Аюп 5:1—27

  • Элипаз сөзүн улайт (1—27)

    • Кудай «акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен өздөрүнүн торуна түшүрөт» (13)

    • Аюп «Кудайдын оңдоп-түзөгөнүн четке какпашы» керек (17)

5  Кана, жардамга чакырчы! Сага жооп бере турган бирөө бар бекен? Ыйык периштелердин кимисине кайрыласың?  2  Акылсыздын кыжырданганы өзүн өлтүрөт эмеспи,Ишенчээктин көз артканы өзүнүн түбүнө жетет эмеспи.  3  Мен акылсыздын тамыр жайганын көргөм,Бирок анын турак жайы капыстан каргышка калат.  4  Анын балдарынын коргоочусу жок,Шаардын дарбазасынын+ алдында алардын укуктары тебеленет,Куткарар эч кимиси болбойт.  5  Анын түшүмүн ачка киши жейт,Атүгүл тикенектин арасындагыларын да алып кетет,Үй-бүлөсүнүн мал-мүлкүн тартып алышат.  6  Себеби жамандык топурактан өнүп чыкпайт,Кыйынчылык жерден өсүп чыкпайт.  7  Оттун учкуну көккө учкандай эле,Адам баласы азапка гана төрөлөт.  8  Сенин ордуңда болсом, Кудайга жалбармакмын,Ишимди ага тапшырмакмын.  9  Ал акыл жеткис улуу иштерди,Сан жеткис укмуштуу нерселерди жасайт. 10  Жер бетине жамгыр жаадырат,Талааларга суу жиберет. 11  Бей-бечараларды жогору көтөрөт,Көңүлү чөккөндөрдү жогору көтөрүп, куткарат. 12  Амалкөйлөрдүн ой-максаттарын бузат,Ошондо алар ийгиликке жетпейт. 13  Акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен өздөрүнүн торуна түшүрөт,+Ошондо алардын ойлору ойрон болот. 14  Алар күндүз да караңгылыкка туш болушат,Чак түштө түндөгүдөй сыйпалап басышат. 15  Кудай жакырды алардын кылычтай курч тилинен,Күчтүүнүн колунан куткарат, 16  Ошондо бей-бечаралар үмүт байлайт,Ыймансыздар болсо оозун жабат. 17  Кудай кимди ашкерелесе, ошол бактылуу,Ошон үчүн Кудурети Чексиз Кудайдын оңдоп-түзөгөнүн четке какпа! 18  Анткени ал жаралайт да, кайра жараатты өзү таңат,Жабыркатат да, кайра эле өз колу менен айыктырат. 19  Ал сени биринен сала бири келген алты кырсыктан сактайт,Атүгүл жетинчи кырсыктан да зыян тартпайсың. 20  Ачарчылыкта сени өлүмдөн,Майданда кылычтан куткарат. 21  Камчыдай тийген тилден коргойт,+Бүлгүн түшкөндө үрөйүң учпайт. 22  Кыйроо менен ачарчылыкты ойлоп тынчсызданбайсың,Жер бетиндеги жапайы жаныбарлардан коркпойсуң. 23  Талаадагы таштарга чалынбайсың*,Жапайы жаныбарлар сага кол салбайт. 24  Чатырыңда коопсуз жашайсың,Жайытыңа барганда малыңдын баары түгөл болот. 25  Бала-бакыраң көп болот,Урпактарың жер бетиндеги өсүмдүктөрдөй көбөйөт. 26  Өз маалында жыйылган эгиндин боолорундай,Көргө түшкүчө алдан-күчтөн тайбайсың. 27  Мына, биз ушуларды изилдеп көрдүк, баары так ушундай экен. Ук да, муну кабыл ал».

Шилтемелер

Же: «таштар менен келишим түзөсүң».