Корунттуктарга 1-кат 16:1—24
16 Бир туугандарыбызга* чогултула турган жардам+ жөнүндө айта турган болсом, Галатиядагы жыйналыштарга берген көрсөтмөм боюнча иш кылсаңар болот.
2 Акчаны мен барганда чогулта баштабашыңар үчүн, ар бириңер акчаңарды жуманын биринчи күнүндө шартыңарга жараша бөлүп коюп жүргүлө.
3 Силерге барганымда өзүңөр катыңарда сунуш кылган кишилерди+ Иерусалимге жөнөтөм, алар чогулткан тартууңарды ошол жакка жеткиришет.
4 Эгер Иерусалимге мен да барышым керек болсо, алар менен барам.
5 Бирок силерге Македония аркылуу бармакчы болуп калдым. Ошондуктан Македонияга баргандан кийин барам.+
6 Силер жакта бир нече убакыт жүрүшүм мүмкүн, атүгүл кыштап да калаттырмын. Андан кийин бара турган жериме мени бир аз узатып коёрсуңар.
7 Азыр силерге тек гана тие кетким келбейт. Жахаба жол берсе, жаныңарда көбүрөөк жүрөм деп үмүттөнөм.+
8 Эфесте+ Элүүнчү күн* майрамына чейин болом.
9 Анткени Кудайга кызмат кылышыма чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү*.+ Бирок каршы болгондор да көп.
10 Эгер силерге Тиметей+ барса, араңарда жүргөндө корунуп-коркпогудай болсун, анткени ал да, мага окшоп, Жахабанын ишин аткарып жүрөт.+
11 Ошондуктан эч ким аны тоготпой койбосун. Андан кийин мага аман-эсен келиши үчүн, аны бир аз узатып койгула. Мен аны бир туугандарыбыз менен чогуу күтүп жатам.
12 Бир тууганыбыз Аполостон+ болсо башка бир туугандарыбыз менен чогуу силерге барышын көптөн-көп өтүндүм, бирок ал азыр эмес, кийин мүмкүнчүлүгү болгондо бармай болду.
13 Сергек болгула,+ ишенимиңерди бек сактагыла,+ эр жүрөк,+ бекем* болгула.+
14 Эмне кылсаңар да, сүйүүңөрдөн улам кылгыла.+
15 Боордошторум, бир өтүнүчүм бар. Силер Истефандын үйүндөгүлөрү Машаяктын Ахаядагы алгачкы жолдоочуларынан экенин жана Кудай кошкон бир туугандарыбызга жан-дилден жардам бергенин* билесиңер.
16 Силер да ошондой адамдарга жана Кудайдын ишин чогуу аткарып кызматташкандардын, жан үрөп эмгектенгендердин баарына баш ийгиле.+
17 Истефандын,+ Фортунат менен Ахайиктин бул жакта жүргөнүнө кубанып жатам, анткени алар мага жардам берип, силерди жоктотушкан жок.
18 Алар мага да, силерге да дем-күч беришти. Ошондуктан ушундай адамдарды баалагыла.
19 Азиядагы* жыйналыштардагы боордошторубуз силерге салам айтып жатышат. Акила менен Приска, ошондой эле алардын үйүндө чогулган жыйналыштагылар+ да ысык салам айтып жатышат.
20 Бир туугандардын баары силерге салам айтып жатышат. Бири-бириңер менен өбүшүп учурашкыла.
21 Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам.
22 Ким Мырзабызды жакшы көрбөсө, каргышка калсын. Оо, Мырзабыз, кел!
23 Мырзабыз Иса силерге ырайымын төксүн.
24 Мен Машаяк Исанын жолун жолдоп жүргөн баарыңарды жакшы көрөм.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Ыйыктарга».
^ Же: «чоң эшик ачылды».
^ Же: «күчтүү».
^ Же: «ыйыктарга жан-дилден кызмат кылганын».
^ Азия континенти эмес, Кичи Азиянын батышындагы Рим провинциясы.