Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2016

«Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоп», өмүр менен тынчтыкка ээ бол

«Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоп», өмүр менен тынчтыкка ээ бол

«Рухтун каалоосу боюнча жашагандар рухка мүнөздүү нерселерди ойлошот» (РИМ. 8:5).

ЫРЛАР: 45, 36

1, 2. Эмне себептен Исанын майланган жолдоочулары Римдиктер 8-бөлүмдө жазылгандарга өзгөчө маани беришет?

БАЛКИМ, сен Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү маалында Римдиктер 8:15—17-аяттарды окуган чыгарсың. Бул аяттарда Исанын майланган жолдоочулары асманга чакырылганын кантип билери, тактап айтканда, ыйык рух алардын руху менен бирге күбөлөндүрөрү түшүндүрүлөт. Ал бөлүмдүн биринчи аятында «Машаяк Иса менен биримдикте болгондор» жөнүндө айтылган. Анда Римдиктер 8-бөлүмдө жазылгандар майлангандарга эле тиешелүүбү? Же ал сөздөрдөн жерде жашоого үмүттөнгөндөр да пайда ала алышабы?

2 Негизинен, ал бөлүмдө Исанын майланган жолдоочулары тууралуу айтылган. Алар «рухка ээ болуп», Кудайдын аларды «уулдары катары асырап алышын,.. [денесинен] бошонууну чыдамсыздык менен күтүп жатышат» (Рим. 8:23). Ооба, майлангандар келечекте Кудайдын уулдары катары асманда жашашат. Буга эч кандай шек жок, себеби алар чөмүлгөндө, Кудай кундун негизинде алардын күнөөлөрүн кечирип, рухий уулдары катары адил деп жарыялаган (Рим. 3:23—26; 4:25; 8:30).

3. Римдиктер 8-бөлүмдөн жерде жашоого үмүттөнгөндөр да пайда ала алышат деп эмне үчүн айтууга болот?

3 Чынында, Римдиктер 8-бөлүмдө жазылгандар жерде жашоого үмүттөнгөндөр үчүн да пайдалуу, анткени Кудай  аларды да кандайдыр бир мааниде адил деп эсептейт. Муну Пабылдын ошол катынын ага чейинки бөлүмүндөгү сөздөрү далилдеп турат. 4-бөлүмдө ал Ыбрайым пайгамбар тууралуу сөз кылган. Ишеними күчтүү ал киши Жахаба ысрайыл элине Мыйзам бергенден жана Иса биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөндөн көп убакыт мурун жашаган. Ошентсе да Жахаба Ыбрайымды, зор ишеним көрсөткөнү үчүн, адил деп жарыялаган. (Оку: Римдиктер 4:20—22.) Ал жерде жашоого үмүттөнгөн бүгүнкү күндөгү ишенимдүү кызматчыларын да адил деп эсептейт. Демек, алар да Римдиктер 8-бөлүмдөгү кеңештерден пайда ала алышат.

4. Римдиктер 8:21деги сөздөр кайсы суроо тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берет?

4 Римдиктер 8:21деги сөздөр жаңы дүйнө сөзсүз орной турганын тастыктап турат. Бул аятта убада кылынгандай, жаратылгандар «жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгат». Бирок биз ал сыйлыкка ээ болобузбу, жаңы дүйнөдө жашайбызбы, кеп мына ушунда. Сен өзүңдүн ошол убакта жашаарыңа толук ишенесиңби? Римдиктер 8-бөлүмдө жаңы дүйнөдө жашаш үчүн эмне кылсаң болору айтылат.

«ДЕНЕГЕ МҮНӨЗДҮҮ НЕРСЕЛЕРДИ ОЙЛОО»

5. Римдиктер 8:4—13-аяттарда Пабыл кайсы маанилүү нерсе тууралуу айткан?

5 Оку: Римдиктер 8:4—13. Римдиктер 8-бөлүмдө «дененин каалоосу боюнча жашагандар» менен «рухтун каалоосу боюнча жашагандар» жөнүндө кеп кылынат. Айрымдар бул жерде чындык жолунда жүргөндөр менен жүрбөгөндөрдүн, тактап айтканда, Кудайдын кызматчылары менен кызматчысы болбогондордун айырмасы көрсөтүлгөн деп ойлошу мүмкүн. Бирок Пабыл, чынында, «Кудайдын сүйүктүүлөрүнө», «Римдеги ыйык болууга чакырылгандардын баарына» жазган (Рим. 1:7). Ырас, ал дененин каалоосу боюнча жашаган ишенимдештери менен рухтун каалоосу боюнча жашаган ишенимдештеринин айырмасын көрсөткөн. Анда алардын айырмасы эмнеде эле?

