Лука 17:1—37

  • Күнөөгө түрткөн нерселер, кечиримдүүлүк жана ишеним (1—6)

  • Эч нерсеге татыбаган кулдар (7—10)

  • Пес оорулуу 10 киши айыгат (11—19)

  • Кудайдын Падышалыгы көзгө көрүнүп келбейт (20—37)

    • «Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда» (21)

    • «Лоттун аялы эмне болгонун эстен чыгарбагыла» (32)

17  Анан Иса шакирттерине: «Адамды күнөөгө түрткөн нерселер* болбой койбойт. Бирок андай нерселерге ким себепкер болсо, ошонун башына каран түн түшөт! 2  Эгер ал киши ушул кичинекей балдардай болгондордун бирин күнөөгө түртсө, анын мойнуна тегирмен ташын байлап, деңизге ыргытып жиберишсе, ага жакшыраак болмок.+ 3  Өзүңөргө сак болгула. Кимдир бирөө* күнөө кылса, аны ашкерелегиле.+ Эгер өкүнсө, кечиргиле.+ 4  Бир күндүн ичинде силерге каршы атүгүл жети жолу күнөө кылып, кайра жети жолу келип: „Өкүнүп жатам, кечирип койчу“,— десе, кечиргиле»,+— деди. 5  Ошондо Исага элчилери: «Ишенимибизди арттыра көр»,— дешти.+ 6  Иса аларга мындай деди: «Эгер сары кычы данындай эле ишенимиңер бар болсо, анан бул тыт дарагына: „Тамырың менен суурулуп, деңизге көч!“ — десеңер, көчмөк.+ 7  Араңардан кимиңер жер айдаган же мал кайтарган кулуңар талаадан келгенде, ага: „Кел тезирээк, дасторконго отур“,— дейсиңер? 8  Тескерисинче, ага: „Алжапкыч тагынып, мага кечки тамак даярда да, мен ичип-жегиче, кызмат кыл. Андан кийин өзүң ичип-жейсиң“,— дейсиңер да. 9  Тапшырылган иштин баарын аткарганы үчүн кожоюн кулуна ыраазычылык билдирбейт да, чынбы? 10  Силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз. Аткарышыбыз керек болгон нерсени гана аткардык“,— деп айткыла».+ 11  Иса Самария менен Галилеянын чектешкен жерлерин бойлой Иерусалимге баратып 12  бир айылга кирди. Аны пес оорулуу 10 киши көрдү. Бирок алар алыста турушту+. 13  Анан: «Иса, Устат, бизге кайрымдуулук кыла көр!» — деп кыйкырышты. 14  Аларды көрүп Иса: «Барып, дин кызматчыларга көрүнгүлө»,— деди.+ Тигилер ал жактан кетип, жолдо баратканда айыгып калышты.+ 15  Арасынан бири өзүнүн айыкканын көргөндө үнүн бийик чыгара Кудайды алкап, Исага кайтып келди да, 16  бут алдына жүзтөмөндөп жыгылып, ыраазычылык билдирди. Ал самариялык болчу.+ 17  Ошондо Иса: «10 киши айыкпады беле, калган тогузу кана? 18  Кудайды даңкташ үчүн бөтөн элден болгон ушул кишиден башка эч ким кайтып келген жокпу?» — деди. 19  Анан тиги кишиге: «Тур да, бара бер. Сени ишенимиң айыктырды»,— деп айтты.+ 20  Бир күнү фарисейлер Исадан Кудайдын Падышалыгы качан келерин сурашты.+ Иса аларга: «Кудайдын Падышалыгы көзгө көрүнүп келбейт. 21  Ал жөнүндө: „Мына, ал бул жерде!“ же „Тиги жерде!“ — деп айтышпайт. Анткени Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деп жооп берди.+ 22  Анан шакирттерине мындай деди: «Адам Уулу силер менен болчу күндү көргүңөр келе турган убак келет, бирок көрбөйсүңөр. 23  Башкалар силерге: „Ал тиги жерде!“ же „Мына, бул жерде!“ — дешет. Бирок ал жакка барбагыла, аларды ээрчибегиле.+ 24  Себеби адам Уулунун+ кайра келиши чагылган жарк этип, асмандын бир четинен экинчи четине чейин жаркырагандай эле айкын болот.+ 25  Бирок ал адегенде көп азап чегиши, бул муун тарабынан четке кагылышы керек.+ 26  Нухтун убагында кандай болсо,+ адам Уулу кайра келген убакта да ошондой болот:+ 27  Нух кемеге кирген күнгө чейин,+ топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин,+ адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. 28  Лоттун күндөрүндө да ошондой болгон:+ адамдар ичип-жешкен, соода-сатык кылышкан, жер иштетишкен, үйлөрдү салышкан. 29  Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, баарын жок кылган.+ 30  Адам Уулу кайра келген убакта да ошондой болот.+ 31  Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин. Ким талаада болсо, үйүндө калган нерселерин алыш үчүн кайтып келбесин. 32  Лоттун аялы эмне болгонун эстен чыгарбагыла.+ 33  Ким жанын сактагысы келсе, андан айрылат, ал эми ким жанынан айрылса, аны сактап калат*.+ 34  Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки адамдын бири алынат, бири калтырылат.+ 35  Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат». 36 *⁠—— 37  Ошондо алар Исадан: «Мырзам, булар кайсы жерде болот?» — деп сурашты. Ал: «Өлүк каерде болсо, бүркүттөр* ошол жерге чогулат»,— деп жооп берди.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Мүдүрүлгөнгө себептер».
Сөзмө-сөз: «Бир тууганың». Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.
Же: «кайра жашайт».
Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.
Бүркүттүн кээ бир түрлөрү тарп жейт.