Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2016

Ырайымдын аркасында кулчулуктан бошонгонбуз

Ырайымдын аркасында кулчулуктан бошонгонбуз

«Күнөө силерге үстөмдүк кылбашы керек, анткени силер... ырайымдын бийлиги астындасыңар» (РИМ. 6:14).

ЫРЛАР: 2, 61

1, 2. Жахабанын Күбөлөрү Римдиктер 5:12де жазылгандарга эмне үчүн чоң маани беришет?

ӨЗҮҢДҮН Жахабанын Күбөлөрү жакшы билген жана көп колдонгон аяттарды тизмелеп жатканыңды элестетсең. Римдиктер 5:12ни тизменин баш жагына жазат белең? Ал аяттагы: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— деген сөздөрдү кызматта жүргөндө канчалык көп колдоноруң жөнүндө ойлонуп көрсөң.

2 «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебинде Римдиктер 5:12 бир канча жолу келтирилет. Ал китепти балдарың же дагы башка бирөөлөр менен изилдеп жатканда 3, 5, 6-бөлүмдөрдөн Кудайдын жерди эмне үчүн жаратканы, кун жана өлгөндөрдүн абалы жөнүндө окуганда Римдиктер 5:12ни окуп-талкуулаарың күмөнсүз. Бирок ал аятта жазылгандардын жеке өзүңө, мисалы, Жахабанын алдындагы абалыңа, иштериңе, келечегиңе кандай тиешеси бар экени жөнүндө канчалык көп ой жүгүртөсүң?

3. Эмне талашсыз чындык?

3 Адамдардын баары күнөөкөр экени — талашсыз чындык. Биз күн сайын ката кетиребиз. Анткен менен Кудай биздин топурактан жаратылганыбызды эске алып, кайрымдуулук көрсөтөрүнө шектенбесек болот (Заб. 103:13, 14). Иса Машаяк үлгү  иретиндеги тиленүүсүндө Кудайдан: «Күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— деп өтүнүшүбүз керектигин айткан (Лк. 11:2—4). Демек, Кудай кечирген ката-кемчиликтерибизди кайра-кайра ойлой берүүнүн кажети жок. Бирок анын күнөөлөрүбүздү эмненин негизинде кечирери жөнүндө ой жүгүртүп турганыбыз абдан пайдалуу болот.

КУДАЙ ЫРАЙЫМЫНАН УЛАМ КЕЧИРЕТ

4, 5. а) Римдиктер 5:12нин маанисин тереңирээк түшүнүүгө эмне жардам берет? б) Римдиктер 3:24төгү «ырайым» деген сөз эмнени билдирет?

4 Римдиктер 5:12нин контекстинен, айрыкча, 6-бөлүмдөн аябагандай маанилүү ойлорду таба алабыз. Аларды изилдөө Жахабанын бизди кантип кечирерин түшүнүүгө жардам берет. Римдиктер китебинин 3-бөлүмүнөн: «Бардыгы күнөө кетир[ген]... Бирок Кудай аларды Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде эркиндикке чыгарып, өзүнүн ырайымы менен адил деп жарыялады. Бул — анын берген белеги»,— дегенди окуйбуз (Рим. 3:23, 24). Элчи Пабыл «ырайым» деген сөз менен эмнени айткысы келген? Ал колдонгон грек сөзү, бир эмгекке ылайык, «кимдир бирөөгө андан эч нерсе талап кылбай же үмүт этпей, чын дилден жакшы мамиле кылууну» туюнтат. Ооба, ал кимдир бирөөгө, татыксыз болсо да, жакшылык кылууну билдирет.

5 Жон Паркхерст деген окумуштуу мындай деп жазган: «Кудай же Машаяк жөнүндө сөз жүргөндө, [ал грек сөзү] көбүнчө алардын адамдарды кун төлөп сатып алууда жана куткарууда эч кандай акы талап кылбай, алар татыктуу болбосо да, жакшылык кылганына же боорукердик көрсөткөнүнө карата колдонулат». Бирок Кудай адамдарга кантип ырайым көрсөткөн? Кудайдын ырайымы келечегиңе, аны менен болгон мамилеңе кандай таасир этет? Анда ушул суроолорго жооп алалы.

