Башталыш 8:1—22

  • Суу тартыла баштайт (1—14)

    • Нух көгүчкөндү учурат (8—12)

  • Кемеден чыгуу (15—19)

  • Кудайдын жер жөнүндөгү убадасы (20—22)

8  Андан кийин Кудай Нухка, аны менен кемеге кирген+ жапайы айбанаттарга, үй жаныбарларына назар салып, жер бетине шамал жиберди. Ошондо суу тартыла баштады. 2  Суу туңгуюктарынын булактары менен асмандагы суу дарбазалары жабылып, нөшөрлөп төккөн жаан басылды.+ 3  Жер бетиндеги суу акырындап тартыла баштады да, 150 күндөн кийин бир топ азайып калды. 4  Жетинчи айдын* он жетинчи күнү кеме Арарат тоолоруна барып токтоду. 5  Суу онунчу айга* чейин акырындап азая берди. Онунчу айдын биринчи күнү тоолордун чокулары көрүндү.+ 6  Кырк күндөн кийин Нух кеменин терезесин ачып,+ 7  кузгунду учурду. Жер бети кургагыча, ал учуп кетип, кайра учуп келип турду. 8  Анан Нух жер бетинен суунун тартылган-тартылбаганын билиш үчүн көгүчкөндү учурду. 9  Бирок бүт жер жүзүн дагы эле суу каптап тургандыктан,+ көгүчкөн конорго жер таппай, кайра кемеге учуп келди. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кемеге киргизип алды. 10  Анан дагы 7 күн коё туруп, кайра учурду. 11  Көгүчкөн Нухка кечке маал кайтып келди. Ал зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагын тиштеп келиптир. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылып калганын билди.+ 12  Ал дагы 7 күн коё туруп, көгүчкөндү кайра учурду. Бирок ал ошол бойдон кайтып келген жок. 13  Нухтун өмүр сүргөнүнө 601 жыл болгондо,+ биринчи айдын* биринчи күнү жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин чатырын ачып караса, жердин бети кургай баштаптыр. 14  Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү жер толугу менен кургап калды. 15  Ошондо Кудай Нухка: 16  «Аялың, уулдарың, келиндериң менен кемеден чык.+ 17  Тукумдап, көбөйүп, жер бетин толтурушу үчүн, өзүң менен кошо тирүү жандыктардын баарын:+ канаттууларды, үй жаныбарларын, жер бетинде жашаган башка жаныбарлардын бардыгын алып чык»,— деди.+ 18  Нух уулдары,+ аялы жана келиндери менен кемеден чыкты. 19  Бардык жаныбарлар, майда жан-жаныбарлар менен канаттуулар — жер бетинде кыбыр эткендин баары түр-түрү менен кемеден чыкты.+ 20  Анан Нух Жахабага арнап курмандык жайын* куруп,+ адал жаныбарлар менен канаттуулардын бардык түрүнөн+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды* чалды.+ 21  Ошондо Жахаба алардын жагымдуу жытын искеди. Анан Жахаба ичинен мындай деди: «Мындан ары адам баласы үчүн жерди эч качан каргабайм,+ анткени адамдын ою, ниети жаштайынан эле бузук, жаман жакка ооп турат.+ Эми эч качан тирүү жандардын баарын жок кылбайм.+ 22  Мындан ары дайыма жер бетинде себе турган, оруп-жыя турган мезгил, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн болот».+

Шилтемелер

^ Болжолу, марттын экинчи жарымы менен апрелдин биринчи жарымына дал келет. Б15 тиркемесин кара.
^ Болжолу, июндун экинчи жарымы менен июлдун биринчи жарымына дал келет. Б15 тиркемесин кара.
^ Болжолу, сентябрдын экинчи жарымы менен октябрдын биринчи жарымына дал келет. Б15 тиркемесин кара.