Ышая 57:1—21

  • Адил, Кудайга берилген кишилердин өлүшү (1, 2)

  • Ысрайыл элинин каймана мааниде ойноштук кылышы (3—13)

  • Кудай кыйналгандарга күч берет (14—21)

    • «Ыймансыздар тынч ала албаган... деңиздей» (20)

    • «Ыймансыздарга тынчтык жок» (21)

57  Адил адам өлөт,Бирок буга эч ким деле көңүл бурбайт. Кудайга берилген кишилер өлөт,+Бирок адил адамдын кырсыктан улам өлгөнүн* эч ким деле түшүнбөйт.  2  Ал тынчтыкка бөлөнөт. Түз жүргөндөрдүн баары көрдө* мемиреп тынч жатышат.  3  «Төлгөчү аялдын уулдары,Ойноштук кылган киши менен сойку аялдын балдары,Бери келгиле.  4  Силер кимди мазактап жатасыңар? Оозуңарды чоң ачып, кимге тилиңерди көрсөтүп жатасыңар? Өзүңөр күнөөкөрлөрдүн балдары,Жалганчылардын урпактары эмессиңерби?*+  5  Чоң дарактардын+ арасында,Ар бир шактуу бактын астында кумар отуна өрттөнгөндөр,+Балдарды өрөөндөрдө* мууздагандар,+Жарлардын жаракаларында сойгондор силер эмессиңерби?  6  Сен сайдын жылмакай таштарын артык көрдүң.+ Так ошолорду үлүшүң катары тандап алдың. Атүгүл ошолорго багыштап суюк тартуу куйчусуң, белек берчүсүң.+ Анан ошонуңа ыраазы болмок белем?  7  Сен көк тиреген бийик тоонун үстүнө төшөгүңдү* салчусуң,+Ал жакка курмандык чалыш үчүн чыкчусуң.+  8  Эшик менен кашектин артына эстелик белги* койчусуң. Мени таштап кетип, жылаңачтанчусуң,Жогору чыгып, төшөктү кенен салчусуң. Ойношторуң менен келишим түзчүсүң,Алар менен төшөктө жатканды жакшы көрчүсүң,+Эркектин жыныстык мүчөсүнө тигиле карачусуң*.  9  Май менен толтура жыпар заттарды көтөрүп алып,Мелекке* түшүп барчусуң. Элчилериңди алыска жибердиң,Кадырың ушунчалык тебеленип, көргө* чейин түштүң. 10  Ар кайсы жолдо тентип жүрүп шайың ооду. Бирок: „Бул — курулай убаракерчилик!“ — дечү эмессиң. Кайтадан күчкө толчусуң. Мына ошон үчүн багынчу эмессиң. 11  Калп айта баштагыдай+ кимден корктуң? Жүрөгүңдүн үшүн ким алды? Сен мени эстеп да койгон эмессиң.+ Эч нерсеге көңүл бурган эмессиң.+ Мен унчукпай, эч нерсе дебей* келген эмес белем?+ Ошон үчүн менден корккон жоксуң. 12  Мен жалган адилдигиң,+ иштериң жөнүндө айтып берем,+Алардын сага пайдасы тийбейт.+ 13  Жардамга чакырганыңда,Жыйнап алган буркандарың сени куткарбайт.+ Алардын баарын шамал учуруп кетет,Баарын жел айдап кетет. Ал эми мени баш маана кылгандар жерди мурастап,Ыйык тоомду ээлешет.+ 14  Ошондо: „Жол салгыла, жол салгыла! Жол даярдагыла!+ Элимдин жолунан тоскоолдуктардын баарын алып салгыла“,— дешет». 15  Түбөлүк жашаган,+ ысмы ыйык+ Эң Жогорку Кудай,Улуу Даражалуу Кудай мындай дейт: «Мен жогоруда, ыйык жайда жашасам да,+Момундарга дем-күч берип,Кыйналгандардын жан дүйнөсүн жандандырыш үчүнКыйналган, момун адамдар менен да жашайм.+ 16  Себеби аларды түбөлүк айыптап,Чексиз каардана бербейм;+Болбосо адамдар алсырап,+Өзүм жараткан тирүү жандын баары мүңкүрөп калмак. 17  Ал* арам оокаттын артынан түшкөндүктөн, каарым кайнады,+Ошон үчүн ага сокку урдум, ачууланып, жүзүмдү тескери бурдум. Ал болсо чыккынчыдай иш кылып,+ жүрөгүнө жаккан жолдо жүрө берди. 18  Мен анын жүргөн жолдорун көрдүм. Бирок эми аны айыктырам,+ жетектеп жүрөм,+Өзүн да, аны менен кошо күйүт тарткандарды+ да сооротом».+ 19  «Мен адамдын оозуна даңктоо сөздөрүн салам. Алыстагылар да, жакындагылар да чексиз тынчтыкка бөлөнөт,+Мен аларды айыктырам»,— дейт Жахаба. 20  «Ал эми ыймансыздар тынч ала албаган, алай-дүлөй түшкөн,Суулары балыр менен ылай чачкан деңиздей. 21  Ыймансыздарга тынчтык жок»,— дейт Кудайым.+

Шилтемелер

Же балким: «Адил адам өлүп, азаптан кутулганын».
Сөзмө-сөз: «төшөгүндө».
Же: «Өзүңөр күнөөкөр балдар, жалганчы урпактар эмессиңерби?»
Же: «сайларда».
Сыягы, жалган кудайга арналган курмандык жайы же ага сыйына турган жер.
Сыягы, буркандын сөлөкөтү.
Сыягы, жалган кудайларга сыйынганда эркектин мүчөсүнө окшогон сөлөкөттү колдонууну билдирет.
Же балким: «Падышага».
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «иштериңди жашырып».
Сыягы, ысрайыл элин билдирет.