Эзра 7:1—28
7 Ушул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшашта+ башкарып турган убакта, Эзра+ Бабылдан чыкты. Ал Сераянын+, Серая Азариянын, Азария Хилкиянын+,
2 Хилкия Шалумдун+, Шалум Садоктун, Садок Акитуптун+,
3 Акитуп Амариянын+, Амария Азариянын+, Азария Мераоттун+,
4 Мераот Зерахиянын+, Зерахия Узинин+, Узи Букинин+,
5 Буки Абышуанын, Абышуа+ Пинехастын+, Пинехас Элазардын+, Элазар жогорку дин кызматчы+ Арундун+ уулу болгон.
6 Бабылдан чыккан ошол Эзра Ысрайылдын Кудайы Жахаба берген Мусанын мыйзамын+ көчүргөн мыкты көчүрмөчү болчу+. Жахаба Кудайы ага жардам бергендиктен, падыша ал сурагандын баарын аткарды+.
7 Артакшашта+ падышанын башкаруусунун жетинчи жылында Ысрайыл уулдары менен дин кызматчылардын+ айрымдары, ошондой эле лебилер+, ырчылар+, дарбазачылар+ менен нетиндер+ Иерусалимге жөнөштү.
8 Эзра Иерусалимге падышанын башкаруусунун жетинчи жылында, бешинчи айда жетти.
9 Кудайы ага жардам бергендиктен+, ал Бабылдан биринчи айдын биринчи күнү чыгып, Иерусалимге бешинчи айдын биринчи күнү келди.
10 Эзра жүрөгүн Жахабанын мыйзамын+ изилдөөгө, аны аткарууга+ жана Ысрайыл уулдарын жол-жоболор+ менен адилеттүүлүккө+ үйрөтүүгө+ даярдаган+.
11 Жахабанын буйруктары менен Ысрайылга берген көрсөтмөлөрүн көчүргөн көчүрмөчү+ жана дин кызматчы Эзрага Артакшашта падыша берген катта мындай деп жазылган болчу:
12 «Падышалардын падышасы+ Артакшаштадан+ асман Кудайынын+ мыйзамын көчүргөн көчүрмөчү жана дин кызматчы Эзрага. Тынчтыгың мол болсун!+
13 Мен мындай буйрук берем+: менин падышалыгымдагы ысрайыл элинин+, алардын дин кызматчылары менен лебилеринин арасынан ким сени менен Иерусалимге баргысы келсе барсын+.
14 Падыша менен анын жети кеңешчиси+ колуңдагы мыйзамдын, Кудайыңдын+ мыйзамынын+, Жүйүт жеринде жана Иерусалимде аткарылып жаткан-жатпаганын текшерүүнү буйрук кылат+.
15 Ошондой эле падыша менен анын кеңешчилери турак-жайы Иерусалимде болгон+ Ысрайылдын Кудайына ыктыярдуу тартуу катары берген алтын-күмүштү+ жана
16 өзүң Бабылдын бардык дубандарынан чогулткан алтын-күмүштү, эл менен дин кызматчылардын Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө арнап берген+ ыктыярдуу тартууларын+ алып барууну буйрук кылат.
17 Ал акчага букаларды+, кочкорлорду+, козуларды+, ошондой эле нан курмандыктары+ менен суюк тартуулар+ үчүн керектүү нерселердин баарын создуктурбай сатып ал да, Кудайыңардын Иерусалимдеги+ үйүндөгү курмандык жайына алып бар+.
18 Калган алтын-күмүштү өзүң жана бир туугандарың туура көргөндөй+, Кудайыңардын эркине ылайык жумшагыла+.
19 Ал эми Кудайыңдын үйүндөгү кызматта колдонуу үчүн сага бериле турган идиштердин+ баарын Иерусалимге алып барып, Кудайдын алдына коюп кой+.
20 Эгер Кудайыңдын үйү үчүн дагы бир нерсе керек болуп калса, аны падышанын казынасынан ал+.
21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын+ аркы өйүзүндөгү казыначылардын+ баарына мындай буйрук берем+: асман Кудайынын мыйзамын көчүргөн көчүрмөчү жана дин кызматчы Эзрага+ сураган нерсесинин баарын дароо бергиле.
22 Ага жүз талантка*+ чейин күмүш, жүз корго*+ чейин буудай, жүз батка*+ чейин шарап+, жүз батка чейин май+ жана каалашынча туз+ бергиле.
23 Падыша менен анын уулдарынын падышалыгына асман Кудайынын+ каары кайнабашы үчүн+, асман Кудайы өзүнүн үйүнө байланыштуу эмнени буйрук кылса+, ошонун баарын ынталуулук менен аткаргыла+.
24 Ошондой эле баарыңарга маалым болсун: дин кызматчылардын+, лебилердин+, музыканттардын+, дарбазачылардын+, нетиндердин+ жана Кудайдын үйүндө кызмат кылгандардын эч кимисинен салык+, алым же бажы акысын төлөө талап кылынбасын+.
25 Сен болсо, Эзра, Кудайың берген акылмандык+ менен сотторду жана аларга жардам бере тургандарды дайында. Алар дарыянын аркы өйүзүндө жашаган элди, Кудайыңдын мыйзамдарын билгендердин баарын соттошсун+, ал эми билбегендерин үйрөткүлө+.
26 Кудайыңдын мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаган ар бир киши+ өлүм жазасына тартылабы+, сүргүнгө айдалабы+, акчалай айып төлөйбү+, түрмөгө камалабы, токтоосуз түрдө жазага тартылсын».
27 Падышага Жахабанын Иерусалимдеги үйүн жасалгалоого+ түрткү берген+ ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахаба+ даңкталсын!
28 Ал мага падыша менен анын кеңешчилери+ жана күчтүү төрөлөрү аркылуу мээримдүүлүк көрсөттү+. Жахаба Кудайым жардам бергендиктен+, мен кайраттанып, Ысрайылдын башчыларын мени менен бирге баруу үчүн чогулттум.