6. Кудайдын ырайымынан ар бирибиз кандай пайда алабыз?

6 Бир киши — Адам ата — аркылуу дүйнөгө күнөө жана өлүм кирген. Ошентип, «бир адамдын кылмышынын айынан өлүм... падыша катары бийлик кылып» келет. Бирок Пабыл «бир адам» — Иса Машаяк аркылуу — Кудайдын «мол ырайымы» көрсөтүлгөнүн да айткан (Рим. 5:12, 15, 17). Ошол ырайым бүт адамзатка пайда алып келүүдө. Тактап айтканда, «бир адамдын [Исанын] тил алчаактыгынан көптөр адил боло» алышат. Ооба, Кудайдын ырайымы бизди «Иса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө жеткирет» (Рим. 5:19, 21).

7. Кундун төлөнүшү Кудайдын улуу ырайымынын далили деп эмне үчүн айтууга болот?

7 Жахаба Уулун жерге жиберип, кун катары берүүгө милдеттүү болгон эмес. Андан сырткары, жеткилеңсиз, күнөөкөр адамдар Кудай менен Иса Машаяктын күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн зарыл болгон кунду төлөшүнө татыктуу эмес болчу. Андыктан Кудайдын күнөөлөрүбүздү кечирип, келечекте түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт берип жатканы, чындап эле, анын улуу ырайымынын далили. Ар бирибиз анын ырайымын жогору баалап, аны күн сайын жашообуз менен көрсөтүшүбүз керек.

КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫН БААЛАЙЛЫ

8. Айрымдар күнөөсүнө карата кандай жаңылыш көз карашта?

8 Адам атанын жеткилең эмес урпактары болгондуктан баарыбыз ката кетирүүгө, туура эмес иш жасоого, күнөө кылууга жакын келебиз. Ошентсе да Кудайдын ырайымын баалабай: «Күнөө кылсам деле эчтеке эмес, Кудай кечирет»,— деп ойлогонубуз таптакыр туура эмес болмок. Өкүнүчтүүсү, кээ бир элчилердин көзү тирүүсүндө да Исанын айрым жолдоочулары ушинтип ой жүгүртүшкөн. (Оку: Жүйүт 4.) Биз сыртыбыздан ушу сыяктуу сөздөрдү айтпасак да, андай көз караштын үрөнү жүрөгүбүздө бар болушу  же бара-бара пайда болуп, өрчүп кетиши ыктымал.

9, 10. Пабыл менен башка шакирттер кандайча күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонушкан?

9 Элчи Пабыл: «Кудай мени жакшы түшүнөт, туура эмес иштериме, күнөөлөрүмө көз жуумп коёт»,— деген ойдон алыс болушубуз керектигин баса белгилеген. Эмне үчүн? Себеби, ал өзү жазгандай, Машаяктын жолдоочулары «күнөө үчүн өлүшкөн». (Оку: Римдиктер 6:1, 2.) Алар тирүү жүрсө, эмне үчүн аларды «күнөө үчүн өлүшкөн» деп айткан?

10 Кудай кундун негизинде Пабылдын жана ошол убактагы башка кызматчыларынын күнөөсүн кечирген, аларды ыйык руху менен майлап, рухий уулдары катары асырап алган. Ошондуктан алар келечекте асманда жашоого үмүттөнүшкөн. Эгер аягына чейин ишенимдүүлүгүн сакташса, асманга тирилип, Машаяк менен чогуу бийлик кылышмак. Бирок алар жерде Кудайга кызмат кылып жүргөн кезде эле Пабыл аларды «күнөө үчүн өлүшкөн» деп айта алган. Ал адам катары өлүп, кайра өлбөс рух катары асманга тирилген Исаны мисал кылган. Иса тирилгенден кийин, өлүм андан ары ага бийлик кыла алган эмес. Өздөрүн «күнөө үчүн өлүк деп, ал эми Кудай үчүн Машаяк Иса аркылуу тирүү деп эсептеген» майлангандар жөнүндө да ушуну айтууга болот (Рим. 6:9, 11). Алардын жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн. Алар мурдагыдай туура эмес каалоолорунун, кумарларынын кулу болбой калышкан. Мындайча айтканда, мурунку жашоосу үчүн өлүшкөн.

