Забур 15:1—5

  • Ким Жахабанын чатырында конок боло алат?

    • «Жүрөгүндө чындыкты айткан киши» (2)

    • «Ал эч кимге жалаа жаппайт» (3)

    • «Өзү зыян тартса да, берген убадасына турат» (4)

Дөөтүнүн ыры. 15  Оо, Жахаба, сенин чатырыңда ким конок боло алат? Ыйык тооңдо ким жашай алат?+  2  Кынтыксыз жүргөн,+Туура иш кылган,+Жүрөгүндө чындыкты айткан киши.+  3  Ал эч кимге жалаа жаппайт,+Жакынына кыянаттык кылбайт,+Досторун жамандабайт*.+  4  Жийиркеничтүү кишилерден оолак болот,+Ал эми Жахабадан корккондорду урматтайт. Өзү зыян тартса да, берген убадасына турат.+  5  Акчасын үстөгү менен алыш үчүн бербейт,+Айыпсызды айыпка жыгыш үчүн пара албайт.+ Ушундай адам эч качан козголбой, бекем турат.+

Шилтемелер

Же: «уяткарбайт».