Шемуелдин 1-китеби 23:1—29

  • Дөөтү Кеила шаарын куткарып калат (1—12)

  • Шабул Дөөтүнүн артынан сая түшөт (13—15)

  • Жонатан Дөөтүгө дем-күч берет (16—18)

  • Дөөтү Шабулдан качып кутулат (19—29)

23  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Дөөтүгө: «Пелиштиликтер Кеилага+ кол салып, кырмандардын баарын талап-тоноп жатышат»,— деген кабар жетти. 2  Ал Жахабадан: «Пелиштиликтер менен согушуп, аларды талкалайынбы?» — деп сурады.+ Жахаба: «Барып, аларды талкалап, Кеиланы куткар»,— деп жооп берди. 3  Бирок Дөөтүнүн кишилери ага: «Биз ушул Жүйүт жеринде коркуп жүрөбүз,+ анан кантип Кеилага барып, пелиштиликтер менен согушмак элек?!» — дешти.+ 4  Дөөтү кайрадан Жахабага кайрылды.+ Жахаба ага: «Кеилага бара бер, анткени пелиштиликтерди колуңа салып берем»,— деди.+ 5  Дөөтү кишилери менен Кеилага барды да, пелиштиликтерге катуу кыргын салып, малын айдап кетти. Ошентип, Кеиланын+ тургундарын куткарды. 6  Акимелектин уулу Абыятар+ Кеилага, Дөөтүгө качып барганда эфодду ала барган болчу. 7  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Шабулга: «Дөөтү Кеилага келди»,— деп билдиришти. Шабул: «Кудай аны колума салып берди,+ анткени ал бекиткичтер менен жабылган дарбазалары бар шаарга кирип, өзүн өзү кылтакка түшүрдү»,— деди. 8  Кеилага барып, Дөөтү менен анын кишилерин курчап алып, алар менен согушуш үчүн Шабул бүт жоокерлерин чогултту. 9  Дөөтү Шабулдун аны колго түшүргүсү келип жатканын билгенде дин кызматчы Абыятарга: «Эфодду алып кел»,— деди.+ 10  Анан Кудайга кайрылып: «Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, Шабулдун Кеилага келип, менин айымдан бул шаарды талкалаганы жатканын кулуң укту.+ 11  Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, кулуңа жооп берчи, Кеиланын башчылары* мени Шабулдун колуна салып беришеби? Кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби?» — деди. Жахаба: «Келет»,— деди. 12  Дөөтү: «Кеиланын башчылары мени кишилерим менен кошо Шабулдун колуна салып беришеби?» — деп сурады. Жахаба: «Салып беришет»,— деди. 13  Дөөтү менен анын жанындагы 600гө жакын кишиси+ ошол замат Кеиладан чыгып кетип, кайсы жакка бара алса, ошол жактарга барып жашынып жүрүштү. Шабул анын Кеиладан кетип калганын угуп, ал жакка барбай калды. 14  Дөөтү Зипке+ жакын чөлдөгү тоолуу аймактын киши оңой менен жете алгыс жерлеринде жүрдү. Шабул аны тынымсыз издей берди,+ бирок Жахаба аны Шабулдун колуна түшүрбөй, куткарып жатты. 15  Дөөтү Зипке жакын чөлдөгү Хореште жашынып жүргөндө Шабулдун аны өлтүрүш үчүн издеп жүргөнүн билди*. 16  Шабулдун уулу Жонатан Дөөтүнүн Жахабага болгон ишенимин бекемдеш үчүн Хорешке барды.+ 17  Ал Дөөтүгө: «Коркпо, атам сага эч нерсе кыла албайт. Сен Ысрайылга падыша болосуң,+ мен болсо сенден кийин турган адам болом. Муну атам да билет»,— деди.+ 18  Анан экөө Жахабанын алдында бири-бирине ант беришти.+ Дөөтү Хореште калды, Жонатан болсо үйүнө кайтты. 19  Кийинчерээк зиптиктер Гибага,+ Шабулга барып: «Дөөтү бизге жакын жерде, Хорештин+ киши оңой менен жете алгыс жерлеринде, Жешимондун*+ түштүгүндөгү Гахила+ адырында, жашынып жүрөт.+ 20  Падыша, эгер кааласаңыз, ошол жакка барыңыз. Биз аны колуңузга салып беребиз»,— дешти.+ 21  Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, Жахаба силерге батасын берсин. 22  Барып, анын каякта жүргөнүн, аны ким көргөнүн дагы жакшылап билип бергиле. Аны аябай куу деп айтышкан. 23  Жашынып жүргөн жерлеринин баарын чалгындап, тактап келгиле. Анан мен силер менен барып, миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да аны издеп табам»,— деди. 24  Ошондо алар Шабулдан мурун Зипке+ жөнөштү. Дөөтү ошол учурда кишилери менен Маондун+ жанындагы чөлдө, Жешимондун түштүк тарабындагы Арабада,+ жүргөн. 25  Шабул кишилери менен аны издегени жөнөдү.+ Бул тууралуу укканда Дөөтү ылдый түшүп, Маонго жакын чөлдөгү бир аскага+ барып жашынды. Шабул муну угуп, Дөөтүнүн артынан ошол чөлгө барды. 26  Ал тоонун берки тарабы менен баратты, Дөөтү болсо кишилери менен тоонун аркы тарабында болчу. Дөөтү Шабулдан жашынып калганга шашты.+ Бирок Шабул менен анын кишилери Дөөтү менен кишилерин колго түшүрүш үчүн аларды курчай башташты.+ 27  Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Тезирээк кайтыңыз, пелиштиликтер жерибизге кол салды!» — деди. 28  Шабул Дөөтүнү кууганын токтотуп,+ пелиштиликтер менен согушканы кетти. Ошондуктан ал жер Бөлүнүү аскасы деп аталып калган. 29  Дөөтү ал жерден кетип, Эн-Гединин+ киши оңой менен бара алгыс жерлеринде жашынып жүрдү.

Шилтемелер

Же балким: «жер ээлери».
Же балким: «билип, коркуп кетти».
Же балким: «чөлдүн, ээн талаанын».