Жакыптын каты 5:1—20
5 Байлар, силер да кулак салгыла. Башыңарга кайгы түшө тургандыктан, ыйлагыла, боздогула.+
2 Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди.+
3 Алтыныңар менен күмүшүңөрдү дат басты. Ошол дат айыбыңарды ачып, силерди жеп жок кылат. Топтогон нерсеңер акыркы күндөрдө от сыяктуу болот.+
4 Мына, талааңарда түшүм жыйнагандардын акысын төлөбөй койгонуңар үчүн, алар Кудайга зарлап кыйкырып жатышат. Орокчулардын жардам сурап боздогон үнү асман аскерлеринин Кудайы Жахабага жетти.+
5 Силер май көл, сүт көл жашап, каалаганыңарды кылдыңар. Ичип-жеп, союла турган күнгө даярдалып бордолгон малдай семирдиңер.+
6 Адил адамды айыптап, өлтүрдүңөр. Анан кантип ал* силерге каршы болбосун?
7 Бир туугандарым, Мырзабыз кайра келе турган убакка*+ чейин чыдамдуу болгула. Жерден жакшы түшүм алыш үчүн дыйкан да чыдамдуу болуп, күзгү жамгыр менен жазгы жамгырды күтөт.+
8 Анын сыңарындай, силер да чыдамдуу болгула;+ Мырзабыз кайра келе турган убакка аз калгандыктан бекем болгула*.+
9 Бир туугандарым, соттолбош үчүн бири-бириңерге наалыбагыла*.+ Мына, Сот босогодо турат!
10 Боордошторум, кыйынчылыктарды көтөрүп,+ чыдамдуу болуу жагынан+ Жахабанын атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан+ үлгү алгыла.
11 Биз кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгондорду бактылуу* деп эсептейбиз.+ Силер Аюптун туруктуулугу жөнүндө уккансыңар.+ Жахабанын ага кандай бата бергенин да уккансыңар,+ мындан Жахабанын канчалык боорукер*, кайрымдуу экенин билдиңер.+
12 Бир туугандарым, айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, асманды же жерди, же дагы башка бир нерсени оозанып ант бергениңерди токтоткула. Кудай силерди соттобошу үчүн, «ооба» деген сөзүңөр «ообаны», «жок» деген сөзүңөр «жокту» билдирсин.+
13 Араңардан кимдир бирөө кыйналып жатабы? Анда Кудайдан тиленсин.+ Көңүлү ачыкпы? Анда Кудайды даңктаган ырларды* ырдасын.+
14 Араңардан кимдир бирөө ооруп жатабы?* Анда жыйналыштын аксакалдарын*+ чакырсын. Алар аны Жахабанын атынан зайтун майы менен майлап*,+ ал үчүн тиленишсин.
15 Ишеним менен тиленгенде, оорулуу* айыгат жана Жахаба аны тургузат. Эгерде күнөө кылган болсо, күнөөсү кечирилет.
16 Ошондуктан айыгыш үчүн бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү+ ачык айтып, бири-бириңер үчүн Кудайдан тиленгиле. Адил адамдын жалынып тиленгени зор күчкө ээ.+
17 Илияс пайгамбар биздикиндей эле сезимдери бар пенде болгон. Бирок ал жаан жаабасын деп Кудайдан жалындуу тиленгенде, ошол жерге 3 жарым жыл жаан жааган эмес.+
18 Анан кайра тиленгенде, жамгыр жаап, жер түшүм берген.+
19 Боордошторум, араңардан кимдир бирөө чындык жолунан адашып кетсе жана башка бирөөңөр аны кайрып келсеңер,
20 анда күнөөкөрдү туура эмес жолдон кайрып келген+ киши анын жанын өлүмдөн сактап, көп күнөөлөрүн жабарын билишиңерди каалайм.+
Шилтемелер
^ Же балким: «Кудай».
^ Сөзмө-сөз: «жүрөгүңөрдү бекемдегиле».
^ Же: «үшкүрүнбөгүлө».
^ Грек тилиндеги текстте сөзмө-сөз «ич, ичеги-карын» деген маанини туюнткан сөз колдонулган. Каймана мааниде ал «сүйүү, назиктик, сезимталдык» дегенди билдирет.
^ Же: «баталуу».
^ Же: «забурларды».
^ Сыягы, бул Кудай менен болгон мамилеси солгундап калгандарды билдирет.
^ Сыягы, бул Кудайдын Сөзүн колдонуп жардам берүүнү билдирет.
^ Же балким: «чарчаган».