6, 7. а) Ыйык Китепте «дене» деген сөз кандай мааниде колдонулат? б) Римдиктер 8:4—13-аяттарда Пабыл «дене» деген сөздү кандай мааниде колдонгон?

6 Адегенде «дене» деген сөзгө токтололу. Пабыл бул сөз менен эмнени айткысы келген? Ыйык Китепте «дене» деген сөз ар кандай мааниде колдонулат. Айрым учурларда ал кадимки денеге карата айтылат (Рим. 2:28; 1 Кор. 15:39, 50). Ошондой  эле кээде туугандыкка карата да колдонулат. Мисалы, Жүйүт бир туугандарына Жусуп тууралуу: «Ага зыян кылгандан көрө, Ысмайылдын тукумдарына сатып жибербейлиби. Кантсе да, бир тууганыбыз, денебиз эмеспи»,— деген (Башт. 37:27, шилт.).

7 Бирок Римдиктер 8:4—13-аяттарда «дене» деген сөз башка мааниде колдонулган. Муну түшүнүүгө Пабылдын 7-бөлүмдө жазган сөздөрү жардам берет. Ал «дененин каалоолоруна жетеленип жашоону» дене мүчөлөрүндө «үстөмдүк кылган» «күнөөгө алып баруучу кумарлар» менен байланыштырган (Рим. 7:5). Бул «дененин каалоосу боюнча жашоо», «денеге мүнөздүү нерселерди... ойлоо» деген сөздөрдүн маанисин түшүнүүгө көмөк кылат. Пабыл ал сөздөрдү өздөрүнүн каалоосуна, кумарына жетеленген, ошону эле ойлогон адамдарга карата колдонгон. Андай адамдардын көбүнүн эси-дартын адеп-ахлаксыз же дагы башка ыпылас, туура эмес каалоолор ээлеп алат.

8. Эмне үчүн Пабылдын майлангандарга «дененин каалоосу боюнча жашабашы» керектигин эскерткени жөндүү болгон?

8 Бирок эмне үчүн Пабыл майлангандарга «дененин каалоосу боюнча жашабашы» керектигин эскерткен? Биздин күндөрдө да Кудай өзүнүн досу деп эсептеп, адил деп жарыялаган адамдар «дененин каалоосу боюнча жашап» калышы мүмкүнбү? Өкүнүчтүүсү, мындай тузакка Исанын ар бир эле жолдоочусу түшүп калышы ыктымал. Маселен, Пабыл Римдеги айрым бир туугандардын «өз курсагынын [же каалоосунун] кулу» болгонун жазган. Муну менен ал жыныстык мамиле, тамак-аш жана башка нерселер алардын жашоосунда башкы орунду ээлеп алганын айткысы келген. Ошондой эле алардын кээ бирлери «ишенчээк адамдарды» азгырышкан (Рим. 16:17, 18; Флп. 3:18, 19; Жүй. 4, 8, 12). Андан тышкары, Корунттагы шакирттердин бири атүгүл «атасынын аялы менен жашап жүргөн» (1 Кор. 5:1). Андыктан Кудайдын Пабыл аркылуу өзүнүн кызматчыларына «денеге мүнөздүү нерселерди ойлоодон» сак болушу керектигин эскерткени бекеринен эмес (Рим. 8:5, 6).

9. Пабылдын Римдиктер 8:6дагы эскертүүсү эмнени билдирбейт?

9 Ал эскертүүгө кулак кагуу азыр да абдан маанилүү. Кудайдын кызматчысы ага көп жыл кызмат кылгандан кийин деле «денеге мүнөздүү нерселерди ойлой» башташы мүмкүн. Албетте, бул кээде тамак-аш, жумуш, эс алуу же көңүлүбүзгө жаккан киши жөнүндө ойлонуу туура эмес дегенди билдирбейт. Булар жашообуздун  ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Иса да тамак-аштан ырахат алган, башкаларды тойгузган, эс алууга убакыт бөлгөн. Андан тышкары, Пабыл никеде жыныстык мамиленин маанилүү орунду ээлей турганын жазган.

Сөзүңөн рухий нерселерди ойлооруң көрүнөбү же денеге мүнөздүү нерселердиби? (10, 11-абзацтарды кара)

10. Римдиктер 8:5, 6дагы «денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо» деген сөздөр эмнени билдирет?

