Падышалар 1-китеп 16:1—34

  • Жахаба Баашага чыгарган өкүмүн жарыялайт (1—7)

  • Эла Ысрайылга падыша болот (8—14)

  • Зимри Ысрайылга падыша болот (15—20)

  • Омри Ысрайылга падыша болот (21—28)

  • Ахап Ысрайылга падыша болот (29—33)

  • Хиел Жерихону кайра курат (34)

16  Жахаба Хананинин+ уулу Жеху+ аркылуу Баашага чыгарган өкүмүн жарыялап: 2  «Эч кандай кадыр-баркың жок кезде, зоболоңду көтөрүп, ысрайыл элиме жол башчы кылган элем.+ Сен болсо Жеробамдын жолуна түшүп, ысрайыл элимди күнөө кылганга түрттүң. Алар кылган күнөөлөрү менен мени капалантышты.+ 3  Ошон үчүн мен, Небаттын уулу Жеробамдын+ тукумдарын жок кылгандай эле, Бааша менен анын тукумдарын да жок кылам. 4  Анын үйүндөгүлөрүнүн шаарда өлгөнүн иттер жейт, талаада өлгөнү болсо куштарга жем болот»,— деди. 5  Баашанын жашоосунда болгон башка окуялар, эмнелерди кылганы, жасаган зор иштери Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 6  Ошентип, Бааша көз жумуп, сөөгү Тирсага+ коюлду. Анын ордуна уулу Эла падыша болду. 7  Бааша Жеробамдын үйүндөгүлөрүнө окшоп Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, ошол иштеринин баары менен аны капалантканы үчүн, Надапты да өлтүргөнү үчүн, Жахаба Хананинин уулу Жеху пайгамбар аркылуу ага жана анын үйүндөгүлөрүнө чыгарган өкүмүн жарыялады.+ 8  Жүйүттүн падышасы Асанын башкаруусунун жыйырма алтынчы жылында Баашанын уулу Эла Тирсада такка отуруп, бүт Ысрайылга падыша болду. Ал 2 жыл башкарды. 9  Бир жолу Эла Тирсада ошол жактагы үйүн башкарган Арзаныкында мас болуп калды. Ошондо согуш арабаларынын жарымын башкарган Зимри деген кызматчысы аны өлтүрүш үчүн бирөөлөр менен сүйлөшүп алды. 10  Анан барып, аны өлтүрдү да,+ ордуна падыша болуп алды. Бул Жүйүттүн падышасы Асанын башкаруусунун жыйырма жетинчи жылы болду. 11  Падыша болуп такка отурары менен ал Баашанын үйүндөгүлөрүнүн баарын кырып таштады. Бир да эркегин, тууганы* болобу, досу болобу, тирүү калтырган жок. 12  Жахабанын Жеху пайгамбар аркылуу Баашага жарыялаган өкүмүнө ылайык, Зимри Баашанын үйүндөгүлөрүн бүт кырып салды.+ 13  Бул Бааша менен уулу Эланын кылган күнөөлөрү үчүн болду. Алар эч нерсеге арзыбаган, пайда-батасы жок буркандарга сыйынып, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны капалантышкан. Ошентип, ысрайылдыктарды күнөө кылганга түртүшкөн.+ 14  Эланын жашоосунда болгон башка окуялар, анын эмнелерди кылганы Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 15  Жүйүттүн падышасы Асанын башкаруусунун жыйырма жетинчи жылында, жоокерлер пелиштиликтердин Гиптон+ деген шаарын курчоого алып жатканда, Зимри Тирсада такка отуруп, 7 күн падышалык кылды. 16  Шаарды курчап турган жоокерлер анын бирөөлөр менен сүйлөшүп алып, падышаны өлтүрүп койгонун угушту. Ошондо кошуундагы бүт жоокерлер Омри+ деген аскер башчыны ошол эле күнү Ысрайылга падыша кылып коюшту. 17  Омри менен жоокерлер Гиптондон кетип, Тирсаны курчоого алышты. 18  Зимри алардын шаарды басып алышканын көргөндө падышанын ак сарайындагы мунарага кирип, ак сарайга өрт коюп, өрттөнүп өлдү.+ 19  Ал Жеробамдын жолуна түшүп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди жасаганы жана кылган күнөөлөрү менен ысрайыл элин күнөөгө түрткөнү үчүн ушундай болду.+ 20  Зимринин жашоосунда болгон башка окуялар, анын башкалар менен сүйлөшүп алып падышаны өлтүргөнү Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 21  Ошол убакта ысрайыл эли экиге бөлүнүп, жарымы Гинаттын уулу Тибнини падыша кылыш үчүн анын тарабына, жарымы Омринин тарабына өттү. 22  Омри тараптагылар Гинаттын уулу Тибнинин тарабындагылардан күчтүүлүк кылып кетишти. Ошентип, Тибни өлүп, Омри падыша болду. 23  Жүйүт падышасы Асанын башкаруусунун отуз биринчи жылында Омри Ысрайылга падыша болуп, 12 жыл башкарды. Ал Тирсада 6 жыл бийлик кылды. 24  Омри Шемерден* 68 килограммдан ашык* күмүшкө Самария тоосун сатып алып, үстүнө шаар куруп, аны тоонун ээси Шемердин атынан Самария*+ деп атады. 25  Омри Жахабанын алдында дайыма жаман иштерди кылып, өзүнөн мурункулардын баарынан ашып түштү.+ 26  Ал Небаттын уулу Жеробамдын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылып, ысрайыл элин күнөөгө түрттү. Ошондон улам ысрайылдыктар эч нерсеге арзыбаган, пайда-батасы жок буркандары менен Ысрайылдын Кудайы Жахабаны капалантышты.+ 27  Омринин жашоосунда болгон башка окуялар, эмнелерди кылганы, согуштагы жеңиштери Ысрайыл падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 28  Ошентип, Омри каза болуп, сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Ахап+ падыша болду. 29  Омринин уулу Ахап Жүйүттүн падышасы Асанын башкаруусунун отуз сегизинчи жылында Самарияда+ такка отуруп, Ысрайылды 22 жыл башкарды. 30  Ал Жахабанын алдында жаман иштерди кылып, өзүнөн мурункулардын баарынан ашып түштү.+ 31  Небаттын уулу Жеробамдын+ күнөөлөрүн кайталаганы аз келгенсип, сидондуктардын+ падышасы Этпалдын кызы Изабелди+ аялдыкка алып, Баалга сыйына баштады.+ 32  Андан сырткары, Самарияда Баалга+ арнап өзү курган ибадатканада Баал үчүн курмандык жайын курду. 33  Ахап ыйык мамы да орнотту.+ Ошентип, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны капаланткан көп жаман иштерди кылып, өзүнөн мурунку Ысрайыл падышаларынын баарынан ашып түштү. 34  Ахаптын убагында бейтелдик Хиел Жерихону кайра курду. Анын пайдубалын тургузганда ал, Жахабанын Нундун уулу Жашыя аркылуу айткан сөзү боюнча, тун баласы Абырамдан, ал эми дарбазасын орноткондо кенже баласы Сегуптан айрылды.+

Шилтемелер

Же: «кунун кууй турган кишиси».
Мааниси: «Шемер тукумуна таандык».
Сөзмө-сөз: «2 талант». Б14 тиркемесин кара.
Бул уруунун аталышы болушу мүмкүн.