Матай 21:1—46

  • Иерусалимдеги эл Исаны салтанат менен тосуп алат (1—11)

  • Иса ибадатканадан соода-сатык жүргүзгөндөрдү кууп чыгат (12—17)

  • Анжир дарагы куурап калат (18—22)

  • Исанын бийлиги талашка салынат (23—27)

  • Эки уул жөнүндөгү мисал (28—32)

  • Зулум багбандар жөнүндөгү мисал (33—46)

    • Бурчка коюла турган негизги ташты жаратпай коюшат (42)

21  Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосундагы Бетфагияга келишкенде, Иса эки шакиртин жөнөтүп:+ 2  «Тээтиги көрүнүп турган айылга баргыла. Ал жерге жетериңер менен байланып турган эшек менен кодигин* көрөсүңөр. Аларды чечип алып, мага алып келгиле. 3  Эгерде бирөө бирдеме десе, ага: „Булар Мырзабызга керек“,— деп айткыла. Ошондо ал дароо берет»,— деди. 4  Бул бир пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздөр аткарылышы үчүн болду: 5  «Сион кызына*: „Мына, сага мүнөзү жумшак+ Падышаң келатат,+ ал эшек минип келатат, жүк ташыган эшектин кодигин минип келатат“,+— деп айткыла». 6  Шакирттер барып, Иса айткандай кылышты.+ 7  Алар эшек менен кодигин алып келип, үстүлөрүнө сырт кийимдерин салышты. Иса кодикке минди.+ 8  Элдин көбү жолго сырт кийимдерин төшөсө,+ башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты. 9  Исанын алды-артында келаткан калың эл: «Оо, Кудай, суранабыз, Дөөтүнүн Уулун сактай көр!+ Жахабанын атынан келатканга анын батасы тийсин!+ Асмандагы Кудай, суранабыз, муну сактай көр!» — деп кыйкырып жатты.+ 10  Иса Иерусалимге киргенде, бүт шаар толкуп, баары: «Бул ким?» — деп сурап жатты. 11  Исанын жанындагы эл болсо: «Бул — Галилеядагы Назареттен чыккан Иса пайгамбар!»+ — деп жооп берип келатты. 12  Иса ибадатканага кирип, сатуучулар менен сатып алып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн, көгүчкөн саткандардын отургучтарын көңтөрүп салды.+ 13  Анан аларга: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм тиленүү үйү деп аталат“,+— деп жазылган. Силер болсо бул жерди каракчылардын уюгуна айландырып салдыңар»,— деди.+ 14  Анан жанына келген сокурлар менен аксактарды айыктырды. 15  Жогорку дин кызматчылар менен диний мыйзамдарды окуткандар Исанын жасаган кереметтерин көргөндө жана балдардын ибадатканада: «Оо, Кудай, суранабыз, Дөөтүнүн Уулун сактай көр!»+ — деп кыйкырып жатканын укканда кыжырданып,+ 16  Исага: «Булардын айткандарын угуп жатасыңбы?» — дешти. Ал: «Ооба. „Өзүңдү жаш балдар менен наристелерге даңктаттың“,+— деген сөздөрдү эч качан окуган эмес белеңер?» — деди. 17  Анан шаардан чыгып, Бетанияга барды да, ошол жерде түнөдү.+ 18  Иса эртең менен эрте шаарга кайтып келатып ачка болду.+ 19  Анан жол боюндагы анжир дарагын көрүп, жанына басып барды. Бирок жалбырактарынан башка эч нерсе таппагандыктан,+ ага: «Мындан ары мөмө байлабай кал»,+— деди. Анжир дарагы ошол замат куурап калды. 20  Муну көргөн шакирттери таң калып: «Анжир дарагы кантип бир заматта куурап калды?»+ — деп сурашты. 21  Иса: «Силерге айтып коёюн, эгер ишенимиңер болсо, эч шектенбесеңер, муну эле эмес, мындан да көптү кыласыңар. Атүгүл бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десеңер, түшөт.+ 22  Ошентип, Кудайдан эмнени тилебегиле, эгер ишенимиңер болсо, баарын аласыңар»,+— деди. 23  Иса ибадатканага кирип, элди окутуп жатканда, жанына жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары келип: «Буларды кылганга кандай укугуң бар? Мындай укукту сага ким берди?» — деп сурашты.