Микей 4:1—13

  • Жахабанын тоосу бардык тоолордун чокусунан бийик көтөрүлөт (1—5)

    • Кылычтарынан соконун тишин жасашат (3)

    • Жахабанын аты менен аталганыбызга ылайык жашайбыз (5)

  • Бийлиги кайтарылып берилген Сион күчтүү болот (6—13)

4  Акыркы күндөрдөЖахабанын үйү турган тоо+Бардык тоолордун чокусунан бийик көтөрүлүп, козголгус болот,Адырлардан жогору көтөрүлөт,Ага элдер агылып келет.+  2  Көптөгөн элдер келип: «Жүргүлө, Жахабанын тоосуна чыгып,Жакыптын Кудайынын үйүнө баралы.+ Ал бизге өзүнүн жолун көрсөтөт*,Биз анын жолу менен жүрөбүз»,— дешет. Анткени Сиондон мыйзам*,Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат.  3  Ал көптөгөн элдердин арасында сот жүргүзүп,+Алыстагы күчтүү элдердин да иштерин жөнгө салат. Алар кылычтарынан соконун тишин,Найзаларынан багбандын бычагын жасашат.+ Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт,Мындан ары согушканды үйрөнбөйт.+  4  Ар бири өзүнүн жүзүмү менен өзүнүн анжиринин астында отурат*.+ Аларды эч ким коркутпайт,+Себеби муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба айтты.  5  Бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты менен аталат*,Биз болсо түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын аты менен аталганыбызга ылайык жашайбыз*.+  6  «Ошол күнү,— дейт Жахаба,— Мен аксаган элимди чогултам,Туш тарапка чачырап кеткендерди,Өзүм жазалагандарды да чогултам.+  7  Аксаган элдин калдыгын сактап калам,+Алыска куулгандарды күчтүү эл кылам.+ Мен, Жахаба, ошондон тартып түбөлүккөСион тоосунан аларга падышалык кылам.  8  Сага болсо, койчулар оторуна көз салып турган мунара,Сион кызынын* дөңсөөсү,+Баштапкы бийлигиң кайтарылып берилет,+Иерусалим кызына таандык падышалык кайтарылат.+  9  Анда эмнеге өкүрүп жатасың? Төрөп жаткан аялга окшоп кыйналгыдай,+Эмне, падышаң жокпу? Же эмне, кеңешчиңден айрылдыңбы? 10  Сион кызы, төрөп жаткан аялга окшопКатуу кыйнал, онто. Себеби сен шаардан чыгып, талаада жашаганга аргасыз болосуң. Бабылга* чейин барганга мажбур болосуң,+Ошол жерден куткарыласың.+ Ошол жактан Жахаба сени душмандарыңдын колунан сатып алат.+ 11  Көптөгөн элдер сага каршы чогулушат,Алар: „Сион арамдалса экен,Анын арамдалганын көрсөк экен“,— дешет. 12  Бирок алар Жахабанын ойлорун билишпейт,Анын ой-ниетин түшүнүшпөйт. Ал баарын чогултуп, кырманга топтолгон жаңы орулган эгинди бастыргандай бастырат. 13  Сион кызы, тур да, эгин бастыр,+Себеби мүйүзүңдү темир,Туяктарыңды жез кылам. Ошондо сен көп элдерди талкалайсың,+Алардын арам жол менен тапкандарын,Байлыгын бүт жер жүзүнүн Теңири Жахабага арнайсың».+

Шилтемелер

Же: «өзүнүн кантип иш кыларын үйрөтөт».
Же: «көрсөтмө».
Же: «жашайт». Бул гүлдөп-өсүп, тынч, коопсуз жашоону билдирет.
Сөзмө-сөз: «аты менен жүрөт».
Сөзмө-сөз: «аты менен жүрөбүз».
«Сион кызы», «Иерусалим кызы» деген поэтикалык сөз айкаштары, адатта, Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдирет.
Вавилонго.