Накыл сөздөр 1:1—33
1 Ысрайыл падышасынын,+ Дөөтүнүн уулу+ Сулаймандын*,+ накыл сөздөрү.
2 Бул сөздөр акылман+ болуш үчүн, акыл-насаат* алыш үчүн,Даанышман сөздөрдү түшүнүш үчүн жазылган.
3 Бул сөздөр түшүнүктү арттырганга,Адил болгонго,+ туура чечим чыгарганга*,+ чынчыл болгонго жардам берген акыл-насаатты+ алыш үчүн,
4 Тажрыйбасыздарга кыраакы+ болгонго,Жаштарга билим берип, терең ой жүгүрткөнгө+ жардам бериш үчүн жазылган.
5 Акылдуу киши бул сөздөргө кулак кагып, акылына акыл кошот;+Түшүнүгү бар киши мыкты кеңеш* табат.+
6 Ал накыл сөздү, мааниси терең кепти,Акылмандардын айткандарын, табышмактарын түшүнөт.+
7 Жахабадан* корккон* киши билим алат*.+
Даанышмандык менен акыл-насаатты акылсыздар гана четке кагат.+
8 Уулум, атаңдын акыл-насаатына кулак сал,+Энеңдин берген таалимин* четке какпа.+
9 Анткени булар — башыңа кийгизилген кооз гүлчамбар,+Мойнуңа тагылган жакшынакай жасалга.+
10 Уулум, күнөөкөрлөр азгырса, азгырыкка алдырба.+
11 Эгер алар: «Жүр биз менен.
Буктурма коюп, кан төгөбүз.
Эрмектеш үчүн айыпсыздарды аңдыйбыз.
12 Аларды тирүүлөй эле көр* жуткандай жутабыз,Аңга көмүлгөндөрдөй бүкүлү жутабыз.
13 Кымбат баалуу буюмдарынын баарын тартып алып,Үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.
14 Жүр, бизге шерик бол*.
Уурдап алгандарыбызды тең бөлүп алабыз*»,— дешсе,
15 Уулум, аларга кошулба.
Алардын жолуна түшпө.+
16 Анткени алар* жамандык кылганы чуркайт,Кан төккөнгө шашып турат.+
17 Канаттуу көрүп турса, тор жайгандан пайда жок.
18 Ошон үчүн күнөөкөрлөр кан төгүш үчүн буктурма коюшат,Бирөөнүн жанын алыш үчүн аңдып жатышат.
19 Арам оокатка жутунгандар ушундай кылышат,Андай оокат алардын түбүнө жетет.+
20 Чыныгы акылмандык+ көчөдө жар салып жүрөт,+Анын үнү аянттарда угулуп жатат.+
21 Ал эл кайнаган көчөлөрдүн кесилишинде жар салып жатат.
Шаар дарбазаларынын оозунда мындай деп жатат:+
22 «Тажрыйбасыздар, качанга чейин тажрыйбасыз бойдон* жүрө бересиңер?
Шылдыңчылдар, качанга дейре шылдыңдагандан рахат алып жүрө бересиңер?
Акылсыздар, дагы качанкыга чейин билимди жек көрө бересиңер?+
23 Ашкерелегенимде кулак салып, оңолгула.+
Ошондо силерге акылмандык берем*,Сөздөрүмдү түшүнгөнгө жардам берем.+
24 Силерди канча чакырсам да, укпай жатасыңар.
Жардам бериш үчүн кол сунсам да, эч кимиңер көңүл бурбай жатасыңар.+
25 Кеңешимдин баарын четке кагып келатасыңар.
Ашкерелесем, моюн сунбай жатасыңар.
26 Ошондуктан мен да башыңарга кыйынчылык түшкөндө күлөм.
Эмнеден корксоңор, ошого кабылганыңарда, шылдың кылам.+
27 Корккон нерсеңер бороон-чапкындай болуп,Кыйынчылыгыңар куюндай болуп келгенде,Азапка, кайгыга малынганыңарда, силерди шылдыңдайм.
28 Ошондо силер* мени жардамга чакырасыңар, бирок жооп бербейм.
Мени жан далбастап издейсиңер, бирок таппайсыңар.+
29 Себеби билимди жек көргөнсүңөр,+Жахабадан корккон эмессиңер.+
30 Кеңешимди четке каккансыңар,Оңдоп-түзөш үчүн кылган аракетимдин бирин да барктаган эмессиңер.
31 Ошон үчүн кылган иштериңердин айынан азап чегип,+Айла-амалдарыңардын кесепетин толугу менен тартасыңар.
32 Тажрыйбасыздарды* тоң моюндугу өлтүрөт,Акылсыздарды камырабастыгы ойрон кылат.
33 Ал эми мени уккандар бейкут өмүр сүрөт,+Эч бир жамандыктан коркпой, коопсуз жүрөт».+
Шилтемелер
^ Еврей тилиндеги «тынчтык» дегенди билдирген сөздөн алынган.
^ Бул жерде «акыл-насаат» деп которулган сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Аны «жаза, билим, оңдоп-түзөө, үндөө, эскертүү, кеңеш» деп да которсо болот.
^ Же: «адилеттүү болгонго».
^ Же: «жетекчилик».
^ Же: «Жахабаны кастарлаган; терең урматтап-сыйлаган».
^ Сөзмө-сөз: «Жахабадан коркуу — билимдин башталышы».
^ Же: «үйрөткөн мыйзамын».
^ Же: «биз менен чогуу өкчөмө ташыңды ыргыт».
^ Же: «Капчыгыбыз бир болот».
^ Сөзмө-сөз: «алардын буттары».
^ Же: «тажрыйбасыздыкты жакшы көрүп».
^ Сөзмө-сөз: «рухумду төгөм». Сыягы, Кудай ыйык руху аркылуу берчү акылмандыкты билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «алар». Бул 29—31-аяттарга да тиешелүү.
^ Же: «Ишенчээктерди; жетиле электерди; акылсыздарды».