11. Жер бетиндеги Бейиште жашоого үмүттөнгөндөр кандай мааниде «күнөө үчүн өлүшкөн»?

11 Биз тууралуу эмне десек болот? Чындык жолуна түшкөнгө чейин биз көп күнөө кылчубуз. Балким, кылган иштерибиздин Кудайдын көз алдында канчалык жаман, туура эмес экенин түшүнгөн да эместирбиз. Каймана мааниде «ыпыластык менен мыйзамсыздыктын», «күнөөнүн кулу болчубуз» (Рим. 6:19, 20). Ал эми Ыйык Китептеги чындыкты билгенде жашообузду өзгөртүп, өзүбүздү Кудайга арнап, чөмүлдүк. Ошондон тартып биз Кудайдын окууларына жана талаптарына «чын жүрөктөн баш ийүүгө» дилгирбиз. Ыйык Китептин тили менен айтканда, «күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, адилдиктин кулу болуп калдык» (Рим. 6:17, 18). Ошондуктан биз да «күнөө үчүн өлгөнбүз» деп айта алабыз.

12. Ар бирибиз эмнени өзүбүз чечебиз?

12 Эми элчи Пабылдын: «Дене кумарларына баш ийбешиңер үчүн, күнөөнүн өлө турган денеңердин үстүнөн падыша катары бийлик кылышына жол бербегиле»,— деген сөздөрү жөнүндө ой жүгүртүп, өзүбүздү текшерип көрөлү (Рим. 6:12). Эгер жеткилең эмес денебиздин каалоолоруна жетеленсек, күнөөнүн «бийлик кылышына жол берип» койгон болобуз. Күнөөнүн бийлик кылышына жол беребизби, жокпу, өзүбүз чечкендиктен, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө эмнени каалаарыбызды текшерип көрүшүбүз зарыл. Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Кээде күнөөкөр денемдин каалоолоруна жетеленип, жаман ишке барбаймынбы? Же чындап эле „күнөө үчүн өлгөнмүнбү“? „Кудай үчүн Машаяк Иса аркылуу тирүүмүнбү“?» Бул суроолорго кандай жооп берериң Кудайдын ырайым кылып, күнөөлөрүңдү кечиргени үчүн канчалык ыраазы экениңе жараша болот.

ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕ АЛАБЫЗ

13. Туура эмес иштерден баш тарта аларыбызга эмне үчүн шектенбесек болот?

13 Жахабанын кызматчылары аны таанып-билип, сүйүп, ага кызмат кылганга чейин жасаган иштеринин баарынан баш тартышкан. Кээ бирөөлөрү өлүмгө алып бара турган, кийин өздөрү уялган иштерди кылып келишкен (Рим. 6:21). Бирок алар өзгөрүшкөн. Буга байыркы Корунт шаарындагы көптөгөн  ишенимдештерибиз мисал боло алат. Алардын арасында бурканга табынгандар, ойноштук кылгандар, эркектер менен жатып жүргөн эркектер, уурулар, аракечтер жана башка жаман иштерди кылгандар болгон. Бирок алар «жуулуп», ыйыкталышкан (1 Кор. 6:9—11). Римдеги жыйналыштын кээ бир мүчөлөрү да ошондой өзгөрүүлөрдү кылышкан. Пабыл ыйык рухтун жетеги менен аларга: «Дене мүчөлөрүңөрдү күнөөгө адил эместиктин куралы катары бербегиле, тескерисинче, өзүңөрдү Кудайга өлгөндөрдүн арасынан тирилгендер катары жана дене мүчөлөрүңөрдү адилдиктин куралы катары бергиле»,— деп жазган (Рим. 6:13). Пабыл алардын рухий жактан таза бойдон калып, Кудайдын ырайымынан пайда ала берерине толук ишенген.

