Башталыш 27:1—46

  • Жакып Ыскактан бата алат (1—29)

  • Эйсап бата алгысы келет, бирок катасы үчүн өкүнбөйт (30—40)

  • Эйсаптын Жакыпка кек сакташы (41—46)

27  Ыскак картайып, көзүнүн курчу кетип көрбөй калган эле. Бир күнү улуу баласы Эйсапты+ чакырып алып: «Уулум»,— деди. Ал: «Оу, ата»,— деди. 2  Ыскак: «Мен карып калдым. Дагы канча жашаарымды билбейм. 3  Ошон үчүн саадагың менен жааңды ал да, талаага барып, аң уулап кел.+ 4  Анан жакшы көргөн тамагымды бышырып кел. Аны жейин да, көзүмдүн тирүүсүндө сага батамды берип калайын»,— деди. 5  Анын Эйсап менен сүйлөшүп жатканын Ребека угуп турган эле. Эйсап аң уулаганы кеткенде,+ 6  Ребека уулу Жакыпка+ мындай деди: «Атаңдын Эйсап менен сүйлөшүп жатканын угуп калдым. 7  Ага: „Аң уулап келип, жакшы көргөн тамагымды бышырып бер. Аны жейин да, көзүмдүн тирүүсүндө Жахабанын алдында сага батамды берип калайын“,— деди.+ 8  Эми, уулум, сөзүмдү жакшылап угуп, мен айткандай кыл.+ 9  Оторго барып, эң жакшысынан тандап эки улак алып кел. Мен алардын этинен атаңдын жакшы көргөн тамагын жасап берейин. 10  Сен болсо аны атаңа алып бар. Ал жеп, көз жумардан мурун сага батасын берсин». 11  Жакып энесине: «Эйсап түктүү да,+ мен болсо түктүү эмесмин. 12  Кокус атам мени кармап-сыйпалап көрсөчү?+ Ошондо аны шылдыңдап жаткандай болуп калып, бата албай эле, каргышка калбаймбы?!» — деди. 13  Энеси болсо: «Каргышка сен эмес, мен калам, уулум. Мен айткандай кыла бер. Барып, улактарды алып кел»,— деди.+ 14  Жакып барып, улактарды энесине алып келди. Энеси Ыскактын жакшы көргөн тамагын жасады. 15  Анан үйүнөн улуу баласы Эйсаптын эң жакшы кийимин алып, кичүү баласы Жакыпка кийгизди.+ 16  Ал эми мойнунун түксүз жери менен колдорун улактын териси менен ороп койду.+ 17  Анан өзү жасаган даамдуу тамак менен нанды Жакыпка берди.+ 18  Жакып атасына кирип: «Ата»,— деди. Ал: «Оу, балам. Сен кимсиң? Эйсапсыңбы же Жакыпсыңбы?» — деди. 19  Жакып: «Мен тун уулуңуз Эйсапмын.+ Сиз айткандай кылдым. Өйдө болуп отуруп, эттен жеңиз, анан мага батаңызды бериңиз»,— деди.+ 20  Ыскак андан: «Кантип бат эле аң уулап келе койдуң, уулум?» — деп сурады. Ал: «Аны Жахаба Кудайыңыз өзү колума салып берди»,— деди. 21  Ошондо Ыскак Жакыпка: «Жакыныраак келчи, уулум, чын эле Эйсапсыңбы же жокпу, сыйпалап көрөйүн»,— деди.+ 22  Жакып атасынын жанына барды. Ал аны сыйпалап көрүп: «Үнүң Жакыптыкы, колдоруң болсо Эйсаптыкы»,— деди.+ 23  Жакыптын колдору Эйсаптыкындай түктүү болгондуктан, Ыскак аны тааныган жок. Ошентип, ага батасын берди.+ 24  Анан андан: «Сен чын эле Эйсапсыңбы?» — деп сурады. Жакып: «Ооба»,— деп жооп берди. 25  Ошондо Ыскак: «Мага тамагыңдан бер, уулум, аны жейин да, сага батамды берейин»,— деди. Жакып ага тамакты берди, ал жеди. Анан шараптан берди, аны да ичти. 26  Анан Ыскак: «Уулум, жаныма келип, мени өпчү»,— деди.+ 27  Ал жакын барып өпкөндө, атасы кийиминин жытын тааныды.