Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) МАЙ, 2016

Келишпестиктерди сүйүү менен чечесиңби?

Келишпестиктерди сүйүү менен чечесиңби?

«Бири-бириңер менен тынчтыкта болгула» (МР. 9:50).

ЫРЛАР: 39, 77

1, 2. Башталыш китебинде кандай билдирүүлөр көп кезигет жана алар биз үчүн эмнеси менен кызыктуу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ жазылган келишпестиктер жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? Башталыш китебинин бир нече эле бөлүмүнөн андай билдирүүлөрдүн бир тобун кезиктирүүгө болот. Алсак, Кабыл иниси Абылдын канын төккөн (Башт. 4:3—8), Лемек ага кол көтөргөн уланды өлтүрүп салган (Башт. 4:23), Ыбрайым пайгамбар (Ыбрам) менен Лоттун койчуларынын ортосунда талаш-тартыштар болгон (Башт. 13:5—7), Ажар бой көтөрүп, мырзайымы Саараны (Сара) тоготпой баштаган, ошондон улам Саара Ыбрайым пайгамбарга нааразы болгон (Башт. 16:3—6), Ысмайыл болсо «бардыгына каршы чыккан», ал эми «бардыгы ага каршы чыккан» (Башт. 16:12).

2 Кудай эмне себептен Ыйык Китепке адамдардын ортосундагы келишпестиктер тууралуу жаздырып койгон? Мунун бир себеби, ал билдирүүлөрдөн эмне үчүн башкалар менен тынчтыкта болушубуз керектигин жана ан үчүн эмне кылсак болорун биле алабыз. Бизге окшогон эле адамдардын биздикиндей эле кыйынчылыктар менен күрөшкөнү жөнүндө окуунун пайдасы абдан чоң. Маселен, алардын кылган аракети кандай натыйжа бергенин билебиз, ошондой эле окугандарыбызды иш жүзүндө колдонууга түрткү алабыз. Андай билдирүүлөр  кимдир бирөө менен келишпестик болгондо эмне кылышыбыз жана эмне кылбашыбыз керектигин түшүнүүгө көмөк кылат (Рим. 15:4).

3. Бул макалада эмнелер тууралуу сөз жүрөт?

3 Бул макалада Жахабанын кызматчылары ортодогу келишпестиктерин эмне үчүн жана кантип чечиши керектиги тууралуу сөз жүрөт. Мындан сырткары, андай кыйынчылыктарды ийгиликтүү чечүүгө жана Жахаба Кудай менен да, башкалар менен да жакшы мамиледе болууга жардам берген ыйык китептик принциптер талкууланат.

КЕЛИШПЕСТИКТЕРДИ ЧЕЧКЕНИБИЗ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

4. Азыркы дүйнөдө көптөрдүн маанайы кандай жана мунун натыйжасы кандай болууда?

4 Адамзаттын ынтымагы ыдырап, бөлүнүп-жарылып жатканына биринчи кезекте Шайтан себепкер. Ал Эйден багында адамдар Кудайга көз каранды болбой, эмне жакшы, эмне жаман экенин өздөрү чече алат деп айткан (Башт. 3:1—5). Мындай ой жүгүртүүнүн туура эмес экени айдан ачык. Азыркы дүйнө эч кимге көз каранды болгусу келбеген, бири-бирине атаандашкан, текебер, өзүмчүл адамдарга жык толгон. Андай маанай чагылдыргандар, мындайча айтканда, Шайтандын айткандарын туура көрүшөт. Шайтан адамдарды алардын кылган иши башкаларга кандай таасир этерин ойлобой, керт башынын кызыкчылыгын көздөөгө үндөйт. Бирок бул жаңжал отун тутандырып, уруш-талашка алып барат. Андыктан Ыйык Жазмадагы: «Ачууга алдырган киши уруш чыгарат, каарданууга жакын киши көп күнөө кылат»,— деген сөздөрдү унутпаганыбыз жакшы (Накыл 29:22).

5. Иса Машаяк пикир келишпестиктерге байланыштуу кандай кеңештерди берген?

5 Шайтандан айырмаланып, Иса Машаяк адамдарды, өздөрү зыян тартып кала турган болсо да, тынчтыкты сактоого чакырган. Тоодо айткан насаатында ал пикир келишпестиктердин же уруш-талаштын алдын алууга жана аларды чечүүгө байланыштуу эң сонун кеңештерди берген. Мисалы, шакирттерин жумшак болууга, тынчтыкка умтулууга, ачууга алып бара турган сезимдерден арылууга, келишпестиктерди дароо чечүүгө, душмандарын сүйүүгө үндөгөн (Мт. 5:5, 9, 22, 25, 44).