14, 15. «Чын жүрөктөн баш ийүүгө» чечкиндүү экенибизди кантип көрсөтөбүз?

14 Бүгүнкү күндө да ошондой. Айрым ишенимдештерибиз бир кездерде корунттуктардай болушкан. Бирок алар да өзгөрүп, ыпылас иштеринен баш тартып, тазаланышкан. Сен тууралуу эмне айтууга болот? Мурунку иштериң кандай болбосун, эң негизгиси азыр Кудайдын алдында кандай атка ээсиң? Анын ырайымына ээ болуп, күнөөлөрүң кечирилгендиктен, мындан ары дене мүчөлөрүңдү күнөөнүн кулу кылбоого чечкиндүүсүңбү? Анын ордуна, каймана мааниде «өлгөндөрдүн арасынан тирилген» адам катары өзүңдү Кудайга кызмат кылууга арнап, ага жаккандай жашап жатасыңбы?

15 Кудайдын ырайымына ээ болуп, күнөөнүн бийлигинен бошонуш үчүн баарыбыз Корунттагы айрым кишилер кылган олуттуу күнөөлөрдөн жаа бою качканыбыз маанилүү. Бирок кээ бирлер олуттуу күнөө эмес деп эсептеген иштер жөнүндө эмне айтууга болот? Андай иштерден да оолак болууга бүт күчүбүздү жумшап, Жахабага «чын жүрөктөн баш ийүүгө» чечкиндүү экенибизди көрсөтүп жатабызбы? (Рим. 6:14, 17).

16. Кудайдын кызматчысы олуттуу күнөөлөрдөн эле эмес, башка туура эмес иштерден да качышы керектигин кайдан билебиз?

16 Элчи Пабыл жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Анын 1 Корунттуктар 6:9—11-аяттарда саналып өткөн олуттуу күнөөлөрдү кылбаганы шексиз. Ошентсе да ал: «Мен... күнөөгө кулчулукка сатылган пендемин. Эмне кылып жатканымды өзүм билбейм. Анткени кылгым келген нерсени кылбайм да, жек көргөн нерсемди кылам» — деп, өзүнүн дагы деле күнөөкөр экенин мойнуна алган (Рим. 7:14, 15). Мындан көрүнүп тургандай, Пабыл олуттуу күнөөгө жатпаган иштерди да күнөө деп эсептеп, алар менен күрөшкөн. (Оку: Римдиктер 7:21—23.) Биз да Жахабага чын жүрөктөн баш ийиш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек.

17. Эмне үчүн чынчыл болгуң келет?

17 Мисалга чынчылдыкты алалы. Жахабанын кызматчыларынын чынчыл болушу талап. (Оку: Накыл сөздөр 14:5; Эфестиктер 4:25.) Шайтан — «жалгандын атасы». Ошондой эле, биз билгендей, Анания менен аялы калп айтканы үчүн өмүрүнөн айрылган. Биз алардай болгубуз келбейт. Ошондуктан жалган сүйлөгөндөн качабыз (Жкн. 8:44; Элч. 5:1—11). Бирок чынчыл болуу деген ушуну эле билдиреби? Эгер Кудайдын ырайымына терең ыраазы болсок, калптын бардык түрүнөн алыс болобуз.

18, 19. Эмне үчүн чынчыл болуу деген ачыктан ачык калп айтпоону эле билдирбейт?

18 Калп айтуу деген туура эмес, жалган нерсени айтууну билдирет. Бирок Жахаба кызматчыларынын ачыктан ачык эле эмес, жымсалдап да калп айтышын каалабайт. Ал байыркы ысрайыл элин: «Ыйык болгула, анткени мен, силердин Кудайыңар Жахаба, ыйыкмын»,— деп үндөгөн. Анан өзү ыйык болуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Ошондой эле аларга: «Уурдабагыла, калп айтпагыла, жакыныңарды митаамдык менен алдабагыла»,— деген (Леб. 19:2, 11). Адам ачык калп айтпаса да, башкаларды  митаамдык менен адаштырып, туура эмес нерсеге ишендирип коюшу мүмкүн.

