Жезекиел 16:1—63
16 Жахаба мага дагы кайрылып, мындай деди:
2 «Адам уулу, Иерусалимге жийиркеничтүү иштери тууралуу айт.+
3 Ага мындай де: „Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: “Сенин түбүң Канаан жеринен болот, сен ошол жакта төрөлгөнсүң. Атаң аморлук,+ энең Хеттин+ тукумунан болчу.
4 Сен төрөлгөн күнү киндигиңди кесишкен эмес, сени тазалап жуунтушкан эмес, денеңе туз сүртүшкөн эмес, жалаякка орошкон эмес.
5 Сени эч ким аяган эмес, сага ушулардын бирин да кылышкан эмес. Эч кимдин боору ооруган эмес. Тескерисинче, талаага таштап кетишкен, анткени төрөлгөн күнү эле жек көрүндү болгонсуң.
6 Жаныңан өтүп баратып сенин канга оонап, тыбырчылап жатканыңды көргөм. Ошондо канга оонап жатканыңда, сага: “Сен өлбөйсүң, жашайсың!” — дегем. Ооба, канга оонап жатканыңда: “Сен өлбөйсүң, жашайсың!” — дегем.
7 Анан сени талаа өсүмдүктөрүндөй абдан көбөйттүм. Сен өстүң, чоңойдуң, эң кооз жасалгаларды тагындың. Төшүң чыгып, чачың өстү, бирок дагы эле кийимиң жок жылаңач болчусуң”“.
8 „Жаныңан өтүп баратып сени көргөндө бой жетип, махабатка мас болчу куракка келип калганыңды байкадым. Ошондо кийимим* менен жылаңач этиңди жаап,+ сага ант бердим, сени менен келишим түздүм,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошентип, мага таандык болуп калдың.
9 Сени сууга жуунтуп, каныңды жууп, денеңди май менен майладым.+
10 Үстүңө саймалуу кийим, бутуңа жакшы булгаарыдан* бут кийим кийгиздим, сени сапаттуу зыгыр кездеме менен ороп, кымбат кийим кийгиздим.
11 Жасалгаларды тагып жасанттым, колдоруңа билерик, мойнуңа мончок тактым.
12 Мурдуңа шакек, кулагыңа сөйкө тактым, башыңа кооз таажы кийгиздим.
13 Сен алтын-күмүш тагындың, сапаттуу зыгыр буласынан, кымбат кездемеден кийим кийдиң, саймалуу кийим да кийдиң. Жегениң эң жакшы ун, бал, май болду. Жанда жок сулуу чүрөккө айландың,+ каныша болгонго татыктуу болдуң“».
14 «„Сулуулугуңдан улам элдерге атагың чыга баштады.+ Мен сени өзүмдүн сулуулугум менен көрккө бөлөгөндүктөн, сулуулугуң жеткилең болду“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
15 «„Бирок сен сулуулугуңа таяна баштадың,+ атагыңдан пайдаланып, сойку болдуң.+ Жолдон өткөндүн баары менен эле жата бердиң,+ сулуулугуңду ошолорго арнадың.
16 Түркүн түстүү кийимдериңди алып барып, сыйына турган жерлериңди жасалгалап, ошол жакта сойкулук кылдың.+ Андай иштер кылынбашы керек болчу, мындан ары да кылынбашы керек.
17 Мен берген алтын-күмүштөн жасалган кооз зер буюмдарыңды алып, эркектин айкелдерин жасап, алар менен сойкулук кылдың.+
18 Саймалуу кийимдериңди үстүнө жаап, менин майым менен жыпарзатымды аларга тартуу кылдың.+
19 Мен сага жегенге берген, эң жакшы ундан жасалган нанды, майды, балды да аларга жыты жагымдуу* тартуу катары бердиң.+ Мына ушундай ишке бардың“,— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
20 «„Мага төрөп берген уул-кыздарыңды алып,+ буркандарга багыштап курмандыкка чалдың.+ Сага, эмне, сойкулук кылганың аздык кылдыбы?
21 Менин уулдарымды өлтүрдүң, аларды буркандарыңа багыштап өрттөдүң*.+
22 Бардык жийиркеничтүү иштериңе берилип, сойкулук кылып жүргөндө өзүңдүн кийими жок жылаңач болгон, канга оонап тыбырчылап жаткан ымыркай кезиңди эстеген жоксуң.
23 Кылган бардык жаман иштериң үчүн башыңа каран түн түшөт, каран түн түшөт!“+ — дейт Эгедер Теңир Жахаба.