6, 7. а) Пикир келишпестиктерди дароо чечкенибиз эмне үчүн маанилүү? б) Ар бирибиз эмне деп ойлонуп көрсөк болот?

6 Тиленгенибиз, жыйналыш жолугушууларына барганыбыз, кабар айтканыбыз жана башка рухий иштерге катышканыбыз Жахабага кылган кызматыбызга кирет. Бирок башкалар менен тынчтыкта болгубуз келбесе, мунун баары куру бекер болуп калат (Мр. 11:25). Башкалардын ката-кемчиликтерин кечирбесек, Кудай менен дос боло албайбыз. (Оку: Лука 11:4; Эфестиктер 4:32.)

7 Кудайдын ар бир кызматчысы өзүнүн кечиримдүү болууга, тынчтыкты сактоого канчалык умтулуп жатканын чынчылдык менен кылдат текшерип көрүшү керек. Ан үчүн: «Мен ишенимдештеримди айкөлдүк менен кечиремби? Көңүлүмдү оорутушса да, алар менен бир жолдо жүргөнүмө сүйүнөмбү?» — деп ойлонуп көр. Жахаба кечиримдүү болушубузду каалайт. Эгер бул жагынан жакшырышың керектигин байкасаң, андан жардам сурап тилен. Асмандагы Атабыз момундук менен айткан андай өтүнүчтөрүбүздү угуп, жооп берет (1 Жкн. 5:14, 15).

КӨЗ ЖУУМП КОЁ АЛАСЫҢБЫ?

8, 9. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, эмне кылышыбыз керек?

8 Баарыбыз жеткилеңсиз болгондуктан, кимдир бирөө сөзү же кылган иши менен көңүлүбүздү ооруткан учурлар сөзсүз болот (Нас. 7:20; Мт. 18:7). Андайда эмне кыласың? Ишенимдештерибиз достук кечеге чогулганда болгон бир окуяга токтололу. Бир эженин ал жакка келген эки байке менен учурашканда айткан сөздөрү  алардын бирине катуу тийген. Анан ал эки байке жалгыз калганда, таарынып калганы эжени сындай баштаган. Бирок экинчиси ал эженин 40 жылдан бери кыйынчылыктарга карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келатканын эске салып, анын таарынтайын деген деле ниети жок болгонуна шектенбесин айткан. Бир аз ойлонгондон кийин таарына түшкөн бир тууган: «Сен туура айттың»,— деген. Ошентип, ал терс сезиминин ырбап кетишине жол берген эмес.

9 Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, ага таарынабызбы же кечиребизби, өзүбүздөн көз каранды. Башкаларды жакшы көргөн киши анча-мынча жаңылыштыктарга көз жуумп коёт. (Оку: Накыл сөздөр 10:12; 1 Петир 4:8.) Эгер «айыпка маани бербесек», Жахабанын жүрөгүн кубантабыз (Накыл 19:11; Нас. 7:9). Андыктан кимдир бирөө сага туура эмес мамиле кылгандай сезилгенде: «Бул ушунчалык эле чоң көйгөйбү? Же буга көз жуумп койсом болобу?» — деп ойлонуп көр.

10. а) Ишенимдеши сындаганда, бир пионер адегенде кандай сезимде болгон? б) Ал бир тууганга кайсы аяттар жан дүйнө тынчтыгын сактаганга жардам берген?

10 Өзүбүз жөнүндө терс нерселер айтылганда, көз жуумп коюу оңой болбошу мүмкүн. Муну бир пионердин окуясы тастыктап турат. Анын атын Люси деп коёлу. Бир ишенимдеши аны сындап, ага кызматы анча жемиштүү эмес экенин жана убактысын туура эмес пайдаланып жатканын айткан. Люсинин ачуусу келип, жетилген бир туугандарга кеңеш сурап кайрылган. «Алардын Ыйык Жазманын негизинде берген кеңеши мага башкалардын ой-пикирине карата туура көз карашта болууга жана баарынан мурда Жахаба жөнүндө ойлонууга жардам берди»,— дейт Люси. Ал Матай 6:1—4-аяттарды окуганда абдан бекемделген. (Аяттарды оку.) Ал аяттар биринчи кезекте Жахабанын жүрөгүн кубантуу маанилүү экенин эсине салган. Люси: «Башкалар кызматым жөнүндө терс ойлорду айтышса да, кубанычымды жоготпойм, анткени мен Жахабага жагуу үчүн колумдан келгендин баарын кылып жатам»,— деп кошумчалайт. Ушундай жыйынтыкка келген соң ал башкалардын сындаганына маани бербей эле коюуну чечкен.