+ Анан ага мындай деп батасын берди: «Уулумдун жыты Жахаба батасын берген талаанын жытындай. 28  Чыныгы Кудай сага асман шүүдүрүмү+ менен түшүмдүү жерлерди+ берсин, эгин менен жаңы шарапты мол берсин.+ 29  Сага элдер кызмат кылышсын, ар кайсы улуттар ийилип таазим этишсин. Бир туугандарыңдын мырзасы бол, энеңдин уулдары сага ийилип таазим кылышсын.+ Сени каргагандардын баары каргышка калат, сага батасын бергендердин баары бата алат».+ 30  Ыскак батасын берип бүтүп, Жакып анын жанынан кетери менен, Эйсап аңчылыктан келди.+ 31  Ал да даамдуу тамак бышырып, атасына алып келип: «Ата, туруңуз, уулуңуз апкелген эттен жеңиз, анан мага батаңызды бериңиз»,— деди. 32  Ыскак: «Сен кимсиң?» — деди. Ал: «Мен тун уулуңуз Эйсапмын»,+— деп жооп берди. 33  Ошондо Ыскакты калтырак басып: «Анда мага жаңы эле жапайы жаныбардын этин алып келген ким эле? Сенин алдыңда ал апкелгенди жеп, ага батамды берип койбодумбу. Эми болду ал бата алат!» — деди. 34  Атасынын сөздөрүн укканда Эйсап ызаланганынан кыйкырып: «Мага батаңызды бериңиз, ата, мага да бериңиз!» — деп жиберди.+ 35  Бирок атасы: «Бир тууганың кууланып, сага берейин деген батамды алып кеткен турбайбы»,— деди. 36  Ошондо Эйсап: «Жакып* деген ат ага бекеринен коюлган эмес тура, ушуну менен эки жолу мага тиешелүүнү алып алды.+ Мурун туңгучтугумду тартып алды эле,+ эми минтип батамды да тартып алды!» — деди.+ Анан: «Кантип эле мага батаңызды бербей коёсуз? Мага да бериңиз» — деди. 37  Ыскак ага: «Аны сага мырза кылып койдум,+ бир туугандарынын баарын ага кызмат кылганга бердим. Ага эгин менен жаңы шарапты бердим.+ Эми сага эмне бере алам, уулум?» — деди. 38  Бирок Эйсап: «Ата, кантип эле бир эле батаңыз болсун? Мага да батаңызды бериңиз, ата, мага да бериңиз!» — деп, өксөп ыйлады.+ 39  Ыскак ага: «Сенин турак-жайың түшүмдүү жерлерден, асман шүүдүрүмү түшкөн жерлерден алыс болот.+ 40  Өмүр бою колуңдан кылыч түшпөйт,+ бир тууганыңа кызмат кыласың.+ Бирок чыдабай кетип, мойнуңдан моюнтуругун алып таштай турган убак келет»,— деди.+ 41  Ошондо атасынын батасын алып алганы үчүн Эйсап Жакыпка кек сактап калды.+ Ал: «Атамды жоктоп ыйлай турган күнгө аз калды. Атам өтүп кеткенден кийин,+ Жакыпты өлтүрөм»,— деп ойлоду. 42  Улуу баласы Эйсаптын сөздөрүн Ребекага айтып келишкенде, ал ошол замат кичүү баласы Жакыпты чакыртып: «Бир тууганың Эйсап кек сактап, сени өлтүргөнү жүрөт. 43  Ошон үчүн, уулум, мындай кыл: Харандагы Лабан таекеңдикине качып кет.+ 44  Агаңдын ачуусу тарагыча, ошол жакта жашай тур. 45  Ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун. Анан киши жиберип, сени ал жактан чакыртып алам. Бир күндө экөөңөн тең ажырап калып жүрбөйүн»,— деди. 46  Анан Ребека Ыскакка: «Хеттин тукумдарынан болгон кыздардын айынан жашоого тоюп бүттүм.+ Эгер Жакып да Хеттин кыздарынан, ушул жерлик кыздардан, аял ала турган болсо, анда өлүп эле калганым жакшы эмеспи?» — деди.+

Шилтемелер

Мааниси: «согончоктон кармаган; башканын ордун ээлеген».