аталып калды. Андан жубайлар, бойдок ага-инилер жана эже-карындаштар билим алып жатышат. Ал мектептин көптөгөн филиалдарда өткөрүлөрү кулактандырылганда, дүйнө жүзүндөгү канчалаган бир туугандарыбыз сүйүнүштү. Теократиялык билимдин кеңири кулач жайып жатканын көргөндө жүрөгүң кубанычтан толкуп чыгат. Көптөрдүн ошондой мектептерден билим алууга умтулуп жатканына аябай сүйүнөм.

Баягы суу толтурулган аштоодо чөмүлгөндөн берки жылдарыма кылчая караганымда мага чындык жолунда жүрүүгө жардам берген акылдуу адамдар үчүн Жахабага чексиз ыраазы болом. Алар курагы, тек-жайы, маданияты жагынан менден айырмаланышчу. Бирок баары ички дүйнөсүндө, жүрөгүндө, рухийликти баалаган адамдар эле. Алардын Жахабаны ушунчалык жакшы көрөрү иштеринен, маанайынан көрүнүп турчу. Жахабанын уюмунда биз достошо турган акылдуу бир туугандар абдан арбын. Мен так ошондой бир туугандар менен жүрүп, көп нерсеге үйрөндүм.

Дүйнө жүзүнөн келген студенттер менен маектешүүдөн кубаныч алам