КӨЗ ЖУУМП КОЁ АЛБАСАҢ...

11, 12. а) Бир тууганыбыздын бизге «нааразычылыгы бар экенин» байкасак, эмне кылышыбыз керек? б) Ыбрайым пайгамбардан эмнеге үйрөнсөк болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

11 «Баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жкп. 3:2). Сен сүйлөгөн сөзүң же ишиң менен кимдир бирөөнү таарынтып алганыңды билип калдың дейли. Андайда эмне кылсаң болот? Иса пайгамбар: «Курмандык жайына курмандык алып келгениңде, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең, курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал»,— деген (Мт. 5:23, 24). Анын кеңешине ылайык, адегенде бир тууганың менен жекеме-жеке сүйлөш. Бирок максатың аны күнөөлөө эмес, өзүңдүн да ката кетиргениңди мойнуңа алып, элдешүү болушу керек. Себеби андайда ишенимдешибиз менен болгон мамилебизди сактап калуу баарынан маанилүү.

12 Ыйык Китепте биримдигине доо кетириши мүмкүн болгон жагдайларда Кудайдын кызматчыларынын кантип туура иш кылышканы жөнүндөгү билдирүүлөр арбын. Алардын биринде Ыбрайым пайгамбар менен тууганы Лот тууралуу баяндалат. Ал экөөнүн тең малы көп болгондуктан, койчулары жайыт талашып, араздаша башташкан. Жагдай курчуп кетпеш үчүн, Ыбрайым пайгамбар иниси Лотко биринчи болуп жер тандашын сунуш кылган (Башт. 13:1, 2, 5—9). Ал биз үчүн кандай сонун үлгү! Ыбрайым пайгамбар өз кызыкчылыгын эмес,  тынчтыкты көздөгөн. Ошондой кең пейилдик көрсөткөнү үчүн ал бир нерседен куру калды беле? Жок. Ошол окуядан кийин эле Жахаба ага мол бата берерин убада кылган (Башт. 13:14—17). Ырас, келишпестиктерди Ыйык Китептеги принциптердин негизинде жана сүйүү менен чечиш үчүн кээде айрым нерселерден айрылсак да, Кудай батасыз калтырбайт. [1]

13. Ишенимдеши ачуу сөздөрдү айтканда, бир көзөмөлчү эмне кылган жана андан эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Биздин күндөрдө болгон дагы бир окуяны карап көрөлү. Жыйын бөлүмүнүн жаңы көзөмөлчүсү бир ишенимдешине телефон чалып, ошол бөлүмдө кызмат кыла алар-албасын сурайт. Ал бир тууган мурунку көзөмөлчүгө таарынып жүргөндүктөн ачуу сөздөрдү айтып, телефонун коюп салат. Жаңы көзөмөлчү көңүлүнө кир сактап калган эмес, бирок ошол эле учурда анын кылганына көз жуумп койгон эмес. Ал бир сааттан кийин ага кайра чалып, жолугууну сунуш кылат. Алар бир жумадан кийин Падышалык залынан жолугуп, чогуу тиленген соң бир сааттай сүйлөшүшөт. Ишенимдеши башынан өткөн окуяны айтып берип жатканда, көзөмөлчү аны кунт коюп угат. Анан Ыйык Китептеги айрым ойлор менен бөлүшөт. Ошентип, экөө тил табышып, жыйында жакшы кызматташышат. Ишенимдешибиз көзөмөлчүнүн жылуу-жумшак мамиле кылганына абдан ыраазы экенин айтат.

АКСАКАЛДАРДЫ АРАЛАШТЫРУУ ЗАРЫЛБЫ?

14, 15. а) Матай 18:15—17-аяттарда жазылган кеңешти кандай жагдайларда колдонгонубуз туура? б) Иса Машаяктын кеңешине ылайык, кайсы үч кадамды жасашыбыз керек жана кандай максат менен?

