Корунттуктарга 1-кат 7:1—40

  • Бойдоктор менен турмуш кургандарга берилген кеңештер (1—16)

  • Кудай кандай абалыңарда тандап алса, ошол бойдон калгыла (17—24)

  • Бойдоктор жана жесирлер (25—40)

    • Бойдок жүргөндүн артыкчылыктары (32—35)

    • Мырзабыздын жолдоочусу менен гана турмуш кургула (39)

7  Эми өзүңөр жазгандарга байланыштуу айта турган болсом, эркектин аялга жолобой* эле койгону жакшы. 2  Бирок жыныстык адеп-ахлаксыздык кеңири жайылгандыктан, эркектин аялы,+ аялдын күйөөсү болгону жакшы.+ 3  Күйөөсү аялынын алдында, аялы күйөөсүнүн алдында жубайлык милдетин* аткарсын.+ 4  Аялдын денесине өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат. Ошо сыяктуу эле, эркектин денесине өзү эмес, аялы ээлик кылат. 5  Ал милдетиңерди аткаргандан баш тартпагыла. Өз ара макулдашып алып, Кудайдан тиленгенге убакыт бөлүш үчүн кайсы бир убакка чейин бөлөк болгондон кийин кайрадан чогуу болгула. Болбосо кармана албаганыңардан пайдаланып, Шайтан силерди азгырып кетиши мүмкүн. 6  Бирок айткандарымды* буйрук катары эмес, уруксат катары кабыл алгыла. 7  Мен баарынын мендей болуп жалгыз бой жүрүшүн каалайт элем. Бирок ар кимдин Кудайдан алган белеги ар кандай:+ кээ бирлери турмуш курса, башкалары бойдок калат. 8  Ал эми жалгыз бойлор менен жесирлерге айтарым, алардын мендей болуп бойдок жүргөнү жакшы.+ 9  Бирок кармана алышпаса, турмуш курушсун, анткени кумар отуна өрттөнгөндөн көрө,+ турмуш курганы оң. 10  Турмуш кургандарга болсо мындай насаат айтам, чынында, мен эмес, Мырзабыз айтат: аял күйөөсүнөн кетпесин.+ 11  Кете турган болсо, башкага турмушка чыкпасын же кайрадан күйөөсү менен жарашсын. Күйөөсү да аялын таштабасын.+ 12  Калгандарына болсо Мырзабыз эмес, мен мындай демекчимин:+ кайсы бир боордошубуздун аялы Мырзабызга ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал аялын таштабасын. 13  Күйөөсү Мырзабызга ишенбеген аял да, күйөөсү чогуу жашаганга макул болсо, аны таштабасын. 14  Анткени Мырзабызга ишенбеген эркектин никеси аялы аркылуу, ал эми Мырзабызга ишенбеген аялдын никеси күйөөсү аркылуу Кудайдын көз алдында ыйык болот. Болбосо балдарыңар Кудайдын алдында таза болмок эмес, азыр болсо алар ыйык. 15  Бирок Мырзабызга ишенбеген жубайы кеткиси келсе, кете берсин. Андай учурда бир тууганыбыз аны менен жашаганга милдеттүү эмес. Себеби Кудай силерди тынчтыкта жашаганга чакырган.+ 16  Аял, каяктан билесиң, эгер күйөөң менен жашай берсең, балким, ага Машаяктын жолдоочусу болгонго жардам берип куткарып калаттырсың.+ Же сен, эркек, каяктан билесиң, аялың менен жашай берсең, балким, ага Машаяктын жолдоочусу болгонго жардам берип куткарып калаттырсың. 17  Жахаба Кудай кимге кандай үлүш* берип, кимди кандай абалында тандап алса, ал ошого ылайык жашасын.+ Мен бардык жыйналыштарга ушундай көрсөтмө берем. 18  Ким Кудай тандап алган кезде сүннөткө отургузулган болсо,+ анда ошол боюнча калсын. Ал эми ким Кудай тандап алган кезде сүннөткө отургузулбаган болсо, анда отургузулбай эле койсун.+ 19  Адамдын сүннөткө отургузулганы же отургузулбаганы маанилүү эмес,+ Кудайдын осуяттарын аткарганы маанилүү.+ 20  Кудай тандап алганда ким кандай абалда болсо, ошол бойдон калсын.+ 21  Кул кезиңде тандалган болсоң, буга тынчсызданба.+ Бирок эркиндикке чыкканга мүмкүнчүлүгүң болсо, андан пайдаланып кал. 22  Анткени Мырзабыздын кул кезинде тандалган ар бир жолдоочусу эркиндикке чыгып, Мырзабызга таандык болуп калат.