Шемуелдин 2-китеби 17:1—29

  • Хушай башкача кеңеш берет (1—14)

  • Кабар алган Дөөтү Абышаломдон качып кутулат (15—29)

    • Барзелай жана башкалар Дөөтүнүн кем-карчын толуктайт (27—29)

17  Акитопел Абышаломго: «Эгер уруксат этсең, 12 000 киши тандап алып, бүгүн түндө Дөөтүнүн артынан кууп жөнөйүн. 2  Ага чарчап-чаалыгып+ турганында кол салып, дүрбөлөңгө түшүрөм. Анан жанындагы кишилеринин баары качып кетип, падыша жалгыз калганда, аны өлтүрүп салам.+ 3  Ошентип, элдин баарын сага кайтарып келем. Сен издеген киши жок болгондон кийин, элдин баары сага кайрылып келет да, тынчып калат»,— деди. 4  Анын сунушу Абышалом менен Ысрайылдын бардык аксакалдарына жагып калды. 5  Анткен менен Абышалом: «Архиттик Хушайды+ чакыргылачы, эмне дейт болду экен, угуп көрөлү»,— деди. 6  Хушай келгенде, Абышалом: «Акитопел ушундай кеңеш айтты. Кандай дейсиң, ошондой кылалыбы? Эгер андай кылбайбыз десең, анда сен айт, эмне кылалы?» — деди. 7  Хушай ага: «Бул жолкусунда Акитопел жакшы кеңеш бербептир!» — деди.+ 8  Анан Хушай сөзүн улап: «Сен атаңдын да, анын жанындагылардын да күчтүү кишилер+ экенин жакшы билесиң. Анын үстүнө, азыр алардын, мамалактарынан ажыраган ургаачы аюуга окшоп,+ жаны кашайып турган учуру. Атаң — мыкты жоокер,+ ал кишилери менен чогуу түнөбөйт. 9  Азыр ал үңкүрлөрдө* же дагы башка бир жерде жашынып жүрөт.+ Эгер ал бизге биринчи кол сала турган болсо, муну уккандар: „Абышалом тараптагылар жеңилип калышты!“ — деп айтышат. 10  Ошондо арстан+ жүрөк тайманбас жоокердин да коркконунан кайраты качат. Анткени бүт Ысрайыл атаңдын күчтүү киши экенин,+ жанындагы кишилеринин да эр жүрөк экенин жакшы билет. 11  Ошон үчүн мен мындай кеңеш берем: Дандан Беир-Шебага+ чейин жашаган деңиз жээгиндеги кумдай+ сансыз ысрайылдыктардын баары жаныңа чогулсун. Аларды согушка өзүң баштап бар. 12  Анан ал каякта жашынып жүрбөсүн, жерге түшкөн шүүдүрүмдөй каптап калабыз да, өзүн да, кишилерин да, эч кимисин тирүү калтырбай кырып салабыз. 13  Эгер ал кайсы бир шаарга жашынып калса, анда бүт ысрайыл эли аркан алып барып, ал шаардын дубалдарын бир да ташын калтырбай өрөөнгө сүйрөп таштайбыз»,— деди. 14  Ошондо Абышалом менен ысрайылдыктардын баары: «Архиттик Хушайдын кеңеши Акитопелдикине караганда жакшы экен!»+ — дешти. Акитопелдин кеңеши жакшы болсо да, алар аны уккан жок, анткени Жахаба ошентип чечип койгон* болчу.+ Жахаба муну Абышаломдун башына мүшкүл түшүрүш үчүн кылды.+ 15  Анан Хушай дин кызматчылар Садок менен Абыятарга:+ «Акитопел Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына ушундай кеңеш берди, мен болсо мындай кеңеш бердим. 16  Ошондуктан тезинен Дөөтүгө барып: „Бүгүн түнү чөлдө кечүүлөрдүн жанында* калбай, дарыянын аркы өйүзүнө өтүп кет, болбосо өзүң да, кишилериң да набыт болуп калышы мүмкүн“,— деп айткыла»,— деди.+ 17  Жонатан+ менен Акимаас+ шаарга киргенден коркуп, Эн-Рогелдин+ жанында турушкан эле. Бир күң аларга барып, баарын айтып берди. Анан ал экөө муну Дөөтүгө кабарлаш үчүн жөнөштү. 18  Бирок бир улан аларды көрүп калып, Абышаломго айтып койду. Жонатан менен Акимаас тезинен ал жерден кетип, Бакуримдеги+ бир кишинин үйүнө барып, короосундагы кудукка түшүп жашынып калышты. 19  Анан ал кишинин аялы кудуктун үстүн жабуу менен жаап, үстүнө майдаланган данды жайып койду; муну эч ким билген жок. 20  Абышаломдун кызматчылары ал аялдыкына барып: «Акимаас менен Жонатан кайда?» — деп сурашты. Аял: «Дарыяны көздөй кетип калышты»,— деди.+ Алар издеп-издеп таппай коюп, кайра Иерусалимге кетип калышты. 21  Алар кеткенден кийин, тигилер кудуктан чыгып, Дөөтү падышага барышты да: «Тезинен дарыянын аркы өйүзүнө өтүп кеткиле» — деп, Акитопелдин кандай кеңеш бергенин айтып беришти.+ 22  Дөөтү менен жанындагы кишилери ошол замат туруп, Иордандын аркы өйүзүнө өтө башташты. Таң атканга чейин бири да калбай аркы өйүзгө өтүп кетишти. 23  Акитопел болсо кеңешин жаратпай коюшканын көрүп, эшегин токуп үйүнө, өзүнүн шаарына жөнөдү.+ Анан үйүндөгүлөрүнө айтчу сөздөрүн айткандан кийин+ асынып алды.+ Анын сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге коюшту. 24  Ал ортодо Дөөтү Маханаимге+ барды. Абышалом болсо жанындагы бүт кишилери менен Иорданды кечип өттү. 25  Ал Жоаптын+ ордуна Амасаны+ аскер башчысы кылып койду. Амаса Нахаштын кызы Абигейил менен ысрайылдык Итранын уулу болчу. Абигейил+ Жоаптын энеси Зеруянын сиңдиси эле. 26  Абышалом менен ысрайылдыктар Гилат+ жерине барып жайгашышты. 27  Дөөтү Маханаимге барганда, Амондун тукумдарынын Рабба+ деген шаарынан Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин уулу Махир+ жана Гилат жериндеги Роглимден Барзелай+ 28  төшөнчүлөрдү, дагараларды, чопо идиштерди, буудай, арпа, ун, куурулган дан, буурчак, жасмык, кызарта куурулган дан, 29  бал, сары май, сыр*, кой алып келип: «Эл чөлдө жүрүп ачка болду, чарчады, суусады»+ — деп, Дөөтү менен анын кишилерине беришти.+

Шилтемелер

Же: «аңдарда; кокту-колоттордо».
Же: «буйрук кылган».
Же балким: «чөлдөгү түздүктөрдө».
Же: «быштак».