Башталыш 7:1—24
7 Ошондон кийин Жахаба Нухка: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени бул муундагы адамдардын ичинен сенин адил экениңди көрүп турам.+
2 Өзүң менен кошо адал жаныбарлардын ар бир түрүнөн жетиден*,+ эркек-ургаачы кылып киргиз, ал эми адал эмес жаныбарлардын ар бир түрүнөн экиден, эркек-ургаачы кылып киргиз.
3 Асманда учкан канаттуулардын* да ар бир түрүнөн жетиден, эркек-ургаачы кылып киргиз. Алар тирүү калып, жер үстүндө тукуму көбөйүшү үчүн, ошондой кыл.+
4 Анткени 7 күндөн кийин жер бетине 40 күн, 40 түн+ жаан жаадырып,+ өзүм жараткан тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылам»,— деди.+
5 Нух баарын Жахаба айткандай кылды.
6 Жер бетин топон суу каптаганда, Нух 600 жашта эле.+
7 Топон суу башталганга чейин, Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди.+
8 Адал жана адал эмес жаныбарлардын, канаттуулардын жана башка жан-жаныбарлардын ар бир түрүнөн,+
9 Кудай Нухка буйрук кылгандай, жуп-жубу менен, эркек-ургаачысы болуп, Нух кирген кемеге кирди.
10 Жети күндөн кийин жаан жаап, жер бетин топон суу каптай баштады.
11 Нухтун өмүр сүргөнүнө 600 жыл болгондо, экинчи айдын* он жетинчи күнү суу туңгуюктарынын* бардык булактары, асмандагы суу дарбазалары ачылды.+
12 Жер бетине 40 күн, 40 түн нөшөрлөп жамгыр жаады.
13 Ошол күнү Нух менен анын уулдары Шем, Хам, Жапет,+ ошондой эле аялы менен 3 келини кемеге кирди.+
14 Алар менен кошо жапайы айбанаттардын, үй жаныбарларынын, жер бетиндеги башка жан-жаныбарлардын, ар кандай канаттуулар менен канаты бар жандыктардын бардык түрү кирди.
15 Тирүү* жандыктардын бардык түрүнөн жуп-жубу менен Нух кирген кемеге кирди.
16 Ошентип, Кудай Нухка буйрук кылгандай, жан-жаныбарлардын бардык түрүнүн эркек-ургаачылары кирди. Анан Жахаба кеменин эшигин жапты.
17 Кырк күн бою жамгыр төгүп, суу көбөйүп, кемени көтөрө баштады. Кеме жерден бир топ көтөрүлүп, калкып калды.
18 Суу көбөйгөндөн көбөйүп, улам көтөрүлө берди. Кеме болсо суунун үстүндө калкып жүрдү.
19 Суу ушунчалык бийик көтөрүлгөндүктөн, жер бетиндеги бийик тоолордун баары суу астында калды.+
20 Суу тоолордон 6 жарым метрдей* жогору көтөрүлүп, аларды басып калды.
21 Жер бетиндеги кыбыр эткендин баары:+ асманда учкан канаттуулар, үй жаныбарлары, жапайы айбанаттар, жер жайнаган майда жандыктар, бүт адамдар кырылып калды.+
22 Кургактыкта жашаган тирүү жандардын* бардыгы жок болду.+
23 Ошентип, Кудай жер жүзүндөгү тирүү аттуунун баарын: адамдарды, жаныбарларды, майда жан-жаныбарлар менен асманда учкан канаттууларды жер бетинен жок кылды.+ Нух менен кемеге киргендер гана тирүү калышты.+
24 Суу жер бетинен бийик көтөрүлгөн боюнча 150 күн турду.+
Шилтемелер
^ Же балким: «жети жуптан».
^ Еврей тилиндеги бул сөз канаттууларга эле эмес, канаттуу курт-кумурсакаларга да тиешелүү.
^ Болжолу, октябрдын экинчи жарымы менен ноябрдын биринчи жарымына дал келет. Б15 тиркемесин кара.
^ Бул суулар жерди курчап турган атмосферанын жогору жагындагы, Башталыш 1:6, 7де айтылган суу катмарын билдирет.
^ Же: «Өмүр деми бар».
^ Сөзмө-сөз: «15 чыканак».
^ Же: «өмүр деми барлардын».