24 „Жалган кудайларга табыныш үчүн ар бир аянтка дөбө үйүп, сыйына турган бийик жер* жасадың.
25 Ар бир көчөнүн эң көрүнүктүү жерине сыйына турган бийик жерлерди жасадың, жаныңан өткөндөрдүн ар бирине өзүңдү сунуштап, сулуулугуңду арамдадың,+ кайра-кайра сойкулук кылдың.+
26 Мисирдин жигиттери менен, кумары ашынган коңшуларың менен, сойкулук кылып жүрдүң,+ сойкулукка ченемсиз берилип, мага акарат кылдың.
27 Ошон үчүн күчүмдү сага каршы колдонуп, азык-түлүгүңдү азайтам.+ Сени Пелиштинин кыздарынын колуна, сени жек көргөн, уятсыз жүрүм-турумуңду көрүп төбө чачы тик турган аялдардын колуна салып берем.+
28 Кумарың канбагандыктан, Ашурдун* жигиттери менен да ойноштук кылдың,+ бирок ага да канааттанган жоксуң.
29 Ошон үчүн соодагерлердин жеринде* да, каздимдиктердин жеринде да сойкулук кылдың,+ бирок ошондо да канааттанган жоксуң.
30 Бети жок сойкуга окшоп ушунун баарын кылып жүргөндө эркиң ушунчалык бош эле!* — дейт Эгедер Теңир Жахаба.+—
31 Бирок ар бир көчөнүн эң көрүнүктүү жерине дөбө үйүп, ар бир аянтка сыйына турган бийик жер жасаганыңда сойкуга да окшогон жоксуң, анткени акы алчу эмессиң.
32 Сен чоочун эркектерди күйөөсүнөн артык көргөн ойноштук кылган аялсың!+
33 Адатта, сойкулардын баарына белек беришет,+ сен болсо сага сугун арткандардын баарына өзүң белек бересиң.+ Ар кайсы жактан келип, сени менен жатышы үчүн, аларды сатып аласың.+
34 Сен сойкулук кылган башка аялдардай эмессиң. Бир да сойку сендей иш кылбайт! Себеби сага акы төлөшпөйт, сен өзүң төлөйсүң. Бардыгын тескерисинче кылып жатасың“.
35 Ошондуктан, сойку,+ Жахабанын сөзүн ук.
36 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Ойношторуң менен, уулдарыңдын канын+ багыштаган жийиркеничтүү, көңүл иренжиткен буркандарың менен сойкулук кылганда кумарыңа берилип, уяттуу жерлериңди ачканың үчүн,+
37 өзүң кумарын кандырган ойношторуңдун баарын, өзүң сүйгөндөр менен өзүң жек көргөндөрдүн баарын чогултам. Аларды ар кайсы жактан сага каршы чогултуп келип, уяттуу жерлериңди ачам, алар сенин жыпжылаңач кезиңди көрөт.+
38 Сени ойноштук кылган, кан төккөн аялдарды жазалагандай+ жазалайм,+ каарданып, ачууланып каныңды төктүрөм.+
39 Сени ойношторуңдун колуна салып берем, алар жалган кудайларга сыйыныш үчүн жасаган дөбөлөрүңдү түздөп, бийик жерлериңди кыйратышат,+ кийимиңди сыйрып,+ кооз зер буюмдарыңды тартып алышат,+ жыпжылаңач калтырышат.
40 Сага каршы топ элди көтөрүшөт,+ сени таш бараңга алышат,+ кылычтап өлтүрүшөт.+
41 Үйлөрүңдү өрттөп жиберишет,+ сага чыгарылган өкүмдөрдү көптөгөн аялдардын көзүнчө аткарышат. Мен сойкулугуңду токтотом,+ ошондон кийин эч кимге акы төлөбөй каласың.
42 Сага кайнаган каарым басылат,+ ачуум тарайт.+ Ошондо тынчтанам, өзүмдү кордолгондой сезбей калам“.
43 „Кичинекей кезиңди эстебегениң үчүн,+ ушулардын баарын кылып мени ачуулантканың үчүн, кылган иштериңдин кесепетин тарттырам,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.— Ошондо уятсыз жүрүм-турумуңду, бардык жийиркеничтүү иштериңди таштайсың.
44 Макалдаштырып сүйлөгөндөрдүн баары сен жөнүндө: “Кыз энесин тартат”,+— деген макалды айтышат.