+ Ошо сыңары, эркин кезинде тандалган адам Машаяктын кулу болуп калат. 23  Кудай силерди кымбат баага сатып алган;+ мындан ары адамдарга кул болбогула. 24  Бир туугандарым, Кудай тандап алганда ким кандай абалда болсо, ал анын алдында ошол боюнча калсын. 25  Ал эми бойдокторго* карата Мырзабыз мага эч кандай буйрук берген эмес, бирок Мырзабыз ырайым кылган ишеничтүү адам катары өз оюмду айтайын.+ 26  Азыркы оор жагдайды эске алганда, адам үчүн учурда кандай абалда болсо, ошол боюнча калганы жакшы деп ойлойм. 27  Аялың бар болсо, аны кетириштин жолун издебе.+ Аялың жок болсо, аял издебе. 28  Бирок үйлөнсөң, күнөө кетирген болбойсуң. Ошондой эле турмуш кура электер турмуш курса, күнөө кетирген болушпайт. Бирок алардын жашоосунда жаңы кыйынчылыктар болот*. Мен болсо силердин кыйналышыңарды каалабайм. 29  Мындан тышкары, боордошторум, силерге айтарым, убакыт аз калды.+ Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун, 30  ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай, 31  азыркы дүйнөдөгү нерселерди пайдалангандар аларды толук пайдаланбагандардай болушсун, анткени бул дүйнөнүн көшөгөсү* алмашып жатат. 32  Мен болсо санаа тартышыңарды каалабайм. Аялы жок эркек Мырзабызга жагууну көздөп, Мырзабызга кызмат кылганга байланышкан нерселерди ойлойт. 33  Ал эми аялы бар эркек аялына жагууну көздөп, күнүмдүк турмуштагы нерселерди ойлойт.+ 34  Ошентип, экиге бөлүнөт. Ошондой эле кыз же күйөөсү жок аял, иштери* да, ою да таза* болушу үчүн, Мырзабызга кызмат кылганга байланышкан нерселерди ойлойт.+ Турмушка чыккан аял болсо күйөөсүнө жагууну көздөп, күнүмдүк турмуштагы нерселерди ойлойт. 35  Муну эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болушу үчүн жана туура иштерди кылганга, эч нерсеге алаксыбай, Мырзабызга ар дайым жан-дилден кызмат кылганга түрткү бериш үчүн айтып жатам. 36  Эгер бойдоктордон кимдир бирөө жыныстык каалоолорун башкара албаса жана өтө эле жаш болбосо*, анда кааласа, турмуш курсун, бул күнөө эмес.+ 37  Бирок кимдир бирөө бойдок калам деп жүрөгүндө чечип алса, ошондой эле турмуш куруунун зарылдыгын көрбөгөндүктөн жана өзүн кармай билгендиктен, ошол чечимине бек карманса, анда туура кылат.+ 38  Ким бойдоктугунан баш тартып, турмуш курса, ал деле жакшы кылат. Бирок ким турмуш курбаса, андан да жакшы кылат.+ 39  Күйөөсү тирүү кезде, аялдын башы байланган болот.+ Ал эми күйөөсү өлүп калса*, аялдын башы бош болот, ал каалаган адамына турмушка чыга алат, бирок ал киши Мырзабыздын жолдоочусу* болушу керек.+ 40  Бирок аял кайра турмушка чыкпай эле койсо, менимче, бактылуураак болот. Мен болсо Кудай ыйык руху аркылуу мени да жетектеп жатат деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Шилтемелер

Сыягы, үйлөнүп, жыныстык мамиледе болууну билдирет.
Же: «жыныстык мамилеге байланышкан милдетин».
Сыягы, Пабылдын 2-аятта айткандарын билдирет.
Бул сөз Жахаба ар бир кызматчысынын кандай абалда, жагдай-шартта болушуна жол берсе, ошону билдирет.
Же: «эч качан турмуш курбагандарга».
Сөзмө-сөз: «денелик жактан азап тартышат».
Бул жерде «көшөгө» деген сөз театр сахнасында коюлган көрүнүштү билдирет.
Сөзмө-сөз: «ыйык».
Сөзмө-сөз: «денеси».
Бул жерде жаш кездеги жыныстык каалоолор күч алган мезгил өтүп кетиши керектиги жөнүндө айтылып жатат.
Сөзмө-сөз: «өлүм уйкусуна кетсе».
Же: «Теңирдин кызматчысы». Грекче Кириос.