Элчилер 11:1—30

  • Петир башка элчилерге эмне болгонун айтып берет (1—18)

  • Барнаба менен Шабыл Сириядагы Антиохияда кызмат кылат (19—26)

    • Шакирттер биринчи жолу Машаяктын жолдоочулары деп аталат (26)

  • Агап катуу ачарчылык болорун айтат (27—30)

11  Элчилер менен Жүйүт жериндеги башка шакирттер Кудайдын сөзүн бөлөк улуттагылар да кабыл алганын угушту. 2  Петир Иерусалимге келгенде, сүннөткө отургузууну жактагандар+ аны айыптап*: 3  «Сен сүннөткө отургузулбагандардын үйүнө кирип, алар менен чогуу тамактанган турбайсыңбы!» — дешти. 4  Ошондо Петир аларга баарын ирети менен мындай деп түшүндүрдү: 5  «Жапа шаарында жүргөндө бир жолу тиленип жатып аян алдым. Аянда асмандан төрт бурчунан кармалган чоң зыгыр дасторконго окшогон нерсенин түз эле алдыма түшкөнүн көрдүм.+ 6  Жакшылап карасам, анда жерде жашаган төрт аяктуу жаныбарлар, жапайы айбандар, сойлоп жүрүүчүлөр жана асманда учкан канаттуулар бар экен. 7  Анан: „Петир, ордуңан тур да, буларды союп же!“ — деген үндү уктум. 8  Бирок мен: „Жок, Мырзам. Мен арам же таза эмес нерсени эч качан оозума алган эмесмин“,— дедим. 9  Ошондо асмандан экинчи жолу: „Кудай адал кылган нерсени мындан ары арам дебе“,— деген үн угулду. 10  Анан үн үчүнчү жолу угулду да, бардыгы кайра асманга көтөрүлүп кетти. 11  Так ошол учурда биз конок болуп жүргөн үйгө Кесариядан 3 киши келди. Алар мени чакырганы жиберилиптир.+ 12  Ошондо Кудай ыйык руху аркылуу мага эч шектенбей алар менен барышым керектигин айтты. Бул 6 бир тууганыбыз да мени менен кошо жөнөп, баарыбыз тиги кишинин үйүнө бардык. 13  Ал бизге үйүнөн периштени көргөнүн айтып берди. Периште ага: „Жапага киши жиберип, Петир деген да аты бар Симонду чакырт.+ 14  Ал сага өзүң да, үйүңдөгүлөрүң да куткарылыш үчүн эмне кылышыңар керектигин айтып берет“,— дептир. 15  Анан сүйлөп жатканымда, мурун Кудай бизге ыйык рухун бергендей эле, аларга да берди.+ 16  Ошондо Мырзабыздын бир нече жолу: „Жакан сууга чөмүлдүргөн,+ силер болсо Кудайдын ыйык рухуна чөмүлөсүңөр“,+— деп айтканын эстедим. 17  Эгер Кудай Мырзабыз Иса Машаякка ишенген бизге берген белегин аларга да берип жатса, Кудайга тоскоолдук кылгыдай мен киммин?»+ 18  Ошондо тигилер Петирдин айткандарын туура көрүп: «Анда башка улуттагылар да өмүр алышы үчүн, Кудай аларга өкүнгөнгө мүмкүнчүлүк берген турбайбы»,— деп Кудайды даңкташты.+ 19  Степан өлгөндөн кийин башталган куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткен шакирттер+ Финикияга, Кипрге жана Антиохияга чейин барышты, бирок жүйүттөрдөн башка эч кимге кабар айтышкан жок.+ 20  Ал эми шакирттердин арасындагы айрым кипрликтер менен киреналыктар Антиохияда грекче сүйлөгөндөргө Мырзабыз Иса жөнүндө жакшы кабар айта башташты. 21  Жахаба аларды колдогондуктан, көп адамдар ишенип, Мырзабыздын жолун жолдой башташты.+ 22  Бул тууралуу Иерусалимдеги шакирттерге да кабар жетип, алар Барнабаны+ Антиохияга жөнөтүштү. 23  Ал жакка барганда Барнаба Кудайдын шакирттерге ырайымын төккөнүн көрүп, кубанды. Анан баарын мындан ары да олку-солку болбой, Мырзабызга бүт жүрөгү менен берилип кызмат кыла бергенге үндөдү.+ 24  Ал Кудайдын ыйык рухуна толгон, ага бекем ишенген жакшы киши болчу. Ошентип, Мырзабызга көп эл ишенип калды.+ 25  Андан кийин Барнаба Шабылды издеп тапканы Тарска жөнөдү.+ 26  Акыры тапкандан кийин аны Антиохияга алып келди. Бир жыл бою экөө ошол жердеги жыйналыштагылар менен болуп, көптөрдү окутушту. Кудай жетектеп, шакирттер биринчи жолу Антиохияда Машаяктын жолдоочулары* деп аталышты.+ 27  Ошол күндөрү Иерусалимден Антиохияга пайгамбарлар+ келди. 28  Алардын арасынан Агап+ деген пайгамбар жакында бардык жерде катуу ачарчылык болорун+ Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен айтты. Ал ачарчылык кийин Клавдийдин башкаруусунун тушунда болду. 29  Ошондо шакирттер, ар бири шартына жараша,+ Жүйүт жериндеги боордошторуна жардам жөнөтөлү+ деп чечишти. 30  Анан чогулткандарын Барнаба менен Шабылдан аксакалдарга* берип жиберишти.+

Шилтемелер

Же: «аны менен талашып-тартышып».
Грекче кристианус, еврейче мешихийим. Бул сөздөр «Машаяктын жолдоочулары» дегенди билдирет.