10 Анда Пабыл «денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо» деген сөздөр менен эмнени айткысы келген? Ал колдонгон грек сөзү «оюн же каалоосун ишке ашыруу үчүн бүт акылын же жүрөгүн ошого бурууну, кылдат ойлонуштурууну билдирет». Мындай кылгандар негизинен күнөөкөр табиятынын каалоолоруна жетеленип жашашат. Бир окумуштуу Римдиктер 8:5 тууралуу мындай деген: «Алар денеге мүнөздүү нерселерди ойлошот, атап айтканда, ал нерселерге терең кызыгышат, дайыма ошолор жөнүндө эле сүйлөшөт, аларга берилишет жана алардан ырахат алышат».

11. Кайсы нерселер көңүлүбүздү ээлеп алышы мүмкүн?

11 Машаяктын Римдеги жолдоочулары өздөрүнүн эмнеге көңүл топтоп жатканын текшерип көрүшү керек болчу. Алардын көңүлүнүн борборун «денеге мүнөздүү нерселер» ээлеп алды беле? Биз да бул тууралуу ойлонуп көрүшүбүз зарыл. Биз көбүнчө эмнеге кызыгабыз, эмне тууралуу сүйлөйбүз? Эмне кылганды аябай жакшы көрөбүз? Айрымдар шараптын ар кандай түрлөрүн татып көрүү, үйүн кооздоо, жаңы кийим сатып алуу, акчасын айлантуу, бир жакка барып эс алуу жана башка нерселер оюнун баарын ээлеп алганын байкашы ыктымал. Бул нерселердин өзү жаман деле эмес; алар жашоодогу кадимки эле нерселер болушу мүмкүн. Мисалы, Иса бир жолу сууну шарапка айланткан, Пабыл болсо Тиметейди «аз-аздан шарап ичип турууга» үндөгөн (1 Тим. 5:23; Жкн. 2:3—11). Бирок Иса менен Пабыл шарап жөнүндө эле сүйлөп, ага берилип, дайыма андан ырахат алып, ошону эле самап калышканбы? Жок. Бизчи? Бизди баарынан да эмне кызыктырат?

12, 13. Эмнеге көңүл топтоп жатканыбызды текшергенибиз эмне үчүн абдан маанилүү?

12 Бул жагынан өзүбүздү текшергенибиз аябай маанилүү. Эмне үчүн? Пабыл: «Денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо өлүм... алып келет»,— деп жазган (Рим. 8:6). Ооба, денеге мүнөздүү нерселерди ойлосок, азыркы учурда рухий жактан, ал эми келечекте түзмө-түз өлүмгө дуушар болобуз. Анткен менен Пабыл кимдир бирөө денеге мүнөздүү нерселерди ойлой баштаса эле, сөзсүз өлөт деп айткысы келген эмес. Андай адам да өзгөрө алат. Жогоруда айтылып өткөн Корунт шаарындагы бир тууган жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал денесинин каалоосун көздөп, адеп-ахлаксыз иш кылгандыктан жыйналыштан чыгарылган. Бирок убакыттын өтүшү менен өзгөрүп, денесинин каалоосу менен жашабай, кайрадан туура жолго түшкөн (2 Кор. 2:6—8).

13 Эгер ошондой ишке барган киши өзгөргөн болсо, анчалык олуттуу күнөө кылбаган ишенимдешибиздин да өзгөрө алары толук мүмкүн. Арийне, Пабылдын денеге мүнөздүү нерселерди ойлоонун канчалык кесепеттүү болору жөнүндөгү эскертүүсү бизге зарыл өзгөрүүлөрдү кылууга түрткү бериши керек!

«РУХКА МҮНӨЗДҮҮ НЕРСЕЛЕРДИ ОЙЛОО»

14, 15. а) Пабыл кеңеш кылгандай, эмнени ойлошубуз керек? б) «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо» эмнени билдирбейт?

14 «Денеге мүнөздүү нерселерди ойлоо» канчалык кесепеттүү экенин эскерткенден кийин Пабыл «рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келерин» айткан. Өмүр менен тынчтык кандай гана зор сыйлык! Канткенде ал сыйлыкка ээ боло алабыз?

