Тесалоникалыктарга 2-кат 3:1—18
3 Акырында айтарым, бир туугандарым, Жахабанын сөзү силердин араңарда аябай баркталып жаткандай эле, биз аркылуу тез тарап,+ башкалардын арасында да барктала бериши үчүн тиленип тургула.+
2 Кудайдан бизди ниети бузук, кара өзгөй адамдардан сакташын+ да тилегиле, анткени баарында эле ишеним боло бербейт.+
3 Бирок Теңир* сөзүнө бек турат*, силерге күч берип, Шайтандан* коргойт.
4 Берген көрсөтмөлөрүбүздү аткарып жатканыңарга, мындан ары да аткара берериңерге Мырзабыздын жолдоочусу катары толук ишенебиз.
5 Кудайды сүйүп,+ мындан ары да туруктуу болуп,+ Мырзабыз Машаяктын жолун жолдой беришиңер үчүн, Мырзабыз силерди жетектей берсин деп тиленебиз.
6 Бир туугандарым, араңардан ким биз силерге* үйрөткөн нерселерге+ карманбай, тартип бузуп жаткан болсо,+ андайлардан алыс болушуңар керектигин Мырзабыз Иса Машаяктын атынан эскертебиз.
7 Силер биздин үлгүбүздү көрүп, кандай жашаш керектигин билгенсиңер,+ анткени араңарда жүргөндө тартип бузган эмеспиз,
8 эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз.+ Анын ордуна, эч кимиңерге жүк болбош үчүн күнү-түнү эмгектенип, кара жаныбызды карч уруп иштегенбиз.+
9 Бирок силерден жардам алганга акыбыз жок болгондуктан эмес,+ бизден үлгү алып, бизди туурасын деп ошенткенбиз.+
10 Араңарда жүргөнүбүздө силерге: «Ким иштегиси келбесе, ал жебесин»,— деп көп айтчубуз.+
11 Бирок азыр кээ бирлериңердин тартипти бузуп,+ такыр иштебей, башкалардын ишине кийлигишип жатканын угуп жатабыз.+
12 Андайларга өз ишин кылып, тынч жашаганга, өз нанын өзү таап жегенге Мырзабыз Иса Машаяктын атынан буйрук берип, аларды ушуга чакырабыз.+
13 Силер болсо, бир туугандарым, жакшы иш кылгандан чарчабагыла.
14 Ким бул катка жазгандарыбызга баш ийбесе, аны байкап жүргүлө жана уялып калышы үчүн, аны менен мамилелешпегиле.+
15 Бирок аны душман көрбөй, бир тууганыңар катары насаат айта бергиле.+
16 Тынчтыктын Теңири* силерге дайыма бардык жагынан тынчтык берсин.+ Ал баарыңарды колдосун.
17 Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам.+ Мен ушинтип жазам, бул ар бир катымды айырмалап турат.
18 Мырзабыз Иса Машаяк баарыңарга ырайымын төгө берсин.