14 Бир туугандар ортодогу келишпестиктерин көп учурда өздөрү эле чече алышат жана ошентиши керек. Бирок, Иса Машаяк айткандай, кээде аксакалдардын жардамы керек болушу мүмкүн. (Оку: Матай 18:15—17.) Эгер күнөөлүү  тарап бир тууганын да, күбөлөрдү да, аксакалдарды да укпай койсо, кесепети кандай болот? Иса: «Ал сен үчүн дүйнөнүн адамындай же салык жыйноочудай болсун»,— деген. Бүгүнкү тил менен айтканда, андай кишини жыйналыштан чыгарууга туура келет. Мындан көрүнүп тургандай, бул жерде майда-чүйдө эмес, олуттуу келишпестиктер жөнүндө сөз болууда. Аларга 1) көйгөйгө катышы бар кишилер өз ара чечиши керек болгон жана 2) такыр чечилбесе, жыйналыштан чыгарууга негиз боло турган келишпестиктер кирет. Маселен, андай күнөөгө алдамчылык, бирөөнүн кадыр-баркын түшүрүү үчүн ага жалаа жабуу сыяктуу иштер кириши мүмкүн. Иса айткан үч кадамды ушу сыяктуу жагдайларда гана жасоо талап кылынат. Ал эми ойноштук, гомосексуализм, чындыктан четтөөчүлүк, бурканга табынуучулук сыяктуу олуттуу күнөөлөр сөзсүз түрдө жыйналыштын аксакалдары карашы керек болгон күнөөлөргө кирет.

Элдешүү үчүн бир тууганыбыз менен бир нече жолу сүйлөшүүгө туура келиши мүмкүн (15-абзацты кара)

15 Иса Машаяк жогорудагы кеңешти ишенимдешибиз менен болгон түшүнбөстүктөрдү сүйүү менен чечүүгө жардам берүү үчүн айткан (Мт. 18:12—14). Анын кеңешине ылайык, келишпестик болгондо, адегенде башкаларды аралаштырбай, өз ара чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Ан үчүн күнөөлүү тарап менен бир нече жолу сүйлөшүүгө туура келиши мүмкүн. Көйгөй чечилбесе, аны менен ошол ишке күбө болгондордун же анын кылганы чындап эле туура эмес экенин аныктоого жардам бере ала тургандардын көзүнчө сүйлөшүү зарыл. Бул жакшы натыйжа берсе, «бир тууганыңды кайтарып алган болосуң». Эгер ушул айтылган кадамдарды жасап, кайра-кайра аракет кылганыбызга карабай, эч майнап чыкпаса, ошондо гана аксакалдарга кайрылганыбыз туура болот.

16. Иса айткан кеңешке ылайык иш кылуу сүйүүгө жатарын жана жакшы натыйжа берерин эмне көрсөтүп турат?

16 Матай 18:15—17-аяттарда айтылган үч кадамдын баарын жасоо зарыл болгон учурлар абдан сейрек кездешет. Адатта, айыптуу бир тууган катасын мойнуна алып, жагдайды оңдогонго аракет кылат. Ошондуктан берки тарап өткөн-кеткенди сууга салып, аны кечирүүнү чечет. Ошентип, күнөөлүү тарапты жыйналыштан чыгаруунун зарылдыгы болбой калат. Бул, албетте, бизди кубандырат. Кандай болбосун, Исанын кеңешинен көйгөй болгондо аксакалдарды аралаштырууга шашпашыбыз керектиги айкын көрүнүп турат. Аксакалдар алгачкы эки кадам жасалгандан кийин гана жана туура эмес иш кылынганына жүйөлүү далилдер болгондо гана жагдайга кийлигише алышат.

17. Башкалар менен тынчтыкта болууга умтулганыбыздын аркасында кандай бата алабыз?

17 Бардыгыбыз жеткилеңсиз болгондуктан, кааласак да, каалабасак да, башкаларды таарынтып алабыз. Шакирт Жакып: «Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам»,— деп туура жазган (Жкп. 3:2). Ортодогу келишпестиктерди чечүү үчүн «тынчтыкты издеп, ошого умтулушубуз» зарыл (Заб. 34:14). Тынчтык жаратуучу болсок, ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болуп, жыйналыштын биримдигине салым кошобуз (Заб. 133:1—3). Андан да маанилүүсү, «тынчтыктын булагы болгон» Жахаба Кудайыбыз менен ынак болобуз (Рим. 15:33). Ооба, келишпестиктерди сүйүү менен чечсек, ушундай баталарды алабыз.

^ [1] (12-абзац) Келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечкен дагы башка инсандар бар. Алсак, Жакып Эйсап менен элдешкен (Башт. 27:41—45; 33:1—11), Жусуп агаларын кечирген (Башт. 45:1—15), Гидон болсо Эпрайым уруусундагыларга жумшак жооп берген (Бий. 8:1—3). Балким, сен Ыйык Китепте жазылган ушу сыяктуу дагы башка окуяларды билеттирсиң.