Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ДЕКАБРЬ, 2016

 ӨМҮР БАЯН

«Бардыгы үчүн бардыгы болуп» келем

«Бардыгы үчүн бардыгы болуп» келем

«Эгер чөмүлсөң, кетем!» 1941-жылы атам апамды ушинтип коркуткан. Бирок апам багынбай, Жахаба Кудайга арналып, чөмүлдү. Ошондо атам, өзү айткандай эле, бизди таштап кетти. Ал кезде 8 эле жашта болчумун.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ чындыкка ага чейин эле кызыгып калгам. Мага апам окуган ыйык китептик адабияттар, өзгөчө, сүрөттөрү ушунчалык жакчу. Атам апамдын өзү окуп-билгендерин мага айтып беришин каалачу эмес. Бирок мен аябай кызыгып, суроолорду бере берчүмүн. Ошондуктан атам жокто, апам мени менен изилдечү. Анын аркасында өмүрүмдү Жахабага арнагым келди. Ошентип, 1943-жылы 10 жашымда Англиянын Блэкпул шаарында чөмүлдүм.

ЖАХАБАГА КЫЗМАТ КЫЛА БАШТАШЫМ

Ошол убактан тартып апам экөөбүз чогуу кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катыша баштадык. Элге Ыйык Китептеги кабарды жеткириш үчүн патефон колдончубуз. Ал абдан чоң эле, салмагы 4,5 килограмм болчу. Өзүм кенедей болуп алып ошондой оор жүктү көтөрүп жүргөнүмдү элестетсеңер.

14 жашымда пионер болгум келе баштады. Бирок апам адегенде боордоштуктун кызматчысы (азыр райондук көзөмөлчү деп аталат) менен сүйлөшүп көрүшүм керектигин айтты. Ал бир тууган пионер болгондо өзүмдү камсыз кыла алышым үчүн алгач кайсы бир өнөрдү өздөштүрүп алууну сунуш кылды. Мен ал айткандай кылдым. Эки жыл иштегенден кийин  башка райондук көзөмөлчү менен пионердик кызматты баштоо жөнүндө сүйлөштүм. Ал баштаганым эң сонун болорун айтты.

Ошентип, 1949-жылы апрелде апам экөөбүз ижарага алып жашап жүргөн үйүбүздөгү эмерек, буюм-тайымдардан арылып, Манчестердин жанындагы Миддлтон шаарына көчүп бардык да, пионердик кызматка кириштик. Төрт айдан кийин бир эркек бир тууган пионердик кызматтагы шеригим болуп калды. Филиалдагы жооптуу байкелер бизге Ирламдагы жаңы уюшулган жыйналышка которулууну сунуш кылышты. Апам болсо бир эже менен башка жыйналышта пионердик кызматын улантты.

17 эле жашта болсом да, шеригим экөөбүз жыйналыш жолугушууларын өткөрүүгө дайындалдык. Себеби ал жыйналышта андай милдетти аткара ала тургандар саналуу эле болчу. Кийинчерээк бир туугандар Бакстондогу жыйналышка которулушумду суранышты. Ал жакта жарчылар өтө эле аз болгондуктан, жардам аябай керек эле. Кызматымдын алгачкы жылдарында туш болгон жагдайларды келечектеги дайындоолорумду аткарууга шарт түзгөн мүмкүнчүлүк катары көрөр элем.

Рочестерде элди жалпыга арналган баяндамага чакыруудабыз, Нью-Йорк, 1953-ж.

1951-жылы Ыйык китептик Гилат мектебине арыз толтурдум. Тилекке каршы, 1952-жылы декабрда аскерге чакырылып калдым. Мени толук убакыттагы кызматчы катары аскерден бошотушун сурансам, сот макул болбой, 6 айга кесип салды. Кызыктуусу,  түрмөдө отурганда Гилат мектебинин 22-классына чакырылдым. Анан 1953-жылы июлда «Жоржик» кемеси менен Нью-Йоркко бет алдым.

Ал жакка жетип, ошол жылы өткөрүлгөн «Жаңы дүйнө коому» деген жыйынга катыштым. Андан кийин Гилат мектеби жайгашкан Саут-Лансинг шаарчасын көздөй поезд менен жөнөдүм. Түрмөдөн жаңы эле чыккандыктан, чөнтөгүм какшып турган. Ошондуктан поездден түшүп, Саут-Лансингге кетчү автобуска отурганда жанымдагы жүргүнчүдөн карызга 25 цент сурап, жол кире төлөдүм.

