Шемуелдин 2-китеби 12:1—31
12 Жахаба Дөөтүгө Натан+ пайгамбарды жиберди. Натан ага барып:+ «Бир шаарда эки киши жашаптыр. Алардын бири бай, бири кедей болуптур.
2 Байдын кою да, бодо малы да аябай көп эле.+
3 Кедейдин болсо сатып алган бир кичинекей ургаачы козусунан башка эчтекеси жок болчу.+ Ал аны багып, уулдары менен бирге чоңойтот. Ага өздөрүнө эптеп жетип жаткан тамагынан берип, өзүнүн чөйчөгүнөн ичирип, койнуна алып жатып, кызындай эле көрүп калат.
4 Күндөрдүн биринде байдыкына бир мейман келет. Бай өзүнүн койлору менен бодо малын сойгусу келбей, кедейдин козусун алдырат да, үйүнө келген мейманга союп берет»,— деди.+
5 Ошондо Дөөтү ал кишиге аябай каарданып, Натанга: «Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем:+ ал киши өлүшү керек!
6 Анткени таш боордук кылды. Козунун ээсине болсо төрт эсе кылып төлөп бериши керек»,+— деди.
7 Натан Дөөтүгө: «Ошол киши сенсиң! Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен сени Ысрайылга падыша кылып дайындап,+ Шабулдун колунан куткардым.+
8 Сага мырзаңдын үйүндөгүлөрүн,+ эмнеси болсо, ошонун бардыгын, мырзаңдын аялдарын да+ бердим. Ысрайыл менен Жүйүттүн үстүнөн бийлик да бердим.+ Эгер булар аздык кылса, дагы кошуп бермекмин.+
9 Эмнеге Жахабанын сөзүн баркка албай, анын алдында жаман иш кылдың? Хеттин тукумдарынан болгон Урийди кылыч менен өлтүрдүң!+ Аны Амондун тукумдарынын+ кылычы менен өлтүрүп, аялын алып алдың.+
10 Хеттин тукумдарынан болгон Урийдин аялын алып, мени урматтабаганың үчүн, үйүңдөн эч качан кылыч кетпейт“.+
11 Жахаба дагы мындай дейт: „Сени өз үй-бүлөңдөгүлөр азапка сала тургандай кылам.+ Аялдарыңды алып, башка эркекке берем.+ Ал көз көрүнөө аялдарың менен жатат.+
12 Сен муну жашыруун жасасаң,+ мен бүт Ысрайылдын алдында, көз көрүнөө жасайм“»,— деди.
13 Ошондо Дөөтү Натанга: «Мен Жахабага каршы күнөө кылдым»,— деди.+ Натан ага: «Жахаба күнөөңдү кечирди,+ сен өлбөйсүң.+
14 Бирок Жахабаны такыр баркка албай, ушундай иш кылганың үчүн, төрөлгөн балаң өлөт»,— деди.
15 Анан Натан үйүнө кетти.
Жахаба Дөөтүнүн Урийдин аялы төрөп берген баласын ооруга чалдыктырды.
16 Дөөтү бала үчүн чыныгы Кудайга жалына баштады. Ал орозо кармап, күнүгө кечинде бөлмөсүнө кирип, түнү менен жерде жатып жүрдү.+
17 Бир күнү ак сарайындагы аксакалдар аны тургузалы деп жанына барышты, бирок ал тургусу келген жок, алар менен чогуу тамак жеген жок.
18 Жетинчи күнү бала чарчап калды. Дөөтүнүн кызматчылары: «Баласы тирүү кезде эле, айтканыбызды укпай койду эле, эми баласы чарчап калганын кантип айтабыз? Укса, өзүн бир нерсе кылып, балээ басып жүрбөсүн»,— деп ага угузгандан коркушту.
19 Кызматчыларынын шыбырашып жатканын көрүп Дөөтү баланын чарчап калганын түшүндү да, алардан: «Бала чарчап калдыбы?» — деп сурады. Алар: «Ооба, чарчап калды»,— дешти.
20 Ошондо Дөөтү ордунан туруп, жуунуп, жыттуу май менен майланып,+ кийимин алмаштырды да, Жахабанын үйүнө барып,+ ага сыйынды. Анан кайра үйүнө* келип, жегенге тамак сурап, тамактанды.
21 Кызматчылары ага: «Балаңыз тирүү кезде, орозо кармап, ыйладыңыз эле, ал чарчап калганда, ордуңуздан туруп, тамак жей баштадыңыз. Эмнеге ушинттиңиз?» — деп сурашты.
22 Ал: «Балам тирүүсүндө: „Ким билет, балким, Жахаба мага ырайым кылып, балам тирүү калар“,+— деп орозо кармап,+ ыйладым.
23 Эми ал чарчап калгандан кийин орозо кармап эмне кылам? Аны кайра кайрый алмак белем.+ Мен го бир күнү өлүп, анын жанына барам,+ бирок ал мага кайрылып келбейт да»,— деди.+
24 Дөөтү аялы Батшебаны сооротту.+ Анан аны менен жатып, аялынын боюна бүттү. Ал уул төрөп, атын Сулайман*+ коюшту. Жахаба аны жакшы көрчү.+
25 Жахаба аны жакшы көргөндүктөн Натан+ пайгамбарды жөнөтүп, атын Жедидия* деп койду.
26 Жоап Амондун тукумдарынын+ Рабба+ шаарына андан ары да сокку уруп, падышанын ак сарайы жайгашкан бөлүгүн* басып алды.+
27 Анан Дөөтүгө кабарчыларды жөнөтүп: «Мен Раббага сокку уруп,+ андагы суунун башаттарын* басып алдым.
28 Эми сен калган аскерди чогултуп келип, шаардын тушуна жайгашып, аны биротоло басып ал. Болбосо бул шаарды мен басып алсам, даңктын баары мага ыйгарылып калат*»,— деп айттырып жиберди.
29 Дөөтү бүт аскерин чогултуп барып, Раббага сокку уруп, аны басып алды.
30 Ал Малкамдын* башынан 34 килограммдай* алтындан жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон таажысын чечип алды. Аны Дөөтүнүн башына кийгизишти. Дөөтү ал шаардан абдан көп олжо+ алып чыкты.+
31 Андан сырткары, шаардын тургундарын туткундап, аларга таш кестиртип, кыш куйдуртуп, курч темир шаймандар менен, темир балта менен иштетип койду. Ал Амондун тукумдарынын бардык шаарларын ушундай кылды. Акыры, Дөөтү бүт аскери менен бирге Иерусалимге кайтып келди.
Шилтемелер
^ Же: «ак сарайына».
^ Еврей тилиндеги «тынчтык» дегенди билдирген сөздөн алынган.
^ Мааниси: «Жахтын сүйүктүүсү».
^ Же: «падышалыктын шаарын».
^ Сөзмө-сөз: «суулардын шаарын».
^ Сөзмө-сөз: «ал менин атым менен аталып калат».
^ Сыягы, Амондун тукумдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
^ Сөзмө-сөз: «1 талант». Б14 тиркемесин кара.

