Падышалар 1-китеп 6:1—38

  • Сулайман ибадаткана курат (1—38)

    • Ички бөлмөсү (19—22)

    • Керуптар (23—28)

    • Жасалгасы, эшиктери жана ички короосу (29—36)

    • Ибадаткана 7 жылда курулуп бүтөт (37, 38)

6  Ысрайылдын падышасы Сулайман, ысрайыл эли Мисир жеринен+ чыккандан тартып эсептегенде, төрт жүз сексенинчи жылы, өзүнүн башкаруусунун төртүнчү жылында зип* айында+ (башкача айтканда, экинчи айда) Жахабанын ибадатканасын* кура баштады.+ 2  Ал Жахабага арнап курган ибадаткананын узундугу 27, туурасы 9, бийиктиги 13 жарым метр* болду.+ 3  Ибадаткананын* алдындагы бөлмөнүн+ узундугу* 9 метр болду, ал ибадаткананын туурасы менен бирдей эле. Ал эми туурасы 4 жарым метр* болду. 4  Сулайман ибадатканага сырт жагын көздөй улам кууш болуп кеткен терезелерди+ жасады. 5  Анан анын дубалына жанаштырып Ыйык жайды* айланта (ибадаткана менен ички бөлмөнүн+ дубалына жанаштыра) кошумча курулма куруп, ичине тегерете каптал бөлмөлөрдү жасады.+ 6  Ибадаткананын дубалын тешип эч нерсе орнотпош үчүн, ошол курулманын улам кийинки кабатынын дубалы жукараак келип, дубалдар тектир түрүндө жасалды. Ошон үчүн ылдыйкы кабаттагы каптал бөлмөлөрдүн туурасы 2 жарым метр*, ортоңку кабаттагылардыкы 3 метр*, үстүнкү кабаттагылардыкы болсо 3 жарым метр* болду.+ 7  Ибадаткананын өзү таш казылып алынган жайда жылмаланып даярдалган таштардан курулду.+ Ошон үчүн курулуш жүрүп жатканда балканын да, балтанын да, башка темир шаймандардын да үнү угулган жок. 8  Каптал бөлмөлөрдүн кире бериши ибадаткананын түштүк тарабына*,+ ылдыйкы кабатка жасалды. Ошол жерден кирип, экинчи, үчүнчү кабатка чыгыш үчүн буралма тепкич жасалды. 9  Сулайман ибадаткананы куруп бүтүп,+ үстүн төрт кырдуу бал карагай устундары, тактайлары менен жапты.+ 10  Ал ибадаткананы айланта бийиктиги 2 жарым метр болгон каптал бөлмөлөрдү жасап,+ аларды ибадатканага бал карагай устундары менен бириктирди. 11  Ошол убакта Жахаба Сулайманга: 12  «Эгерде менин көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарып, аларга ылайык жашасаң,+ атаң Дөөтүгө сен жөнүндө, сен куруп жаткан ибадаткана жөнүндө айткандарымды аткарам.+ 13  Ысрайыл элимдин арасында жашап,+ аларды таштабайм»,— деди.+ 14  Сулайман ибадаткананы курганын улантып, аны бүтүрдү. 15  Анын ички дубалын бал карагай менен каптады. Ичин шыбына чейин жыгач менен каптап, жерине арча тактай төшөдү.+ 16  Андан кийин ибадаткананын арт жагынан 9 метр эсептеп, ал жерди астынан шыбына чейин бал карагай тактайлары менен бөлүп койду. Ошентип, ибадаткананын ички бөлмөсүн+ — Ыйыктын ыйыгын+ — жасады. 17  Ыйык жайдын*+ алдындагы бөлмөнүн узундугу 18 метр* болду. 18  Ибадаткананын ичине каптаган бал карагай тактайларынын бетине жапайы дарбыздар+ менен ачылып турган гүлдөрдүн сүрөтү+ оюлуп түшүрүлдү. Ибадаткананын ичин, бир да ташы көрүнбөгүдөй кылып, бүт бойдон бал карагай менен каптады. 19  Сулайман ибадаткананын ичине Жахабанын келишим сандыгы коюла турган ички бөлмө+ жасады.+ 20  Анын узундугу да, туурасы да, бийиктиги да 9 метр болду.+ Ал аны таза алтын менен, жыпарзат түтөткүчтү+ болсо бал карагай менен каптады. 