Падышалар 1-китеп 17:1—24

  • Илияс кургакчылык болорун алдын ала айтат (1)

  • Кузгундар Илияска азык ташып турат (2—7)

  • Илияс Сарепаттагы бир жесир аялдыкына барат (8—16)

  • Жесир аялдын баласы өлөт; Илияс аны тирилтет (17—24)

17  Гилат жеринде жашаган+ тишпилик Илияс*+ Ахапка: «Өзүм кызмат кылган Ысрайылдын Кудайы Жахабаны, тирүү Кудайды, оозанып ант берем: мен суранмайынча, келерки бир нече жылдын ичинде шүүдүрүм да түшпөйт, жаан да жаабайт!» — деди.+ 2  Жахаба Илияска: 3  «Бул жерден чыгып, чыгышты көздөй жөнө да, Иордандын чыгышындагы Керит өрөөнүнө* барып жашын. 4  Сууну ошол жактагы өзөндөн ичесиң, азыкты болсо менин буйругум менен кузгундар ташып келип турат»,— деди.+ 5  Илияс ошол замат ал жерден чыгып, Жахаба айткандай, Иордандын чыгышындагы Керит өрөөнүнө барып, ошол жерде жашай баштады. 6  Эртең менен жана кечкисин кузгундар ага нан менен эт ташып турушту, сууну болсо өзөндөн ичип жатты.+ 7  Бирок жаан жаабагандыктан, бир нече күндөн кийин өзөндүн суусу соолуп калды.+ 8  Ошондо Жахаба ага: 9  «Тур да, Сидондогу Сарепатка барып, ошол жерде жаша. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени бакканга буйрук берем»,— деп айтты.+ 10  Илияс Сарепатка жөнөдү. Шаардын дарбазасына жеткенде отун терип жүргөн бир жесир аялды көрүп, ага: «Мага ичкенге бир аз суу алып келип берчи»,— деди.+ 11  Аял суу алып келгени кетип баратканда, Илияс артынан: «Бир кесим нан да ала келчи»,— деди. 12  Бирок аял: «Тирүү Кудайдын, Жахаба Кудайыңыздын алдында чынын айтып жатам, менде нан жок. Чоң кумурамда бир ууч ун, кичине кумурамда бир аз эле майым калды.+ Бир аз отун терип барып, балам экөөбүзгө жегенге бир нерсе жасайм. Ошону жейбиз да өлөбүз»,— деди. 13  Илияс ага: «Коркпо. Барып, өзүң айткандай кыл. Бирок адегенде калган унуңдан мага кичинекей нан жасап келип бер. Андан кийин балаң экөөңөргө жасайсың. 14  Себеби Ысрайылдын Кудайы Жахаба: „Мен, Жахаба, жаан жаадырганга чейин, чоң кумурадагы ун түгөнбөйт, кичине кумурадагы май азайбайт“,— деп айтты»,— деди.+ 15  Аял барып, Илияс айткандай кылды. Анан Илияс да, аял да, анын үйүндөгүлөрү да көп күн бою ошентип жан багышты.+ 16  Жахаба Илияс пайгамбар аркылуу айткандай эле, чоң кумурадагы ун түгөнгөн жок, кичине кумурадагы май азайган жок. 17  Бир күнү үйдүн ээсинин, баягы аялдын, баласы катуу ооруп, өлүп калды.+ 18  Аял Илияска: «Чыныгы Кудайдын кишиси, мени эмнеге азапка салдыңыз? Күнөөмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келдиңиз беле?!» — деди.+ 19  Илияс ага: «Балаңды мага бер»,— деди да, баланы энесинен алып, өзү жашаган үстүнкү бөлмөгө алып чыгып, төшөгүнө жаткырды.+ 20  Анан Жахабага: «Оо, Жахаба Кудайым,+ мен үйүндө жашап жаткан бул жесир аялды да азапка саласыңбы? Эмнеге баласынын өлүп калышына жол бердиң?» — деди. 21  Анан баланы үч жолу кучактап, Жахабага: «Оо, Жахаба Кудайым, суранам, бул баланын өмүрүн кайрып бере көр»,— деп жалынды. 22  Жахаба анын үнүн угуп,+ баланы тирилтти.+ 23  Илияс баланы үстүнкү бөлмөдөн алып түштү да, энесине берип: «Мына, уулуң тирилди»,— деди.+ 24  Ошондо аял Илияска: «Эми сиздин Кудайдын кишиси экениңизди,+ Жахабанын сиз аркылуу айткан сөздөрүнүн баары чындык экенине көзүм жетти»,— деди.

Шилтемелер

Мааниси: «Менин Кудайым — Жахаба».
Же: «сайына».