Аюп 31:1—40

  • Аюп кынтыксыз экенин айтып, коргонот (1—40)

    • «Мен көзүм менен келишим түзгөм» (1)

    • Кудайдан аны таразага тартышын суранат (6)

    • Жубайынын көзүнө чөп салган эмес (9—12)

    • Дүнүйө-мүлккө жутунган эмес (24, 25)

    • Буркандарга сыйынган эмес (26—28)

31  Мен көзүм менен келишим түзгөм.+ Анда кантип кызга кумарлана караганга батынмак элем?+  2  Эгер ошентсем, асмандагы Кудайдан кандай сыйлык алмак элем? Жогорудагы Кудурети Чексиз Кудайдан кандай мурас алмак элем?  3  Күнөөкөрлөр акыры жүрүп кырсыкка,Кыянатчылдар жамандыкка кабылышат эмеспи?!+  4  Кудай менин кылган иштеримди көрүп,+Ар бир кадамыма көз салып турган жокпу?  5  Эгер жалганчылардын жолунда* жүргөн болсом,Бирөөнү алдаганга шашкан болсом,+  6  Анда Кудай мени так таразага тартып көрсүн,+Ошондо кынтыксыз* экенимди билет.+  7  Эгер бутум түз жолдон чыккан болсо,+Жүрөгүм көзүмдү ээрчиген болсо,+Колум арамдалган болсо,  8  Анда мен сепкенди башка бирөө жесин,+Эккендерим* тамыры менен жулунуп калсын.  9  Эгер жүрөгүм башка аялга азгырылган болсо,+Бирөөнүн эшигинин алдында аялын аңдып жаткан болсом,+ 10  Анда аялым башка эркектин жаргылчагын тартсын,Башка эркектердин койнунда жатсын.+ 11  Себеби ошенткеним уятсыздык болмок,Соттор карап, жазалай турган кылмыш болмок.+ 12  Ошондой иш кылганым тапкан-ташыганымдын баарын тыптыйпыл кылып,+Эчтекесин калтырбай жалмап кете турган от болмок. 13  Эгер мага доосу бар кулума же күңүмөКалыстык кылбай койгон болсом, 14  Анда Кудай мага каршы чыкканда, эмне кыла алам? Мени жоопко тартканда, эмне дей алам?+ 15  Энемдин курсагында мени жараткан Кудай аларды да жараткан эмеспи?+ Баарыбызды тең энебиздин жатынында калыпка салган ошол эмеспи?+ 16  Эгер бей-бечарага сураганын бербей койгон болсом,+Жесирдин көзүн жалдыраткан болсом,+ 17  Нанымды жетим менен бөлүшпөй,Жалгыз жеген болсом,+ 18  (Чынында, мен жаш кезимен бери ага атадай болгом,Бала кезимден бери эле жесирге жардам берип келгем.) 19  Эгер кийими жок бирөөнүн тоңуп өлгөнү жатканын көрүп,Же жамынчысы жок жакырды көрүп туруп, жардам бербей койгон болсом,+ 20  Эгер ал койлорумдун жүнүнөн кийим кийип жылынып,Мага алкыш айтпаган болсо,+ 21  Шаар дарбазасынын алдында+ менин жардамыма зар экенин көрүп туруп*,Жетимге муштумумду көрсөтүп,+ коркуткан болсом, 22  Анда колум* ийнимен үзүлүп түшүп калсын,Чыканагыман сынып калсын. 23  Бирок мен булардын бирин да кылган эмесмин. Себеби Кудайдын жазасынан коркчумун,Анын улуулугун кастарлап турчумун. 24  Эгер алтынга таянган болсом,Таза алтынга: „Ишенгеним сенсиң!“ — деген болсом,+ 25  Мүлкүмдүн ашып-ташыганына,+Чогулткан дүнүйөмдүн көптүгүнө кубанган болсом,+ 26  Эгер жаркырап тийген күндү,Калкып бараткан сулуу айды көрүп,+ 27  Жүрөгүм тымызын азгырылып,Колумду өөп туруп аларды көздөй сунуп, аларга сыйынган болсом,+ 28  Анда бул да соттор карап, жазалай турган кылмыш болмок. Себеби асмандагы чыныгы Кудайдан баш тарткан болмокмун. 29  Мен душманымдын ойрон болгонуна сүйүндүм беле?+ Башына мүшкүл түшкөндө табаладым беле? 30  Мен эч качан аны өлүп калсын деп каргап,+Күнөөгө баткан эмесмин. 31  Үйүмдөгү кишилер: „Аюп тамак берип, тойгузбаган ким бар?“ — деп айтышчу.+ 32  Бир да чоочун киши* көчөдө түнөгөн эмес,+Жолоочуга эшигим дайыма ачык эле. 33  Башкаларга окшоп күнөөлөрүмдү жашырдым беле?+ Кылмышымды койнума катып койдум беле? 34  Жумурай журт эмне дейт деп корктум беле? Же элге уят болом деп кыжалат болуп,Дымымды чыгарбай, үйдөн чыккандан коркуп отурдум беле? 35  Аттиң ай, мени уккан бирөө болсо кана!+ Сөзүмдүн чын экенин ырастап, кол* коюп бербейт белем! Кудурети Чексиз Кудай мага жооп берсе экен!+ Айыптоочум доосун жазып берсе кана! 36  Анда анын жазган доосун мактана ийниме көтөрүп жүрмөкмүн,Таажыдай кылып башыма кийип алмакмын. 37  Баскан ар бир кадамымды ага айтып турмакмын,Алдына төрөдөй болуп коркпой бармакмын. 38  Эгер талаамды башкалардан тартып алып, алар үстүмөн арызданган болсо,Бороз салгандар менин айыман чогуу ыйлаган болсо*, 39  Акысын төлөбөй туруп түшүмүн жеген болсом,+Мыйзамдуу ээлерин боздоткон болсом,+ 40  Анда жериме буудай эмес, тикен,Арпа эмес, сасык отоо чөп өсүп чыксын». Ушуну менен Аюптун сөзү бүттү.

Шилтемелер

^ Же балким: «жалганчылар менен».
^ Же: «ага берилген адам».
^ Же: «Урпактарым».
^ Же балким: «Шаар дарбазасынын алдындагы колдоочуларыма таянып».
^ Же: «далым».
^ Же: «бөтөн жерлик».
^ Сөзмө-сөз: «белги».
^ Сөзмө-сөз: «Эгер жерим менин үстүмөн арызданган болсо, бороздорум чогуу ыйлаган болсо».