21  Андан кийин ибадаткананын ичин да таза алтын менен каптап,+ алтын менен капталган ички бөлмөнүн алдына алтын чынжыр тартып койду.+ 22  Ал ибадаткананын баарын алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдында турган жыпарзат түтөткүчтү да алтын менен каптады.+ 23  Андан кийин ички бөлмөгө кызыл карагайдан* эки керуп*+ жасады, алардын ар биринин бийиктиги 4 жарым метр болду.+ 24  Бир керуптун бир канаты 2 метр 25 сантиметр, экинчи канаты да 2 метр 25 сантиметр болду, ошондо бир канатынын учунан экинчи канатынын учуна чейин 4 жарым метр болду. 25  Экинчи керуптуку да 4 жарым метр болду. Эки керуптун тең көлөмү да, көрүнүшү да бирдей эле. 26  Экөөнүн тең бийиктиги 4 жарым метр эле. 27  Ал керуптарды+ ибадаткананын ички бөлмөсүнө койду. Керуптардын канаттары жайылып, биринчи керуптун бир канаты бөлмөнүн бир жак дубалына, экинчисинин бир канаты экинчи тараптагы дубалга тийип турду. Ал эми алардын экинчи канаттары бөлмөнүн ортосунда бири-бирине тийишип турду. 28  Ал керуптарды да алтын менен каптады. 29  Ибадаткананын ички бөлмөсүнүн да, сырткы бөлмөсүнүн да дубалына айландыра керуптардын,+ курма дарактарынын,+ ачылып турган гүлдөрдүн сүрөттөрү+ оюлуп түшүрүлдү. 30  Ички бөлмөнүн да, сырткы бөлмөнүн да жерин алтын менен каптады. 31  Ички бөлмөнүн кире беришине кызыл карагайдан эшиктерди, каптал устундарын, кашектерди жасады; бул дубалдын бешинчи бөлүгү* болчу. 32  Кызыл карагайдан жасалган эки эшикке керуптардын, курма дарактарынын, ачылып турган гүлдөрдүн сүрөттөрүн оюп түшүрүп, алтын менен каптады. Керуптар менен курма дарактарын каптаган алтынды үстүнөн чегип койду. 33  Ыйык жайдын* кире беришиндеги эшиктердин кашектерин да дубалдын төртүнчү бөлүгү* катары кызыл карагайдан жасады. 34  Арчадан эки эшик жасады. Алардын эки каалгасы тең бүктөлмө болчу жана айланып турган топсолорго орнотулган эле.+ 35  Ал эшиктерге керуптардын, курма дарактарынын, ачылып турган гүлдөрдүн сүрөттөрүн оюп түшүрүп, аларды алтын менен каптады. 36  Жылмаланган таштардан үч катар, бал карагай устундарынан бир катар коюп, ички короону+ курду.+ 37  Сулаймандын башкаруусунун төртүнчү жылында зип айында Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы тургузулду.+ 38  Ал эми он биринчи жылында бул* айында (тактап айтканда, сегизинчи айда) ибадаткана чиймеде көрсөтүлгөндөй толугу менен курулуп бүттү.+ Сулайман аны 7 жылда куруп бүттү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «узундугу 60, туурасы 20, бийиктиги 30 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
Сыягы, Ыйык жайдын.
Же: «туурасы».
Сөзмө-сөз: «10 чыканак».
Сөзмө-сөз: «ибадаткананы».
Сөзмө-сөз: «6 чыканак».
Сөзмө-сөз: «7 чыканак».
Сөзмө-сөз: «5 чыканак».
Сөзмө-сөз: «оң тарабына».
Сөзмө-сөз: «Ибадаткананын».
Сөзмө-сөз: «40 чыканак».
Сөзмө-сөз: «май дарагынан». Сыягы, Алеппо кызыл карагайы.
Жогорку даражалуу периште.
Бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз эшиктин кашектеринин түзүлүшүнө же эшиктердин көлөмүнө байланыштуу айтылышы да мүмкүн.
Сөзмө-сөз: «Ибадаткананын».
Бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз эшиктин кашектеринин түзүлүшүнө же эшиктердин көлөмүнө байланыштуу айтылышы да мүмкүн.