1 Шемуел 10:1—27
10 Шемуел май куюлган идишти алып+, Шабулдун башына май куйду да, аны өөп+, мындай деди: «Жахаба сени майлап, өзүнүн элине+ жол башчы кылып дайындады+.
2 Бүгүн менин жанымдан кеткенден кийин Бенжемин уруусундагылардын жериндеги Селсактан, Рахилдин мүрзөсүнүн+ жанынан эки кишиге жолугасың. Алар сага: „Сен издеп кеткен эшектер табылды+. Эми атаң аларга эмес, силерге тынчсызданып: “Уулум эмгиче келе элек, эми эмне кылам?” — деп жатат“+,— деп айтышат.
3 Андан ары жолуңду улап, Табордогу чоң дарактын жанына барасың. Ал жерден чыныгы Кудайга сыйыныш үчүн Бейтелге+ бараткан үч кишиге жолугасың. Алардын бири үч улак+, экинчиси үч нан+, үчүнчүсү шарап+ куюлган чоң кумура көтөрүп бараткан болот.
4 Алар ал-жайыңды сурап+, сага эки нан берет, аларды ал.
5 Андан кийин сен пелиштиликтердин күзөтчүлөр тобу жайгашкан жерге+, чыныгы Кудайдын+ дөңсөөсүнө барасың. Шаарга жакындаганыңда бийик жерден+ түшүп келаткан топ пайгамбарларды+ жолуктурасың. Алар пайгамбарлык кылып, ал эми алдыда келаткандар кыл аспапта+ ойноп, дап+ кагып, чоор+ тартып, арфа+ чертип келатышкан болот.
6 Ошондо сага Жахабанын руху+ түшөт да, сен алар менен бирге пайгамбарлык кылып+, башка адам болуп каласың.
7 Бул айтылгандардын баары аткарылганда+, колуңдан келгендин баарын кыл+, анткени чыныгы Кудай сени менен болот+.
8 Андан кийин менден мурда Гилгалга+ барасың, мен да ошол жакка бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалганы барам+. Мен баргыча жети күн+ күтө тур, анан мен сага эмне кылышты айтам».
9 Шабул Шемуелдин жанынан кетейин деп бурулганда, Кудай ага башка жүрөк берди+. Айтылган жышаандардын баары ошол күнү аткарылды+.
10 Ал жактан алар дөңсөөнү көздөй жөнөштү. Шабулдун алдынан топ пайгамбарлар чыкканда, ага Кудайдын руху түшүп+, ал аларга кошулуп пайгамбарлык кыла баштады+.
11 Анын пайгамбарлар менен пайгамбарлык кылып жатканын көрүп, аны тааныгандардын баары бири-бирине: «Киштин уулу Шабулга эмне болгон? Ал да пайгамбар болуп калганбы?» — деп жатышты+.
12 Ошондо ал жактагылардан бирөө: «Тиги пайгамбарларчы? Алардын аталары ким эле?» — деди. «Шабул да пайгамбар болуп калганбы?» — деген сөз+ ошондон калган.
13 Пайгамбарлык кылгандан кийин Шабул бийик жерге барды.
14 Кийинчерээк атасынын бир тууганы андан жана анын кулунан: «Силер каякка бардыңар?» — деп сурады. Алар: «Эшектерди издеп+, таппай койгондуктан Шемуелге бардык»,— деп жооп беришти.
15 Ошондо агасы Шабулдан: «Шемуел силерге эмне деп айтты? Айтып берчи»,— деди.
16 Шабул ага: «Ал бизге эшектердин табылганын айтты»,— деди, бирок Шемуелдин падышалык жөнүндө айткандарын айткан жок+.
17 Шемуел элди Миспага, Жахабанын алдына чогултуп+,
18 Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт+: „Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым+. Силерди Мисирдин жана силерге кысым көрсөткөн башка бардык падышалыктардын колунан куткардым+.
19 Силер болсо: “Жок, бизди падыша башкарсын!” — деп, силерди ар кандай азап-кайгылардан арылткан Кудайыңарды четке кагып койдуңар+. Эми өз урууңар+, өз уругуңар* менен Жахабанын алдына тургула“».
20 Анан Шемуел баарына уруусу менен келүүнү буйруду+. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү+.
21 Андан кийин ал Бенжемин уруусуна урук-уругу менен келүүнү буйруду. Ошондо матырлыктардын уругу көрсөтүлдү+. Акыры, Киштин уулу Шабул көрсөтүлдү+. Алар аны издеп, таппай коюшту.
22 Анан Жахабадан: «Ал бул жерге келди беле?» — деп сурашты+. Жахаба: «Тигине, жүктөрдүн арасында жашынып турат»,— деди+.
23 Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Шабул келип элдин ортосуна турганда, баары анын ийнинен келди+.
24 Шемуел бүт элге: «Жахабанын кимди тандаганын көрдүңөрбү?!+ Элдин арасында ага окшогон эч ким жок»,— деди. Ошондо элдин баары: «Жашасын падыша!» — деп кыйкыра баштады+.
25 Анан Шемуел элге падышанын укуктарын+ айтып, аларды китепке жазды да, аны Жахабанын алдына койду. Анан элди коё берди, алар үйлөрүнө тарап кетти.
26 Шабул болсо Гибага+, үйүнө кетти. Кудай жүрөктөрүнө түрткү берген эр жүрөк кишилер аны менен кетишти+.
27 Бузуку адамдар+ болсо: «Бул бизди кантип куткармак эле?»+ — деп аны жаман көрүп+, ага эч кандай белек беришкен жок+. Бирок Шабул унчуккан жок+.
Шилтемелер
^ Же: «миңдеген кишилерден турган топторуңар».