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ДАЙЫНДАЛЫШЫМ

Гилат мектебинен миссионердик кызматта «бардыгы үчүн бардыгы болууга» жардам бере турган эң сонун билим алдык (1 Кор. 9:22). Пауль Бруун, Реймонд Лич үчөөбүз Филиппинге дайындалдык. Виза алыш үчүн бизге бир нече ай күтүүгө туура келди. Анан кемеге отуруп, Роттердам, Жер Ортолук деңиз, Суэц каналы, Инди океаны, Малайзия, Гонконг аркылуу өттүк. Баш-аягы 47 күн деңизде жүрдүк! Акыры, 1954-жылы 19-ноябрда Манилага жеттик.

Миссионердик кызматтагы шеригим Реймонд Лич экөөбүз кеме менен Филиппинге 47 күндө жеткенби

Ошентип, жаңы элге, жаңы жерге ылайыкташып, жаңы тил үйрөнө турган убак келди. Анткен менен үчөөбүз дайындалган Кесон-Сити шаарында көптөр англис тилинде сүйлөчү. Ошол себептен 6 айдын ичинде тагал тилинде бир нече эле сөз үйрөндүк. Бирок кийинки дайындообуз бул жагынан жакшырганга шарт түздү.

1955-жылы май айында бир жолу кызматтан келип, Реймонд экөөбүз бөлмөбүздө эки кат турганын көрдүк. Аларда экөөбүздүн райондук көзөмөлчү болуп дайындалганыбыз жазылыптыр. Мен 22 эле жашта болчумун. Анткен менен ал кызмат «бардыгы үчүн бардыгы болуунун» жаңы жолдорун ачты.

Бикол тилиндеги райондук жыйында жалпыга арналган баяндама айтып жатам

Мисалы, райондук көзөмөлчү катары жалпыга арналган биринчи баяндамамды айылдагы дүкөндүн алдында айттым. Ошол кезде Филиппинде жалпыга арналган баяндама адатта жалпы эл чогулган жерлерде айтылчу экен. Райондогу ар кайсы жыйналыштарды кыдырып жүрүп баяндаманы эл эс ала турган үстү жабык жайларда, базарларда, коомдук залдардын алдында, баскетбол аянттарында, сейил бактарда жана көбүнчө шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде айттым. Бир күнү Сан Пабло Ситидеги базарда баяндама айтарда жаан төгө баштагандыктан, жооптуу бир туугандарга Падышалык залында айтууну сунуш кылдым. Баяндамадан кийин алар менден: «Жалпы эл чогулган жерде айтылбаса деле, бул жалпыга арналган жолугушуу деп эсептеле береби?» — деп сурашса болобу!

Жыйналыштарды кыдырганда дайыма бир туугандардын үйүнө түнөчүмүн. Жупуну турушса да, үйлөрү ар убак таза болчу. Мен көбүнчө жыгач полдун үстүнө төшөлгөн токулган килемчеге жатчумун. Жуунган жерлери ачык болуп, ары-бери өткөндөргө көрүнүп тургандыктан, жарым-жартылай чечинип жуунганга көндүм. Бир жерден экинчи жерге филиппиндиктердин автобусу менен, ал эми башка аралдарга кээде кайык менен барчумун. Эч качан өз машинем болгон эмес.

Кабар айтуу, жыйналыштарды кыдыруу тагал тилин үйрөнүүгө жардам берди. Тилди, курстарга барбай эле, кызматта жана жыйналышта бир туугандардын сүйлөгөнүн угуп жүрүп үйрөндүм. Бир туугандар мага тил үйрөнүүгө жардам бергиси келчү. Мен алардын чыдамкайлыгын, чын дилден берген кеңештерин баалачумун.

Убакыттын өтүшү менен жаңы дайындоолордон улам элге дагы көбүрөөк ылайыкташууга үйрөндүм. 1956-жылы өлкөдөгү бардык жарчылар үчүн жыйын өткөрүлүп, ага Нейтан Норр катышты. Ошол жыйында маалымат берүү бөлүмүнө жооптуу болдум. Бул жагынан эч кандай  тажрыйбам жок болгондуктан, башкалар даярдуулук менен жардам беришти. Бир жыл өтүп-өтпөй, дагы ошондой жыйын уюштурулуп, бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктан Фредерик Френц келди. Жыйындын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылып жатып мен Френц бир туугандын элге ылайыкташууга даяр болгонунан көп нерсеге үйрөндүм. Анын жалпыга арналган баяндама айтканда филиппиндиктердин улуттук кийимин кийип алганын көрүп, жергиликтүү бир туугандар аябай сүйүнүштү.

