Забур 89:1—52

  • Жахабанын туруктуу сүйүүсү жөнүндө ырдоо

    • Дөөтү менен түзүлгөн келишим (3)

    • Дөөтүнүн урпагы түбөлүккө башкарат (4)

    • Кудайдын тандаганы: «Атамсың»,— деп кайрылат (26)

    • Дөөтү менен түзүлгөн келишим ишеничтүү (34—37)

    • Эч бир пенде өзүн көрдөн сактап кала албайт (48)

Маскил. Эзрактын тукумунан чыккан Этандын+ ыры. 89  Жахабанын туруктуу сүйүүсү жөнүндө түбөлүккө ырдайм. Ишенимдүүлүгүңдү муундан муунга жар салам.  2  Анткени: «Туруктуу сүйүүң түбөлүккө турат,+Ишенимдүүлүгүң асмандай түбөлүктүү»,— дедим.  3  Сен: «Мен тандаган кызматчым менен келишим түздүм,+Кызматчым Дөөтүгө мындай деп ант бердим:+  4  „Сенин тукумуңду+ түбөлүккө башкаргыдай кылам,Бийлигиңди* муундан муунга бекемдейм“»,+— дедиң. (Села)  5  Оо, Жахаба, асман сенин ажайып иштериңди даңктайт,Ыйыктардын жыйналышында ишенимдүүлүгүң даңазаланат.  6  Анткени асманда Жахабага тең келген ким бар?+ Кудайдын уулдарынын*+ арасында Жахабага окшош ким бар?  7  Ыйыктардын жыйынында* ага терең урмат-сый көрсөтүлөт;+Ал улук, тегерегиндегилердин баары аны кастарлап турат.+  8  Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Сендей кубаттуу ким бар, оо, Жах?+ Сен бардык жагынан ишеничтүүсүң.+  9  Албууттанган деңизди башкарасың,+Долуланган толкундарын тынчтандырасың.+ 10  Рахапка*+ катуу сокку уруп өлтүрдүң,+Күчтүү колуң менен душмандарыңды чачыратып жибердиң.+ 11  Асман да, жер да сеники.+ Жер менен андагынын баарын сен жараткансың.+ 12  Түндүк менен түштүктү сен жараткансың,Табор+ менен Хермон+ тоолору ысмыңды даңктап кубанат. 13  Сенин билегиң күчтүү,+Колуң кубаттуу,+Оң колуң жогору көтөрүлгөн.+ 14  Сен адилдик, акыйкаттык менен бийлик жүргүзөсүң;+Туруктуу сүйүүң менен берилгендигиңди дайыма көрсөтөсүң.+ 15  Сени даңктап кубанычтуу үн салган эл бактылуу.+ Оо, Жахаба, алар жүзүңдөн чачыраган жарыкта жүрүшөт. 16  Ысмыңдан улам күнү бою кубанышат,Адилдигиңден улам зоболосу көтөрүлөт. 17  Анткени сен элиңе күч бересиң, аларды даңкка бөлөйсүң;+Ырайымыңдын аркасында күчүбүзгө күч кошулду*.+ 18  Биздин калканыбыз Жахабадан,Падышабыз Ысрайылдын Ыйыгынан.+ 19  Ошол убакта сен берилген кызматчыларыңа аян аркылуу мындай дегенсиң: «Мен күчтүүгө жардам бердим,+Эл ичинен тандалганды жогору көтөрдүм.+ 20  Кызматчым Дөөтүнү тандадым,+Аны ыйык май* менен майлап дайындадым.+ 21  Мен аны колдойм,+Ага күч-кубат берем. 22  Бир да душман ага салык салбайт,Бир да ыймансыз аны кысымга албайт.+ 23  Мен анын алдында душмандарын талкалайм,+Аны жек көргөндөргө сокку урам.+ 24  Ишенимдүүлүгүм, туруктуу сүйүүм аны коштоп жүрөт,+Өз ысмым үчүн анын күчүн арттырам. 25  Ага деңиздин үстүнөн,Дарыялардын үстүнөн бийлик берем.