Корунттуктарга 1-кат 2:1—16
2 Ошондуктан, боордошторум, Кудайдын ыйык сырын+ жарыялаганы барганымда силерди таасирлентиш үчүн ашкере көркөм сөздөрдү сүйлөгөн эмесмин+ же өзүмдү акылман кылып көрсөткөн эмесмин.
2 Анткени араңарда жүргөндө Иса Машаяк жөнүндө, анын устунга кадалып өлгөнү жөнүндө гана айтам, андан башка эч нерсе айтпайм деп чечип алгам.+
3 Силерге барганда өзүмдү алсыз сезгем, коркуп, аябай тынчсыздангам.
4 Сүйлөгөндө, окутканда акылмандардай болуп укмуш сөздөрдү сүйлөгөн эмесмин, сөздөрүмдөн Кудайдын ыйык рухунун* кудурети айкын көрүнүп турган.+
5 Себеби адамдардын акылмандыгына эмес, Кудайдын күчүнө ишенишиңерди каалагам.
6 Акылмандык жөнүндө биз ишеними күчтүү, жетилген адамдардын+ арасында айтабыз, бирок бул азыркы учурдагы адамдарга же бул дүйнөнүн* жок боло турган башкаруучуларына+ мүнөздүү акылмандык эмес.
7 Биз ыйык сыр+ жөнүндө, башкача айтканда, Кудайдын жашыруун акылмандыгы жөнүндө айтабыз. Даңкка бөлөнүшүбүз үчүн, Кудай аны кылымдар* мурун эле ойлонуштуруп койгон.
8 Ал акылмандыкты бул дүйнөнүн башкаруучуларынын бири да таанып-билген жок.+ Эгер таанып-билишсе, даңктуу Мырзабызды устунга кадап өлтүрүшмөк эмес.
9 Ыйык Жазмада: «Кудай аны сүйгөндөргө эмнелерди даярдап койгонун көз көргөн эмес, кулак уккан эмес, эч бир адамдын оюна да келген эмес»,— деп жазылган.+
10 Бизге болсо Кудай аларды өзүнүн ыйык руху менен+ ачып берди.+ Анткени Кудайдын ыйык руху баарын, атүгүл анын терең сырларын+ да ачып берет.
11 Адамдын ойлорун анын өзүнөн* башка ким билет? Анын сыңарындай, Кудайдын ойлорун анын ыйык рухунан башка эч ким билбейт.
12 Биз бул дүйнөдөгүлөрдүн ой жүгүртүүсүнө эмес, Кудайдын ыйык рухуна жетектелгендиктен+ анын бизге мээриминен улам тартуулаган нерселерин билебиз.
13 Алар жөнүндө башкаларга да айтабыз. Бирок акылмандардын сөздөрүн колдонуп, алардын ойлорун айтпайбыз.+ Анын ордуна, Кудай өзүнүн ыйык руху аркылуу ачып берген нерселерди айтып,+ анын ойлорун түшүндүрөбүз.
14 Өз каалоолоруна жетектелген киши Кудайдын ыйык руху ачып берген нерселерди кабыл албайт, анткени аларды акылсыздык деп эсептейт. Аларды түшүнө да албайт, анткени аларга туура баа бериш үчүн адам Кудайдын ыйык руху аркылуу берген жардамын кабыл алышы керек.
15 Кудайдын ыйык рухуна жетектелген киши болсо бардык нерсеге туура баа берет,+ бирок андай кишинин өзүнө эч бир адам туура баа бере албайт*.
16 Анткени Ыйык Жазмада: «Жахабаны үйрөткүдөй, анын акылын ким таанып-билген?» — деп жазылган.+ Биз болсо Машаяктай ой жүгүртөбүз*.+
Шилтемелер
^ Б. а. ыйык күчүнүн.
^ Сөзмө-сөз: «рухунан».
^ Же: «аны эч бир адам соттой албайт».
^ Же: «Машаяктын ой жүгүртүүсүн билебиз».