Облустук көзөмөлчү болуп дайындалгандан кийин дагы көбүрөөк ылайыкташууга туура келди. Ал кезде дээрлик бардык учурда коомдук жайлардын алдында «Жаңы дүйнө коомунун кубанычы» деген тасманы көрсөтчүбүз. Кээде чымын-чиркейлер аябай тажатар эле. Алар проектордун жарыгына учуп келип, жабышып калчу. Тасманы көрсөтүп бүткөндөн кийин проекторду тазалаш өзүнчө эле машакат болчу. Элди чогултуп, тасма көрсөтүү оңой эмес болсо да, келгендердин Жахабанын эл аралык уюму жөнүндө көп нерсени түшүнгөнүн көргөндө канааттануу алчубуз.

Католик дин кызматчылары, бизге жыйындарды өткөрүүгө уруксат берилбеши үчүн, жергиликтүү бийлик башчыларына кысым көрсөтүшчү. Ал эми баяндамалар алардын чиркөөсүнө жакын жерде айтылып  калса, чиркөөнүн коңгуроосун кагып, тоскоолдук кылганга аракет кылышчу. Анткен менен ишибиз алга илгерилеп, ал жактагылардын көптөрү Жахабанын кызматчысы болушту.

ЫЛАЙЫКТАШУУНУ ТАЛАП КЫЛГАН ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР

1959-жылы филиалда кызмат кылууга дайындалганым тууралуу кат алдым. Бул кызматтын аркасында дагы көп нерсеге үйрөндүм. Кээде зооналык көзөмөлчү катары башка өлкөлөрдү кыдырууга дайындалчумун. Ошондой сапарларымдын биринде Таиландда миссионер болуп кызмат кылып жаткан Жанет Дюмонд деген кыз менен таанышып калдым. Бир нече убакыт кат жазышып жүрүп, кийинчерээк баш коштук. Экөөбүз 51 жылдан бери чогуу кубанычтуу кызмат кылып келебиз.

 

Жанет экөөбүз Филиппиндеги көптөгөн аралдардын биринде

Баш-аягы Жахабанын 33 өлкөдөгү элин кыдырып, чоң кубаныч алдым. Алгачкы дайындоолорум андай жерлердеги маданияты, тек жайы ар кандай адамдар менен мамилелешкенге үйрөнүүгө шарт түзгөнүн ойлоп, абдан ыраазы болом. Ал өлкөлөрдү кыдыргандын аркасында көз карашым кеңейип, Жахабанын ар кандай адамдарды сүйөрүнө ынандым (Элч. 10:34, 35).

Кызматка үзгүлтүксүз чыгып турабыз

ДАГЫ ДЕЛЕ ЫЛАЙЫКТАШЫП КЕЛЕМ

Филиппиндеги ишенимдештерибиз менен кызматташуу бизге ушунчалык жагымдуу! Бул жактагы жарчылардын саны мен келгендегиден дээрлик он эсе көбөйдү. Жанет экөөбүз дагы деле Филиппиндеги Кесон-Сити шаарында жайгашкан филиалда кызмат кылуудабыз. Башка өлкөдө кызмат кылып жатканыма 60 жылдан ашты. Бирок мен дагы деле Жахабанын айтканын аткаруу үчүн ылайыкташа беришим керек. Акыркы жылдары уюмда болгон өзгөрүүлөр Кудайга жана ишенимдештерибизге кызмат кылууда дайыма ийилчээк болушубуз керектигин айгинелеп турат.

Жарчылардын саны өсүп жатканы бизди кубанычка бөлөйт

Биз Жахабанын эркине ылайык иш кылуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылып келебиз. Бул — жашоонун эң мыкты жолу. Ошондой эле зарыл өзгөрүүлөрдү жасап, бир туугандарыбызга жакшы кызмат кылууга аракет кылып келебиз. Ооба, эгер Жахаба жол берсе, мындан ары да «бардыгы үчүн бардыгы боло» берүүгө чечкиндүүбүз.

Азыр да Кесон-Ситидеги филиалда кызмат кылуудабыз