Забур 105:1—45

  • Жахабанын өз эли үчүн кылган иштери

    • Кудай келишимин унутпайт (8—10)

    • «Мен тандап алгандарга тийбегиле» (15)

    • Кудай кулчулукка сатылган Жусупту колдонгон (17—22)

    • Кудайдын Мисирдеги кереметтери (23—36)

    • Ысрайыл элинин Мисирден чыгышы (37—39)

    • Кудай Ыбрайымга берген убадасын унутпайт (42)

105  Жахабага ыраазычылык билдиргиле,+ аны атынан чакыргыла,Иштерин элдер арасында жар салгыла!+  2  Ага арнап, аны даңктап ыр ырдагыла*,Бардык кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүрткүлө*.+  3  Анын ыйык ысмы менен мактангыла.+ Жахабага кайрылгандардын жүрөгү кубансын.+  4  Жахабага кайрылгыла,+ андан күч-кубат сурагыла,Ар дайым андан жардам издегиле.  5  Жасап келген ажайып иштерин,Кереметтерин, чыгарган өкүмдөрүн унутпагыла,+  6  Оо, Кудайдын кызматчысы Ыбрайымдын тукумдары,+Жакыптын урпактары, Кудайдын тандалгандары.+  7  Ал — биздин Кудайыбыз Жахаба;+Ал бүт жер жүзүнө өкүм чыгарат.+  8  Ал келишимин түбөлүккө,+Убадасын, миң муун өтсө да, унутпайт.+  9  Ыбрайым менен түзгөн ошол келишимин,+Ыскакка берген антын эстен чыгарбагыла.+ 10  Ал ошол антын Жакыпка мыйзам катары,Ысрайылга кылымдарга түзүлгөн келишим катары берген. 11  Ага: «Канаан жерин сага берем,+Аны энчиңе берем»,— деген.+ 12  Ошол кезде алардын саны аз эле,+Ооба, өтө аз эле. Алар ал жерде келгин болуп жашашкан.+ 13  Бир элден бир элге,Бир падышалыктан бир падышалыкка көчүп-конуп жүрүшкөн.+ 14  Кудай аларды эч кимге кор кылган эмес,+Аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген.+ 15  «Мен тандап алгандарга* тийбегиле,Пайгамбарларыма жамандык кылбагыла»,— деген.+ 16  Ал жерге ачарчылык каптаткан,+Элди нансыз калтырган*. 17  Алардан мурун бир кишини жиберген. Ал кулчулукка сатылган Жусуп болчу.+ 18  Анын бутуна кишен,+Мойнуна чынжыр салышкан. 19  Жахабанын айткандары аткарылганга чейин,Анын сөзү Жусупту тазарткан.+ 20  Падыша буйрук берип, аны түрмөдөн бошоткон,+Элдерди бийлеген ошол башчы коё берген. 21  Аны ак сарайынын үстүнөн койгон,Бүт мүлкүн башкарганга дайындаган.+ 22  Ага төрөлөрүн өзү каалагандай башкарганга,Аксакалдарына акыл үйрөткөнгө укук берген.+ 23  Кийин Ысрайыл Мисирге* барган,+Жакып Хамдын жеринде келгин болуп жашаган. 24  Кудай өз элин аябай көбөйтүп,+Душмандарынан күчтүү кылган.+ 25  Ал душмандарга элин жек көрүп,Аларга жамандык ойлоп тапканга жол берген.+ 26  Анан кызматчысы Мусаны,+Өзү тандап алган Арунду+ жиберген. 27  Алар элдин* арасында Кудайдын жышаандарын,Хамдын жеринде кереметтерин көрсөтүшкөн.+ 28  Кудай караңгылык каптатканда, ал жер караңгы болуп калган;+Алар* анын сөзүнө баш ийишкен. 29  Мисирдин сууларын канга айлантып,Балыктарын кырган.+ 30  Алардын жерин бака баскан,+Атүгүл падышанын бөлмөлөрүн да каптаган. 31  Кудайдын буйругу боюнча, көгөөндөр учуп келген,Бүт жерин кара чиркей каптап кеткен.+ 32  Ал жамгыр ордуна мөндүр жаадырган,Алардын жерине чагылган* түшүргөн.+ 33  Жүзүмдөрүн, анжир дарактарын бүлдүрүп,Жериндеги бак-дарактын баарын сындырган. 34  Анын буйругу боюнча, чегирткелер,Сан жетпеген жаш чегирткелер учуп келген.+ 35  Алар өлкөдөгү бүт өсүмдүктөрдү,Жерден өнүп чыккандын баарын жеп кеткен. 36  Анан Кудай ошол жердеги тундардын баарын,Туңгучтардын бардыгын кырып салган.+ 37  Өз элин алтын-күмүш менен кошо алып чыккан,+Урууларынын арасында алсыз эч ким болгон эмес. 38  Алар чыгып баратканда, Мисирдин эли сүйүнгөн,Анткени ысрайылдыктардан коркуп калышкан эле.+ 39  Кудай элин коргош үчүн булут менен тосуп койгон,+Түнкүсүн жарык болушу үчүн, от берген.+ 40  Алар эт сураганда, бөдөнө жиберген,+Элин асмандан түшкөн нанга тойгузуп турган.+ 41  Асканы жарганда, суу оргуштап чыккан,+Какшыган жерде суу дайрадай аккан.+ 42  Анткени ал кызматчысы Ыбрайымга берген ыйык убадасын эсинде сактаган.+ 43  Ошентип, өз элин азаттыкка чыгарган,+Эли шаттанган, тандалгандары кубанганынан кыйкырган. 44  Аларга башка элдердин жерин берген,+Алар башка элдердин мээнет кылып тапкан нерселерин ээлеген.+ 45  Кудай мунун баарын эли буйруктарын аткарышы үчүн,+Мыйзамдарына карманышы үчүн кылган. Жахты даңктагыла!

Шилтемелер

Же балким: «айткыла».
Же: «музыканын коштоосунда ырдагыла».
Сөзмө-сөз: «Майлангандарыма». Сөздүктү кара.
Сөзмө-сөз: «Нан илинген таяктардын баарын сындырган». Сыягы, нанды сакташ үчүн илип койгон таяктарды билдирет.
Египетке.
Сыягы, мисирликтерди билдирет.
Сыягы, Муса менен Арун.
Же: «куйкалаган от».