Башталыш 28:1—22
28 Ыскак Жакыпты чакырып, батасын бергенден кийин: «Канаандык кыздардан аял алба.+
2 Падан-Арамга, Бетуел таятаңдын үйүнө барып, ошол жактан Лабан таякеңдин кыздарынан ал.+
3 Кудурети Чексиз Кудай сага батасын берип, укум-тукумуңду көбөйтөт, сенден көп эл тарайт.+
4 Кудай Ыбрайымга берген жана сен азыр келгин болуп жашап жаткан бул жерди ээлешиң үчүн, Кудай Ыбрайымга берген батасын+ сага, сенин укум-тукумуңа берет»,— деди.+
5 Ошентип, Ыскак Жакыпты Падан-Арамга жөнөттү. Ал ошол жактагы сириялык Бетуелдин уулу Лабандыкына кетти.+ Лабан Жакып менен Эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы болчу.+
6 Эйсап Ыскактын Жакыпка батасын бергенин, ага батасын берип жатып: «Канаандык кыздардан аял алба»,— деп айтканын, аны аял алып келиши үчүн Падан-Арамга жөнөткөнүн билди.+
7 Жакып ата-энесинин тилин алып, Падан-Арамга жөнөп кетти.+
8 Ошондо Эйсап атасы Ыскакка канаандык кыздардын жакпай турганын түшүндү.+
9 Ошондуктан ал Ысмайылдын тукумдарына барып, Небайоттун карындашы Махалатты аялдарынын үстүнө аялдыкка алды. Махалат Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы болчу.+
10 Жакып Беир-Шебадан чыгып, Харанды көздөй жөнөдү.+
11 Бир нече убактан кийин ал бир жерге жетип, күн батып калгандыктан, ошол жерге түнөмөкчү болду. Анан бир ташты алып, башына жаздап жатты.+
12 Уктап жатып түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Анын жогору жагы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери ошол тепкич менен өйдө чыгып, кайра ылдый түшүп жатышыптыр.+
13 Ал эми анын жогору жагында Жахаба туруптур. Ал мындай деди:
«Мен чоң атаң Ыбрайымдын Кудайы, атаң Ыскактын Кудайы Жахабамын.+ Сен жаткан жерди сага, сенин укум-тукумуңа берем.+
14 Урпактарың жердеги кумдай көбөйүп,+ батышка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайт. Сен аркылуу, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат.+
15 Мен сени дайыма колдоп жүрөм. Кайда барба, бардык жерде сактап жүрөм, бул жерге кайра алып келем.+ Сени таштабайм, сага айткандарымдын баарын орундатам».+
16 Жакып ойгонуп: «Чын эле, Жахаба ушул жерде турбайбы, муну билбептирмин»,— деди.
17 Анан аны коркунуч басып: «Бул ыйык жер турбайбы! Бул, чын эле, Кудайдын үйү,+ асман дарбазасы турбайбы!» — деди.+
18 Ошон үчүн эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты эстелик кылып койду да, үстүнө май куйду.+
19 Анан ошол жерди Бейтел* деп атады. Ал шаардын мурунку аты Луз эле.+
20 Андан кийин Жакып мындай деп убада берди: «Оо, Кудай, мени мындан ары да колдоп жүрсөң, жолдон сактап, жегенге нан, кийгенге кийим берсең,
21 атамдын үйүнө аман-эсен кайтып келсем, анда Жахаба, чындап эле менин Кудайым экениңди билем.
22 Оо, Кудай, ошондо мен эстелик кылып койгон бул таш сенин үйүң болот,+ сен мага берген ар бир нерсенин ондон бир бөлүгүн сага берем».
Шилтемелер
^ Мааниси: «Кудайдын үйү».