Ачык калп айтуудан, башкаларды амалкөйлүк менен адаштыруудан качабызбы? (19-абзацты кара)

19 Маселен, кимдир бирөө жумуштагы жетекчисине же чогуу иштегендерине дарылануусуна байланыштуу кийинки күнү жумушка чыкпай турганын же жумуштан эртерээк кетиши керектигин айтышы мүмкүн. Бирок ал, чынында, жолдон дарыканага эле тийип өтмөк же доктурга барып, акча төлөп эле чыкмак. Жумушка чыкпай турганынын чыныгы себеби ал бир жакка эс алганы же үй-бүлөсү менен көл жээкке барганы жаткан. «Дарылануума байланыштуу» деген сөздөрүндө чындыктын күкүмү бар болсо да, аны чынчылдык менен иш кылды деп айта аласыңбы? Же башкаларды амалкөйлүк менен адаштырып койдубу? Балким, сен ушуга окшогон дагы башка жагдайларга күбө болгондурсуң. Кээ бирлер жазадан корккондуктан же пайда көрүш үчүн ошентиши мүмкүн. Алар ачыктан ачык жалган сүйлөбөсө да, Кудайдын: «Митаамдык менен алдабагыла»,— деген буйругуна баш ийген болушабы? Биз Римдиктер 6:19дагы: «Ыйык иштерди кылуу үчүн дене мүчөлөрүңөрдү адилдиктин кулу кылгыла»,— деген сөздөргө да ылайык иш кылгыбыз келет.

20, 21. Кудайдын ырайымына чындап ыраазы болсок, эмнелерден алыс болобуз?

20 Демек, Кудайдын ырайымына ыраазы болсок, корунттуктардын айрымдары кылган ойноштук, аракечтик сыяктуу олуттуу күнөөлөрдөн да, башка туура эмес иштерден да качабыз. Алсак, жыныстык адеп-ахлаксыздыктан эле эмес, ошондой иштер камтылган көңүл ачуулардан да оолак болобуз. Дене мүчөлөрүбүздү адилдиктин кулу кылганыбыз бизге ичкиликке берилбегенден тышкары, дээрлик мас болуп калганчалык деңгээлде ичпөөгө да түрткү берет. Ушу сыяктуу иштерди кылбаш үчүн талыкпай күрөшүү талап кылынса да, жеңишке жете алабыз.

21 Биздин максатыбыз — чоң күнөөлөрдөн эле эмес, анча олуттуу эмес деп эсептелген иштерден да алыс болуу. Албетте, муну жеткилең түрдө кыла албайбыз. Ошентсе да, элчи Пабылдай болуп, аракет кыла беришибиз керек. Ал ишенимдештерин: «Дене кумарларына баш ийбешиңер үчүн, күнөөнүн өлө турган денеңердин үстүнөн падыша катары бийлик кылышына жол бербегиле»,— деп чакырган (Рим. 6:12; 7:18—20). Күнөө аттуунун баарынан оолак болуу менен Кудайдын Машаяк аркылуу көрсөткөн ырайымына чындап ыраазы экенибизди айгинелейбиз.

22. Кудайдын ырайымына ыраазы экенин көрсөткөндөр кандай сыйлык алышат?

22 Кудай улуу ырайымынан улам күнөөлөрүбүздү кечирип келет. Ага мындан ары да ыраазы болуп, башкалар анча олуттуу эмес деп эсептеген күнөөлөрдү да кылбаш үчүн күч жумшай берели. Кылган аракетибиз үчүн кандай сылык аларыбызды баса белгилеп, Пабыл мындай деген: «Күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар, ошондуктан силердин жемишиңер — ыйыктык; анын жыйынтыгы — түбөлүк өмүр» (Рим. 6:22).