Шемуелдин 2-китеби 11:1—27
11 Жылдын башында*, падышалар согушка барчу убакта, Дөөтү Жоап менен кызматчыларын жана Ысрайылдын бүт аскерин Амондун тукумдарын кыйратыш үчүн жиберди. Алар барып, Раббаны+ курчоого алышты. Дөөтү өзү Иерусалимде калган болчу.+
2 Бир күнү кечинде* Дөөтү төшөгүнөн туруп, сейилдегени падыша сарайынын үстүнө чыкты. Ал ары-бери басып жүрүп жуунуп жаткан абдан сулуу бир аялды көрүп калды.
3 Анан анын ким экенин билип келгенге киши жөнөттү. Ал: «Элиамдын* кызы,+ Хеттин тукумдарынан+ болгон Урийдин+ аялы Батшеба+ экен»,— деп айтып келди.
4 Дөөтү кишилерин жиберип, ал аялды алдырды да,+ аны менен жатты.+ (Ошол убакта ал тазаланып жаткан эле*.)+ Андан кийин Батшеба үйүнө кайтты.
5 Боюна бүтүп калганын билгенде ал Дөөтүгө: «Боюма бүтүп калыптыр»,— деп айттырып жиберди.
6 Ошондо Дөөтү Жоапка киши жиберип: «Хеттин тукумдарынан болгон Урийди мага жөнөтүп жибер»,— деп айттырды. Жоап Урийди Дөөтүгө жөнөттү.
7 Урий келгенде, Дөөтү андан Жоап менен жоокерлердин ал-жайын, согуштун кандай жүрүп жатканын сурады.
8 Анан Урийге: «Үйүңө барып, эс алып ал»,— деди. Урий падышанын үйүнөн чыкканда, артынан падыша берген белекти алып жөнөштү.
9 Бирок Урий үйүнө барбай, падышанын башка кызматчыларына кошулуп ак сарайдын кире беришиндеги бир жерге жатып алды.
10 Дөөтүгө: «Урий үйүнө барган жок»,— деп билдиришти. Ошондо ал Урийден: «Жол жүрүп келбедиңби, эмнеге үйүңө барган жоксуң?» — деп сурады.
11 Ал: «Келишим сандыгы+ чатырда турса, Ысрайыл менен Жүйүт кошууну чатырларда жашап жатса, мырзам Жоап менен кызматчылары талаада түнөп жатышса, мен кантип үйүмө барып, ичип-жеп, аялымдын койнунда жатмак элем?+ Сиздин алдыңызда ант берем: эч качан антпейм!» — деп жооп берди.
12 Дөөтү ага: «Анда бүгүн да бул жерде кал, эртең кетесиң»,— деди. Ошентип, Урий ал күнү да, эртеси да Иерусалимде болду.
13 Дөөтү Урийди чакырып, аны менен чогуу тамактанып, аны мас болгуча ичирди. Бирок Урий кечинде падышаныкынан чыгып, үйүнө барбай, дагы мырзасынын кызматчыларынын жанына жатып алды.
14 Эртең менен Дөөтү Жоапка кат жазып, Урийден берип жиберди.
15 Ал катка: «Урийди катуу салгылаш болуп жаткан жерге, алды жакка койгула. Анан өзүңөр артка чегинип, өлүп калышы үчүн, аны жалгыз калтырып койгула»,— деп жазды.+
16 Жоап шаарды жакшылап байкап көргөндүктөн душмандын күчтүү жоокерлери кайсы жерде турарын билчү. Ал Урийди так ошол жерге койду.
17 Шаардын тургундары Жоап менен согушуп, Дөөтүнүн бир нече кишиси каза тапты, алардын арасында Хеттин тукумдарынан болгон Урий да бар эле.+
18 Жоап Дөөтүгө салгылаш тууралуу толугу менен айтып бериш үчүн киши жиберди.
19 Аны жөнөтүп жатып мындай деди: «Падышага салгылаш жөнүндө баарын айтып бергениңде,
20 ал ачууланып: „Эмнеге шаарга ошончолук жакын бардыңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?
21 Жерубешеттин*+ уулу Абымелекти+ ким өлтүргөнүн унутуп койдуңарбы? Ал, Тебесте бир аял дубалдын үстүнөн жаргылчактын ташын таштап жибергенде, өлүп калбады беле?! Эмнеге дубалга ошончолук жакын бардыңар?“ — деши мүмкүн. Ошондо: „Хеттин тукумдарынан болгон Урий да өлдү“,— деп айт».
22 Кабарчы Дөөтүгө барып, Жоаптын айткандарынын баарын айтып берди.
23 Ал Дөөтүгө: «Душмандарыбыз бизден күчтүү экен, ошон үчүн биз менен согушканы талаага чыгышты. Бирок биз аларды кайра шаардын дарбазасына чейин кууп бардык.
24 Ошондо дубалдын үстүнөн жаачылар аткылап, кызматчыларыңыздын айрымдары каза болду. Хеттин тукумдарынан болгон кызматчыңыз Урий да каза тапты»,— деди.+
25 Ошондо Дөөтү ага: «Барып, Жоапка: „Буга көп кайгырбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Эми чабуулду күчөтүп, шаарды басып ал“+ — деп айтып, аны кайраттандырып кой»,— деди.
26 Урийдин аялы күйөөсүнүн каза болгонун угуп, аны жоктоп ыйлады.
27 Аза күткөн күндөрү бүтөрү менен, Дөөтү киши жиберип, аны үйүнө алдырды. Ал анын аялы болуп калды.+ Бир канча убакыт өткөндөн кийин, ал уул төрөдү. Дөөтүнүн бул кылганы Жахабанын көз алдында аябай жаман иш эле.+
Шилтемелер
^ Б. а. жазында.
^ Же: «кечке жуук».
^ Жылнаама 1-китеп 3:5те «Амиел».
^ Сыягы, айызы келгенден кийинки тазалануу расмиси жөнүндө айтылып жатат.