+ 24  Иса аларга: «Мен да силерден бир нерсе сурайын. Эгер жооп берсеңер, мага буларды кылганга ким укук бергенин айтам. 25  Жаканга элди чөмүлдүргөнгө ким укук берди эле? Асмандагы Кудайбы же адамдарбы?» — деди. Ошондо алар: «Эгер: „Кудай“,— десек, ал бизге: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт.+ 26  „Адамдар“,— деп айталы десек, элден коркобуз, анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет»,— деп өз ара сүйлөшө башташты. 27  Анан Исага: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо ал мындай деди: «Анда мен да буларды кылганга мага ким укук бергенин айтпайм. 28  Кандай деп ойлойсуңар? Бир кишинин эки уулу болгон экен. Ал биринчисине барып: „Балам, бүгүн жүзүмзарга барып иштеп кел“,— деп айтат. 29  Баласы: „Барбайм“,— дейт, бирок кайра өкүнүп, иштегени барат. 30  Атасы экинчисине да барып, ошентип айтат. Ал баласы: „Макул, ата*, барайын“,— дейт, бирок барбай коёт. 31  Экөөнүн кимиси атасынын эркин аткарды?» Алар: «Биринчиси»,— дешти. Ошондо Иса мындай деди: «Ишенип койгула, салык жыйнагандар менен сойкулар Кудайдын Падышалыгына силерден мурун киришет. 32  Себеби Жакан силерге туура жолду* көрсөткөнү келген, бирок ага ишенбей койдуңар. Салык жыйнагандар менен сойкулар болсо ишеништи.+ Силер болсо муну көргөндөн кийин да өкүнүп, оюңарды өзгөрткөн жоксуңар, ага ишенген да жоксуңар. 33  Дагы бир мисал айтайын: бир киши жерине жүзүм отургузат да,+ жүзүмзарын айландыра тосуп коёт. Анын ичине жүзүм сыга турган жай казып, мунара салат.+ Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, өзү башка өлкөгө кетет.+ 34  Түшүм жыйнай турган убак келгенде, ал өзүнө тиешелүү түшүмдү алыш үчүн кулдарын багбандарга жөнөтөт. 35  Бирок багбандар аларды кармап алып, бирин сабап, башкасын таш бараңга алып, дагы бирин өлтүрүп салышат.+ 36  Ошондо жүзүмзардын ээси мурункудан да көп кулдарын жөнөтөт, бирок багбандар аларды да ошондой кылышат.+ 37  Акырында ал: „Уулумду сыйлашар“ — деп, уулун жөнөтөт. 38  Аны көрүп, багбандар бири-бирине: „Бул мурасчы да!+ Жүргүлө, өлтүрүп, мурасын ээлеп алалы!“ — дешет. 39  Анан аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына сүйрөп чыгып, өлтүрүп салышат.+ 40  Кийин жүзүмзардын ээси келгенде ал багбандарды эмне кылат?» 41  Тигилер: «Ал зулумдарды өлтүрүп, жүзүмзарын түшүмүн өз убагында жыйнап бере турган башка багбандарга берет да»,— дешти. 42  Ошондо Иса аларга: «Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш бурчка коюла турган негизги таш болуп калды.+ Муну Жахаба кылды. Бул биз үчүн керемет“,— деген сөздөрдү эч качан окуган эмес белеңер?+ 43  Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы силерден тартылып алынып, Кудайдын эркин аткарган* элдерге берилет. 44  Ким бул ташка жыгылса, соо калбайт.+ Ал эми таш кимдин үстүнө куласа, ал жанчылып калат»,— деди.+ 45  Бул мисалдарды укканда жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Исанын алар жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.+ 46  Алар аны кармагысы келди, бирок элден коркушту. Анткени эл Исаны пайгамбар деп эсептечү.+

Шилтемелер

Такайын.
Бул поэтикалык сөз айкашы Сион тоосунда жайгашкан Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдириши мүмкүн.
Сөзмө-сөз: «мырзам».
Сөзмө-сөз: «адилдиктин жолун».
Же: «жемиш берген».