15 «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо» деген качан болбосун таттуу кыялга термелип жүрүүнү билдирбейт.  Ошондой эле аны адам басса-турса да Ыйык Китеп, Кудай жана келечек жөнүндө эле ойлонушу зарыл дегендей түшүнбөшүбүз керек. Мисалга Пабылды жана Исанын 1-кылымдагы башка жолдоочуларын алалы. Алар кадимкидей эле жашоо өткөрүшкөн: тамак-аштан ырахат алышкан, көптөрү үй-бүлө куруп, балалуу болушкан, эмгектенишкен (Мр. 6:3; 1 Тес. 2:9).

16. Башка иштер менен алек болсо да, Пабыл жашоосунда эмнени биринчи орунга койгон?

16 Бирок Кудайдын ал кызматчылары ошол кадимки нерселерди жашоосунда башкы орунга коюп алышкан эмес. Ыйык Китепте Пабылдын чатыр жасап иштегени айтылгандан кийин жашоосунда эмнени биринчи орунга койгону баяндалат: ал дайыма кабар айтуу жана окутуу ишине бүт көңүлүн бурган. (Оку: Элчилер 18:2—4; 20:20, 21, 34, 35.) Пабыл Римдеги ишенимдештерин да ошентүүгө чакырган. Ооба, анын жашоосунда рухий иш-чаралар негизги орунда турган. Римдеги ишенимдештери андан үлгү алышы керек болчу, биз да үлгү алганыбыз абзел (Рим. 15:15, 16).

17. Рухий нерселерди башкы орунга койсок, жашообуз кандай болот?

17 Эгер рухий иштерди ар убак көңүлүбүздүн борборунда сактасак, натыйжасы кандай болот? Буга Римдиктер 8:6да: «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келет»,— деген айкын-так жооп жазылган. Бул ыйык рухтун акылыбызга таасир этип, жетектешине жол берүүнү жана Жахабага жаккандай ой жүгүртүүнү билдирет. Рухий нерселерди башкы орунга койсок, жашообуз маңыздуу болуп, канааттануу алабыз. Ал эми келечекте асманда же жер бетинде түбөлүк өмүр сүрөбүз.

18. «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо» кандайча тынчтык алып келет?

18 Эми «рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо... тынчтык алып келет» деген сөздөр тууралуу ойлонуп көрөлү. Көптөр бушайман болуп, жан дүйнөсү тынч албай келет. Биздин жүрөгүбүздө болсо тынчтык өкүм сүрөт. Биз үйдөгүлөрүбүз менен да, жыйналыштагылар менен да тынчыкта болгонго аракет кылабыз. Бирок өзүбүз да, ишенимдештерибиз да жеткилеңсиз болгондуктан, кээде келишпестиктер болбой койбойт. Андайда Иса пайгамбардын: «Бир тууганың менен элдеш»,— деген кеңешине ылайык иш кылабыз (Мт. 5:24). Ишенимдешибиздин да «тынчтыктын булагы болгон Кудайга» кызмат кылып жатканын унутпасак, ал кеңешти колдонуу оңоюраак болот (Рим. 15:33; 16:20).

19. «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлосок», кандай баа жеткис тынчтыкка ээ болобуз?

19 Биз дагы бир баа жеткис тынчтыкка ээбиз. Тактап айтканда, «рухка мүнөздүү нерселерди ойлогондуктан» Жаратканыбыз менен тынчтыктабыз. Ышая пайгамбар: «Сен [Жахаба] ою туруктуу адамды сактап, ага ар убак тынчтык бересиң, анткени ал сага таянат»,— деп жазган. Бул сөздөр байыркы убакка тиешелүү айтылса да, азыркы күндө да чоң масштабда аткарылууда (Ыш. 26:3; оку: Римдиктер 5:1).

20. Эмне үчүн Римдиктер 8-бөлүмдөгү кеңешти баалайсың?

20 Рух менен майланганбызбы же жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнөбүзбү, баарыбыз Римдиктер 8-бөлүмдөгү рухтун жетеги менен жазылган кеңешти баалаганыбыз дурус. «Денеге мүнөздүү нерселерди» жашообузда негизги орунга койбоого үндөгөнү үчүн Кудайга кандай гана ыраазыбыз! Биз ыйык рухтун жетеги менен жазылган: «Рухка мүнөздүү нерселерди ойлоо өмүр менен тынчтык алып келет»,— деген сөздөргө кулак кагуу акылдуулукка жатарын түшүнөбүз. Мунун пайдасы түбөлүктүү болот, анткени Пабыл: «Күнөө үчүн жаза — өлүм, ал эми Кудайдын белеги — Мырзабыз Машаяк Иса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр»,— деп жазган (Рим. 6:23).