Корунттуктарга 1-кат 1:1—31
1 Кудайдын эрки менен Машаяк* Исанын элчиси болуп тандалган+ Пабылдан, ошондой эле Состен бир тууганыбыздан*
2 Кудайдын Корунттагы*+ жыйналышындагылар менен бардык жердеги баарыбыздын Мырзабыз болгон Иса Машаякка ишеним арткандарга*.+ Кудай силерди Машаяк Исанын+ шакирттери болушуңар үчүн бөлүп алды*. Ал силерди ыйык болушуңар үчүн тандап алды.
3 Асмандагы Атабыз Кудай менен Мырзабыз Иса Машаяк силерге ырайымын төгүп, тынчтык берсин.
4 Кудайдын силерге Машаяк Иса аркылуу ырайым кылганын ойлоп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирем.
5 Себеби силер Машаяк аркылуу бардык жагынан байыдыңар: Кудайдын сөзүн жарыялаганга жөндөмдүү болуп калдыңар, билимиңер абдан тереңдеди,+
6 Машаяк жөнүндөгү кабарга+ бекем ишенип калдыңар.
7 Ошондуктан Мырзабыз Иса Машаяктын айкын көрүнүшүн*+ чыдамсыздык менен күтүп жатып эч нерседен* өксүгөн жоксуңар.
8 Мырзабыз Иса Машаяк келген күнү силерден эч кандай айып табылбашы үчүн, Кудай силерге акырына чейин бекем болгонго жардам берет.+
9 Силерди өзүнүн Уулу Мырзабыз Иса Машаяк менен шериктеш болгонго чакырган Кудай сөзүнө бек турат*.+
10 Бир туугандарым, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан силерди буга чакырам: баарыңардын сөзүңөр бир болсун, ич ара бөлүнбөй,+ бир ойдо, бир пикирде болуп, биримдикте болгула.+
11 Себеби, бир туугандарым, Клоянын үйүндөгүлөрүнүн айрымдары араңарда пикир келишпестиктер бар экенин айтышты.
12 Айтайын дегеним, силер «мен Пабылдын шакиртимин», «мен Аполостукумун»,+ «мен Кейфаныкымын*», «мен Машаяктыкымын» деп бөлүнүп жатыптырсыңар.
13 Эмне, Машаяктын жыйналышы бөлүнүп-жарылып кеттиби?! Силер үчүн устунга Пабыл кадалды беле? Же Пабыл үчүн чөмүлдүңөр* беле?
14 Криспос+ менен Гайдан+ башкаңарды сууга чөмүлтпөгөнүм үчүн Кудайга шүгүр.
15 Ошон үчүн араңардан эч ким мен үчүн чөмүлгөнүн айта албайт.
16 Ооба, мен Истефандын үйүндөгүлөрүн+ да чөмүлткөм. Алардан башка дагы кимди чөмүлткөнүм эсимде жок.
17 Машаяк мени башкаларды чөмүлтүш үчүн эмес, жакшы кабарды* жарыялаш үчүн жиберген.+ Бирок кабар айтып жатканда илим-билимдүү адамдардай сүйлөш үчүн жиберген эмес, болбосо Машаяктын жаза устунуна кадалып өлгөнү* пайдасыз болуп калмак.
18 Машаяктын жаза устунунда өлгөнү жөнүндөгү кабар — жок боло тургандар үчүн акылсыздык,+ ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын кудуреттүү экенин көрсөткөн далил.+
19 Анткени Ыйык Жазмада: «Даанышмандардын даанышмандыгын ойрон кылам, акылдуулардын акылын четке кагам»,— деп жазылган.+
20 Бул дүйнөнүн* даанышмандары кайда? Диний мыйзамдарды окуткандар* кайда? Талаш-тартышты жакшы көргөн ойчулдары кайда? Кудай бул дүйнөнүн акылмандыгы акылсыздык экенин көрсөткөн жокпу?
21 Бул дүйнөдөгүлөр өз акылмандыгына+ таянгандыктан Кудайды таанып-билишкен жок.+ Биз жарыялап жаткан кабар аларга болбогон эле нерседей көрүнөт.+ Бирок Кудай так ошол кабар аркылуу ага ишенгендерди куткарууну чечти. Кудайдын акылмандыгы мына ушундан көрүндү.
22 Жүйүттөр жышаан көрсөтүлүшүн талап кылышат,+ гректер* акылмандыкты издешет.
23 Биз болсо устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз. Бул — жүйүттөр үчүн кабыл алганга өтө кыйын нерсе*, ал эми башка элдер үчүн болбогон эле нерсе.+
24 Бирок Кудай тандагандар үчүн, алар жүйүт болобу, грек болобу, Машаяк — Кудайдын күчү, Кудайдын акылмандыгы.+
25 Анткени Кудайдын акылсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан акылдуу, алсыздай көрүнгөн нерсеси адамдардыкынан күчтүү.+
26 Мына ошон үчүн, бир туугандарым, өзүңөр билгендей, Кудай силерди тандап алганда араңарда пенделик көз караш боюнча акылман,+ күчтүү же тектүү деп эсептелгендер көп эмес болчу.+
27 Акылмандарды уятка калтырыш үчүн Кудай дүйнөдө акылсыз деп эсептелгендерди тандап алды, күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн дүйнөдө алсыз деп эсептелгендерди тандап алды.+
28 Адамдар маанилүү деп эсептеген нерселерди жок кылыш үчүн Кудай алар маанилүү эмес деп эсептеген нерселерди*, дүйнөдө тексиз деп эсептелгендерди, баркка алынбагандарды тандап алды.+
29 Кудай анын алдында бир да адам мактана албашы үчүн ошондой кылды.
30 Силердин Машаяк Исанын шакирти болушуңарга Кудай өзү шарт түздү. Машаяк болсо бизге Кудайдын акылмандыгын, адилдигин ачып берди,+ ыйык болгонго,+ кун аркылуу күнөөдөн арылганга жол ачты.+
31 Ыйык Жазмадагы: «Ким мактанса, Жахабаны* билгенине мактансын»,+— деген сөздөр аткарылышы үчүн ошондой болду.
Шилтемелер
^ Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.
^ Коринф.
^ Сөзмө-сөз: «Иса Машаяктын ысмын чакыргандарга».
^ Сөзмө-сөз: «ыйыктады».
^ Же: «эч бир белектен же жөндөмдөн».
^ Грекче апокалипсейа.
^ Же: «ишеничтүү».
^ Элчи Петирдин дагы бир аты.
^ Сыягы, жүйүт элинен болбогон грекче сүйлөгөн адамдар.
^ Сөзмө-сөз: «мүдүрүлгөнгө себеп».
^ Же: «Бар нерселерди жок кылыш үчүн жок нерселерди».