+ 26  Ал мага: „Сен менин Атамсың, Кудайымсың,Мени куткарган Аска-зоомсуң“,— деп кайрылат.+ 27  Аны туңгучум кылам,+Жердеги падышалардын баарынан жогору коём.+ 28  Аны түбөлүккө сүйөм*,+Аны менен түзгөн келишимим эч качан бузулбайт.+ 29  Анын тукумун түбөлүккө улана тургандай кылам,Башкаруусун асмандай түбөлүктүү кылам.+ 30  Эгер уулдары мыйзамыма баш ийбей калышса,Буйруктарым* боюнча жашабаса, 31  Көрсөтмөлөрүмө карманышпаса,Осуяттарымды аткарышпаса, 32  Анда аларды баш ийбестиги* үчүн таяк менен жазалайм,+Күнөөсү үчүн сокку урам. 33  Бирок аны эч качан сүйүүмөн* ажыратпайм,+Берген убадамдан тайбайм. 34  Келишимимди бузбайм,+Оозуман чыккан сөзүмдү өзгөртпөйм.+ 35  Ыйыктыгымды оозанып бир жолу жана биротоло ант бергем,Дөөтүгө калп айтпайм.+ 36  Анын тукуму түбөлүккө уланат,+Бийлиги менин алдымда күнгө окшоп түбөлүктүү болот.+ 37  Айга, асмандагы ишеничтүү күбөгө, окшоп,Тактысы түбөлүккө орнотулат». (Села) 38  Бирок сен тандаганыңдан* баш тарттың, аны жеридиң,+Ага каарың кайнады. 39  Кызматчың менен түзгөн келишимиңди четке кактың,Таажысын жерге ыргытып, арамдадың. 40  Анын бардык таш дубалдарын* талкаладың,Коргондорун урандыга айланттың. 41  Жолдон өткөндөрдүн баары аны талап-тоноду,Ал өзүнүн коңшуларына маскара болду.+ 42  Сен ага кас болгондорду жеңишке жеткирдиң,+Бардык душмандарын кубанттың. 43  Ал душмандарына кылыч шилтеди, бирок сен аны артка чегинттиң,Салгылашта аны колдогон жоксуң. 44  Аны кадыр-баркынан ажыраттың,Тактысын жерге кулаттың. 45  Жаштык күндөрүн кыскарттың,Аны уятка калтырдың. (Села) 46  Оо, Жахаба, качанга чейин бизди карабай коёсуң? Түбөлүккөбү?+ Каарың качанга чейин оттой болуп жалындай берет? 47  Өмүрүмдүн канчалык кыска экенин унутпачы!+ Сен адам баласын бекер жараттың беле? 48  Тирүүлөрдүн арасында өлүмдү көрбөй турган ким бар?+ Ким өз жанын көрдөн* сактап кала алат? (Села) 49  Оо, Жахаба, туруктуу сүйүүңдөн улам кылган иштериңди,Ишенимдүүлүгүңдү оозанып Дөөтүгө ант берген иштериңди эмнеге азыр кылбай калдың?+ 50  Оо, Жахаба, кызматчыларыңдын шылдыңга алынганын,Менин бардык элдердин кордугуна чыдап келатканымды эстей көр. 51  Оо, Жахаба, душмандарыңдын кандай тил тийгизгенин,Тандалганыңды жүргөн жеринин баарында кантип кордошконун эстей көр. 52  Жахаба түбөлүккө даңкталсын. Оомийн, оомийн.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Тактыңды».
Же: «Периштелердин».
Же: «кеңешинде».
Сыягы, Мисир же фараон.
Сөзмө-сөз: «мүйүзүбүз жогору көтөрүлдү».
Мындай май кимдир бирөөнү кызматка дайындаганда майлоо үчүн колдонулчу.
Же: «Ага туруктуу сүйүүмдү түбөлүккө көрсөтөм».
Же: «Өкүмдөрүм».
Же: «козголоңчулдугу».
Же: «туруктуу сүйүүмөн».
Сөзмө-сөз: «майланганыңдан».
Же: «таштан жасалган баш паанасын».
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.