Ышая 42:1—25

  • Кудайдын кызматчылары, Кудайдын тапшырмасы (1—9)

    • «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым» (8)

  • «Жахабага арнап жаңы ыр ырдагыла» (10—17)

  • Ысрайыл эли сокур, дүлөй (18—25)

42  Мына, мен колдогон кызматчым!+ Мен тандап алган,+ мага жаккан кызматчым!+ Ага ыйык рухумду бердим;+Ал элдер арасында адилеттик орнотот*.+  2  Ал кыйкырбайт, үнүн бийик чыгарбайт,Көчөдөн үнүн угузбайт.+  3  Чала сынган камышты сындырбайт,Бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт.+ Ишеничтүү болуп, адилеттикти орнотот.+  4  Жер бетине адилеттик орнотмоюн алсырабайт, багынбайт;+Анын мыйзамын* аралдарда жашагандар күтүп келишет.  5  Асманды жаратып, аны кездемедей кылып жайган улуу Кудай,+Жерди калыптап, жер өндүргөн нерселерди берген*,+Анда жашаган адамзатка дем берген,+Жер үстүндө басып жүргөндөргө өмүр* берген+ чыныгы Кудай Жахаба мындай дейт:  6  «Мен, Жахаба, сени адилеттикти орнотуш үчүн чакырдым,Колуңдан бекем кармадым. Сени коргойм, сен мени менен элдердин ортосунда келишим сыяктуу болосуң,+Элдер үчүн жарык болосуң.+  7  Сокурлардын көзүн ачасың,+Туткунду зындандан,Караңгыда отургандарды абактан чыгарасың.+  8  Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Мен өзүмө таандык даңкты башка эч кимге бербейм*,Өзүм гана татыктуу болгон мактоону оюлуп жасалган буркандарга бербейм.+  9  Мына, мен мурун эле айткандар аткарылды,Эми жаңы нерселер жөнүндө айтып жатам. Силерге буларды аткарыла электе эле айтып жатам».+ 10  Деңизге чыккандар жана анда жашагандардын баары,Аралдар жана аларда жашагандар,+Жахабага арнап жаңы ыр ырдагыла,+Аны жердин учу-кыйырына чейин даңктап ырдагыла.+ 11  Ээн талаа менен ал жактагы шаарлар,+Кедардын+ конуштары шаттансын. Аска-зоолуу жерлерде жашагандар кубанып кыйкырышсын;Алар тоолордун чокусунан кыйкырышсын. 12  Алар Жахабаны даңазалашсын,Аралдарда анын даңкын жар салышсын.+ 13  Жахаба баатырдай болуп салгылашка чыгат.+ Дайым даяр турган жоокердей болот.+ Ал сүрөөн салып, ураан чакырат;Душмандарынан күчтүү экенин көрсөтөт.+ 14  Ал мындай дейт: «Мен көпкө чейин унчукпай келдим. Үн катпай, өзүмдү өзүм кармап келдим. Эми төрөп жаткан аялга окшоп,Онтойм, энтигем, оор дем алам. 15  Тоолор менен адырларды ээн калтырам,Бүт өсүмдүктөрүн кууратам. Дарыяларды соолутуп, аралдарды* пайда кылам,Камыштуу көлмөлөрдү какшытам.+ 16  Мен сокурларды өздөрү билбеген жолдо,+Аларга бейтааныш болгон жолдордо алып жүрөм.+ Алардын алдындагы караңгы жерди жарык кылам,+Өңгүл-дөңгүл жерди түздүккө айлантам.+ Ушунун баарын алар үчүн жасайм, аларды таштабайм». 17  Оюлуп жасалган буркандарга таянгандар,Куйма буркандарга: «Силер биздин кудайларыбызсыңар»,— дегендерАртка качышат, катуу уят болушат.+ 18  Дүлөйлөр, уккула! Сокурлар, карагыла!+ 19  Менин кызматчымдай* сокур,Жиберген кабарчымдай дүлөй барбы? Мен сыйлык берген кишидей сокур,Жахабанын кызматчысындай сокур барбы?+ 20  Сен көптү көрсөң да, дит койбойсуң. Кулагың ачык болсо да, укпайсың.+ 21  Жахаба адил болгондуктанМыйзамынын канчалык даңктуу, улуу экенин көрсөткүсү келди. 22  Бул эл болсо таланып-тонолгон,+Баары үңкүргө, абакка камалган.+ Алар таланып-тонолду, бирок куткарып алар эч кимиси болгон жок,+Мүлкүн тартып алышты, бирок: «Кайрып бер!» — деп айткан эч кимиси болгон жок. 23  Буга кимиңер кулак саласыңар? Кимиңер көңүл буруп, келечекке сабак алыш үчүн угасыңар? 24  Жакыпты тоноочулардын,Ысрайылды талоончулардын колуна ким салып берди? Жахаба эмеспи? Алар ага каршы күнөө кылышкан. Анын жолунда жүргүсү келген эмес,Мыйзамына баш ийишкен эмес.+ 25  Ошон үчүн Кудай аларга каарын төккөн,Ачууланып, согуштун азабын тарттырган.+ Согуш оту туш тарабын жалмаса да, алар көңүл бурушкан эмес.+ Өздөрүн каптаса да, маани беришкен эмес.+

Шилтемелер

Же: «элдерге адилеттик деген эмне экенин үйрөтөт».
Же: «көрсөтмөсүн».
Же: «рух».
Же: «Жер менен ал берген нерселерди жайган».
Же: «башка эч ким менен бөлүшпөйм».
Же: «кумдуу жээктерди».
Сыягы, ысрайыл элин билдирет.