Жезекиел 1:1—28
1 Отузунчу жылы* төртүнчү айдын бешинчи күнүндө мен Кебар дарыясынын+ боюнда туткундагы элдин+ арасында жашап жүргөндө, асман ачылып, Кудайдан аян алдым.
2 Ошол айдын бешинчи күнүндө, Жаякин+ падыша туткундалып кеткенден кийинки бешинчи жылда,
3 каздимдиктердин*+ жериндеги Кебар дарыясынын боюнда мага, дин кызматчы Бузинин уулу Жезекиелге*, Жахаба* сүйлөдү. Ошол жерде Жахабанын күчү мага таасир этти.+
4 Ошондо мен муну көрдүм: түндүктөн долуланган катуу шамал,+ чоң булут, жалындаган от*+ келатты. Булуттун айланасы жаркырап туруптур, оттун ортосунда болсо алтын менен күмүштүн эритмесиндей болгон бир нерсе бар экен.+
5 Оттун ичинен 4 тирүү жандык сыяктанган караандар көрүндү.+ Алардын ар биринин келбети адамдыкындай экен.
6 Ар биринин 4 бети, 4 канаты бар экен.+
7 Буттары түз экен, туяктары торпоктукундай экен. Алар жалтылдатып койгон жездей жаркырап туруптур.+
8 Төрт тарабындагы канаттарынын астында адамдыкындай колу бар экен. Төртөөнүн тең беттери, канаттары бар экен.
9 Канаттары бири-бирине тийип туруптур. Жылып баратканда аларга бурулуунун зарылдыгы жок болчу, ар бири алдын көздөй баратты.+
10 Алардын беттери мындай эле: төртөөнүн тең алдыңкы бети адамдыкындай, оң тарабындагы бети арстандыкындай,+ сол тарабындагы бети буканыкындай,+ арткы бети бүркүттүкүндөй+ экен.+
11 Беттери ушундай экен. Канаттары болсо өйдө көтөрүлүп туруптур. Ар биринин эки канаты бири-бирине тийип, эки канаты болсо денесин жаап туруптур.+
12 Ал 4 жандыктын ар бири алдын көздөй баратты. Кудайдын ыйык руху* кайсы жакка багыттаса, ошол жакка баратты.+ Жылып баратканда аларга бурулуунун зарылдыгы жок болчу.
13 Алардын көрүнүшү кызарган чоктой экен. Алардын араларында шаманага* окшогон нерселер алдыга-артка жылып, оттун ичинен чагылган чартылдап жатты.+
14 Тирүү жандыктар алдыга-артка жылганда, алардын кыймылы чагылганга окшоп көрүндү.
15 Мен тирүү жандыктарды карап турдум. Ошол төрт беттүү тирүү жандыктардын ар биринин жанында, жерде, бирден дөңгөлөк туруптур.+
16 Дөңгөлөктөр хризолиттен жасалгандай жаркырап турду, төртөө тең бири-бирине окшош экен. Алардын көрүнүшү менен түзүлүшү бир дөңгөлөк экинчи дөңгөлөктүн ичинде жайгашкандай экен*.
17 Жылганда алар, төрт тараптын кайсынысына болбосун, бурулбай туруп эле багыт алып жатышты.
18 Алардын алкактары ушунчалык бийик болгондуктан абдан таасирдүү көрүндү. Төрт дөңгөлөктүн тең алкактарында бүт тегерете көздөр жайгашыптыр.+
19 Тирүү жандыктар жылганда, дөңгөлөктөр да жылып жатты. Тирүү жандыктар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да көтөрүлүп жатты.+
20 Ыйык рух кайсы жакка багыттаса жана ал каякка барса, ал жандыктар да ошол жакка баратты. Дөңгөлөктөр алар менен кошо көтөрүлүп жатты, себеби тирүү жандыктарга таасир эткен ыйык рух ал дөңгөлөктөрдө да бар болчу.
21 Тирүү жандыктар жылганда, дөңгөлөктөр да жылып жатты. Алар токтогондо, дөңгөлөктөр да токтоп жатты. Алар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр кошо көтөрүлүп жатты, себеби тирүү жандыктарга таасир эткен ыйык рух ал дөңгөлөктөрдө да бар болчу.
22 Тирүү жандыктардын төбө жагында укмуштуудай муз сымал жылтылдаган аянтка окшош бир нерсе бар экен. Ал алардын төбө жагында жайгашыптыр.+
23 Аянттын астында алардын канаттары бири-бирине жанаша тик көтөрүлүп туруптур*. Ар биринин бир капталын жаап турган эки канаты, экинчи капталын да жаап турган дагы эки канаты бар экен.
24 Мен алардын канаттарынын добушун угуп жаттым. Ал шар аккан суунун күр-шарындай, Кудурети Чексиз Кудайдын үнүндөй экен.+ Тирүү жандыктар жылганда, аскер кошуунунун чуусундай угулуп жатты. Алар токтогондо канаттарын түшүрүп жатышты.
25 Алардын төбө жагындагы аянттын үстүнөн үн угулуп жатты. (Алар токтогондо канаттарын түшүрүп жатышты.)
26 Алардын төбө жагындагы ошол аянттын үстүндө сапфир ташындай+ көрүнгөн бир нерсе жайгашыптыр. Ал тактыга окшош экен.+ Тактынын үстүндө келбети адамдыкына окшош бирөө отуруптур.+
27 Анын белиндей көрүнгөн жери менен белинен өйдө жагынан алтын менен күмүштүн эритиндисиндей, оттой жаркыраган нур чачырап жатканын көрдүм.+ Ал эми белиндей көрүнгөн жеринен ылдый от күйүп жаткандай көрүндү.+ Анын бүт айланасы жаркырап туруптур,
28 жаан жааган күнү булут арасынан көрүнгөн асан-үсөндөй+ жаркырап туруптур. Анын айланасындагы жаркырактын көрүнүшү мына ушундай эле. Ал Жахабанын даңкындай көрүндү.+ Мен аны көргөндө жүзтөмөндөп жыгылдым, анан сүйлөп жаткан бирөөнүн үнүн уктум.
Шилтемелер
^ Сыягы, Жезекиел пайгамбардын жашы жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ Мааниси: «Кудай күч берет».
^ Же: «чагылган».
^ Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
^ Баш жагына майлуу чүпүрөк оролуп, жарык кылыш үчүн күйгүзүлчү кыска жыгач.
^ Сыягы, дөңгөлөктөрдүн көлөмү бирдей болгон жана бири-бирине тигинен кайчылаштырылып бириктирилген.
^ Же балким: «канаттары жайылып туруптур».