45 Сен күйөөсү менен балдарын жек көргөн энеңди тарткансың; күйөөсү менен балдарын жек көргөн эжең менен сиңдиңе да окшошсуң. Силердин энеңер Хеттин тукумунан, атаңар аморлук болгон“».+
46 «„Сенин эжең — түндүк тарабыңда кыздары*+ менен жашаган Самария,+ сиңдиң болсо түштүк тарабыңда кыздары+ менен жашаган Содом.+
47 Сен алардын жолу менен жүрүп, жийиркеничтүү иштерин кылганың аз келгенсип, көп өтпөй алардыкынан да жаман иштерди кылып, ашып түштүң.+
48 Өзүмдү оозанып ант берип айтам,— дейт Эгедер Теңир Жахаба,— сени менен кыздарың кылганды сиңдиң Содом менен анын кыздары кылган эмес.
49 Сиңдиң Содомдун күнөөсү бул: ал өзү да, кыздары да+ бой көтөрүп кеткен,+ молчулукта,+ эч нерседен кам санабай бейкут жашаса да,+ бей-бечара менен жакырга жардам берген эмес.+
50 Алар кекирейгенин койбой,+ көз алдымда жийиркеничтүү иштерди кыла беришкен.+ Ошон үчүн аларды жок кылууну туура көргөм.+
51 Самария+ да сенин күнөөлөрүңдүн жарымын да кылган эмес. Сенин жийиркеничтүү иштериң алардыкынан ашып түштү. Сен ушунчалык көп жийиркеничтүү иштерди кылгандыктан, эжең менен сиңдиң сага караганда адилирээк көрүнөт.+
52 Эми басынтылганыңдын азабын тарт, анткени сенин иштериңен улам эжең менен сиңдиңдин жүрүм-туруму акталды*. Кылган күнөөң алардыкынан да жийиркеничтүү болгону үчүн, алар сага караганда адил. Эжең менен сиңдиң сага караганда адилирээк көрүнгөндүктөн, бетиң кызарсын, басынтылганыңдын азабын тарт“.
53 „Мен алардын туткундагы элин: Содом менен анын кыздарынын туткунга кеткен элин, Самария менен анын кыздарынын туткунга кеткен элин кайра чогултуп келем. Алар менен кошо сенин да туткундагы элиңди чогултам.+
54 Ошондо сен басынтыласың. Алардын сооронуп калышына себепкер болгонуң үчүн уяласың.
55 Сиңдиң Содом менен анын кыздары мурунку калыбына келет, эжең Самария менен анын кыздары да мурунку калыбына келет, сен да кыздарың менен кошо мурунку калыбыңа келесиң.+
56 Сен текеберденип кеткен күнү сиңдиң Содомду оозго алганга да татыксыз деп эсептегенсиң.
57 Жаман иштериң ачыкка чыкканча ошентип жүрдүң.+ Эми Сириянын кыздары менен кошуналары сени кордоп, Пелиштинин кыздары+ менен тегерегиңдегилердин баары сени жек көрө мазактап жатышат.
58 Эми уятсыз жүрүм-турумуңдун, жийиркеничтүү иштериңдин азабын тартасың“,— дейт Жахаба».
59 «Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Мен сени кылган иштериңе жараша жоопко тартам,+ анткени келишимимди бузуп, антты баркка алган жоксуң.+
60 Бирок мен сени менен жаш чагыңда түзгөн келишимимди эстейм, сени менен түбөлүккө келишим түзөм.+
61 Эже-сиңдилериңди тосуп алганда жүрүм-турумуңду эстеп уяласың.+ Мен аларды сага кыз кылып берем, бирок муну сени менен келишим түзгөнүм үчүн кылбайм“.
62 „Мен сени менен келишим түзөм, ошондо менин Жахаба экенимди билесиң.
63 Кылган иштериңдин баарына карабай күнөөлөрүңдөн арылтканымда,+ кылгандарыңды эстейсиң, ушунчалык уялгандыктан лам деп ооз ачпайсың“,+— дейт Эгедер Теңир Жахаба».
Шилтемелер
^ Же: «этегим».
^ Же: «түлөндүн терисинен».
^ Же: «ыраазы кыла турган; көңүлүн жибите турган».
^ Сөзмө-сөз: «оттон өткөрдүң».
^ Ассириянын.
^ Сөзмө-сөз: «Канаан жеринде».
^ Же балким: «кылып жүргөнүң үчүн, сага кандай гана каарым кайнап жатат».
^ Сыягы, карамагындагы шаарларды билдирет.
^ Же: «сен эжең менен сиңдиңди жактадың».

